1-ноябрда Жерүй алтын кен чыгуучу жай жардыруу иштери болуп, ал салтанат менен коштолду.

 

Алгачкы өндүрүш жардыруусуна мамлекеттик өнөр-жай комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов, КР туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы өнөр-жайды жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча Комитеттин төрагасынын орун басары, Эл аралык ишкер кеңешинин ардактуу директору Аскар Сыдыков, Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Валерий Лапытов, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев, КР президенттик аппараттын стратегиялык өнүгүү саясаты, экономика жана каржы бөлүмүнүн долбоорлоо өнүктүрүү секторунун башчысы Асхат Беков жана башкалар катышышты.

 

Иш чаранын катышуучулары жумушчулар жашаган нөөмөт шаарчасын кыдырышты, алтын бөлүп алуу фабрикасынын курулушунун жүрүшү жана калдык сактоочу жай менен таанышышты.

 

“Алтын Альянс” ЖЧКсынын башкы директору Михаил Шубин сөз сүйлөп, анда “Жерүй” карьериндеги алгачкы жардыруу кен өндүрүү иштеринин башталганын билдирээрин, кен кайра жүктөөчү кампага жана алтын бөлүп алуу фабрикасынын аянтына жыйылаарын белгиледи.

 

“Бүгүн абдан сонун окуяга туш болуп жатабыз, бул күндү көп убакыттан бери күткөнбүз. 2015-жылы “Альянс Алтын” “Жерүй” кенине лицензия алган. Ошондон бери биринчи иш бүгүнкүгө туш келди. Биринчи расмий жардырууну көрдүк. Биз кайра иштетүүнүн башталышына – болжол менен жаңы жылга карата 50 миң тоннага жакын кенди топтошубуз керек. Ошондо гана бизде алтынды алуу процесси башталат. Бул долбоорду ишке ашыруудагы маанилүү этаптардын бири”, – деди Шубин.

 

“Альянс Алтын” ЖЧКсынын жетекчилиги өлкөнүн бийлигине көрсөткөн колдоосу үчүн, ал эми калкына түшүнүктүүлүктүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

 

Эмил Осмонбетов “Жерүй” долбоору Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

 

“Бул жылы өлкөнүн өкмөтү тарабынан бир нече тоо кен объектери ишке берилди. Анын катарында “Жерүй” кенин карьерин ишке киргизүү да бар, бул бүгүн ишке ашып жатат. 40 жылдан ашуун убакыттан бери биз так ушул нерсени көздөй багыт алып келдик. Бул долбоордун ишке ашуусу салык төлөмдөрүнө чоң колдоо болот, айлык акылардын көтөрүлүшүнө, социалдык тармактардагы ар кандай жардамдардын арбышына өбөлгө болоору анык. Ошондуктан биз компанияга жалпылап көмөк көрсөтүшүбүз керек”, – деди Осмонбетов.

 

Аскар Сыдыков өз кезегинде “Жерүй” Кыргызстандагы ири инвестициялык долбоорлордун бири экенине токтолду. Бул долбоор анын пикиринде “биздин тоо-кен коомчулугубузга жаңы технологияны, жаңы адистиктерди жана жаңы үйрөнүүлөрдү алып келээри шексиз”.

 

Ал “Жерүйдүн” артынан жаңы инвестициялык долбоорлор бир гана тоо-кен тармагында эмес, экономиканын башка жаатында да жаралаарына ишеним артты. “Бардык инвесторлор алгач тоо-кен тармагын карайт, “Кумтөр” кантип иштеп жатат, “Жерүйдүн акыбалы кандай – баам салат. “Жерүйдүн” ишке кириши – бул чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвесторлорго жагымдуу белги. Айрыкча “Группа Альянс” сыяктуу Россияда гана эмес, КМШ аймагына таанымал холдингдер биздин өлкөгө келип жатканы кубанычтуу көрүнүш. Ал корпоративдик башкармачылык катары да, башка тармактар боюнча да көптөгөн сыйлыктарды алып, Россия Федерациясынын жылдын компаниясына да айланган. Биз, бизнес-коомчулук, өнөр-жайды жана ишкерчиликти өнүктүрүү комитети өз кезегибизде колдон келишинче колдоо көрсөтүүгө аракеттенебиз”, – деди Аскар Сыдыков.

 

Ал бизнес-коомчулуктун атынан “Альянс Алтынды” куттуктап, компанияга мындан ары да ийгиликтерди багындыра беришин каалады.

 

Кыргызстандын экономикасына бараандуу роль ойной турган алтын кен ошентип алгачкы кадамын баштады. “Альянс Алтын” кен чыгуучу жай ишке кире элек чакта кен жайгашкан аймакка, жалпы Талас районуна каржылык жардам көрсөтүп, ар кандай маселелерин чечип келгени маалым. “Бакыбат Талас” фонду аркылуу калктын көптөгөн көйгөйлөрү компания аркылуу чечилип келгенин жергиликтүү тургундар айтып келишет. Ошондой эле райондогу, облустагы жумушсуздук да компаниянын шарапаты менен  байкалаарлык азайган. “Жерүй” ишке толук кандуу киргенден кийин аймактарды колдоо фондуна бөлүнчү каражаттардын суммасы да көбөйүп, калк турмушун жакшыртууга аракет дагы алдыга жылаары айтылып келген.


Булак: “Майдан. Kg”  гезити