же Сапар Исаков баш болгон “үчилтиктин” не билгени бар? 

 

Бүгүн кимге жолукпа, “Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо”- деп аталган кооз чүмбөткө жамынып, ири коррупциялык схеманы ишке ашырган чиновниктерди ашата сөгөт. Кедей, жакыр өлкөбүздү огобетер карызга батыргандары аз келгенсип, анын бир далайын мойсоп койгондуктан, 600 долларлык плоскогубцалар мисалга алынып, жеп-ичерлердин кыңырлары четинен чыгууда. Ошентсе да, “мунун баарын ким баштаган жана ал ким?”- деген суроо ачык бойдон калууда. Камакка канчасы алынды, суракка чуркап жүргөндөрү андан көп. Өтө жогорку кызматта олтургандардын аты аталып, экс-премьерлер баш болуп өткөн жумада Жогорку Кеңешке чакырылып, күнөөнү бир-бирине оодарып, суудан кургак чыгуунун амалын жасашууда.

 

Ошентсе да, депутаттык комиссия жакшы иш жасап, белгисиз бир топ фактыларды сууруп чыга алды. Дагы деле табышмактуу көп жагдайлар бар, бирок, депкомиссиянын мынчалык алыска барарын күткөн эмеспиз. Эң негизгиси, депкомиссия Бишкек ЖЭБин модернизациялоо сунушу кайдан, кимден чыкканын аныктоого, 5 жыл мурунку окуялардын хронологиясын так түзүп чыгууга жетише алды. Жогорку Кенеште жарыяланган документтер бул коррупциялык схема кандайча ишке ашканын көрсөтүп турат, ошондуктан, айрым экс-аткаминерлердин “бул жөн гана бизге карата саясий куугунтук”- дегени оюнду саясий талаага алып чыгуунун гана амалы экени талашсыз.

 

Демилге Салайдин Авазовго таандык

 

Бишкек ЖЭБи тез арада ондоп-жанылоого муктаж экендигин биринчи болуп ал кездеги “Электр станциялары” компаниясынын башчысы Салайдин Авазов Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовго жолдогон катында айткан. Ушул эле катты ал белгилүү “балапан” Сапар Исаковго да жолдогон (анда бул жигит президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турган). Бул маселе тикелей өкмөттүн компетенциясына кирерин билип турса да, эмнеге С.Авазовдун президенттик аппараттын бөлүм башчысына бул маселени чечүү катын жолдогону тан калтырат. Бул экөө же алдын-ала макулдашып алганбы? Айтор, кат жетип-жете электе эле С.Исаков президент А.Атамбаевге кызматтык кат даярдап, кытайлар менен сүйлөшүп, алар баа боюнча сунушун да даярдап койгонун билдирет. Бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү С.Исаковдун милдетине кирбейт. Анда эмне жанын жеп, өкмөттү аттап өтүп, жулунуп жутунган? Албетте, тергөөгө суракка барганда С.Исаковдон ушуларды сураса керек биринчи кезекте. Кытайлык ТВЕА башынан эле ЖЭБди модернизациялоо укугун алары белгилүү болгон экен да көрсө. Өз ара тымызын сүйлөшүп алышып, анан бул кытайлык компания карызга Кытайдан каражат алуу кеңешин бергени көрүнүп турат. Азыр коомчулуктун башын адаштырып, ТВЕАны инвестор катары көрсөтүшүүдө. Бирок, бул компания акча салган жок, алар өздөрүнүн өлкөсүнөн биз алган карызды иштетип, кыргыз бийлигиндеги айрым коррупционерлер менен анча-мынчасын бөлүштү да, ЖЭБди чала-була жылтыратып гана жылт коюшту. А карыз калды, аны биз, келечек муундар төлөйт. Цивилдүү мамлекетте баары тескерисинче жүрөт: алар алгач инвесторду табат, андан кийин ишти аткара турган компанияны тандайт. Бишкек ЖЭБи боюнча эмнеге баары тескерисинен болгонун тергөө аныктап чыгышы керек. Кызматтык катында Сапар Исаков кытай тараптын баа сунушу даяр экенин айтат. Бирок, аны даярдоо үчүн ЖЭБдин техникалык параметрлери керек го. Стратегиялык объектиге таандык мындай маалыматтар мамлекеттик сыр катары сакталат. ТВЕА баа сунушун алдын-ала даярдап койгон болсо, кимдир-бирөө аларга бул маалыматтарды берип, кошуна өлкөнүн пайдасына “шпиондук” кылган болуп жатпайбы! Кудай сакта, биздин чиновниктер акча дегенде өң-алеттен кетерин билип, террорчулар келип сураса да сыр маалыматтарды берип салабы? МУКК саясий куугунтук менен алек болуп, ушундай жагдайларды кантип көз жаздымдан чыгарып ийген?

 

С.Исаковдун катынын негизинде Атамбаев өкмөткө эмес, КР Энергетика жана өнөр жай министрлигине бул маселени чечүүнү тапшырат. Президенттин тапшырмасы жеткенге чейин министр А.Калмамбетовду кызматынан түшүрүп коюшкан. Анткени, ал ТВЕА эле эмес, СМЕС, “Интер РАО” компаниялары менен да сүйлөшүү жүргүзүп ийген. Демек, А.Калмамбетов Авазов-Исаков баштаган “ишке” жолтоо болгону көрүнүп эле турат. Аны “кетиришкенден” кийин министрдин милдетин ким аткарып турган? Албетте, Сапардын жан досу Айбек Калиев. Булар дээрлик бир ай бою бирге “чардашкан” экен, кийин билингендей. 2013-жылдын 22-майында министр болуп Осмонбек Артыкбаев дайындалат. Эки күндон кийин Сапар Исаковдун жетегиндеги иш боюнча Атамбаев Артыкбаевге тапшырма берет. Бирок, модернизациядан кабары жок Артыкбаев маселени чечүүнү кайра эле орун басар бойдон калган Калиевге тапшырган. Исаков-Калиев-Авазов деген үчилтик ошентип жаңы министрдин тушунда да бул ишти өз колуна алууга жетишет.

 

Беш күндөн кийин, 28-майда (2013) Айбек Калиев ЖЭБди ондоп-жаңылоо боюнча кеңешме өткөзгөн. Өйдө жактан түшүрүлгөн буйрукка ким каршы чыгат? Анын үстүнө, баары Сапар Исаковдун АШАга өтө ынак экенин билишет. Жыйынтыгында, ТВЕА боюнча Исаков-Калиев-Авазов үчүн он чечим кабыл алынат. 4-июлда “Электр станциялары” (Салайдин Авазов) кытай тараптын баа сунушун кабыл алат - $390,2 млн. 5-июлда аны 386 миллионго түшүрүүгө макулдашууга жетишишет.

 

Эми модернизацияга кредит алуу түйшүгү калат. ТВЕА өз өлкөсүн сунуштаган. Өз учурунда Кытай өкмөтү да дипломатиялык жолдор менен ТВЕАга гана карыз берүүгө макул экенин билдирген. “Эксимбанктан” 386 миллион долларды 2 пайыз үстөк менен алуу келишими парламентте кабыл алынган. Ага андагы каржы министри Ольга Лаврова кол койгон. Айта кетүү керек, депкомиссия атын атаган О.Артыкбаев, Ж.Сатыбалдиев, О.Лаврова, Т.Сариев ж.б. бул жерде күнөөсү деле жок. Мисалы, Ж.Сатыбалдиев өкмөт башчысы болгону менен, модернизация маселесин анын катышуусу жок эле чечип коюшкан. Бизде Сапардай “балапан” турганда, өкмөт башчынын кереги деле жок болуп калат экен көрсө.

Туура, депкомиссия Бишкек ЖЭБин ондоп-жанылоо ошол кезде зарыл болгонун мойнуна алды. Буга коомчулук дагы каршы эмес. Бирок, бул маселени кылдаттык менен карап чечкенибизде, кышындагыдай авария болмок эмес. Балким, андан да арзан варианттар табылмак, алыс барбай эле тажиктерди карабайсыңарбы, биздикинен аз каражатка ЖЭБди толук модернизациялап алышты. Бишкек ЖЭБине келе турган болсо, бул биринчи кезекте Сапар Исаков, Салайдин Авазов дегендерге керек болгонун танууга болбойт. Бир гана маселе – кимге канча “үлүш” тийген, Атамбаев алганбы? Бекеринен депутат Исхак Масалиев Атамбаевден кол тийбестикти алып, жоопко тартууну сунуштап чыккан жок да. Тергөө акыйкат жүрө турган болсо, бул суроого жооп табылаар. Эгерде фактылар жадырап турганына карабастан, аты аталган адамдар кутулуп кете турган болсо, бул президент Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүнө чиркөө болот.

 

Бет тырмачылыктын деле чеги болот го...

 

Депкомиссия маселенин аныгына жетип, туура жолдо баратканын, акыры таш өз башына келип тийерин күн мурунтан сезип турган Сапар Исаков учурда баарын “саясий куугунтукка” байлоого аракет жасап жатат.

 

Ал парламенттеги талкууну “элдин башын айландыруу”, “ЖЭБдеги кыйроонун чыныгы күнөөкөрлөрүн жоопкерчиликтен оолактатып кетүүгө жасаган аракети”- катары баалаган кайрылуу таркатты.

 

Анын айтымында, депутаттык комиссияны башынан эле адаштырышып, тескери жакка багытташкан: “Бирок, Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинде тажрыйбалуу жана татыктуу адамдар көп. Калыстык жана адилеттүүлүк баары бир жогору тураарына абдан ишенем”.

 

“Мен эч качан жоопкерчиликтен качкан эмесмин жана маселени 2 бөлүп кароону сунуштайм: Биринчи маселе - ЖЭБдеги январь айында болгон кыйроонун себептери жана 2017-2018 – жылдардагы күзгү-кышкы сезонго даярдык көрүү жүргүзүлгөн ЖЭБдин ошол кездеги директорунан тартып, премьер-министрлерге чейинки бардык деңгээлдеги жетекчилердин жоопкерчилиги. Башкача айтканда, бизге катардагы мастерлердин же цехтердин начальниктеринин кереги жок. Нурлан Өмүркул уулунан тартып Сооронбай Жээнбеков менен Сапар Исаковго чейин жооп берүүгө тийиш.

 

Мен кыштагы кыйроо учурунда Сооронбай Шариповичти атайын тосуп, жоопкерчиликтен калкаладым. Ошондо көптөр унчуккан эмес. Бишкектиктер суукка тоңуп отурушту, ЖЭБди кышка даярдагандар болсо унчукпай же күнөөнү бири-бирине оодарып жатышты. Мен жетектеген өкмөт иш жүзүндө күздө келсе да, бирок мен саясий жоопкерчиликти өзүмө алдым.

 

Эми карасам, муну алсыздык катары кабыл алышкан экен. Депутаттар ишке ушунчалык киришкенден кийин Сооронбай Шариповичтин тушунда ЖЭБдин учурдагы ремонтуна сарпталган жүз миллиондогон сомдорго эмне үчүн акыр аягында жарабай калган эски жабдуулардын оңдолбогонун изилдеп чыгышса болмок, ошого милдеттүү да болушчу. Эмнеге? Бул боюнча кечээ депутаттар элге так маалымат берген жок.  ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүкул уулун Кожобек Рысбаев менен байланыштырышууда. Балким, ушундан улам экс-директорго борбордук трибуна берип, аны жоопкер катары эмес, эксперт катары пайдаланып, ызаттап жатышкандыр? Жоопкерчиликтен качуунун кереги жок! Жооптуу болгондон кийин жооп бериш керек да!   

 

Экинчи маселе: ЖЭБди 386 млн.АКШ долларына реконструкциялоо жөнүндөгү макулдашууну бекитүүнүн себептери жана реализациялоонун жүрүшүндө ЖЭБдин ошол кездеги жетекчилеринен, энергохолдингдин жана анын курамдарынын жетекчилеринен тартып, министрлерге, премьер-министрлерге, Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасына жана парламенттик үч комитеттин төрагаларына чейин кошкондо, анын кемчиликтери боюнча. Башкача айтканда, Андрей Воропаевден жана Айбек Калиевден тартып  Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков, Сапар Исаков жана экс-спикер Асылбек Жээнбековго чейин. Ошондуктан депутаттык комиссия бул тизмени ачык эле толук түзгөн эмес деп эсептейм. Эгерде акыр аягына чейин калыс бололу десек, анда макулдашууга кол койгондордун баарын, анын ичинде адегенде эле үч жолку окуудан соң ратификациялоону жүргүзгөндөрдү да суракка алышсын. Тийиштүү көзөмөл кылбай, тыкыр текшербей туруп пайдаланууга кабыл алууну камсыз кылгандар да суралышы керек. Бул жерде кечээкидей ар кимди ылгап тандоонун кереги жок. Президент бир тууганыма да, жакыныма да, досума да карабайм деп таптак айтпадыбы”,- деди С.Исаков.

 

Бишкек ЖЭБи боюнча күнөөнү азыркы президент С.Жээнбековго оодаруу аракетин эсте болсо, буга чейин С.Исаковдун “аташкасы” Алмазбек Атамбаев да жасаган. Бирок, ошондо мындай майнап чыкпаган, азыр чыгып калабы? МУКК С.Исаковду учурда бир эле ЖЭБ боюнча суракка чакырып жатат, а эмнеге мисалы Дүйнөлүк көчмөндөр оюну боюнча, ага кеткен каражаттардын кантип жумшалганын териштиришпейт? “Лигласс”, “Коопсуз шаар” ж.б. боюнча кабыл алган, себепчи болгон чечимдери боюнча жоопкерчиликке тартпай турашат? Сапардын “невинная жертва” көрүнгүсү келип жатканы түшүнүктүү. Баарын саясатка такап, жөн гана куугунтукка кабылып атканын айтса эле эл ишенип, боору ооруп, колдоп кетет десе жанылышат! Сапарды эл колдош үчүн ал эл үчүн бир нерсе кылышы керек болчу. Биз билгенден ал бир гана АШАга жакын болгону үчүн баш айланткан карьералык өсүшкө жетти. Табакташ деле болушу мүмкүн. Булардын мынчалык ысык, ынак мамилесинин сыры да күтө турсак, ачылып калаар...

 

“Элдин ырыскысын жегендер өлүп жоголсун!”

 

КР ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаевди жөнү жок сындап, жаманатты кылып жүргөн экенбиз. Жүрөгү тоодой, элдик адам турбайбы! Эч ким айта албаган, бирок, ар бир кыргыз атуулунун жүрөгүндө турган сөздү айтты. “Кыргыз эли баарын карап турат. Бул кредитти  бийлик ойлонуп алышы керек эле. Ачыгын айтыш керек, буларды “шак” эле камаганга болбойт. 26 млрд сомду эмне үчүн кыргыз элинин уул-кыздары төлөшү керек? Элдин ырыскысын жегендер өлүп жоголсун! Эмне үчүн элдин акчасын кымырып коюп олтурат? Ар ким өздөрү жасаганын мойну менен тартсын. Кытай Россияга окшоп карызын кечип койбойт. Мобулар төлөсүн!”,- деди депутат. Бул сөздү угуп олтурган Сапар баш болгон экс-чиновниктер ооздоруна талкан сугунуп алгансып унчукпай калышты! Эл өкүлү элдин сөзүн айтты. Эми ошол элдин талабын Сооронбай Жээнбековдун бийлиги ишке ашыра алабы? Маселе мына ушунда...

 

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити