Сөзүбүздү салыштырмалуу статистикадан баштоону туура көрүп отурабыз. Кыргызстандын Адилет министрлигинде 2010-жылдын 1-июнуна карата 115 саясий партия каттоодон өткөн болсо, 2013-жылдын 1-декабрында саясий партиялардын саны 188ге жетти. Азыркы учурда расмий катталган партиялардын саны 200гө чыкты.
 
Бүгүнкү күндүн көзү менен сереп салганда Кыргызстандагы көп партиялууктун портрети кандай, кандай тенденциялар болууда, жалпак тил менен айтканда, өнүмү менен өксүгү эмнеде деген суроолорго жооп табууга аракет кылып көрөлү.
 
Идеологиясы жок партиялар
 
Деги саясий партия деген эмне? Дүйнөдөгү классикалык жана азыркы тажрыйбага таянсак, партия болуунун көптөгөн критерийлери бар. Эң биринчи - анын идеологиясы болушу зарыл. Экинчиден, мыкты билими, уюштуруучулук жөндөмү, саясаттагы тажрыйбасы, харизмасы, өз позициясы, эл арасында кадыр-баркы бар лидери болушу кажет. Үчүнчүдөн, бардык аймактарды камтыган баштапкы уюмдары, төртүнчүдөн, шайлоолорго чейин, шайлоодон кийин да колдой турган социалдык таянычы, б.а. электораты болушу зарыл. Дагы көптөгөн критерийлерди келтирсе болот.
 
Биздин баамыбызда Кыргызстандагы көп партиялардын идеологиясы ачык, так эмес же түшүнүксүз. Программаларында окшоштуктар көп учурайт. Ошентсе да акыркы убакта айрым партияларда идеологияларын жарыялоого аракеттер болуп жатканын байкайбыз. 2015-жылдын башында “Замандаш” партиясы “Кыргызстанды кайра жаралуу идеологиясынын” концептин иштеп чыгып, коомчулукка сунуш кылды. Андан ааламдашкан бүгүнкү заманда улуттук кызыкчылыкты эске алып, кыргыз коомун кандайча куруу керектиги жөнүндө программалык тезисттерди окууга болот. Партиянын кыргыз мамлекетин курууда “Кыргыз эли”, “Кыргыз кодекси” түшүнүктөрүн киргизүү, аны коомдо калыптанышына кам көрүү демилгелерин жаңычыл кадам катары кабыл алсак болот. 
 
Азыркы Жогорку Кеңештеги фракциялардын ишмердүүлүктөрүнө байкоо салсак, алардын ичинде партиялык принциптер, ички тартиптер сакталбай тургандыгы, фракциялаштарды партиянын идеологиясын же программасын турмушка ашыруу үчүн эмес, акча менен, көбүнчө жеке кызыкчылыгын чечүү үчүн, келгендери көрүнүп калды. КСДП фракциясынан башка 4 фракцияда жарылуу-бөлүнүүлөр болуп, парламент мөөнөтү бүлүнүп бүттү. Бир топ депутаттар башка партияларга кошулуп же өз алдынча көз каранды эмес позицияны ээлеп алган эл өкүлдөрү аз эмес. Депутаттар: Ө. Абдырахманов, Р. Жээнбеков, М. Султанов, И. Исаков, дагы бир топтору мандатын алып ээрге отурганда эле “эркин” болуп кетишкен.
 
Мындан кандай көрүнүштү байкайбыз? Кыргызстанда саясий максат-мүдөөсүн утурумдук кызыкчылыкка опоңой алмаштырып, позициясын күн сайын өзгөртүп, бир партиядан экинчисине көчүп, мандат берген фракциясынан “ажырашып”, өтүмдүү делген саясий күчтөрдүн тамырын тартып жүргөндөр көбөйүүдө. Бул тенденция кыргыз саясий элитасы саясий партиянын табиятын, коом алдындагы жоопкерчилигин али сезе электиги менен түшүндүрсөк болот.
 
“Үч” алалбаган фракциялар
 
Азыркы парламентке элдин баасы кандай? Кыргыз социологдорунун ассоциациясы жетектеген илимий топтун (К. Исаев, С. Сыргабаев, Б. Малтабаров) иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча азыркы Жогорку Кеңештеги 5 фракциянын 5 жылдагы ишмердүүлүгү 50 эксперттин баамында “беш” баллдык шкала менен эсептегенде “үч” деген баага да жетпей калган. 
 
Дагы бир өксүк. Бүгүнкү башкаруу доорунда колунда расмий бийлиги барлар оппозиция боло турган күчтүү партия лидерлерине мамлекеттик кызмат берүү менен “саясаттан алаксытуу салты” ургалдуу улантты. Мындай кырдаал Акаев, Бакиев заманында да болгон. Дипломатиялык ишке жарамдуу кадрлардын арбын экендигине карабай бир нече партиянын жетекчилерин элчилик кызматтарга жибериши буга далил. Мындан сырткары фракциялардын квотасы деген шылтоо менен жөнөтүлгөн министрлер, башка жетекчи чиновниктердин көбү партиянын ишенимин актаган, жөндөмсүз жетекчилер экендигин көрсөтүштү. Башка таасирдүү делген саясий лидерлерди да “жарышка” жеткирбей, оюндар чыгаруу аракеттери ачык да, жабык да жүрүүдө
 
Державанын көзүн караган кыргыз элитасы
 
Дагы бир көңүл бура турган жагдай. Партия лидерлери шайлоо алдында же жөнөкөй, жай күндөрү эле чет элдик ири мамлекеттердин (Орусия, АКШ, Казакстан ж.б.) бийликтери, саясий элиталары менен консультацияларды жүргүзүшү, айрым учурда материалдык жардамдарды, моралдык-саясий колдоолорду алышы көп күдүк ойлорго жем таштайт. Ошондуктан кыргыз саясий элитасы келечегинде башка өлкөлөрдүн алдында көз каранды болууга аргасыз деген пикирлер арбын. Бул аргасыздык Кыргызстандын бардык чарбасы, ички-сырткы коопсуздугу башкалар менен биротоло байланып калгандыгы менен түшүндүрсөк болот.
 
Бул абал эмнени каңкуулайт? Кыргызстанда көп партиялуукка негизделген парламенттик башкарууга өтүү аракетине жолтоо болуп, аны өнүктүрбөй коюуга сырткы факторлордун таасири күчтүү боюнча калууда. Кошуна мамлекеттер, асыресе Орусия биздин бул кадамыбыздын келечеги жок экендигин ачык эле айтып келатат. 2010-жылы Орусиянын президенти болуп турган Д. Медведов Кыргызстанда парламенттик мамлекет куруу куру кыял экендигин, ал мамлекетти кыйратууга алып барарын ачык эле билдирген.
 
Дагы бир өнүм. Азыркы айрым саясий партиялар кайсы бир багыттарды приоритет катары эсептешип, алар аркылуу электоратын табууга, алардын добушун көбөйтүүгө аракет кылышууда. Мисалы, “Өнүгүү-Прогресс” партиясы айыл чарбасын көтөрүүгө, анын ичинде элет элин айыл чарба техникалары менен камсыз кылууну алдыңкы плана коюуда. “Эмгек” партиясы илим –билимдүү жаштарды, спортту колдоого, өзгөчө улуттук спорттун түрлөрүнө өзгөчө көңүл буруп жатканы байкалат. Жер-жерлерде аталган партиялар конкреттүү долбоорлорду ишке ашырып, элдин оозуна алынган мисалдар аз эмес.
 
Дагы бир өксүк. Кыргызстандагы партиялардын демократиясы өнүккөн, парламенттик башкаруу тажрыйбасы мол өлкөлөр менен кызматташуу дээрлик байкалбайт. “Ата Мекен” партиясынын Социалисттик коминтерн менен кызматташтыгы, Орусиянын “Справедливая Росия” партиясы менен бирин-экин алакасын эске албаганда, кыргыз партиялары эл аралык кызматташтыктан алыс, өз казандарында өздөрү кайноодо.
 
Оппозицияга орун жок
 
Дагы бир орчун маселе, демократиянын бир көрсөткүчү - оппозициянын болушу. Тилекке каршы, Кыргызстанда оппозициянын эркин жашашына мыйзамдуу шарт түзүлбөй келатат. Биз кимди оппозиция дейбиз? Бийликке таарынгандын, кыйкыргандын, талап койгондун баарын оппозиция дейбизби же башкалардыбы?
 
Азыркы парламентте кагаз жүзүндө оппозиция бар, иш жүзүндө жок десек болот. Бийлик жетпеген фракцияларда бирдиктүү позиция, принциптер жок болгондуктан «оппозиция дегендер да президенттин көзүн карап отурушат» деген пикирлерди көп угабыз. 2014-жылы “Кыргыз Республикасында оппозициялык ишмердүүлүк жөнүндө” мыйзамдын долбоору талкууга коюлду эле, эмнегедир алигиче кабыл алынбай кечеңдеп келатат.
 
Эгерде мыйзам жүзүндө оппозициялык ишмердүүлүктүн түрлөрү жана формалары, оппозициянын укук-милдеттери, дегеле оппозиция деп кимдерди атайбыз так, даана жазылса демократияга дагы бир кадам жакындайт элек. Оппозиция жөнүндөгү мыйзам кабыл алынса, мамлекеттин алдындагы оппозициянын жана расмий бийликтердин да жоопкерчилиги каралып, саясий абалыбыз мыйзамдуу нукка түшөт эле деген пикирдебиз.
 
Болбосо расмий бийликтин таасиринде калган ЖМКлар оппозициялык күчтөрдү бир жактуу сындоо, каралоо, элге душман катары көрсөтүү «салты» улана берет. Бул көрүнүш саясий күрөштүн демократиялык жолуна кедергисин тийгизүүдө.
 
Дагы маанилүү фактор. Партияларды өнүктүрүүдө, шайлоодо ийгиликке жетишүүдө аймактык фактор негизги ролду ойноп жатат, мындан ары да анын мааниси күчөйт окшоп калды. Партия лидерлерин шайлоодо түндүк-түштүк фактору баарыбыз эсептеше турган реалдуулукка айланды. Расмий бийлик менен аймактык саясий күчтөрдүн ортосунда партиялык кызыкчылык эмес, корпоративдик, кландык кызыкчылыктар аркылуу эсептешүүлөр, соодалашуулар активдүү жүрүп жатканы баамдайбыз. Анын бир далили катары К. Ташиевдин сот аркылуу «тазалануу аракетин” кошсок болот.
 
Партия лидери кайсы аймакта туулуп-өссө партиянын да ошол облуска таандык кылгандар да аз эмес. Ошондуктан партия лидерлерин «аркалык-анжияндык» принциби менен тандоо, шайлоо адатка айлана баштады. Ага да «Республика Ата Журт» (Бабанов-Ташиев) партиясы үлгү көрсөттү эле, башка саясий күчтөр да ошол жолго түшүүгө кам көрүп жатышат. Партиялар өз катарларына «жаштар канаттарын» түзүүдө да «түндүк-түштүк» феномени менен эсептешүүгө, баланс кармоого «баш тоголотуп», үйрөтүп жатышкан аракеттерди байкоого болот.
 
Биз жогоруда кеп кылган өнүм менен өксүктөрдү жалпылаштырсак, Кыргызстандагы көп партиялуулук калыптануу жолунда баратат деп жыйынтык чыгарсак болот.
 
Кусеин Исаев, Философия илимдеринин доктору, социология профессору.
 
Бакыт Орунбеков, Саясий илимдеринин кандидаты.
 
Булак: "Азаттык"