Бабановду ким шыбата сөккөн? Атамбаев, Феликс Куловдун республикалык штабын башкарып калганда 2005-жылы жазында Өмүрбек Бабанов, Рахат Ирсалиев; Садыр Жапаров үчөөнү «Кыргызавтомаш» заводунда жайгашкан эс алуучу жерге чайга чакырып калат.

Жогорку Кеңештен бошобой жатып, бир аз кечигип, барып калышат.Дароо эле бул үчөөнү оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, өзүнчө эле урушуп кирет. Булар таң калып, андайга чыдабаган жаны Садыр Жапаров, ызырынып калса, Өмүрбек Бабанов күлүп, аны  токтотуп коет. Көрсө, ичинде 100 грамм бар экен. «Кулов менен Бакиев тандем түздү, шайлоо компаниясы токтоду» деп айтканы чакырыптыр. Өзүнө экономика министрлигин соодалашып жаткан кербези экен. Кийин сегиз ай иштеп, иштей албай, ал министрликтен да кетти.

24- мартта Феликс Куловду түрмөдөн чыгарып келишкен эле. Беш жыл олтурган. Түз эле “Ф.Куловду президент кылабыз” дегендер четтен чыкты. Бирок андай мүмкүнчүлүк жок болчу. Кырдаал башкача эле. Анткени, 2005-жылдагы революциянын башында К.Бакиевдин командасы турган. Айланасындагы колдогондор күчтүүлүк кылып, К.Бакиев убактылуу «президенттин милдетин аткаруучу» болуп бекип калды. Буга А.Бекназаров, Ү.Сыдыков, Нур уулу Досбол, Д.Сарыгулов өңдүүлөрдүн таасири чоң болду. Анткени, булар революция жасоо боюнча республикалык штаб башчыларынын таасирлүү мүчөлөрүнөн болушчу.

Так талаш

10-июлда Президентти шайлоо күнү белгиленди. Талапкерлер даярдана башташты. Негизги талапкерлер К.Бакиев менен Ф.Кулов эле. Экөөнүн ортосунда: “Сен премьер-министр бол. Мен президент болоюн” деген соодалашуу кызуу жүрүп жатты. Бири-бирине жол бошото турган түрлөрү жок. Республикалык штабдарын ачып, кызуу иштеп башташты. Феликс Куловдун республикалык штаб башчысы болуп, Алмазбек Атамбаев шайланды. Ө.Бабанов экөөбүздү Феликс Куловко иштеп бергиле деп суранды. Биз макул болдук. Баарыбызды «Форумдагы» офисине чогултту. Өмүрбек Текебаев, Дооронбек Садырбаев, Темир Сариев, Мелис Эшимканов, Өмүрбек Бабанов жана Феликс Кулов өзү болуп, үй мүйүз олтуруп, кеңешип баштадык (дагы бир топ саясатчылар бар эле, эсимден чыгып кетиптир).

- Бакиев күчтүүлүк кылып кетет го. Талапкерлигиңизди алып койбойсузбу? - дегендер да болду. Алмазбек Атамбаев: - Жок. Алганга болбойт. Бул күрөштө биз жеңип чыгабыз. Менин көзүм жетет,- деп, өзүнүн аргументтерин айтып берди. - Түштүктө 30 пайыз өзбек улутундагылар жашашат. Алар эзели түштүктөн чыккан талапкерге добуш беришпейт. Алардын добушун алсак эле, түндүк толук колдоп берсе, жеңиш биздики болот, - деп дүпүлдөп жатты... Чындыгында, турмуш өзү көрсөтүп тургандай, түштүктө жашаган өзбек улутундагы жарандарыбыз, түштүктөн чыккан талапкерлерге анча добуш бере беришпейт экен. Муну шайлоолордо көп байкадым. Анткени, аралашып жашап жаткандан кийин ар кандай жагдайлар болот. Биринчиден, кичине кездеринен бери бирге өсүшүп, бирине-бири атаандашып жашашат. Мушташа кетишет, ары тур, бери тур болуп дегендей. Ошол себептенби, айтор азыркы учурга чейин деле өзбек улутундагы жарандарыбыз түштүктөн чыккан төбөсү көрүнгөн саясатчыларыбызды жактыра бербеши ачык эле билинип турат. Экинчиден, баарына 100 пайыз жагыш кыйын эмеспи.

Ала жаздын нымы кете элек учур. Жумуштан кийин күндө кечинде «Форумга» чогулмай болдук. Мени Ысык-Көлгө ар бир райондун борборуна штабдарды ачып кел деп жиберишти. Бекбосун Кыдыкбаев деген агабызды алып, бир жумада штабдарды ачып келип, Алмазбек Атамбаевке даректерин кагаз жүзүндө толук тапшырып бердик. Бир дагы облуста мындай тез даярдык болгон жок. “Азаматсыңар” деп мактап, далыга таптап баржактады. Үчөөбүз кофе ичип, бир топко баарлашып олтурдук. Сөз кезеги келип, «Кумтөр» менен Каркыра жөнүндө айттым. 

-«Кумтөрдү» толук мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштетсек, кризистен тез эле чыгып кетет элек. Ушул маселеге көңүл бурушуңарды суранам. Маселени мен Жогорку Кеңешке алып чыгайын. Колдоп бергиле, - дедим. - Саке, иним, Акаевди эмне үчүн кубаладык? Бир эле «Кумтөр» эмес, бүт кен байлыкты менчигиндей ээлеп алышыптыр. Ошол үчүн кубалабадыкпы. Мындан ары баарын мамлекетке алып, иштетебиз. Бир аз убакыт керек, - деди. Каркыра боюнча айттым. - Биздин чек арага чейин кирип келип, пост куруп алышкан. Чөп чабыш, шалбааларыбыз, жайыттарыбыз өтүп кетип жатат. Келишимди кайра карамайынча парламенттен өткөрбөшүбүз керек, - дедим. - Ал маселе өзүңдүн колуңда турат го, парламенттен өткөрбөй кой, - деди. Ошентип, айткан сөздөрүнө ичим жылып, тарап кеттик.

Бир күнү Ө.Бабанов экөөбүз А.Атамбаевдин кымыз ичип, эс алып жаткан жерине бардык. Арыз-муңун айтты. - Акаев деген ат, Бакиев деген эле атка алмашып калды. Буларды жакында кайрадан жок кылабыз, бир аз чыдагыла. Сен көтөрүп жаткан «Кумтөр» маселеси ошондон кийин чечилет, - деди. Макул болуп, кетип калдык. Эртеси парламентке барып, «Кумтөр» боюнча топтогон кагаздарымды Бакиев менен Куловко кат аркылуу калганын көбөйтүп, 75 депутатка таркатып берип, чара көрүүлөрүн өтүндүм (Жогорку Кеңештин архивинде турат). Кийинчерээк комиссия түзүлүп, башында Кубанычбек Исабеков туруп, 2010- жылга чейин бир топ фактыларын ачкансыды. Бирок, бу киши дагы маалымат согушунда «Кумтөрдөн» утулду. Анткени, КТР деген бийликтин кара жашиги аркылуу бийлик өзү жеп жаткан талканын коргоп ким болбосун, бир саатта мокочо кылып коёрун турмуш бүгүнкү күнгө чейин көрсөтүп келе жатпайбы.

Саясий сатуу

Саясий шоулардын очогу дымып, Курманбек Бакиев президент болуп шайланып, 14-август күнү ант берүү аземи болуп өттү. Саясий оюндун картасына ылайык, премьер-министр болуп Феликс Кулов бекиди. Ыңкылаптын ылаңы сууп, жашоо өз нугуна түштү.

2006- жылдын күз айлары. Ө.Текебаев, А.Атамбаевдер башында турган оппозиция мүчөлөрү, «конституциялык реформа жаса» деп К.Бакиевке каршы «Ала-Тоо» аянтына элди топтоп, 8 күн бою митинг өткөрүштү. Чындыгында, элүү миңге жакын эл, сегиз күн бою, “конституциялык реформа болсун” деп чын жүрөктөрүнөн күнү-түнү дебей, тикесинен тик турушту. Оппозиция жаңы Баш мыйзамдын долбоорун даярдашты. Парламентте оппозициянын даярдаган Баш мыйзамынын долбоорун кабыл алууга төрт добуш жетпей турган эле. Мен болсо, “мындай саясий сасык оюндарыңарга катышпайм” деп, кабинетимден чыкпай олтуруп алдым. Эшикте турган эл, Түптөн шайланып келген депутат деп түптүк жердештерим, акын, сатирик Жолоочу Рыспаев, Дамир Сулайманов, Адылхан Бекболотов, Медет Омошевич Букуев жана башка жердештеримди элдин алдына чыгып, “оппозицияга кошулдум” деп жарыяласын деп, кабинетиме жиберишиптир. Менде болсо, А.Атамбаев оппозицияны сатып, премьер-министр боло турганы тууралуу толук маалымат бар эле. Анын планы боюнча, «Кулов элге чыгып кошулуп кетсе, Бакиевди алып түшөбүз. Эгер элге кошулбай койсо, премьер-министрликти алып кете берейин» деген планы болгон. Премьер-министрлик кызматты К.Бакиев менен алдын ала макулдашып коюп, Ф.Куловдун гана кадамдарын күтүп турган. Жердештериме, - Байкелер, мени кыйнабагыла, силер жөн эле сасык саясатчылардын куралы болуп жатасыңар. Эки күндөн кийин Алмаз Атамбаев премьер-министрлик кызматка барат. Баарыңарды сатат, менде толук маалымат бар. Силерге билгизбей, премьерлик кызматты соодалашып жатат, - десем, мени жаман көрүшүп, - Андай болушу мүмкүн эмес, сен эл алдына чыгып, элге кошулдум деп жарыялап кой, - деп кыйнап, түнкү саат 12 ге чейин иш бөлмөмдө олтурушту. Макул болбодум. Жердештерим мага таарынып кетишти.

Кийин мен айткандай болуп, А.Атамбаев премьер-министр болду. Жолоочу Рыспаев агам: - Сен көзү ачыктай эле айткан экенсиң, баарыбызды “көпүрө боло калайын” деген шылтоо менен сатып кетти, - деп аябай арман кылды. Ошентип, Атамбаев премьер-министр болуп сегиз ай иштеп, бирок колунан жыргаган иш келбеди. Акыры Бакиев «Данакер» орденин берип, алдап- соолап кутулду. Ошол орденди алып жатканда көзүн жашылдантып, «Курманбек Салиевич, Сиз асыл адам экенсиз, мен сизди билбей жүрүптүрмүн. Далай нервиңизге тийиптирмин. Бардык кылганым үчүн кечирим сурайм» деп айтып жатпайбы.

Садыр ЖАПАРОВ: “Саясатка аралашкан он жыл” китебинен

NazarNews.kg