Баш макала

 

Ушул суроо азыр ар бирибизди – катардагы жарандан тартып, учурдагы президент А.Атамбаевдин өзүн да ойлонтуп, санаага салып, түйшөлтүүдө. Бирок “Касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы” болуп, президент баш болгон Ак үйдөгүлөр “кантип бийликти алдырып койбойбуз” деп ичкени ирим, жегени желим болуп жатса, оппозиция менен карапайым калк деги бул ирет жеке кызыкчылыгын эмес, эл менен мамлекетти ойлогон президент шайланып, турмушубуз оңолор бекен деп үмүт кылышууда.

 

Ичкен, жегени демекчи, туңгуч президент А.Акаевдин заманынан бери эле бийликтегилер элди, мамлекетти талап-тоноп, өздөрү эбегейсиз байып, ал эми 90% өлкө жарандары итке минген кедей бойдон кала берүүдө. Башкача айтканда, бизде президент, премьер-министр, министр, депутат, губернатор жана аким болуу мамлекет менен элге кызмат кылуу эмес, уурдамай, бюджеттик акчаны жемей жана талап-тономой гана болуп калды. Ошондуктан керемет табиятыбыз болуп туруп, тоолорубуз толо алтын экендигине карабай жакында дүйнөдөгү эң жакын 50 мамлекеттин катарына кирип отурабыз. Ал тургай акыркы бийликтин тушунда криминалдашып да кетти...

 

Эгер 2005 жана 2010-жылдардагы революция-төңкөрүштөрдүн негизги себептерин изилдей турган болсок, элибиздин эркиндикти сүйгөндүгү, баатырдыгы эмес, бийликтегилердин коррупция менен трайбализмдин сазына белчесинен батып, жакырчылыктын чегинен да ашып кеткен элибиз айласыз бийликке каршы көтөрүлгөнгө мажбур болушкандыгына ынанабыз.

 

Анда эмне үчүн 25 жылдан бери бүткүл дүйнө жүзү, кошуна мамлекеттер өнүгүп жатса,  тескери кетип жатабыз. Себеби бизде шайлоо, кайсы бир кызматка дайындоо эбак эле акчага сатылып, кимдин акчасы болсо, ошолор депутат болуп шайланып, майлуу-сүттүү кызматты ээлешип, жеке кызыкчылыгын гана ойлоп калышкан. Демек, акча менен мандатты, министр, губернатор, акимдик кызматты сатып алгандар эч качан эл менен мамлекетти ойлошпойт. Кайра ошол кетирген акчасын бир нече эсе кылып кайтарып алуу менен гана алектенип калышат.

 

Бир чети эгер шайлоо таза өтүп, элибиз да арак менен акчага алданбай, чыныгы мекенчил, И.Раззаков, А.Масалиев, С.Ибраимов сыяктуу таза жетекчилерди шайлай турган болсо, анда мурдагы жетекчилердин 99%ы түрмөгө отурушмак. Андыктан алар эч качан бийликти колдон чыгаргысы келишпейт. Сыягы, азыркы учурда деле ошондой “тазалоо”, “неудобныйларга” ар кандай ойдон чыгарылган кылмыш ишин козгоп, көзүн тазалоо, “сындыруу”, чет жакка чыгып кетүүгө мажбурлоо саясаты жүрүп жатат.

 

Азыркы бийликтин өз жолун “тазалоо” аракети акыркы 2-3 жылда өтө күч алууда. Алгач болор-болбос, далилсиз айыптоолор менен кыргыз элинин мекенчил жигиттери Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Карганбек Самаков, Нариман Түлеевдерди камашты. Ал эми эч кандай илинчек таба албаган Адахан Мадумаровдун партиясын бир эмес, эки ирет парламенттик шайлоодон өткөрбөй коюшту.

Алгач А.Атамбаев өзүнө мураскер даярдабай тургандыгын, шайлоо таза өтөрүн жар салган болчу. Ал тургай президенттик мөөнөтү бүткөндө эс алууга кетип, өзү менен эски (сасык) саясатчыларды алып кетерин да айткандыгын кулагыбыз чалган.

 

Бирок акыркы күндөрдөгү Ак үйдүн саясаты быйыл күзүндө боло турган президенттик “чоң казатка” шайма-шай даярдыктар көрүлүп жаткандыгын ишара кылууда. Алардын купуя сыры өткөндө Россиянын президенти В.Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келгенде ачыкка чыгып, А.Атамбаев президенттик мөөнөтү бүткөн менен саясатта кала берерин бүткүл дүйнө жүзүнө жарыялады. Көрсө, бийлик ушунчалык таттуу турбайбы.

 

Демек, мураскер сөзсүз болот. Анда ал ким? Сыягы, азыр өкүмдар ордун калтыра турган адамга “кастинг” жарыялаган окшойт. Алгач К.Кулматовдун, И.Өмүркуловдун, ал тургай азыр аткошчусу (кеңешчи) болуп жүргөн К.Султановдордун аттары аталган. Кийин ишенимдүүрөөк С.Жээнбеков көбүрөөк оозго алына баштаган. Акыркы мезгилде жакында эле аппарат башчылыкка дайындалган С.Исаковго басым жасагандай. Бир чети президент өзү да бул “сары балашканы” В.Путин жана башка мамлекет башчыларына “оң колум” деп тааныштырып, чоң жарышка таптап жаткандыгын ачыкка чыгарууда.

 

Бирок Бишкек менен Чолпон-Атадан башка жакты көрө элек, чарба, өндүрүш эмне экендигинен түшүнүгү да жок, ак үйдө кагаз иштери менен гана алпурушуп, “тепличный” шартта өскөн бул жигитке эл колдоо көрсөтөр бекен? Баарынан да былтыр Түркиядагы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетине күнөөлөнгөн Фетхуллах Гүлендин Кыргызстандагы жамааты менен байланышы бар деп эл оозунда айтылып жүргөн адам кокус президент болуп калса, эл менен мамлекетке канчалык пайда-зыян келтирет? Экинчиден, С.Исаковдун Бакиевдин тушунда Максим Бакиевдин ишенимдүү адамы болгондугун көрүп-билип жүрбөдүк беле. Ушул жагдайларды ал өзү болбосо да, өкүмдар ойлонду бекен? Эгер бийлик болбой эле эски адатына салып, компьютер менен “ишти бүтүрүп” койсо, эл толкуп кетпейби?

 

(Кийинки макалада оппозиция талапкерлери тууралуу сөз болот)

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (287), 15.03.2017-жыл.