Эми аны Кыргызстан үстөктөрү менен бюджеттен 500 миллион доллардан ашырып төлөп берүүсү зарыл.

 

 

Мурдагы президенттин тушундагы криминалдык топтун мүчөлөрү Бишкек жылуулук борборун модернизациялоодо аракеттеги 10дон ашык мыйзамдарды бузуу менен ЕРСтик келишим деген шектүү долбоорду ишке ашыруу аркылуу мамлекетке 110 миллион доллардан ашык зыян келтиришкендери бир жарым жылга жакын убакытка созулган тергеп, тескөө иштеринде аныкталып, жай ортосунан бери ал материалдар сотто каралууда.

 

 Мурда 180 мегаватт электр энергиясын өндүрүп жаткан ЖЭБдин кубаттуулугун 300 мегаваттка жеткирип (долбоордо ошондой болгон менен иш жүзүндө ЖЭБде өндүрүлгөн электр энергияларынын көлөмү азырынча ага жете элек), объектинин 30 пайызын оңдоп, түздөөнү 386 млн. долларга баалашып алып, анын үчтөн бир бөлүгүнө жакынын уурдашып, ордун толтуруу үчүн жабдуулардын бардыгын базар баасынан 3-4 эсе жогоруда кириштешкендери жөнүндө эки жылдан бери ашыгы менен айтылды, жазылды.

 

Чындыгында эле Бишкек ЖЭБиндей эле жылуулук борборлорун башка мамлекеттерде 250-300 миллион долларга курган убакта анын 30 пайызын оңдоп, түздөө үчүн жогоруда айтылгандай кредиттик каражатты, болгондо да үстөгү 2,5 пайыздык кредитти алып, анын бир бөлүгүн май талкан кылып талап жеп коюу – элге, мамлекетке жасаган кылымдык кыянаттык, чыккынчылык экендиги талаш туудурбайт. Эми аны Кыргызстан үстөктөрү менен бюджеттен 500 миллион доллардан ашырып төлөп берүүсү зарыл. Анын пиги – 2022-2028-жылдарга туура келет, бул убактарда Кыргызстан жыл сайын бюджеттен сырткы карыздарды жабууга 38 миллиард сомго чейин төлөөгө аргасыз болот. Бул деген жалпы билим берүү системасына жумшаган каражатка барабар. Эгерде АШАнын айланасындагылар кабалдык шарттарда жогорудагы афераны ишке ашырышпаганда, ашырышса да үстөк пулдардын көлөмү дүйнөлүк практикада кеңири практикалангандай деңгээлде сакталып (алар 0,75-1 пайыздан ашпайт), алынгандардын бардыгын максаттуу жумшашса, сырткы карыздарды төлөө азыркыдан кыйла аз, алда канча жеңил болмок. Бирок, поезд узап кеткенден кийин кыйкыргандан, акылдуусунгандан пайда жок. Ошондуктан азыр жаалданган элдин назары Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланышкан соттук кароолорго бурулуп, коомчулук Кыргызстанга кылымдык кыянаттык кылып, өлкөнүн бюджетинин
3/1 бөлүгүнчө карызды мойнубузга илип салгандардын күнөөлөрүнө жараша өз жазаларын алуусун чыдамсыздык менен күтүп жаткан убак.

 

Фигуранттар соттук кароолорду оюнга айландырып, ыксыз создуктуруп жатышат.

 

Бирок, кылымдык афераларга аралашкан фигуранттардын айрымдары мурдагы көрсөтмөлөрүн өзгөртүшсө, калгандары ар кандай шылтоолор менен соттук кароолорду создуктурушуп, мында да алар элге, адилет сот процессинин жүргүзүлүүсүнө тоскоолдук кылып жатышкандарын баса белгилей кетүүбүз керек. Кээде аша чаап кетишип, өздөрүнүн күнөөлөрүн да мамлекетке, сотко төңкөөгө аракеттенишүүдө. Маселен, С.Исаков күбө катарында ТВЕАнын өкүлдөрүнүн да суралуусун, эгерде алардан өкүлдөр чакыртылбаса, соттук кароого барбай тургандыгын айтып, бир нече күн УКМКнын жер төлөсүнөн чыкпай жатты. Сот аны мажбурлап алып келүүгө чечим чыгарганда гана келди. Алар ТВЕА менен ЕРСтик келишим дегенди түзгөндө “эки тараптын ортосунда талаш же түшүнбөстүктөр жаралса, аны Гонконгдогу арбитраждык сот гана карайт, калган соттордун аларды караганга укуктары жок” деп ташка тамга баскандай кылып жазып коюшса, биздин соттор аларды кайдан чакырта алышат? Чакыруу жиберген менен деле алар ЕРСтик келишимдин тийиштүү жеринен көчүрмө жөнөтүп коюшуп кутулуп кетишет. Андай шартты кимдер түзүштү эле? Албетте, Сапар Исаков баштагандар. Ал ошол убактагы мамлекет башчысына Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча 3 кат жазса, алардын бардыгында “өкмөткө, тийиштүү министрликтерге тапшырма берип, ЕРСтик келишимди тездеттирүүнү” талап кылгандыгы эбак эле аныкталган, ачыкка чыккан. Аны эң сонун билип туруп, Сапар Исаковдун ТВЕАнын өкүлдөрүн да чакыртууну талап кылганы – жөн эле өзүнүн кылганын да танган жүзү каралык, “кыз боозуп алып…” дегендей бет тырмарлык, мыйзамды сыйлабагандык экендиги кимге деле түшүнүктүү болуп турат.

 

Албетте, “иши жүрүшүп, ити чөп жеп”, АША аны оң колум деп далысынан таптап, криминалдык иштерин бүтүртүп жаткан мезгилде кылымдын аферасы үчүн бир убакта жооп берип калары оюна эмес, түшүнө да кирбеген. Ал Бакиевдердей эле биз үчүн жыргал заман келди, эң кеминде Кыргызстанды дагы 30-40 жыл башкарабыз. Миллиарддарды солоп кеткен качкын Акаевдерди, Бакиевдерди эч нерсе кыла албаган шору арылбаган кыргыздар бийликте турган бизди эмне кылып алышмак эле? Алар үчүн сырткы карыздардын жарым миллиардга аз же көп болгону баары бир эмеспи. Бийликтегилерди сөгүп-тилдеп, төлөй беришет. Башка колдорунан эч нерсе келбейт”,- деп ойлошкон. Эгерде 2018-жылдын январындагы авария болбосо, мүмкүн, ошондой да болмок. Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланышкан афералар да ага чейинки ири долбоорлордукундай эле жабылуу бойдон калмак.

 

2010-жылдын июнунда Түштүктө кыйрагандарды калыбына келтирүүгө бөлүнгөн 11 миллиард сомдун, андан сырткары ар жактардан келген жардамдардын канчасы кай жактарга кеткени, жогорку чыңалуудагы Датка-Кемин чубалгысын тартуудагы, альтернативдүү Түндүк-Түштүк жолун, электр көмөкчү чордондорун куруудагы шектүү жагдайлар жөнүндө нелер гана айтылбады, бирок текшерилбеди. Ж.Сатыбалдиев түштүктө кыйрагандарды калыбына келтирүү боюнча дирекциянын жетекчиси болуп турганда курулгандардын айрымдарынын дубалдары көчүп, пайдубалдары чөгүп бараткандыгын телелерден көрүүдөбүз. Мүмкүн, тергеп-тескөөчүлөр жакшылап, иликтеп изилдешсе, алар менен Бишкек ЖЭБиндеги авариянын ортосундагы байланыштар да ачыкка чыкмак.

 

Афералыктоптун АШАдан кийинки анабашчысы Сапар Исаков жогоруда айтылгандай, өнөрлөрүн көрсөткөндөн кийин фигуранттардын айрымдары мурдагы айткандарын танып, көрсөтмөлөрүн өзгөртө башташты. Сыягы, алар Сапар Исаковдун демаршын сотттук процесстерди кандай жол менен болбосун үзгүлтүккө учуратып, создуктурууга берилген сигнал катарында кабыл алышты окшойт. Маселен, Айбек Калиев тергеп, тескөө учурунда Осмонбек Артыкбаев кызмат абалынан пайдаланып, ЕРСтик келишимди тездетүүгө көрсөтмө бергендигин айтса, акыркы күндөрдө О.Артыкбаев өзүнүн функционалдык милдетин гана аткаргандыгын ырастап атат. Чындап талдаганда бул экөөнүн айырмасы анча деле эмес. Анткени, АШАдан команда болгондон кийин анын ордунда кызмат абалынан ажырагысы келбеген ким болбосун келишимди гана эмес, анын парламентте ратификацияланышын да тездетүүгө аракеттенмек. А.Калиев Осмонбек Артыкбаев министр болуп турганда бизге кысым көрсөткөн эмес деп актамыш болгон менен анын ТВЕА менен болгон келишимди министр болгондон кийинки өткөргөн кеңешмесинде жактыргандыгы, аны тезирээк ратификациялоо боюнча депутаттарга карата жалындуу сөздөр менен кайрылгандыгы тана алгыс чындык! Ал сөздөр, маалыматтар кара жашиктерден бир эмес, бир нече жолудан көрсөтүлүп, ЖМКларда керегинче тираждалган.

 

Ал эми О.Артыкбаев ЖЭБде авария болгондон бери эле ЕРСтик келишимди тездетүү боюнча президенттик администрациядан бир нече ирет көрсөтмө болгондугун, ал эми С.Исаков оозеки жана кат түрүндө ошол убактагы мамлекет башчысы Атамбаевди дайыма шаштырып келгендигин баса көрсөтүп келүүдө. Анын айткандарын Сапар Исаков менен АШАга карата терс көрсөтмө катарында карасак болот. Чындыгында ЖЭБди модернизациялоо боюнча подрядчикти, соттук кароолордо кайра-кайра айтылып жаткандай, президенттин аппараты тандап, лоббировка кылган. Ошол эле учурда парламенттин бир катар депутаттары башка кытайлык компанияга сүрөөнчүлүк кылганда, Кытай тарап Кыргызстанга 7 нота жиберип жатып, араң токтоткондугу азыр ачыкка чыгууда.

 

Бул өңүттөн алганда айыпталуучулардан О.Артыкбаев гана аздыр-көптүр чындыкты айтууда. Анткени, ал 2013-жылдын 22-майында же ТВЕА менен макулдашууга жетишилгенден кийин министр болуп дайындалган. Бирок, министр болуп иштеген бир жылдай убакыттын ичинде ЕРСтик келишимдин аткарылышын жана ратификациялануусун бардык күч аракетин жумшагандыгы да чындык. Ал эми Ж.Сатыбалдиевди камала электе парламентте депутаттардын биринин: Ушунча акчага жаңы ТЭЦ курса болот беле?” деген суроосуна “ооба, болот болчу” деген жообу үчүн эле тийиштүү берене менен эркинен ажыратса болот. Анткени, ал жообу менен Ж.Сатыбалдиев ЕРСтик келишим элди, мамлекетти алдаган афера экенин кыйыр түрдө айтып, анча акчага эски ТЭЦтин 30 пайызын жаңыртпай эле, ошончо кубаттуулуктагы таптакыр жаңы ТЭЦти курса боло тургандыгын ырастап жатпайбы. АШАнын авантюрасына өкмөт башчысы болуп турган Ж. Сатыбалдиев бир ооз каяша сөз айтканга жарабаса, ал жеке кызыкчылыгы үчүн мамлекеттин кызыкчылыгын сатып жатса, башка ким ага каршы турмак? Биздин оюбузча, ал: бул да Түштүктө кыйрагандарды калыбына келтирүүдөгү көз жумду иштердей эле билинбей калат, элге эмне болсо, ошол болсун деп ойлогондугунан гана каяша сөз айтканга жараган эмес. Жогорку мамлекеттик кызматтагы адамдын мындай иши эң эле бери дегенде кызмат абалына кыянаттык кылгандык же шалаакылык катарында чечмеленет.

 

Чындыгында Бишкек ЖЭБин модернизациялоо деген айрымдарды эпсиз байытууга гана багытталган афера экендигин азыр камакта отургандар гана эмес, андан сырткары жүргөн башка бир катар мамчиновниктер да эң сонун билишкен. Анткени, ал 30дан ашык жогорку даражадагы мамчиновниктердин макулдашууларынан, бекитүүлөрүнөн, таразаларынан өткөн. Бардыгы АША менен С.Исаковдон корккондорунан улам мындай кылганга болбойт деп айтканга жарашкан эмес. Тилекке каршы, алардын айрымдары эч нерсе болбогондой дагы деле кызмат орундарында отурушат. Чындыгын айтканда, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу жеп-ичүүлөр үчүн айрымдар гана жооп берип, көпчүлүгү четте калып калгандары өкүндүрүүдө. Ал да курулушка байланышкан маселе болгондон кийин курулуш жана архитектура агенттигиндеги долбоорго кол койгондор эмне үчүн жооп беришкен жок? Объектини техникалык жактан текшерүүдөн өткөрүп, кабыл алгандар неге жоопкерчиликтен сырткары калышты?

 

Бул жагынан алганда айрым айыпталуучулардын өз күнөөлөрүнүн бир бөлүгүн Мамтехинспекцияга, атүгүл УКСМный тийиштүү түзүмдөрүнө төңкөп жатышкандарында да жүйөө бар.

 

ЖЭБди модернизациялоого 3 компания катышып, айрымдары ондогон миллион долларга арзанга аткарууга сметасын беришкендерине карабастан эң кымбат бааны сунуштаган ТВЕА тандалып алынган. Анткени, ага бөлүнгөн кредиттик каражаттын сезилерлик бөлүгү өздөрүнүн чөнтөктөрүнө келип түшө тургандыгын АША баштагандар эң сонун билишкен десек болот. Ал эми азыр аныкталып жаткандай, ТВЕАнын ГЭС, ТЕЦтерди куруу же оңдоп, түздөө боюнча эч кандай тажрыйбасы болбогон экен. “Сагызган сактыгынан эмес…” дегендей, жогоруда аталгандар чоң акчанын четин көргөндө аны деле териштиргенге акыбалдары калбай калыптыр.

 

Мында да көңүл бурчу нерсе, 2013-жылдын 31 -январында, 14-февралында, 24-апрелинде “Электр станциялары” ААКнын жетекчиси Сапар Исаковго ЕРСтик келишимди тездетүү боюнча үч жолу атайын кат менен кайрылыптыр. Ал убакта С.Исаков президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп турган. Ал кызматтын экономикага, чарбалык иштерге таптакыр тиешеси жок. Ачыгын айтканда ал ритуалдык протоколдук эле кызмат. Ушундан эле АША менен С.Исаков мамлекетгик кызматты биротоло узурпациялашып, өздөрүнүн компетенцияларына кирбегендерди да тескеп, чече башташкандары көрүнүп турбайбы! Эмне үчүн ага өкмөт түздөн-түз аралашпастан сүрөөчүнүн гана милдетин аткарып калган?

 

Тергеп-тескөө учурунда булардын көбү жашыруун болуп келсе, соттук кароолордо баары четинен ачыкка чыгууда. Дагы көбү чыгарынан шектенбесек болот. Ушундан же улам кийинки кароолор күнөөлөрүн мурдагыдан да оорлотуп бараткандыгын ачык көрүп, билишкенден улам айыпталуучулар баары бир кылмыштарын жашыра албастыгын, колдору менен кылгандарын моюндары менен тартышарына көздөрү жеткенден улам соттук кароолорду создуктурууга жан үрөшүүдө. Анткени, “Аюудан көрө доңуз жылмакай” дегендей, алар үчүн тезирээк зонага баргандан УКМКнын СИЗОсунда эле отура туруу бардык жагынан пайдалуу болууда. Анткени, ал жерде бир жагынан “кана, байбачалар, бекиткендериңерден бөлүшкүлө” деген эч ким жок болсо, экинчи жагынан СИЗОдо отургандын ар күнү 2-3 күнгө эсептелет эмеспи. Алардын мурдагыдан башкача көрсөтмөлөрүн, адвокаттарынын айткандарын айрым сайттардын жерге тийгизбей көбүртүп, жабыртып чагылдырып жатышкандыгынын себеби да бар. Алар – акча иштеп жатышат. АШАда, анын айланасындагыларда уят-сыйыт жетишпеген менен акча деген аябай көп. Эки жылдан бери иштерге алардын ондогон миллиондорунан бир ондук да кете элек. Учурда да АШАнын каржылык колдоолору менен айрым орус тилдүү маалымат сайттары соттук отурумдарды “активдүүлүк” менен чагылдырышууда. Анда кылым аферасын ишке ашыргандарды актоо, жактоо аракети болуп жатканын баамдоо кыйын деле эмес. Мындан ары да ЖМКлар аркылуу актап, жактоолор улана береринен шек санабасак болот. Ал маалымат сайттарынын андай “активдүүлүктөрү” качан АШАнын, анын айланасындагылардын каржылык агымдары тыйылганда гана токтойт.

 

Булак: “Майдан. Kg”  гезити