Талаштан тактык жаралат же күйгөндөн айткан сөз

Өткөн кылымдын  20-30-жылдарында улуттук адабиятыбызды, маданиятыбызды негиздөөчүлөрүбүз жыйындарда же гезит-журналдарда кайым айтыша түшсө эле бири экинчисине саясый жарлыктарды тагып, “Баланчаев эл душманы, аны атыш керек!” ,”Түкүнчөев улутчул, Сибирге айдалсын!” деп чыгышкандарын тарыхтан жакшы билебиз. Ал улуттук интеллигенция гана эмес, саясый аң сезим жана  маданият  жаңы калыптанып келаткандагы балалык көрүнүштөрдөн болгон. Андан бери бир кылымдай убакыт өттү. Цивилдүү дүйнөнүн плюрализмин, толеранттуулугун, эң негизгиси, атаандаш тараптын пикирин, көз карашын урматтап, аргументтер жана логика менен сүйлөшкөндү  үйрөнгөнгө  эбак убакыт жеткен. Бирок кээде ЖМКлардан оппоненттери менен  өткөн кылымдын башталышындагы тап күрөшү күчөп турган мезгилдин клише-чакырыктары  менен сүйлөгөндөрдү жолуктурганда аргасыздан “бул мырзалар кайсыл кылымда, кандай доордо жашап жатышкандыгын билишпейби?” - дегендей ойлор да  пайда болот экен.

Кубатбек Осмонов деген мырзанын  “Майдан.kg” гезитинин ушул жылдын 9-декабрындагы санындагы “Элдик курултай кереги жок дегендер - эл душмандары” деген макаласы менен таанышкандан кийин  бул дагы бир жолу эске түштү. Ал макалада биздин  ал гезиттин 2-декабрдагы санына жарыяланган “Конституция кандай болушу керек?” деген  макалабызга кошо  ысымыбыз да аталып, “Бакай Чилтегин өзү түшүнбөгөн нерселерди айтып, коомчулукту  да адаштырууда” дегендей пикир айтылгандыктан дагы бир ирет ал темага кайрылып, мурдагыларды кайталабастан,   өз көз карашыбызды, аргументтерибизди  айтып  коюуну чечтик.

Биринчиден, кимдир бирөөлөр элдик курултайды колдобосо эле автоматтык түрдө эл душмандарына айланышат деген өтө  эле алабарман плюралисттик, демократиялык принциптерге сыйышпаган билдирүү болуп саналат. Азыр курултай гана эмес, башкаруунун формасы да талкууланып, жалпы элдик добуш берүүгө чыгарылганы жатат. Элдин бир бөлүгү парламенттик формадагы башкарууну жакташса, басымдуу көпчүлүгү азыркы учурга президенттик башкаруу ылайык келет деген пикирге ооп калышты. Мындан чыкты, жогоруда аталган мырзанын көз карашы боюнча, парламенттик формадагы башкарууну жактагандарга да “эл душмандары” деген  жарлык тагылышы керекпи? Айрымдар өздөрүнө жакпаган пикирлерди, көз караштарды айткандардын бардыгын “эл душмандары” дей беришсе, анда деги душман болбогон ким калат? Азыр коомдогу маселелер жөнүндө бир нерсени билгени, билбегени деле ойлорун айтышууда, жазышууда. Анда башка бирөөлөрдүн көз караштары боюнча, К.Осмонов өзү да “эл душманы” болуп чыгабы?

Кыялый апыртмалар жана утопиялар

Эми Элдик курултайга келе турган болсок, бул маселени  талкуулоодо компетенттүүлүк, илимий, тарыхый обьективдүүлүк, калыстык жетишпей, “боло берет кыргызга...” дегендей, эклектикалык мүнөздөгү башаламандык, кээде ачыктан ачык эле реалийлерге сыйышпаган апыртмалар үстөмдүк кылып кетип жаткандыгын айтып кетели. Айрымдар -  “АКШда, Германияда, Кытайда президентти курултай шайлайт, отчетун угат, мурдагы Союзда деле компартиянын съезди беш жылда бир чакырылып, Башкы катчынын отчетун угуп, пландарын, сунуш пикирлерди айтып, бюджетти бөлүштүрүп таркап кетчү. Улуу Британияда премьер-министрди король сунуштап, отчетун угат”   дегендерди жазышууда. Буларга жооп катары айтсак, АКШда курултай деген институт жок, шайлагычтар (выборщик) дегени – штаттардын президенттик  шайлоодогу “жеңген баардыгын алат” деген принцибин каттап коюучу эле адамдар, алар өз алдыларынча эч нерсе чече  алышпайт. ФРГда президентти парламент менен анын санына пропорционалдуу субъектилерден келген өкүлдөр,  Кытайда Төраганы элдик Жыйын деп аталган 3000 адамдан турган депутаттык корпус шайлайт. Ал эми Улуу Британияда королева өз алдынча эч нерсе чечпейт, ал шайлоодо жеңген партиянын лидерине өкмөт түзүү укугун берет, бирок премьер-министрдин күндөлүк иштерине кийлигишпейт, анын отчетун парламент гана угат. Ал эми КПССтин съезддери жалпы элдик эмес, 19 миллионго жакын мүчөдөн турган бир партиянын  курултайы болгон, ал эч качан бюджетти бөлүштүргөн эмес. Андай нерселер СССР Жогорку Советинин сессияларынын компетенциясына кирген. Ачыгын айтуу керек, мындай чындыкка жакындашпаган апыртмаларды жазып, элдин башын айландыруунун, алардын биздеги элдик курултай деп жатканга кандай тиешеси бардыгын түшүнбөдүк.

Анан “дүйнөнүн элдерине кыргыздар жол көрсөткөнү жаралган” дегенди окуганымда мен аны кыргыздарды шылдыңдагандай кабылдадым. Экономикабыз мындан отуз жыл мурдагынын деңгээлине чыкпай, сырткы карыздарыбыз айлабызды кетирип, ар кимдерге “төлөө мөөнөтүн узарт” деп жалбарып,  өзүбүз кайыр-садакалардын эсебинен жашап жатсак, бизден кандай кеңгирбаш келесоо үлгү алат? Мындай сөздөрдү айтардан, жазардан мурда жок дегенде кошуналарды карап,  экономикабызды алардыкына салыштыруу ашыкча болмок эмес. Эл аралык эксперттердин пикирлери боюнча, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан пандемияга карабастан быйыл 5-5,3 пайыздык өсүш менен  чыгышып, жакынкы 2-3 жылда өсүү темпи жагынан Кытайга теңелгени жатышат. Ал эми бизчи? Айрымдар, тилекке каршы, курсактары  бир  тойсо деле  көкүрөктөрүн ургулап, дүйнөдө менден өткөн кыйын жок дей беришет окшойт. Деги ыманбайчылыктан качан арылабыз?

Кайсыл бир ойчул айткандай, бизде буга чейин өздөрүнүкүн гана айныксыз чындык катары эсептеп, башкалардын пикирлерин уккусу да келбеген адамдардын “улутман”, “манасман” деген типтери болсо, акыркы убактарда “курултаймандар” пайда болду. Алар элдик курултай киргизилсе эле Кыргызстанда адилеттик, калыстык орноп, жемкорлук өзүнөн өзү жоюлуп,  кой үстүндө торгой жумурткалап, баарыбыз жыргап- куунап кетебиз дегендей ойлорду  жар салышууда. Биз кайым айтышпастан, аларга: “Деги элибизде андай прецедент болгонбу? Кыргыздар өзүнүн 25 кылымдык бай тарыхынын кайсыл учурунда Элдик курултай аркылуу жыргап-куунап, силер айткандай адилеттикти, калыстыкты орнотушту эле?” - деген суроону бергибиз келет.

ХVII-ХIХ  кылымдарда анда-санда өткөрүлүп келген курултайларга уруулардын башчылары, байлар, манаптар эле катышкан. Аларга караламан калк аралашкан деле эмес. Кокондун хандарын же Ормон ханды шайлаганга жөнөкөй адамдар катышыптырбы? Же алар шайлангандан кийин эмне иштерди аткаргандары жөнүндө  элге отчет беришиптирби? Ошондуктан, айрымдардын кыргыздарда мурдатан маанилүү  маселелердин бардыгы курултайларда чечилип келген, ал эл башкаруудагы туруктуу институттардан болгон дегендери  тарыхый реалдуулукка караганда кыялый утопияларга көбүрөөк жакыныраак.

Бизге курултайды, шайлануучу башка институттарды деле киргизсе болот, бирок азыркыдай саясый маданиятыбыз, менталитетибиз  менен аларды деле аракеттеги парламенттин бир формасына, кандай жакшы идея болбосун, аны тез эле карикатурага айландырып, тамтыгын чыгарып, эртең эле “курултай дегендин кереги деле жок экен” деп жер сабаганы турабыз. Чындыгында кеп башкаруунун формаларында, Башмыйзамда, мыйзамдарда деле эмес, кеп биздеги адамдык фактордун жан кейитерлик абалында болуп жатат. Идеяларга адамдык материал шайкеш келбесе, ал эч качан ойдогудай ишке ашпайт. Коммунизмдин мурдагы Союздагы варианты жаман идеология болгонунан кыйрабады, ал чындыгында социалдык жаңы диндин деңгээлиндеги эң алдыңкы  идеология болчу. Баары теңдикте, адилеттикте жашасын, минималдуу  социалдык  зарылчыктардын баары акысыз,  жаштардын старттык абалдары бирдей болсун, бирөөнүн акысын бирөө жебесин дегендин эмнеси жаман? Ал ага шайкеш адамдар же коммунизмдин  адамы болбогону үчүн гана кыйрады. Айрымдар үмүт артып жатышкандай  курултайдын идеологиясындай адамдар калыптангыча, ал  деле күткөндөгүдөй натыйжа бербейт, тез эле өзүнүн пародиясына айланып кетиши толук мүмкүн. Болбосо буга чейин бизге сапаттуу, эл үчүн иштей турган парламентти шайлап алганга ким жолтоо болду? Эч ким! Өзүбүз кандай болсок, шайлагандарыбыз да ошондой болуп келатат. Курултайга өкүлдөрдү шайлаганда  деле ошол болот. Ошондуктан биз азырынча кандай форманы тандабайлы, аны ар тараптан көзмөлдөөчү механизми күчтүү болбосо,   Россиянын мурдагы премьерлеринин бири В.Черномырдин айткандай “Надеялись на лучшее, но получилось как всегда” деп отура беребиз.

Курултайдын оптималдуу формасы

Эгерде курултай ушунча эле керек болуп, ансыз жашай албай турган болсок, ар кимибиз ар кандай “велосипеддерди” ойлоп  таап, элди да, өзүбүздү да кыйнабастан 1925-1937-жылдарда колдонулуп, негизинен өзүн актаган форманы эле тандап алган туура болот деп ойлойбуз. Ал убакта эл айылдык кеңештердин депутаттарын түз шайлашкан, депутаттар өздөрүнүн арасынан райондук, кантондук кеңештерге (курултайларга)  өкүлдөрүн жиберишкен. Ал эми кантондук кеңештер кеңештердин Бүткүл кыргыздык курултайларына  делегаттарды шайлашкан. Он эки жылдай убакыттын ичинде андай алты курултай  (Кара–Кыргыз автономдуу облусунун кеңештеринин 1925-жылдын 27-30-мартында өткөн уюштуруу курултайын кошкондо) өткөрүлгөн. Ал курултайларда Борбордук Аткаруу Комитетинин жетекчилеринин отчеттору угулуп, мамлекеттик маанилүү маселелер талкууланып, жер, суу, мамлекеттик курулуш боюнча мыйзамдар кабыл алынып, кеңештердин Бүткүл союздук курултайларына делегаттар, курултайлардын аралыгында  республиканы жетектеген кеңештердин Борбордук Аткаруу Комитетинин  мүчөлөрүн шайлаган. Эгерде курултайларга орто эсеп менен 200-320дан делегаттар шайланышса, БАКтын мүчөлөрү 120дай, мүчөлүккө кандидаттары 25-30дай адамдан турган. Алар жылына 1-2 жолу чогулушуп, эл чарбасы, кадрлар боюнча чечимдерди, зарыл укук-ченемдик актыларды кабыл алып турушкан.

Мындай форманын артыкчылыгы, айыл аймагынын деңгээлиндеги шайлоолордун, анда шайланган депутаттардын ролдору кескин жогорулайт. Анткени, башкаруу бийлигин түзүүнүн пайдубалы түздөн түз айыл аймактарында башталат. Айылдык кеңештерге депутат болуп шайланган гана мамлекетти башкаруунун райондук, облустук, республикалык түзүмдөрүнө катыша алат. Азыр аймактарды өнүктүрүү биринчи планга чыгарылып жатканда бул эң эле туура болмок. Жогоруда айтылгандай тартипте кеңештердин (башкача аталышта кылса да болот)  республикалык курултайына 500-600 өкүл шайланып, алар өздөрүнүн ичинен 100-120 адамды же андан да азды президиумунун мүчөлөрү кылып шайлашып, мыйзам чыгаруу ишин, өкмөттү көзөмөлдөөнү, күндөлүк маселелерди чечип турууну ошолорго тапшырышса,  биринчиден, Президиумга (парламентке) аймактардын бардыгынан пропорционалдуу өкүлдөр камсыз кылынып, алар түздөн түз мамлекетти башкаруу иштерине катыша башташса, экинчиден, аябагандай көп каражаттар үнөмдөлмөк. Курултайдын өкүлдөрү, анын президиумунун мүчөлөрү бир эле шайлоодо тандалып алынмак. Анда республикалык деңгээлде шайлоо өткөрүп, Жогорку Кеңешти түзүү автоматтык түрдө жоюлмак. Курултайдын президиумуна же парламентине мүчө болуп шайлангандар туруктуу иштей турган жетекчи органын, комитеттерди, атайын комиссияларды ж.б. түзүшүп, өздөрү жылына 2-3 жолу гана чогула турган тартипке өтүшсө, дагы көп каражаттар үнөмдөлмөк, азыркыдай ашыкча ызы-чуулар да болмок эмес.

 Азыр Кыргызстан экономикалык, финансылык жактан эң оор абалда турат. Алдыдагы референдумдар, шайлоолор абалыбызды дагы начарлатат. Ошондуктан, курултайдын жана парламенттин 1925-1037-жылдарда колдонулган формаларын тандап алуу саясий жана каржылык жактан эң оптималдуу вариант болгону турат.

Бакай  Чилтегин, Булак: “Майдан. kg” гезити