(Төртүнчү макала)

 

Редакциядан: Гезитибиздин №11-санында Чолпонбек Абыкеевдин “Бизди экономикалык эмес, руханий ачарчылыктын кризиси басып турат”,- аталышындагы макаласы басылган. Анда көтөрүлгөн көйгөйлөр окурмандар арасында кызуу талкууга алынган. Автор руханий кризистен чыгуунун үч жолу бар экенин айткан: Биринчиси - туруктуу иштеген жана мамлекет башындагылар жоопкерчиликти мойнуна алып элге мезгили менен отчетун берген мамлекеттик башкаруу механизимин түзүү. Экинчиси - Мыйзам диктатурасын орнотуу. Мыйзам Президенттен баштап кайырчыга чейин бирдей таасир берип эч ким буза алгыз болушу керек. Үчүнчүсү - коомду туура руханий азыктандыруу. Мамлекет башындагы адамдардын жоопкерчилиги тууралуу Ч.Абыкеевдин макаласы №13-саныбызга, мыйзам диктатурасы туурасындагы ой-толгоосу №16-санга чыккан. Эми автордун руханий, адеп-ахлак, ыйман тууралуу кезектеги макаласы сунушталууда....

 

Чейрек кылым өтө элек. Кечөкү коммунистик доордун акыркы жылдарында эле, “Эл эмне дейт!? Кокуй элдин бетин кантип карайбыз!? Эл караган бетти жер караттың!?”- деген сөздөрдү көп угаар элек. Кийинки жылдарда мындай сөздү укпай баратабыз. Эч ким айтпай  калды. Демек, ар бир адамдын жан дүйнөсүндө, көкүрөк туюмунда жашаган жана дайыма сестентип турган,  коомчулуктун талабына туура келбеген иш жасоодон, тескери кадамга баруудан тартынткан, ар бир адам  эл астында өзүн - өзү көзөмөлдөгөн моралдык жоопкерчилик жок болду. Андай жоопкерчилик кайдан, качан пайда болду эле? Мыйзамы кайда? Кайдан алып окуп, жаттап алдык эле?  Кимден калды эле? Кайсыл акылман жазып кетти экен? Жазган неме чын эле акылман бекен? Эч жерде жазылбаса, эч ким жазбаса - деги ал эмне деген жоопкерчилик? Бул суроолорго эч ким жооп бере албайт.

   

Кана эң акылманмын дегениңер чыгып, “Эл эмне дейт?”- дегендин маанисин чечмелеп бергилечи?  Чын эле эл эмне дей алат? Эч ким чечмелей албайт. Анда эмне сырдуу да, керек болсо ачык түшүнүксүз да сөздөн ыйбагып, тартынып, кыргыздар миңдеген жылдар бою кыргыз жүзүн жоготпой жашап келди? Мына маселе ушул жерде жатат. Так ушул миңдеген жылдар боюу кыргызга абийир да, ыйман да, ар-намыс да алып келген сөздүн өзөгүндө улуттун руханий күчү жатат. Андай руханий күчкө жүздөгөн жылдарда жетип, миңдеген жылдар сактап келишкен. Эми минтип кайра эгемен мамлекет болдук, өсүп өнүгөбүз дегенде ошол руханий өзөгүбүзгө өрт түшүп, миңдеген жылдар сактаган берметтерибизден айрылганы турабыз.

 

Кыргыздын дагы бир сөзү бар, “ Билими бар экен, бирок көкүрөгү көр экен”- деген. Тобо-о! Билимдүү демек ар тараптан өскөн интеллектуал болсо керек да, бирок көкүрөгү көрү эмнеси? Анан да “Акылы жетик. Көкүрөгү ачык адам тура”- деген сөз бар. Мына сага табышмак. Көрсө кыргыздын “Көкүрөк көзү” – дегени адамдын ички руханий дүйнөсү тура. Ал эми бийик таза ички руханий дүйнөгө жетүүнүн жолу татаал тура. Жеке адамдын ички руханий дүйнөсү кантип коомдук дүйнөгө таасир берет жана коомдо кандай күчкө ээ болот, эки мисал келтирейин.

 

Билбеген, укпаган адам жокко эсе го, Японияда катуу жер титиреп, цунамиден чоң жоготууларга учураган кырсык болду. Япондор табиятынан токтоо эл экен. Кырсыкка мүнкүрөп калбай, мисирейип гана көтөрүп коюшту. Чуу кылып, дүйнөдөн жардам да сурашпады. Өз эрки менен жардамдашкандарга ыраазычылык билдиришти. Дээрлик бир шаар талкаланды. Баарын өз күчтөрү менен чукул арада калыбына келтиришти. Талкаланган үйлөрдү ирээтке келтирип атканда табылган баалуу бриллиант, алтын, күмүш буюмдарды алып келишип, жоголгон буюмдарды өткөргөн жерге өткөрүп атышты. Бирөө 4 миллион доллар турган бриллиантты өткөрдү. Кайдан тапкан дарегин айтып, “балким ээси чыкса же жакындары болсо алсын”- деп калтырды. Баары катардагы иштей эле өттү. “Баланча 4 миллион турган бриллиантты өткөрүп кетти. Укмуш экен. Ак жүрөк экен”- деп деле эч ким чуу кылган жок. Ар кимиси өзүнүн көнүмүш ишин аткаргандай, бриллиант, алтын сыяктуу баалуу буюмду эмес, кимдир бирөөнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн таап алып алып келип өткөргөндөй эле иш кылышты. Мына япондордогу руханий жан дүйнө улуулугу, тазалыгы. Ар бир япон өзүн көр дүйнө кызыкчылыгынан жогору сезет экен. Коому таза экен. Муну дүйнө көрдү. Ооздору ачылды. Япондордун руханий бийиктигине таң беришти.

 

Экинчи мисалды келтирейин. Гветамалада жер титирөө болду. Катуу кырсыктан бул аралдын жашоочулары да оңбой калды. Эми ал аралдагы болгон акмакчылыктарды айтканга ооз барбайт. Жер титирөө болуп атса морадерлук башталып кетти. Жарымына чейин бетонго басылып калып жардам сураган аялга жардам бериштин ордуна жанынан өтүп бараткан бирөө аялдын мойнундагы алтын чынжыры менен колундагы шакектерин чыгарып кетип атат. Алдуусу алсызын тоноп, айбанча баса калып зордуктамай катардагы ишке айланды. Ачка болгондор өлгөн адамдардын этин бышырып жемейге өттү. Бийлик элди башкарууга күчү жетпей калганда БУУдан жардам сурады. Аралга БУУ аскерин кийирди. Акылынан айнып, адамдыктан кеткен аралдагы окуяларды дүйнөгө угузбаш үчүн, маалыматтык жабык аралга айлантышып бүт ММК булактарын жабышты. Бул эмне дегендик? Демек бул аралда руханий жактан көр, руханий дүйнө дегенден түшүнүгү жок адамдар жашашарынын ачык мисалы.

 

Көрсө адамдарды айбанга айланып кетүүдөн жашоо турмуштагы жетишкендик, байлык, илимий техникадагы өсүш эмес, руханий дүйнөдөгү тазалык, руханий бийиктик, руханий билимдүүлүк сактап турат экен. Буга жогорку эки мисал ачык күбө.

Жазып да, айтып да келатам. Адамдар күн сайын үч маал тамак ичкен сыяктуу эле күн сайын руханий туура азыктанып туруусу зарыл. Күн сайын үч маал тамак ичпесең физикалык жактан организмиң жабыркап, кыйнап тамактанууга аргасыз кылат. Өлүп калбаш үчүн тамактанасың. Бирок күн сайын руханий туура азыктанбасаң жан дүйнөң жабыркап кыйналып, көкүрөк түшүнүгүң бузулуп, анын кесепетинен адамдык касиетке туура келбеген ар кандай акмак иштерди эч тартынбай жасап жатканыңды билбейсиң. Адам эмес, айбанга айланганыңды билбей каласың. Айырмасы мына ушул жеринде. Мамлекеттин, элдин байлыгын тоноп, ичип, жеп,  күнүмдүк жетиштүү жашоосуна ырахаттанып, эч уялбай дардаңдап жүргөндөрдүн мына ошол рухий жан дүйнөлөрү ачка. Көкүрөктөрү көр. Көкүрөктүн көрлүгү, руханий жан дүйнөнүн ачкалыгы билимге деле карабайт экен. Ага  качкан эки президентибиз ачык мисал. Көкүрөктөрү көрлүгүнөн мамлекеттик кызыкчылыктан жеке керт баштарынын кызыкчылыгын жогору коюшуп, миллиондорду бөктөрүп алышып качып кете беришти. Намыстары, ыйман, абийирлери болсо тырталактап качкыча өлгөндү артык көрүшмөк.

 

Суроо туулат: Кыргыздардын  бүгүнкүдөй илим билимге жете электеги руханий дүйнөсүнүн тазалыгынын, жогорулугунун сыры эмнеде болгон?  Ага кантип жеткенбиз? Кантип сактаганбыз? Эмне үчүн “Эл эмне дейт?”- дегенден коркчу элек? Кантип руханий туура азыктанчуу элек?- деген.

 

Биз бүгүн голобалдашкан маалыматтык заманда жашап жатабыз. Бир кезде адамдар үчүн маалымат алуу булагы чектелүү эле. Кыргыздар маалыматты бири-бирибизден оозеки түрдө алып же бири бирибиздин кылган иш аракетибизди аралаш жашап көрүү менен гана чектелчүүбүз. Жаман эмне, жакшы эмне, мисалдар так көрүнчү. Адамкерчиликсиз иш болдубу, “баланча акмакчылык кылыптыр”- дешип так айтышчу. Оозеки жомокторубуздан, эпосторубуздан, легендаларыбыздан, санжыраларыбыздан үзбөй руханий азык алчубуз. Дайыма ата-эне, агалар, агайын туугандар менен чогуу жашагандыктан улуулардын нарк, каада-салттан чыкпоого чакырган тарбиясы күчтүү болоор эле. Туура, таза руханий азыктануу мүмкүнчүлүгү басымдуулук кылуучу.

Бүгүн кандай абалдабыз? Доор, мезгил өзгөрдү. Маалымат алуу булактары чексиз кеңейди. Телевизорду карасан болбой калганда 50-60 канал тартат. Керек болсо ата-эне баласын эртең менен жумушка кетип атканда, анан кечинде жумуштан келгенде бир көрөт. Ата-эненин, бир туугандардын, улуулардын муундан-муунга туура руханий азык берүү мүмкүнчүлүгү чектелди. Керек болсо нөлгө жетти. Жаш муун руханий жактан кандай азыктанып жатат, эч кимдин иши болбой калды. Ата-эне балдарын туура руханий азыктандырып, туура тарбия берүүгө аракет көргөн күндө да мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп калды. Жаш муундар үчүн туура руханий азыктанууга  караганда тескерисинче туура эмес руханий азыктануу басымдуулук кылууда. Өсүп келаткан муун эртеден кечке, зордуктаган, киши өлтүргөн, талаган, тоногон, байлык үчүн жанталашкан маалыматтарга сугарылышууда. Байлыгың болсо улуттун, мекендин, керек болсо ата-эне бир туугандын да кереги жок деген маалымат менен руханий азыктанышууда.

 

Так ушул себептен мамлекет өз букараларына күн сайын туура руханий азык берүүнү мамлекеттик денгээлде колго алышы керек - деген зарылдык жаралды. Тилекке каршы канча жылдан бери бул жөнүндө жазып да, айтып да келатсак бийлик укпайт. Себеби бийлик башына жалаң көкүрөгү көрлөр барууда. Мамлекеттик байлыкты тоноп, ичип жегендер, эл кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыгын жогору койгондар кайда. Бийлик башында жана анын бутактарында. Себеби мамлекеттик башкаруу системабыз жемкорлукка ылайыкташтырылып түзүлгөн. Жемкорлор бирин- бири колдоп,жетелеп бийликтен кетишпей, 24 жылдан бери мамлекеттин ырыскысын соруп келатышат.

 

Коомго туура руханий  азыктандырууну кантип беребиз? Улутубуздун руханий күчү болгон салттуу Манасыбыз ар бир үйдө таберик катары сакталып,  Манасты түрлүү көлөмдө жаш өзгөчөлүгүнө ылайык чыгарып, балдар бакчасынан баштап, жогорку окуу жайына чейин жаттатып окутуш керек. Манасты окубаган кыргыз болбошу керек. Улуттук кызыкчылыкта кайра жаңы жазылган тарыхыбызды кеңири чыгарып мектептерден баштап жогорку жайына чейин күчтүү окутуу керек. Мекенчилдикке, айийир, ар-намыска, ыймандуулукка, чынчылдыкка, тазалыкка үндөгөн көркөм чыгармалар мамлекет тарабынан басылып чыгарылып, коомчулукка кеңири таралышы керек. Кинолор тартылып, пьеса, драмалар коюлушу керек. Мамлекет тарабынан ар намыстуулук, ыймандуулук, мекенчилдик, чынчылдык боюнча ар кандай коомдук талкуулар уюштурулуп, байма бай өткөрүлүшү, ММК кеңири чагылдырылышы, улуттук каада-салт, наркыбызды сактоого үгүт жүргүзүлүп, улуттук жүзүбүз сыймыкка айлангыдай денгээлге жетиши керек. Эл үчүн эмгеги өткөн таза инсандар даңкталышы керек.

 

Эң башкысы  мамлекеттик бийликтин башында жана бүт тармактарында коомчулук алдында абийирлери таза инсандар иштеши керек. Бүгүнкү бийликтегилердей  “Ууру  ууруну карма деп кыйкырып жүрөт”- деген абалда эл кайдан руханий тазаланат. Жогорку иштер  мыйзамдуу түрдө кабыл алынып, программалык негизде үзгүлтүксүз иштегенде гана руханий таза коом курууга жетишебиз. Япондор сыяктуу руханий жактан биримдиктүү күчтүү болобуз. Эгер мындай иштер жүргүзүлбөсө Гветамаленин кейпин кийебиз.

 

Чолпонбек Абыкеев - жазуучу, коомдук ишмер

Булак: “Майдан.kg