Ө.Текебаевдин көрөгөчтүгү боюнча, эгерде парламенттик системадан кетсек, 30 жыл артка кеткен болот экенбиз. Баракелде!

“Майдан. kg”  газетасына берген маегинде саясатчы, коомдук ишмер А.Бекназаров конституциялык реформага каршы тургандардын башында шарттуу түрдө Ө.Текебаев  бардыгын туура белгилеген. Ө.Текебаевдин көрөгөчтүгү боюнча, эгерде парламенттик системадан кетсек, 30 жыл артка кеткен болот экенбиз. Баракелде!

Анда акыркы 10 жылда, Текебаев “атасы” катары кабыл алынган Конституция менен канча алдыга жылдык?  Кандай жетишкендиктер болду? Эмнени айта алат?

Эсиңерде болсо, 2010-жылы Кыргыз Республикасы Парламенттик системаны кабыл алды дегенде, ошол кездеги Россиянын Президенти  Д.Медведев: “Кыргыздар азыр парламенттик башкаруу системасына даяр эмес”,- деп ачык айткан. Абдан туура айткан. Биз парламентаризмге эч бир даярдыгы жок эле, “карганы туураймын деп, каздын буту сыныптыр” дегендей, батыш өлкөлөрүнүн мыйзамдарын көчүрүп барып алдык.

Республикада парламентаризм институту деген түшүнүк жок. Парламентаризмдин негизин түзө турган саясий партиялар калыптана элек, алардын “саны бар, сапаты жок- аты бар, заты жок”. Менимче, Д.Медведев ушул жагына басым жасады окшойт. Канткен менен билими да, саясий жактан тажрыйбасы да бар эмеспи.

Эми эмне үчүн Ө.Текебаев “мен партиялык тизме менен ЖКнын депутаттарын шайлай турган болсо колдойм, андай болбосо колдобойм” деген талабын коюп жатат.

1.   Текебаев “атасы” катары таанылып келген, азыркы иштеп жаткан Баш мыйзам өз күчүн жоготот. Демек, Ө.Текебаевдин Баш мыйзамы кыргыз элинин кызыкчылыгын коргобогон, батыштан көчүрүп алынган гана “эреже” катары болуп калат. Текебаевдин саясатчы катары доору бүтөт.

2.   Партиялык тизмени түзүүдөгү коррупцияга бөгөт коюлуп, 1-30га чейинки талапкерлер 300-500 миң доллардан “ууру” акчаларды төлөбөй калышат. Кымбат ресторандар курулбайт.

3.   А.Бекназаров таамай белгилегендей “партиялык мафиялык система” жокко чыгарылат.

Эмне үчүн конституциялык реформа керек?

1)   Баш мыйзам: 60-берене, 1 п.п -Президент мамлекет башчысы болуп эсептелет. 3-беренеде -Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик: бүткүл эл тарабынан шайланган Жогорку Кеңеш жана Президент өкүл болгон жана камсыз кылган элдик бийликтин үстөмдүгүндө ишке ашырылат.

Эгер Президент мамлекеттин башчысы болсо, анда бийлиги да болуш керек. Демек, реалдуу бийлик кимде? Президенттеби же Жогорку Кеңештеби? Конституция боюнча экөө тең бийликтин ээси, демек мамлекетте кош бийликтин үстөмдүгү орногон. Ошондуктан 3-беренедеги катылган “минаны” жок кылыш керек. Анткени, кайра-кайра “минаны” басып алсак жарыла берет.

2) Партиялык тизме менен ЖКнын депутаттарын шайлоо деген норманы Баш мыйзамдан “тап душманы” жок кылгандай жоготуш керек. ЖКнын депутаттары 65, анын 40ы бир мандаттуу округдардан, 25и партиялардан.  Саясий партиялардан талапкерлер тизме менен эмес, ар бир партия бир округда үчкө чейинки талапкерди сунуш кыла алат.  ЖКнын депутаттарын 100 пайыз бир мандаттуу округдан (мажоритардык) шайлоонун өзү да туура болбой калат. Тууганчылык,жердешчилик, кыргызчылык ойнобой койбойт. Муну да баштан өткөрдүк.

3) Бизде партиялык түзүлүш деген түшүнүк жок. Ошондуктан саясий партия жөнүндө мыйзам кабыл алуу талабы турат. Ө.Текебаевден эмне үчүн мындан 15-20 жыл мурун кыргыз элинин көпчүлүгүнүн жүрөгүнөн орун алган, алардын колдоосуна татыктуу болгон “Ата Мекен”, “СДПК”, “Ак Шумкар”, “Ар-Намыс” сыяктуу саясий партиялардын тагдыры азыркыдай кейиштүү болуп калды? Эмне үчүн өз позицияларын жоготту?- деген суроону койсок, кандай жооп болот?

Мунун себеби партиялык түзүлүштүн өнүкпөгөндүгү:

-     Партиянын негизи болгон баштапкы уюмдардын (ячейка) жер-жерде түзүлбөгөндүгү;

-     Партиянын катарын өстүрүү багытында иштин болбогондугу;

-     Партиянын идеологиясын, программасын элдин калың катмарына жеткире турган  пропагандисттердин армиясынын болбой жаткандыгы;

-     Партияда коллективдүү башкаруу принцибинин жоктугу. Бир адамдын, лидердин диктатурасы орнотулгандыгы;

-     Саясий органдарынын: саясий кеңеш, пленум, съезддин ишин уюштуруу, алардын партиянын турмушундагы орду жана ролу так аныкталбагандыгы;

Биздеги саясий партиялар ушул ж.б. келечектүү маселелер тууралуу иш алып барышпай, эптеп добуштарды сатып алуу менен мандатка ээ болууну гана максат кылып коюшкан. Натыйжада, жыйынтыгы жогорудагыдай болуп жатат. Партия жана саясий партия деген түшүнүктү чечмелеген партия тууралуу мыйзамды кабыл алуу.

4) Конституциянын 11-беренесинин 5-пунктунда “Жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулар, токойлору, өсүмдүктөр жана жаныбарлар, мамлекеттин казынасын толтуруунун бирден бир негизги булагы катары, мамлекеттин гана менчиги болуп эсептелет”. Андан кийинки мазмуну түшүнүксүз, ар кандай талкууну жараткан сүйлөмдү алып салуу керек. Анткени, кен байлыктарына кош бийлик жаратып, жергиликтүү калк дагы үстөмдүк кылып, инвесторлорду иштетпей жатышкандыгы ушуга байланыштуу. Казына толбосо, мамлекетте эч бир маселе чечилбей тургандыгын баары билгендей болсун.

5) Баш мыйзамдын 4-беренесинде: “мамлекеттик, муниципалдык жана партиялык институттардын кошулуусуна тыюу салынат” деген норма турса, турмушта мамлекеттеги аткаруу бийлигин толугу менен саясий партиялар устукан бөлгөндөй бөлүштүрүп алып жатпайбы? Баш мыйзамдагы норма иштебей жатпайбы?

Мына ушундай ж.б. карама каршылыктарды жок кылуу үчүн да Баш мыйзамды кайра кабыл алуу талабы турат.

Аманкул Молдалиев, ардактуу пенсионер

Булак: "Майдан. kg" гезити