Бишкек, "Саясат.kg". Кыргызстан Евразиялык экономикалык союзга кошулуудокументине кол койгону менен, иш жүзүндө ага толук укуктуу мүчө болуп жашай турган күнгө чейин дагы көп убакты талап кылынат. 

 

Мобуреки кошуна казактар өлкөбүздүн азырынча ага даяр эместигин, чек ара, бажы күзөттөрүталапка жооп бербегенин айтып, чек арасын күзгөчейин ачпай турганын билдиришти. Албетте казактар өзүм билемдике салып атпаганы көрүнүп турат. Мунун артында Кремлдин ишараты турганын саясаттан алыс адам да боолголой алат.

 

Өлкөбүздүн Евразиялык уюмга кирүүсүн шаштыртып келген Кремль төбөлдөрүнүн бул ишти создуктуруп жатканын кандай түшүнсөк болот? Менимче күздөөтчү парламенттик шайлоого чейин ал уюмга кирбей турууну биздин бийлик да ылайык көрүүдө. Себеби Евразиялык биримдикке кирүү менен ансыз да кымбатчылыкка каржалып турган калктын турмушу дагы оорлоп кетсе Атамбаевдин партиясы колдоо таппай калышы толук мүмкүн. Албетте Орусиянын Кыргызстанга геосаясий кызыкчылыгы күч экенин эске алсак, алар кырдаалдын мындай өөрчүшүнө кызыкдар эмес. Украинадагы саясий абал Путинге сабак болду окшойт. Дагы бир маанилүү нерсе - Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу болууда. Мындай сунуштун артында орус политтехнологдорунун кулагы көрүнүп турат. Акаев менен Бакиевдин жеке бийлигин күчтөндүрүүдө да алардын таасири чоң болгон. Бирок Кремль келечектеги парламенттен КСДПны Мамлекеттик Думадагы “Единая Россия” партиясына окшоштургусу келет деген ойдон алысмын. Таза шайлоо өтсө Кыргызстанда жакынкы жылдары бир партиянын женип чыгышы мүмкүн эмес. Ошондой болсо да орус бийлиги Жогорку Кенештен Мамлекеттик Думадагыдай тартипти, бир партиянын үстөмдүгүн көргүсү келет. Демек Конституцияга өзгөртүү киргизүү ишараты бир партиянын женип чыгуусуна күн мурунтан кепилдик берип тургансыйт. Парламенткекелчүү калган үч-төрт партия орус парламентиндеги көз каранды, тактеке (марионет) партияларга окшош болушу керек.    

  

Сунушталып аткан өзгөртүүдөн карапайым элдин кыпындай да кызыкчылыгын көргөнүм жок. Көрсө Башмыйзамдын кемчилиги, катасы премьер-министрдин кол алдындагыларды кызматтан алалбаганында, партия лидерлери депутаттарды фракциядан чыгарып, мандатынан ажырата албаганында экен. Көйгөй Конституциянын жакшы-жаманында эмес, анын сакталбаганында, каалагандай калчалып, тебелеп-тепселгенинде, мыйзамдуу укугуна ээ боло албаган парламентте. Парламент күчтүү болмоюн эгерим өз алдынча, көз карандысыз, жоопкерчиликтүүөкмөт жаралбайт. Башмыйзамдын талабы боюнча премьер-министр мамлекеттин жүгүн тарткан, арка-бел болучу биринчи адам. Тилекке каршы бүгүн  өкмөт башчысы бирөөнүн көзүн караган, ага жалданган, убактылуу кызматка келгенин күн мурунтан билип келген, жеке кызыкчылыгы башынан ашкан мансапкорго мүнөздүү бийлик бутагы болуп калды. Бүгүнкүдөй бийликтин кадыр-баркы кеткен эмес. Бирок башкаруу бийлигинин кадыр-баркын, беделин көтөрүүүчүн кайра ошол “жерип” аткан Конституцияга таянып, кылын кыйшайтпай, мыйзамды сыйлап жашоону үйрөнүшүбүз керек. Ж.Оторбаев канчанчы премьер-министир болгону эсимде жок, бирок колунан эч нерсе келбесин билип, жоопкерчилигин сезип кызматтан чегинген биринчиси болду. Анан дагы өзгөртүүгө ылайык фракциядан чыгып, “мандатымдан ажырап калам” деп оюн, позициясын айта албаган, укугу чектелген эл өкүлдөрүнөн куралган парламент Башмыйзамдын талабына жооп береби? Эгер Конституцияга ушундай өзгөртүүлөр кирсе анда партиялык система, парламенттик башкаруу деп оозанбай  койгонубуз жөн.   

 

“Орус жана казак лидерлери Атамбаевдин бийлигин колдойт”,- деген түшүнүк карапайым элде басымдуулук кылат, бирок “кыргызстандыктар Атамбаевди колдойбу?”- деген суроо Путин менен Назарбаевке маанилүү көрүнөт. Анткени элинин басымдуу көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ лидерлер элдин ишеними канчалык кымбат, бийик экенин билет жана аны 98 пайыз элинин колдоосуна татыган Н.Назарбаев дагы далилдеди. Нефтинин баасын түшүрүп, экономикалык санкцияларды киргизип, социалдык-экономикалык абалын начарлатып, элинин нааразылыгын жаратып Путинди бийликтен алып түшөбүз деген Батыштын тилегин таш каап орус ажосун 85 пайыз эли колдоп жатат. Анткени жаратылыш байлыгы (нефти, газы ж.б) элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына иштеп келгенин элинин жашоосу, маанайы айтып турат. Евразия биримдигине кирген мамлекеттер үчүн саясий туруктуулук керектигин жана ал уюмга кошулчу шериктеш, өнөктөш өлкөдө да туруктуулук менен эл ишенимине, колдоосуна татыктуу башкаруу бийлигинин  талабы жаралгандай. Мындай өнүттөн алып караганда күзүндөөтчү парламенттик шайлоонун таза калыс өтүүсүнө Евразия биримдигиндеги өлкө жетекчилери кызыкдар жана алдыга озуп чыккан партия менен  иштешүү маанилүү жана максаттуу.

 

Чакан рыногу, чабал экономикасы бар Кыргызстандын кубаттуу өлкөлөр менен өнөктөш болуу менен саясий көз карадысыздыгына шек келбей койбойт. Анткени базар экономикасынын шарты талабы күчтүүсү алсызына үстөмдүк кыларын саясий эркиндик, өз алдынчалык деген түшүнүк да экономиканын туундусу экенин эске алсак өлкөбүздүн саясий беделине доо кетпей койбойт. “Бөтөн элдин султаны болгуча, өз элиндин ултаны бол” дегендей, жарды мамлекеттин көпөсү болгуча бай мамлекеттин кембагалы болгон артыктыр. Бүгүн кыргыз көпөстөрүарам байлыгын, мансабын сактап калууүчүн жоопкерчиликтен качып, бөтөн элдин башчыларына моюн сунуп, жүгүнүп, кулдук уруп баратса, карапайым эл жакшы жашоодон үмүт кылып баратат.  Өкүнүчтүүсүэлине жол көрсөтүп, артынан ээрчитмек мындай турсун,  үлбүлдөгөн үмүттүн шооласын жандыра албаганарсыз бийлик элинин ишенимине, колдоосуна ээ бийлиги, идеологиясы, келечеке ишенимдүү караган дымактуу максаттары бар мамлекеттердин лидерлери менен тентайлашып, тената боло алабы? “ӨЗ АГАСЫН АГАЛАЙ АЛБАГАН БӨТӨН ЭЛДИ САГАЛАЙТ” деген ушу. Башканы коюп кен-байлыгыбызды көз көрүнөө тоноп, уурдап жаткан чет элдик шылуундардын көзүн карап калган бийликтен эмне күтсө болот. “Кумтөр” алтын кенинде Акаев менен Бакиевдин күнөөсү болсо беш жылдан бери азыркы бийлик эмне үчүн алардын катасын, кемчилигин ондоп чече албайт. Же эгемен мамлекеттин, эли шайлаган бийликтин күчү жетпген, баргандарды оп жутуп алган жети баштуу желмогуз, ажыдаар бар бекен ал жакта? Же болбосо премьер-министрдин, депутаттардын, соттордун ыйгарым укуктары жетишпей Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү керек болдубу? Алтыныбызга ээлик кыла албаганыбыз аздык кылгансып, бүгүн чет элик шылуундар мамлекеттин ички саясатына да кийлигишип  атат. Кийинки ЖКти чөнтөк парламент кылууга кызыкдар жана ал үчүн каражатын аяшпайт. Беш жылдан кийин алтыныбыздын ордунда ууланган кен калдыктары гана калат. 2026-жылга чейин казылат дегендери жөн гана алаксытуу, алдоо. “Кумтөрдүн” цианид, солярка ташыган машиналары күндөп-түндөп тынбай жүрүп атканын, алтын мурдагыдан да көп казылып жатканын, жол боюндагы айылдын эли айтып атат. Алтындын канча запасы калганы  боюнчаөкмөт элине так маалымат бериши керек. Чет элик шылуундарды (кыргыз кадрлары жок калгансып) директорлор кенешине чакырбай, өз алдынча мыйзамдуу иш кылганыбыз жөн. Директорлор кенешине мүчөболгусу келген Англиянын жараны айтып атат, “мен айрым акционерлер менен сүйлөштүм, алар директорлор кенешинин ишине нааразы экен. Кирешени жаап жашырышып, двиденд калыс бөлүшүлбөй жатыптыр”,- деп. Анда өкмөт ошол акционерлер менен сүйлөшүп, тил табышып, көзөмөл пакетине ээлик болгудай 18 пайыз акцияны сатып алуусу керек. Анын баасы 200 миллион доллардын тегерегинде болот экен. Мындай каражат мамлекет, даяр бизнес үчүн (алтындын баасы жакынкы жылдары өсүүнүн үстүндө болот деген прогноз бар) чоң акча эмес. Жок болсо кредит алсын. Өзүн актабаган, элдин маңдай тери менен төлөнчү көп жылдык, көлөмү андан да кыйла чон кредиттерди да алып атпайбы. Ал ачаны да карыз берген өлкөнүн жарандары иштетип, пайдасын көрүшүүдө. Кыргыздар иш таппай, жан сактоонун айынан чет жакка тентип кетүүдө. Ишенимдүүөкмөт болгондо карапайым эл да, пайдасына колунда бар ишкерлер да аянмак эмес. Мына тажиктер “Рогун” ГЭСинин 50 пайыз акциясын орустар сурап,  куруп беребиз дегенде макул болбой элине сатып куруп бүтүп калды. Биз суубуздун башын орустарга карматып коюп, качан ГЭС салышат деп күтүп отурабыз.

 

Түндүк –түштүк альтернативалык жолуна алынган кредитке ГЭС салып алсак, бүгүнкүдөй электр энергиясынын каатчылыгына, кымбатчылыка туштукпайт элек. Экономикасы жарды, эли кембагал өлкөүчүн оболу электр энергиянын, күйүүчү майдын арзан болуусу зарыл. Эл тоюнса, тирденсе жол эч кайда качпайт. “АЧ КАДЫРЫН ТОК БИЛБЕЙТ” деген ушу. Суу, кен-байлык азыркы замандын товары, бирок элибиздинпайдасына иштебесе, ата-бабабыздан калган жерди, ырыскыны, энчини кор тутсак онолмок турсун улут, мамлекет катары жок болуп кетишибиз мүмкүн. Канча улут жерине ээлик кыла албай, мамлекети жок алакандай жер үчүн кырылышып жатат. Кыргыз эргулдары бийлике келсе мамлекетти менчигиндей көрүп, жерин, кен-байлыгын, өлкөнүн маанилүү обьектилерин итбекер сатып, белекке да тартуулап келет. Элдин тагдырын, мамлекеттин келечегин бөтөндөрдүн акылы менен калчап иш кылышат. Элибиздин аттуу-баштуу, кадыр-барктуу адамдарынан кенеш куруп, элдин ынтымагын, биримдигин чыңдайын дебейт. Ал эми элибиздин жазылбаган мыйзамы МАКАЛ-ЛАКАПТЫ кайдагы бир эски доордун саркындысы көрүшөт. Бийлигин,байлыгын  сактаган коррупциялык система кыйраганча, “маа демектен эл кырылып калсын” деген девизди тутунушат. Кытайдын ойчулу Лао-Цзы “закондор менен указдар көбөйгөн сайын, талап-тоноочулук, уурулук өсөт” дегендей кол жоолука айланган Башмыйзамга өзгөртүүкиргизүү менен жемкорлук системаны сактап, бийлигин күчтөндүрүп, узартууну көздөйт. Андай саясаттын акыры эмне менен бүтөөрүн бир эмес, эки жолу жаны тарыхыбыз тастыктап,  карапайым элдин кан-жанында жазылбаган оозеки мыйзам жүгүрүп турса да, бөтөн дүйнөдөн келгендей көзү сокур, кулагы керен болуп калат.

 

Бирок, “мурдагы көч кайда барса, кийинкиси да ошол жакка барат”,- деген оозеки мйызамдын таасиринен баары-бир чыга албайт. Кыргыздын кемчилиги байлыкты, мансапты көтөрө албаганында. Албетте мындай кемчилик  улутка мүнөздүү илдет эмес. Тарыхый турмуш тиричилигине жараша  калыптанган көрүнүш, өзгөчөлүк. Ошондуктан  кемчилик же артыкчылык көбүрөөкпү, айтуу кыйын. Мезгилдин өтүшү, замандын өзгөрүшү, муундардын алмашуусу менен өзүнөн өзү жоголуп кетет. “Көч бара-бара түзүлөт”,- деген дакеп бар эмеспи. Буга чейин бийлик революция же төнкөрүш дейбизби, күч менен алмашылып келди. Бүгүн элдин, коомчулуктун алдында бийликти тандоо, шайлоо жолу менен алмаштыруу мүмкүнчүлүгү жаралып отурат. Эгер биз тандоону жана аны урдатпаганды уйрөнсөк элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына жооп бербеген бийликтин саясатына нааразычылыгыбызды билдирип, социалдык-экономикалык, жарандык укуктарыбызды коргой алсак анда бийликтин өзүм билемдигине чекит коюп, жоопкерчилигин артыруу менен ачык демократиялуу коом кура алабыз. Эгемендик жылдарында жанылсак, адашсак, алдансак да артка карай жол жок деп ойлойм. Анткени өткөндөн бийлик сабак албаса да анын бар-жогуна кайыл, өз арабасын тарткан карапайым элдин маанайынан өз алдынчалыкты, көз карансыздыкты байкоого болот.  Лао-Цзынын дагы мындай айтканы бар:“Эл бийликтин бар экенин гана билсе ал эң жакшы бийлик. Элдин сүйүүсүн мактоосун талап кылган бийлик андан бир аз начары. Дагы начары эл коркон бийлик жана баарынан начары эл жек көргөн бийлик” . Биздин заманга чейин 4-3 кылымда жашаган кытай ойчулунун доорунда бар-жогу билинбеген бийлик эн жакшы болгон чыгаар, бирок, 21-кылымда эн начары. Бүгүнкү бийлик кайсынысына окшош экенин эл өзү баамдап алар. Ар кыл ой жаралган менен көпчүлүктүн ою бир жерден чыгарында шек жок. Демек, коом өзгөрүүгө даяр болуп калганынан кабар берет.

 

Үсөнбек БЕЙШЕМБИЕВ