Башкатырма оюн  

 

Президенттик шайлоо алдандагы Кыргызстандын саясый турмушу күтүлбөгөндөй өзгөрүп, бийликтин айласын кетирүүдө. Алгач эки жума мурда Астанада дүйнөнүн 33 мусулман өлкөлөрү мүчө болгон Ислам кызматташтык уюмунун илим жана инновациялык тхнологиялар боюнча жыйынына А.Атамбаевдин катышпай, болгону билим берүү жана илим министринин орун басарын жөнөтүп коюшу Акордо менен Ак үйдүн мамилеси бир топ муздай түшкөндүгүнөн кабар берген эле.

 

Путиндин табышмактуу сыры

 

Бирок арадан эки күн өтпөй эле А.Атамбаев күтүүсүздөн Орусия президенти В.Путин эс алып аткан Сочиге учуп барып, бир-эки сааттай жолугушту. Кыргыз, орус президенттеринин жумушчу жолугушуусу тууралуу Кремльдин сайты расмий билдирүү таратып, анда мурда эки президенттер кол койгон келишимдердин кандай ишке ашып жаткандыгы талкуулангандыгы жөнүндө маалымат берген менен орусиялык башка абройлуу басылмалар А.Атамбаевдин Сочиге шашылыш түрдө учуп баруусунун чыныгы максаты – 15-октябрдагы президенттик шайлоо байланыштуу экен. Эгер ошол “Росбалт”, “Незавизимая газета” сыяктуу бийлик көзөмөлү астындагы орус басылмалары менен Аркадий Дубнов сыяктуу саясат таануучулардын айтканына ишенсек, Кремль кыргыз бийлиги “таптаган” бийлик мураскери Сооронбай Жээнбековго ичи чыкпай жатыптыр. Демек, Кремльдин болочок кыргыз президенти болот деген Ак үйдүн талапкерине кайдыгер мамиле жасап койгондугу же “сүймөнчүк” кылбагандыгы А.Атамбаевдин түн уйкусун бузуп жаткан окшойт. Ошентип дүйнөлүк саясаттагы №1 адам катары таанылган В.Путин ыйгарым укутары бүтөрүнө саналуу күндөр калган кыргыз кесиптешине кандай жооп бергендиги белгисиз. Мындан тышкары орус басылмалары С.Жээнбековдун жана бир туугандарынын арап мамлекеттери менен жакшы мамиледе экендиги тууралуу кеңири жазган...

 

Баарынан да  Казакстандын президенти Н. Назарбаевдин президенттикке талапкер, болгондо да оппозициянын лидерлеринин бири Ө.Бабановду кабыл алышы биздин Ак үйгө чак түштө түшкөн чагылгандай эле сокку болду окшойт. Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов казак мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев менен жолукканы тууралуу маалымат Казакстан президентинин расмий сайтында 19-сентябрда жарыяланган. Жолугушууда “эки тараптуу кызматташуу жана бир тууган мамилени бекемдөө маселеси” талкууланганы жазылган. Бирок жолугушуу качан, кайсы жерде болгону маалымдалган эмес. Кийин бул жолугушуу Алматыда болгондугу ачыкка чыкты.

 

Себеби боордош өлкөнүн лидеринин Кыргызстандын расмий бийлигине мындай мамилеси бир гана шайлоо алдындагы тараза ташын өзгөртпөстөн, чоң таарынычы бар экендигин да билдирип койду. Андыктан жылан чаккандай туйлаган бийлик демейде болуп көрбөгөндөй ыкчамдык менен тышкы иштер министрлиги аркылуу Астанага нота жиберди. Анда кыргыз тарап казак президенти Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстандагы президенттикке талапкерлердин бири менен жолугуп, ага колдоо көрсөткөнүнө таң калып жатканы айтылган.

 

Ошондой эле нотада Казакстандын башчысы Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпесин айтканына карабастан анын сөздөрү кыргыз президентинин келечегине карата ачык эле колдоо көрсөтүп жатканынын далили экени белгиленген.

Н.Назарбаевдин бир тууган өлкөнүн бийлигине мындай чукул мамилесин өзгөргөндүгүнүн себебин айрым серепчилер жакында А.Атамбаевдин Ташкент менен өтө эле “ысык” мамиле түзүп жибергендигине байланыштырышууда. Ал тургай мындан ары Кыргызстан бир да ГЭСти Өзбекстан менен макулдашпастан курбай тургандыгы тууралуу билдирүүсү баурдастарды боорго тепкендей эле болгон окшойт.

 

Нотага нота менен жооп

 

Кыргыз бийлиги Астананын чоң соккусунан эси ооп, өзүнө келе албай жатканда Астанадан нотага нота менен жооп кайтарган дубай салам келди. Анда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын бул өлкөдөгү убактылуу ишенимдүү өкүлүн чакырып, расмий Бишкектин нотасына жообун Бишкектен нота алары менен эле ойлонбостон туруп жооп берген. Казак мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин кыргызстандык саясатчы жана президенттикке талапкерлердин бири менен жолугушуусуна Кыргызстандын башкы дипломатиялык органынын кескин реакциясына таң калуусу белгиленген.

 

Ошондой эле казак лидеринин башка өлкөнүн белгилүү саясий ишмерлери жана партия лидерлеринин өтүнүчү менен жолугушуулары буга чейин деле болуп келгени жана эл аралык тажрыйбага шайкеш келээри жазылган.

Билдирүүдө 14-августта президенттикке талапкер, экс-өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен дагы ушундай эле жолугушуу өткөрүлгөнү айтылат. Ошондой эле казак лидери талапкерлерден эч кимди ачык колдобогону, Кыргызстандын ички саясатына кийлигишпей, ким шайланбасын кызматташууга даяр экенин айтканы белгиленген.

 

“Кыргызстандын тышкы саясат мекемесинин нотасы эки өлкө ортосундагы мамилени салкындатат, Казакстан Кыргызстан менен мурдагы мамиледе кала берет”, - деп жазылат Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Кыскасы, шайлоонун шайтан оюндары кыргыз бийлигинин бир гана ички саясатын эмес, кошуна мамлекеттер менен болгон мамилесине да таасирин тийгизип, тилекке каршы таарынычтар жана нота аркылуу нааразылыктар айтылууда. Балким, А.Атамбаев Россиянын да, Казакстандын да кызыкчылыгына ылайык келе турган “мураскерди” сүрөсө, президенттик мөөнөтү бүтөр алдында мынчалык бушайманга түшпөс беле?

 

Баса, Өзбекстандын президенти Ш.Мирзиёвдин Бишкекке расмий сапар менен келишинин деле түпкү максаты бийлик талапкерин колдоо экендиги ачыкка чыгып калбадыбы? Буга биздин бийлик кандай жооп кайтарат? Же буларга эмне кылса да боло береби? Себеби Ш.Мирзиёев “Мен кыргыз бийлигинин саясаты улантылышын, аны жолдоочу адамды колдоймун”,- деп айтты го.

 

Кара пиар

 

Бул арада Ак үй тарабынан каржыланган айрым кыргыз маалымат каражаттары кара пиардын казанын кайнатышууда. Алардын бири: “Биздин өлкөгө Кыргызстандын жараны, мамлекетте акыркы 15 жыл туруктуу жашаган адам гана президент болуп шайлана алат. Тилекке каршы, 1995-жылы СССР паспортун казак жарандыгына алмаштырган Өмүрбек Бабанов ажо болом деп БШКда каттоодон өтүп, учурда миллиарддаган акчасын чачып элдин башын айлантууда. БШК деле Бабановдун мыйзамсыз сатып алган кыргыз паспортунан кынтык таба алган жок. Бирок, бул маселе жалпы элди кооптондура турган көрүнүш. Бабанов Казакстандын паспортун алып, ал жакта бир топ жыл бизнес кылганы белгилүү. Анын Кыргызстандын ИИМинин кайсы ачендигинен мыйзамсыз сатып алганы жакында аныктала турган болуп калды. Учурда айрым интернет булактарында Бабановдун казак пасортунун көчүрмөсү, анан Жамбыл облусуна каттоого турганын тастыктаган жарыяланууда. Буга тиешелүү органдар сөзсүз реакция кылышы керек.   

 

Өмүрбек Токтогулович жүрөгү Казакстан деп сого турганын дагы бир ирет далилдеп, шайлоо мыйзамдарын бузуу менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп келди. Бабанов Нуракеңдин кабыл алуусунда болуу үчүн казак олигархтарын ортого салып, аларга жалдыраганы белгилүү боло баштады. Буга чейин 5-сентябрда бир катар казак жана жөөт шылуундары менен Ысык-Көлдүн жээгинде да жолуккан. Эми 7 жылдан бери бир да убадасына турбаган Бабанов казактарга кулдук уруп, алардан колдоо сурап тизе бүктү. Кокус мындай адам президент болуп калса кыргызды казакка кул кылат, жерибизди өткөрүп берүүдөн кайра тартпайт. Муну Бабанов факты жүзүндө далилдеп койду. Андыктан казак жараны Бабановдун Кыргызстанга президент болууга акысы жок! “,- деп жазган.

 

Кай жагынан алып карабайлы, Россия менен Казакстандын президенттери Кыргызстандын бийлиги сүрөп жаткан талапкерге кайдыгер мамиле жасап жаткандай. Бирок шайлоочулар Ак үйдүн мындай маалымат “согушуна” ишенеби же тескери натыйжасын береби? Бул суроонун жообун 15-октябрда билебиз?

 

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити