“Той болот, тойдун эртеси да болот” демекчи, ошентип көптөн бери бүтүндөй Кыргызстанды дүрбөлөңгө салып, болуп көрбөгөндөй көп каражат сарпталып (болжолдуу түрдө шайлоого катышкан саясий партиялар тарабынан 1 миллиард сом, мамлекет тарабынан 1,5 миллиарддын тегереги) өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы чыкты.


Бүгүндөн баштап 7%дык өткөөлдөн өткөн бактылуу саясий партиялардын мүчөлөрү тойлоп, майрамдап, өтпөй калгандар акчасын чачып кала берип, өкүнүп отурган кербези. Баса, акыркы 24 жылдан бери Кыргызстандагы бардык пикет, митинг, эки ирет адам өмүрү кыйылган революциялар менен коштолгон революциялардын негизги себеби шайлоо менен байланышкандыгы жашыруун эмес. Анткени, акаевдик, бакиевдик режимдер жана алардын тегерегиндегилер түбөлүк бийликте калуу үчүн шайлоону ушунчалык ыплас ыкмалар менен өткөрүп келишкен. Ал тургай ар бир депутаттык орундар сатылышы кадыресе көрүнүш болуп калган.


Бирок, бул шайлоо кандай өттү? Ушул суроого азыр ар кандай, бири-бирине карама-каршы жооптор айтылууда. Бийликти колдогон, жеңишке жетишкен партиялар шайлоо өтө таза, калыс жана ачык өткөндүгүн айтышса, айрым эл аралык уюмдар менен жеңилүү ызасын тарткан партиялардын өкүлдөрү жана күйөрмандары бул ирет элдин добушун ачык эле акчага сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу ыкмалары кеңири колдонулгандыгын далилдүү фактылар менен келтирип жатышат. Ооба, бул ирет мурда болуп көрбөгөндөй биометрикалык ыкма менен шайлоо болуп, “Бир адам – бир добуш” принциби колдонулду. Демек, бийликтегилердин айтуусунда, ар бир добуш ошол замат БШКнын борборлоштурулган маалымат базасына түшөт. Андыктан, эч кандай бурмалоолор болбойт. Бир адам экинчи шайлоо участогуна барып “карусель” ыкмасы менен добуш берүү “укугунан” да ажырады. Өкмөт бул биометрикалык маалыматты чогултууга бир жылдан ашык иштеп, эки миллиардга жакын каражат коротту. Кыскасы, мурдагыга караганда бир кадам цивилизацияга кадам таштадык.

Шайлоонун жыйынтыгын БШКдан тышкары “Таза шайлоо” ассоциациясы да жүргүзүп, көз карандысыз мониторингдин болжолдуу жыйынтыктарын чыгарды. Анда эң негизги кемчилик техниканын мүчүлүштүгү болгону белгиленди. Аталган ассоциациянын аткаруучу директору Айнура Усупбекова: “Шайлоо процессинде башкы көйгөй добуш берүүчүлөр тизмеден аты-жөнүн таппай калгандыгында болду. Мындан сырткары автоматтык урналар бюллетендерди кабыл албай, манжаларын тааныбай жатты. Ага ылайык,көптөгөн жарандардан добушубузду бере албай жатабыз деген кайрылуулар түшкөн. Мындан сырткары кошумча шайлоо бекеттерине 3442 жаран катталса, анын 2842и тизмеге кириптир. Бирок,ага карабастан 600 жаран тизмеден өздөрүн таба алган жок", - деп билдирди.

Тилекке каршы, ар нерсенин терс жагы болгондой эле биометрикалык тизменин да бир топ шайлоого терс таасири тийбей койбоду. Анткени, ар кандай жагдайдан улам айрым жарандар атайлап эле өз маалыматтарын тапшырышкан жок.БШК төрагасы Т.Абдраимовдун айтымында, биометриялык маалыматтарын тапшырып катталган шайлоочулардын саны 2 млн 761 миң 297 адамды түзгөн.Ошентип жалпы республика боюнча 1 млн 261 миң 297 шайлоочу добуш бере алышкан жок. Бул жалпы шайлоочулардын 40%га жакынын түзөт. Дээрлик жарым жарандар катышпаган шайлоону легитимдүү жана демократиялуу деп айтууга болобу? Албетте, бул бийликтин абийирине айтылчу суроо.

Бул шайлоо “Элибиз кандай болсо, бийлик да ошондой” деген сөздү так, даана далилдеп койду. Башкача айтканда, ар бир добушту акчага сатып алуу, алкомагнаттардын партиясы да болгондуктанбы, ал тургай аракты суудай агызгандар кездешти. Мисалы, Түп районунда шайлоочулар мас абалында болуп, шайлоо участкасынын төрагасынын сарайын чөбү менен кошо өрттөп жиберишкен. Бул тууралуу БШКга КСДПнын аталган райондогу өкүлү Ренат Самудинов маалымат берген.

Андан тышкары аталган аймакта партиялар тарабынан добуштарды сатып алуу курч жүрүп, “Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү “Аюу” компаниясында иштегендиктен, арактарды жүктөп келип элдерге таратып жаткандыгын көргөн, билгендер айтышууда.

Эң үлгүлүү, таза, элдик деп эсептелген “Ата Мекен” партиясынын атынан Майрам деген аял акча таратып жатканын көрүшкөндөр айтышкан. Жада калса
боз үйлөр, мектептерге күрөш спортунда майданга салынуучу мамык төшөнчүлөр таратылган.

Белгилүү саясатчы, өтпөй калган “Ар-Намыс” партиясынын мүчөсү К.Байболов бул ирет Кыргызстандын тарыхында эң ыплас шайлоо болгондугун белгиледи.Анын пикири боюнча, бул шайлоо акчалуу байлардын, капчыктуулардын шайлоосу болду. Добуш сатып алуу болуп көрбөгөндөй кеӊири колдонулду.

Шайлоо марафонуна экинчи болуп келген, талапкерлиги кайсы бир партиянын жалданма “киллери” тарабынан жабылган жалаа менен алынып салынган “Республика – Ата Журт” партиясынын тең төрагасы К.Ташиев кошумча шайлоо участкаларынын ачылышы шек туудураарын Оштогу эл менен жолугушууда айткан болчу. Чындап эле ошондой болуп чыкты. Бул тууралуу парламенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо салган Улуттук кеңештин төрагасы Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында, Ош шаарынын четиндеги айылдардын биринен 240 тургунду ташып келип, убактылуу шайлоо участкасына каттаган факты учурда териштирилип жатыптыр. Канткен менен ал мыйзам бузуулар шайлоонун жыйынтыгына таасир бере албастыгы бештен белгилүү.

Эмнегедир биздин бийлик кашаңдык кылабы же каражатты аяйбы, мамлекетибиздин бюджетинин жарымын түзгөн эмгек мигранттарын дайыма “унутуп” коёт. Бул ирет да ошол адат кайталанды. Расмий эмес түрдө сыртта бир миллионго жакын мекендештерибиз жүргөндүгү айтылып келет. Бирок, ошончо адамдын ичинен 4-октябрда Россияда жүргөн мигранттардын болгону 1065и  добуш беришти. Добушканалар алты шаарда - Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск жана Владивостокто иштеди. Четтеги мекендештерибиздин басымдуу бөлүгү добуш берүү курагындагылар. Бирок,биометрикалык маалыматтардын айынан жана техникалык мүчүлүштүктөн көбү тизмеге кирбей калган.Шайлоо мыйзамы боюнча, чет өлкөдө жүргөндөр биометрикалык маалыматын тапшырып, консулдук каттоого турганда гана добуш бере алат деген талап бар. Бирок, бул мыйзам ар бир Кыргызстандын жараны шайлоого катышууга укугу бар экендиги тууралуу Баш мыйзамга каршы келбейби?

Шайлоонун таза эмес, ыплас ыкмалар менен өткөндүгүн айтылуу генерал, “Ар-Намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов да белгиледи. Ал өз партиясы шайлоочуларды сатып албаганы үчүн утулуп калгандыгын айтып, “ИИМге түшкөн 10 миң арыз шайлоонун таза өтпөгөндүгүнө далил боло алат. Биздин партия айрыкча кошумча түзүлгөн 39 шайлоо участкасында утулуп калды. Ал кошумча участкалар эмнеге түзүлгөнү баарыбызга белгилүү”, - деген.

Быйылкы ажылык сапары да шайлоого туш келгендиктен, зыяратчылардын басымдуу бөлүгү добуш бере албай калышты. Бир эле Ош шаары жана Ош облусунан жалпы 1 421 зыяратчы Мекке шаарына ажылыкка кеткен болсо, андан 400ү Кыргызстанга кайтып келип, шайлоого катышууга үлгүрдү. Калган 1021 зыяратчы 5-октябрдан 17-октябрга чейин учуп келүүгө тийиш болгондуктан, шайлоого катыша албай калышты. Цивилизациялуу өлкөдө андай алыс сапарга кеткендер аэропорттон чыгып баратканда эле добуш берүүсүнө шарт түзүлөт.

Ошентип, быйылкы парламенттик шайлоонун бир аз артыкчылыктары болгон менен кемчиликтери да толтура болду. Бир сөз менен айтканда, элибиз төрт жылдык тагдырын кайрадан эле бир бөтөлкө арак, миң сом акчага сатты. Айрым партиялар бийлигине таянып, административдик ресурсту колдонсо, “Республика – Ата Журт” сыяктуу чыныгы элдик партиялар таза добуш алууга жетишти. Силерден эми эл берген убадаңардын аткарылышын гана күтөт...

Ж.Болотов
Булак: “Майдан.kg» гезити, 06-октябрь 2015-ж.