Же  Равшан Жээнбековдун чыныгы бейнесине сүртүмдөр

     Ачыгын айтканда...      

Декабрдын акыркы күндөрүндө адам өлтүргөндүгү, баш кесер рецидивистти мыйзамсыз бошотуп жибергендиги, кылымдык коррупциялык схема аркылуу мамлекетке ондогон миллион долларлык зыян келтиргендиктери, адамдарды барымтага алып, мамлекеттик бийликти төңкөрүш аркылуу алмаштырууга аракеттенгендиги үчүн кармалып, камалып жаткандардын дээрлик бардыгы сүйлөшүп алышкандай, кыргызстандыктарды жаңы 2020-жыл менен куттукташты. Биздин коомдогу саясый маданияттын, адеп-ахлактын абалын эле ушундан билсеңиз болот - адам өлтүргөнгө, тополоң салып, кызыл кыргын уюштурганга шектүү делгендер  “уркаларын”, “пахандарын”, “мыйзамдагы ууруларды” эмес, жалпы элди куттукташса, аларды арлары, намыстары жок сатылма сайттар, айрым басылмалар мамлекет башчыларынын кайрылууларынан бетер ардактуу жерлерине жайгаштырышты. Алардын андай фарстары жийиркенүүдөн башка эч кандай жакшы сезимди пайда кылбайт деңизчи, бирок аларды көргөнүңдө биздеги айрым басылмалар, сайттар кокус, Чикатилодон же Джек Потрошилден куттуктоо келсе деле, аларды жайгаштыра беришеби? Деги буларда адеп-ахлактык, моралдык  чек барбы же бардыгын акчага алмаштырып жиберишкенби?- деген ой кетпей койбойт экен.

           

“Куттуктоочулардын” арасында Жаңы жылдын алдында кызмат адамдарын барымтага алууга, мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга катыштыгы бар деп шектелип кармалган баягы Равшан Жээнбеков да бар. Адатта ал керт башына чындап коркунуч туулганда океандын ар жагына качып кетип, бийлик алмашканда гана келчү эле, бирок бу жолу ЖМКларда актанып, мактанганым калкан болот дегенби же шмоткаларын жыйнап, билет алганга үлгүрбөй калганбы, же океандын ар жагындагы демөөрчүлөрүнөн ошондой тапшырма болгонбу, айтор, ал “Кой-Таш элдик республикасын” түзүүчүлөрдүн активдүү мүчөсү катарында жакында СИЗОго киргизилди.

 

Евроазиялык шериктештиктин, интеграциянын №1 душманы

Евразиялык Экономикалык шериктештик жөнүндө идея пайда болгондон бери ага туруктуу каршы чыгып келаткан - Равшан Жээнбеков болуп эсептелет. Башка саясатчылардан да ЕврАзеШке каршы чыкккандар, анын пайдалуулугунан, келечегинен шектенгендер болгон, бирок алар Евразиялык мейкиндиктеги жаңы биримдикке Кыргызстан кошулгандан кийин анын саясый, экономикалык жана социалдык натыйжаларын көрүп, өз ойлорунан кайтышкан, унчукпай калышкан. Бир гана Р.Жээнбеков аталган биримдикке каршы чыгып, Кыргызстандын ага киргенин катастрофага, кыйроого, артка кеткенге, элди алдаганга теңеп, ал экономикалык эмес, саясый чечим болгондугун айтып келатат. Ал Жаңы жылдын алдындагы кайрылуусунда да мындай ойлорун кайталаптыр. Эмне үчүн анын экономикалык биримдиктин артыкчылыктарын, реалдуу пайдаларын көргүсү келбей атат?

ЕврАзеШтин артыкчылыктары, пайдалары аз эмес. Биринчиден, Орусияда, Казакстанда, Белорусияда жүргөн эмгек мигранттарыбыздын абалдары кыйла жеңилдеди. Алар негизинен аталган өлкөлөрдүн жарандарындай эле ал жерлерде жашап, иштөө укуктарына ээ болушту, көптөгөн чектөөлөрдөн, тоскоолдуктардан кутулушту. Экинчиден, Кыргызстандын ишкерлери 180 миллион адамы бар кеңирсиген базарларга өз товарларын эркин алып чыкканга мүмкүнчүлүк алышты. Ал мүмкүнчүлүктү биздин ишкерлер кандай пайдаланып жатышат, албетте, ал өзүнчө маселе. Үчүнчүдөн, Шериктештиктин  талабы  аркылуу Кыргызстанда айыл чарба продукцияларын фитосанитардык жактан көзөмөлдөп, жөнгө салуу иштери кескин жакшырды.  Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду  ийгиликтүү иштеп атат. Бешинчиден, Шериктештикке мүчө болгондугубуз  үчүн  Орусиянын президенти В.Путин өткөн жылы март айында расмий иш сапар менен келгенде жалпы көлөмү 6,2 миллиард долларлык келишимге кол коюлду. Экономикабыз 2019-жылдын жыйынтыгы менен 5 пайыздан ашык өсүш берди. Айлыктар, пенсиялар жогорулоодо. Дагы эмне керек? Алтынчыдан, Шериктештикке мүчө болгондугубуз үчүн Орусиядан күйүүчү жана майлоочу майлар, темирлер, жыгач материалдары ж.б. пошлиналары жок келип жатат. Уюмга кирбесек, күйүүчү майлардын 1 литри Тажикстандагыдай болуп, алда качан эле 60-70 сомго чыкмак. Эгерде ЕврАзеШке убагында кирбесек, Равшан Жээнбеков кайрылуусунда айткандай, тышкы саясаттагы чыныгы  кыйроо ошондо жаралмак.  Баарын санап отурбайлы, биз жөн эле саясый, экономикалык  блокадада калмакпыз. Орусияны, Кытайды аттап келип, бизге реалдуу жардам көрсөткөнгө дүйнөдөгү бир да өлкө батынмак  да, даамак да эмес. Ошондуктан мифологиялык  “тышкы саясаттагы кыйроо”  көзүнө сайылып турганды да көргүсү, моюндагысы келбеген Р.Жээнбековго окшогон  саясатчылардын психологияларында  пайда болсо да анын реалдуу экономикабызда, социалдык  чөйрөбүздө болбогондугуна миң мертебе ырахмат айтышыбыз  керек.

Өткөн жылы бардыгы болуп жалпы суммасы 16 миллиард долларга жакын келишимдерге кол коюлду. Дүйнөнүн 3 супер державасынын лидерлери Кыргызстанга мамлекеттик иш сапарлары менен келип кетишти. Мындай көрүнүш сөздүн толук маанисинде сырткы саясаттагы эң чоң жетишкендик. Аны ниети биротоло карайып, өзүнүн ченемсиз  амбициясынан күйүтүнөн улам  жакшы нерселерди байкагысы, көргүсү келбей калгандар гана көрбөшү  мүмкүн. Ал албетте, ар кимдин өзүнүн жекече көйгөйү.

Р.Жээнбеков “Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү эмес” деп ачык айтып,  андай өнөктөштөр Батыштан гана табылышы мүмкүндүгүн”  кээде ачык айтса, көбүнчө кыйытып келатат. Анткени, ал батыштан жем жегендерден, ал океандын ар жагындагылардын талаптарын аткарууда. Бирок, “асмандагы турналардан көрө, колдогу  көк чымчык артык” дегендей, азыр Кыргызстандын сырткы саясый, экономикалык жана социалдык чөйрөлөрүндө кошуна Казакстан, Орусия менен Кытайдын негизги ролдорду ойноп келаткандыгы, негизги донорлорубуз да ушулар экендиги, жогоруда аталган өлкөлөрдүн кубаттуулуктары арткан сайын Батыштагылардын, АКШнын аймакка болгон таасири ошончолук азая бере тургандыгы, ал кайра кайткыс көрүнүшкө айлангандыгы да чындык. Демек, Р.Жээнбековго окшогон грант жегичтер ал процесске канчалык каршы чыгышпасын, аны токтотмок түгүл ага азыраак тоскоол тормоз да боло алышпайт. Муну алар канчалык эртерээк аңдап түшүнүшсө, ошончолук өздөрүнө жакшы болот. Жөндөн жөн эле Сизифтин түйшүгүн тартып, Телибайчылык кыла бергендин кимге зарылчылыгы бар.

 

Равшан Жээнбеков деген ким?

Бу инсандын Акайычтын сүйүктүү аспиранты Кубанычбек Жумалиевге жардамчы болгондо багы ачылган. Анын жардамы менен эки жылдан ашык КР Мамлекеттик мүлк  фондун жетектегенде Кыргызстандагы эң бай адамдардын бирине гана эмес, Акайычтын  душманына айланды. Анткени, эжекеси менен жездекесинин “бул эки жылдын ичинде  оокатын аябай эле оңдоп алды, эми ордуна башка бирөө иштесин” дегенден  кийин  демократ болуп чыга калды. Ошондон  бери кубулма демократ болуп келатат. Анын эңсегени премьер-министр же биринчи-вице болуу же  Бажы, Салык  кызматтары сыяктуу майлуу-сүттүү  жерлерди  жетектөө. Бийлик  алмашкан сайын алардан үмүт кылат, бийлик  ээлерине түз, көбүнчө  кыйыр реверанстарды жасайт, анысы эске алынбагандан кийин оппозициячылдарга кошулат. К.Бакиевди ээрчиди эле, анысы элчиликтен башка эч нерсе бербей койгондон кийин  “фронтчуларга” кошулду. Коррупциялык иштери үчүн каматаарында АКШга качып кетип кутулду. Андан келип  Ө.Текебаевге кошулуп, ЖКга депутат болгондон кийин анын да аягына чычты. Экөөсү 50 миң доллардын чатагын алигиче чечише элек.

Бир жылдай С.Жээнбековду шынаарлап, эңсегендери колуна тийбегенден кийин өзү  аябай сындап келген А.Атамбаев тарапка өтө качып, анын шакирттеринин бирине айланган.

Ооз ачса эле “адилеттик, калыстык, демократия жана адам укуктары “ жөнүндө сайрап келаткан бул адамдын өзү же жакындары бизнес менен алектенген эмес. Мүмкүн, алектенишсе деле күркөчүлөрдүн деңгээлдеринен чыгышпаган, ага салык кызматынын 2000-жылдардан берки маалыматтарына саресеп салган жетишет. Бирок, алардын менчиктериндеги топтогон кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрү алар акыркы жылдарда тапкан расмий кирешелерден бир нече миң эсе ашып түшөт. Анда эмесе көңүл буруңуздар:

Р.Жээнбековдун аялы С.Алимбаевага Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Асыл-Таш” пансионаты  19 гектар жери менен таандык. Анын жеринин бир бөлүгүн башкалар талашып жатат, анда укуктук  маселелер бар деп угабыз, бирок анын “маселеси” жок бөлүгүн Р.Жээнбеков 2016-жылы 6 миллион долларга сатууга аракеттенген менен бирок алигече эч ким ала элек. Анткени, потенциалдуу  кардарлар пансионатта криминалдык эн тамга бардыгынан улам, андан качып жатышат окшойт.  

 Мындан сырткары, С.Алимбаевага Бишкектин Эркиндик көчөсүндөгү № 9 үйдөгү базардык баасы 9 миллион сомдук  №14- батир, И.Ахунбаев көчөсүндөгү №83 баасы 7 миллион сомдук  үй, “Тойота Венза” маркасындагы 2009-жылы чыгарылган  В9696АЕ  автоунаасы, өзүнө “Шевроле Субурбан” маркасындагы 2008-жылы чыгарылган В1365А намериндеги автоунаа, кызы Равшан кызы Айсулууга Бишкектин Тимирязев көчөсүндөгү   №80 үйдөгү баасы 8 миллион 300 миң сомдук  №14 батир,  аялынын эжеси М.Алимбаевага Бишкектин Рыскулов көчөсүндөгү №34-үйдөгү баасы 9 миллион сомдон ашыкты түзгөн  №1 батир,  Бөкөнбаев көчөсүндөгү №192  үйдөгү баасы 8 миллион сомдук №31 батир,  анын сиңдиси  А.Алимбаевага  Бишкектин Ашхабад көчөсүндөгү  баасы 14 миллион сомдон ашкан  №11 үй, кайын энеси Рахима Алимбаевага Аламүдүн  районундагы  “Сейил” эс алуу  зонасындагы  0,8 гектар жер катталган.

К.Б.Оморов деген адамдын Р.Жээнбековдун эң жакын досу экендигин, ага жана анын жакындарына да Р.Жээнбековдун  көп байлыктары  катталгандыгын  ага аралашып жүргөндөр жакшы билишет.  Бишкектин  Пушкин көчөсүндөгү № 75-үйдөгү баасы 14 миллион сомдук  кафе К.Оморовдун наамында. Аны күрөөгө коюп, Р.Жээнбеков “Айыл Банктан” 12 пайыздык үстөгү менен 2016-жылы 10 миллион сом кредит алган. Киров суу сактагычынын жээгиндеги жалпы аянты 4 гектарлык эс алуу зонасын ээликтеген “Эдельвейс-Тур” ЖЧКсы  да К.Оморовго катталган. Ал эми анын эжеси Г.Оморовага Жээнбековдун “Тунгуч” кичи районунун баасы 7 миллион сомдук  № 81-үйүндөгү кафеси, Бишкектин Түштүк-Батыш аймагындагы 1 гектар жер, Асанбай кичи районундагы №28-үйдөгү баасы 7 миллион сомдук №1 батир, Бишкектин Пожарский көчөсүндөгү № 57 үйдөгү жалпы баасы 9 миллион сомдук №2, №3,№ 5 батирлер  жазылган. Ал эми Р.Жээнбековдун бизнестеги өнөктөшү Дост  Нур Мухаммедге анын Байтик баатыр көчөсүндөгү №3/2 үйдөгү  баасы 11 миллион сомдук  №28-батири катталган.

Ошентип укуктук жактан алганда Р.Жээнбековго  бир автоунаадан башка эч нерсе таандык эмес. Мына ушинтип ашкере саксынып, тапкандарынын бардыгын жакындарына  жаздыргандан эле анын аркасы таза эместиги билинип турбайбы. Адатта адамдар пешене терлери менен тапкандарын эч качан башкаларга жаздырышпайт.

 

“Карма ууруну карма деп...”

Ошентип азыр Р.Жээнбековго жана анын жакындарына, подставаларына жалпысынан 523 миллион сомдук мүлк, элиталык аймактардагы 5,8 гектар жер аянты, кымбат баалуу эки машина таандык экен. Анын бул тизмеге кирбей калгандары болушу да толук мүмкүн. Бир эле фактыны айтсак, ыраматылык атасы Токтогул - Манас көчөлөрү кесилишкен жердеги  2 кабат үйдөгү 8 батирдин  алтоосуна, анын короосундагы 3 кабат имаратка ээлик кылчу. Кийин алар бузулуп, ордуна 12 кабат көп батирлүү үй салынды. Жээнбековдор имараттарды жер участкасы менен кошо үй салуучуларга бекерге беришпесе, ордуна ондогон миллион сомдорду алышпаса да көп кабаттуу үйдүн көп эле жерлерин ээлешсе керек.  Аларга буга чейинки шайлоолорго жумшаган чыгымдарын кошсо, миллиардга жетпесе да жарым миллиардга барып калат. Жээнбековдордун бардыгынын көз карандысыздыктан берки алган маяналарын кошсо да булардын ондон биринин баасына жетмек эмес. Анда ал мынча байлыкты кайдан тапкан?

Анын кайдан тапкандыгын аралашып жүргөндөр, саясатчылар эң сонун билишет, биз деле эч нерсени түшүнбөгөн макулуктардан эмеспиз. Башыбызга жүн чыккандан бери эле Кыргызстандагы саясатчылардын байлыктарын кимиси кандай жолдор менен тапкандыгын угуп келебиз.  Сиздер деле жаңылбайсыздар деп ойлойбуз. Тилекке каршы, качкын президенттердин элге кылган эң чоң кыянаттыктары - уурулар, коррупционерлер бекинип, жашынып жүрө турган эмес, көчөгө чыгып алып, саясатчыга айланып, элге акыл үйрөтүп, бийликтегилерди “мага дагы жакшы кызмат бер, мен дагы байыгым келет, болбосо сага бирди көрсөтөм” деп омуроолой турган эң ыплас системаны түзүп кетишсе, ал үчүнчү, төртүнчүлөрдүн тушунда өнүктү. Эми гана “уурусу күчтүү болсо, мал  ээсин доого жыгат”, “жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгып алып күркүрөйт” деген система демонтаждалып, сындырылууда. Ал система биротоло талкаланмайынча коом тазарбайт, өлкөбүз ишенимдүү өнүкпөйт.

Автандил Белеков

 

Булак: " Майдан.kg" гезити №01(436), 09.03.2020-ж