Бир нече ай мурун депутат Каныбек Иманалиев ПАСЕнин жыйынында: “Бакиевтерди Кыргызстанга бергиле! Алардын кланы борбор аянтына тынч митингине чыккан ондогон адамдарды атып олтуруп, жүздөгөнүн майып кылышкан. Бул кандуу режимдин апогейи болгон! Сыртынан соттолсо дагы Бакиевтердин бири дагы алигиче жоопко тартыла элек!”- деп өтө катуу күпүлдөп, капаланды эле.

 

Чын-дилинен айтылган сөзбү же шайлоо алдындагы элге жагынайын деген шоубу, талдап көрөлү….

 

А.Акаевтин пресс-катчысы К.Иманалиев биринчи революциядан кийин жаңы бийликке кереги жок болуп калганын дароо эле түшүнөт. Бирок мансап, бийлик, байлыкка конуп калган Капашович Бакиевтердин кабинеттеринен жумуш сурап, бир топ сагалап жургөнү көп адамга маалым экен. Акыры, өзүнө Кыргыз-Орус Славян Университетинде ректордун орун-басарлыгын соодалап алган. Каныбек Капашовичтин бул кызматтагы кыянаттыгы, паракорлугу, жагымсыз журүм-туруму, мугалимдердин ага карата терс мамилеси тууралуу кийинки макалаларыбызда айтып берели.. Бул ирет бул кызматка кандай эки жүздүүлүк, көз боёмочулук менен жеткени жөнүндө кеп кылсак.

 

Өзүнүн жетекчилеринин башын кара булут каптай баштаганын алдын ала сезип билген Капаштын уулу аларды жумуштан кеткен соң дароо каралап, шыбап-шилеп кирмей адаты бар. Мындай көрүнүш Акаевти эл оодарып түшкөндө да болгон, Бакиевтер дагы күтүүсүз жерден качып кеткенде да кайталанган, Кулов дагы бир аз алсыздыгын көрсөтүп алганда дароо орун алган.

 

Акаевтин тушунда Каныбек Иманалиев жеке пресс-катчы болуп иштеп, оппозиция лидерлерин каралоодо, президенттин тегерегин бири бири менен интрига кылып чабыштырууда активдүү катышып келген. Ыраматылык Мелис Эшимкановго түнү менен күндүзү укканын ташып турчу экен, бечара.. Муну билип калган Акаев “Иманалиевти алысыраак кармайынчы” деп, “Учкун” ационердик коомуна директор кылып коет. Кызыктын баары мына ошол жерде башталат..

 

Беш жыл ичинде Каныбек Иманалиев бир нече мамлекеттик мүлктү өз адамдарына мыйзам бузуу жолу менен ит бекер “приватташтырып” алат. Маселен, азыр миллиондогон доллар турган “Эркин-Тоо” типографиясын убагында 20-30 миң долларга алып алган экен. Жүздөгөн чыныгы акционерлер чыркыраган боюнча кала бериптир. Бул “Эркин-Тоо” акционердик коомунун негизги байлыгы - шаар борбордо жайгашкан 2 гектар жеринде экен. Аны азыр белгилүү эле депутатка бир нече миллион долларга сатып жиберген дейт.. Байкуш кембагал болумуш болгон миллионер Каныбек ушуга чейин жардамчыларынан жашынып тамак ичет экен..

 

Ошо эле кездерде “Учкундун” жанынан чоң жер тилкеси кытайлардын менчигине өтүп кеткен, ал жерде азыр чоң курулуш жүрүп жатат. Каныбектин калканы Акаев качып кетип, бир аз өтпөй кылыктары ачыкка чыга баштайт да, ага карата “Эркин-Тоону” мыйзамсыз алып алгандыгы боюнча 2006-жылдын 26-февралында №151-01-60 “А” кылмыш иши козголот. Көрсө, “Эркин-Тоонун” 40 пайызын приватташтыруу программасын Жогорку Кеңеш кабыл ала электе эле болуп көрбөгөндөй төмөн баада Каныбектин жакындары менчикке чыгарып алган экен. Аукцион тууралуу эч ким билгидей болбоптур, себеби атайылап мамлекеттик гезиттерге аз нускада жарыя таратылып, ошол эле гезиттердин көпчулугүндө ал жарнактын ордуна башка маалымат басып чыгарышкан. Мамлекеттик гезиттердин кызматкерлерине мындай тапшырманы жеке Каныбек Иманалиев бергенин тергөө аныктаган. Бул иш катуу кетип атканын сезип Каныбек Капашович өзүн жана мыйзамсыз чогулткан мүлкүн сактап калуу максатында оппозиция күчтүү болуп турган кезинде Бакиевтерге бир күндүк оппозиция болуп чыга келет. Бирок көп узабай айрым саткындардын айынан оппозиция Бакиевтерге жеңиле баштайт да, а Каныбек Иманалиев болсо КРСУга проректор болуп дайындалып, кылмыш ишинен дагы жыйынтык жок болуп кетет..

 

Жакында эле президент Алмазбек Атамбаев мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү кайтаруу боюнча мыйзамга кол койду. Ал мыйзамга ылайык мындай иштер боюнча эми “мөөнөтү өтүп кетти”- деген болбойт, ар убакытта козгоп, чындыкты издесе болот. Бул мыйзам, Каныбектин дагы мамлекеттен мыйзамсыз алган мүлкүн кайтарууга жол ачат...

 

Апрель ыңкылабынан кийин баягы Бакиевге сатылып кеткен Каныбек кайра үн катып, шейит кеткен апрелчилердин тажиясын өткөрүү боюнча комиссиясына өзүн-өзү төрага кылып шайлап, көбунүн кыжырын келтирип, алтургай Ата-Бейитте апрель баатырынан элдин көзунчө тумшукка жеп, томолонуп түшкөн экен. Революция шаңы тынчып, шайлоо башталып, Капаштын уулу Каныбек Феликс Куловтун партиясына кирип депутат болот. Анын бактысын ачкан Куловго каршы Каныбек дароо эле интрига уюштуруп баштайт.

 

Алгач, 2011-жылдын апрелинде 10 депутаттан турган топту уюштуруп, коалициялык көпчүлүккө кире качып, Куловту лидерликтен түшурүү аракетин көрөт. Орус басылмалары аны “10 негритят” деп атап жиберишет. Бирок бул ирет Куловго алы келбей калышат дагы, кайра ошол жылдын сентябрында 15 депутат болуп Камила Талиеваны лидерликке шайлашат. Кулов аны эптеп вице-спикер, анан вице-премьер кылып айдап кутулат.. Ошентип “Ар-Намыстын” ичине бүлүк салып келет.

 

Келе жаткан шайлоодо Кулов “Ар-Намыска” жакын жолотпошуна көзү жеткен Каныбек “Замандашка” кирип, ал жерде дагы активдүү ишмердүүлүгүн баштайт. Бирок көпкө созулбай, “Замандаш” Каныбектин интригасынан тажап, кубалап чыгат. Жөн кетпей, Каныбек “Замандаштан” бир нече адамды жаңы түзүлгөн прогрессивдүү жаштардан турган “Кыргызстан” партиясына жетелей кетет дагы, ал жерде деле интригаларды жаңыдан баштап келе жаткан жеринен кубаланып чыгат.. Эми куураткыр Каныбек не болоор экен? Кайда бараар экен?!

 

Айжамал Абдрасулова