А.Жапаров: Мени көп нерсе тынчсыздандырат
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат агенттиктеринин бирине маек куруп, анда бийликтин акыркы үч жылдагы жетишкендиктери жана алдыга койгон пландары тууралуу айтып берди.
— Акылбек Үсөнбекович, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы өтө маанилүү дата. Ушундай орчундуу датага байланыштуу айрым жыйынтыктарды айта аласызбы?
— Бул күн чындыгында абдан маанилүү. Анткени, түпкүлүгүндө азыркы замандагы кыргыз мамлекеттүүлүгү калыптанган. Ал эми жыйынтыгы жөнөкөй – биз эгемендүү көз карандысыз мамлекетпиз. Бул стратегиялык жактан өтө маанилүү. Себеби, биз ата-бабаларыбыздын улуу иштерин улантып жаткан урпактары болобуз. Биздин команда иштеген үч жылды айта турган болсок, жүргүзүп жаткан экономикалык саясатыбыздын позитивдүү натыйжалары, жалган жана жасалмасыз эле ачык көрүнүп турат. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДП жан башына 1 миң 969 долларга жетип, бюджеттин кирешеси кыйла көбөйүп, көмүскө экономиканын үлүшү азайып, өткөн 2023-жыл көп жылдардан бери биринчи жолу профицит менен аяктады.
Биз ири улуттук долбоорлорду, Камбар-Ата-1 жана Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун ишке ашыра баштадык. Камбар Ата-1 ГЭСинин курулушу жакынкы убакка чейин көпчүлүккө дээрлик ишке ашпаган нерседей көрүнсө, азыр ишке ашып, процесс жүрүп жатат. Камбар-Ата-1 ГЭСи инженердик тапшырма эмес экенин баса белгилегим келет. Бул Кыргызстандын жана бүткүл Борбордук Азиянын энергетикалык ландшафтын фундаменталдуу өзгөртө турган келечектин пайдубалы. Кубаттуулугу 1860 МВт болгон Камбар-Ата-1 ГЭСи жыл сайын 5,6 миллиард Вт сааттан ашык электр энергиясын иштеп чыгат, бул өлкөнүн керектөөлөрүнүн 50%дан ашыгын камсыздайт.
Ошентип, биз кайрадан Борбордук Азиянын “суу башында” деген статусуна ээ болуп, биздин аймакты өзгөчө кылган жаратылыш ресурстарынын сактоочуларына айлануудабыз. Бул долбоор саясий эрктин жана фундаменталдуу экономикалык реформалардын аркасында гана мүмкүн болду. ГЭСтин курулушу экономиканын гана маселеси эмес, биздин элди эбегейсиз зор ийгиликтерге жете ала тургандыгын айгинелейт.
Жыйынтыктап айтканда, биздин жолубуз оңой болгон жок. Биз макроэкономикалык базаны бекемдөөдөн баштадык жана мамлекеттик башкарууда, экономикада олуттуу реформаларды жүргүзгөнүбүз, бизге ушундай амбициялуу долбоорду ишке ашырууга жакындашыбызга мүмкүндүк берди.
Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоору активдүү өнүгүү стадиясында турат. Бул жол тууралуу канча ондогон жылдардан бери сүйлөшүүлөр болгонун баары билет деп ойлойм. Өлкөнүн азыркы жетекчилиги темир жолдун курулуш маселесин түп-тамырынан бери чече алды. Бул жолдун түпкү маанисин баалоо азырынча биз үчүн кыйын. Долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышы 4 миллиарддан ашык калкы бар өлкөлөрдүн экономикасын бириктирет, Азиядан Европага, Жакынкы Чыгышка, Иранга, Перс булуңунун өлкөлөрүнө жана Түндүк Африкага жүк ташуу географиясын кеңейтет. Бул долбоор Кыргызстан үчүн жаңы соода мүмкүнчүлүктөрүн ачып, дүйнөнүн ири экономикаларынын ортосундагы байланышты түзүп, эл аралык аренадагы позициябызды бекемдейт. Биринчи жолу биз портторго түз жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз, бул логистикалык процесстерди кескин тездетет жана инвесторлор үчүн биздин аймактын жагымдуулугун жогорулатат. Кыргызстан аркылуу товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн агымы кыйла көбөйөт – жылына 15 миллион тоннадан ашык жүк ташуу күтүлүүдө, бул өлкөнүн экспорттук потенциалын гана жогорулатпастан, көптөгөн өлкөлөр менен соода байланыштарын чыңдайт. Бул долбоор бизге мурда жетпеген рынокторго чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Айыл чарбасы, тоо-кен казып алуу жана кайра иштетүү өнөр жайы өсүш үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болот. Темир жол ошондой эле Кыргызстанга коңшу өлкөлөр жана ири дүйнөлүк экономикалар менен байланышыбызды бекемдеп, эл аралык жеткирүү чынжырынын маанилүү бөлүгү болууга мүмкүндүк берет.
Долбоор чек ара аймактарын өнүктүрүүнүн катализатору болуп калат. Курулуш фазасында 5000ден ашык жумуш орундары түзүлөт, ал аяктагандан кийин бул магистраль кичи жана орто ишканалардын өнүгүшүнө, калктын мобилдүүлүгүн жогорулатууга жана сатуу рынокторун жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Ата мекендик экономика, айрыкча, мурда транспорттук изоляцияда болгон аймактарда көтөрүлөт. Биз глобалдык процесстердин бир бөлүгү болуп жатабыз, бул долбоор аркылуу жакынкы жылдарда эле эмес, көптөгөн жылдарга алып келе турган жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана перспективаларды ачып жатабыз.
— Сиз өкмөттүн төрагасы, президенттик аппаратты жетектеп турганда Кумтөр менен Кемпир-Абаддын кайтарылышы, чек арадагы кагылышуулар, Кызыл-Омполдун ачылышы сыяктуу коомчулукту бушайман кылган көптөгөн окуялар болду. Булардын баарынан эң маанилүүсү кайсы деп эсептейсиз?
— Бул окуялардын кайсы бирин тагдыр чече турган окуя катары бөлүп айтуу кыйын, анткени алардын баары бир чынжырдын звенолору, логикалык жактан бири-бирин ээрчишет. Бул окуялардын бардыгы Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын сактоого негизделген. Маселен, өлкө жетекчилигинин буга чейинки бардык аракеттери менен акталган элдин ишенимисиз Кызыл-Омполду өнүктүрүүнү баштоо мүмкүн эмес болчу.
— Бирок оппоненттериңиздин патриоттук сезимдерин жана экологияга болгон тынчсыздануусун танбайсызбы?
— Жок, албетте. Өлкө жетекчилиги оппоненттердин пикирлерин сыйлайт, эгерде алар жеке кызыкчылыгын көздөбөсө, албетте бул нормалдуу көрүнүш. Болгону, бул талкуулар өлкө кандай өнүгүш керек, кандай жол менен барыш керек деген ар кандай көз караштарга негизделгенин түшүнүшүңүз керек.
— Экологияны бузган жолду сиз туура деп ойлойсузбу?
— Биринчиден, экологиянын бузулушу тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес. Бул тууралуу көп ирет кеңири талкууланган. Экинчиден, өзүбүз тандап алган тарыхый жолду айтып жатабыз.
— Кайсы тарыхый жол жөнүндө сөз болуп жатат?
— Биздин өлкөнүн дүйнөлүк түзүлүштө татыктуу орунду ээлешине негиз түзө турган прогрессивдүү нерселер жөнүндө айтып жатам. Чындыгында, Кызыл-Омпол жана башка кендерди өздөштүрүү же иштетпөө маселеси "биз келечекте кандай болгубуз келет" деген көз караш менен алганда принципиалдуу маселе. Мисалы, Кызыл-Омпол тууралуу оппоненттердин аргументтери стандарттуу. Бирок алар айтып жаткан бардык терс кесепеттерден жоопкерчиликтүү мамиле жана заманбап өнүгүү ыкмаларын колдонуу менен арылса болот. Ошондой эле бул – жумуш орундары, киреше, өлкөнүн өнүгүүсү. Бирок кеп мында эмес. Бул парадоксалдуу көрүнүшү мүмкүн, бирок кандай гана болбосун кендерди иштетүү маселеси экинчи планда туруп, биринчи кезекте – биз келечекте кандай мамлекет болгубуз келет деген суроо. Өлкөнүн жаратылыш байлыктарын чалгындоо, иштетүү өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасынын негизин түзөт. Табият таануу дисциплиналарынын - математика, физика, химия, биологиянын, башкача айтканда, илимдин өнүгүсүү жок коомдо өнүгүү болбойт. Тактап айтканда, инженердик адистиктерге, жогорку квалификациялуу жумушчуларга жана илимий кадрларга болгон суроо-талап. Эч бир прогресс курмандыксыз болбойт. Бардык өнүккөн өлкөлөрдө деле ушундай көрүнүш. Албетте, муну чечүүнүн жолдору бар. Биз дүйнөнүн туристтик Меккеси болууга умтулушубуз керек. Табигый кооз жаратылышыбыз, калпак, элечекке түшүрүлгөн улуттук оймо-чиймелер, кийик менен илбирстин элеси азыр үчүнчү дүйнө өлкөлөрү үчүн тренд болуп саналат. Алар бул үчүн акча төлөөгө даяр. Киото протоколдорунда тиешелүү бөлүмчөлөр бар. Өсүмдүктөрдү жана фаунаны Кызыл китептерден сактап калуу үчүн бүтүндөй программалар иштелип чыккан жана каржыланган. Бирок мен мунун баарында Маршаллдын пландарын көрбөй турам. Бул жолду тандап алган мамлекеттер бар. Аларга бай жана өнүккөн өлкөлөрдөн туристтер келип, кооздуктан ырахат алып, кеңири кызмат көрсөтүүлөрдү алышат. Алар жаман эмес, бирок Илон Маск ал жакта төрөлгөн эмес. Менин оюмча, биринчи жол туура. Тарых, урпак дегендер баары бир иргеп, өз ордуна коёт. Ошол эле тандоо категориясында Кумтөрдүн кайтып келишин айтсак болот. Мен муну көп жолу айттым, азыр дагы кайталайм. Кумтөр артта калгандыгыбыздын символу болчу. Мончок-шуруга алданып бизди жапайы аборигендердин деңгээлине түшүрүшкөн. Бул эң жогору жактан келген жана коомдун бардык чөйрөсүнө метастаздуу болгон коррупциянын рагы болчу. Бул элдин руханий ден соолугуна коркунуч жаратып, Кумтөрдү кандай гана баада болбосун кайтарып алууга туура келди.
— Акылбек Үсөнбекович, сиз жакында эле кутман курак, пайгамбардын жашына келдиңиз. Бул куракта кандай бир жыйынтык чыгардым деп ойлойсузбу?
— Албетте жыйынтык бар, бирок алар юбилейлик куракка эмес, жумушума байланыштуу. Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” чыгармасы эсиңиздеби? Менде дагы, акыркы үч жылды отуз жылга салыштырууга болот. Президентибиздин койгон планы жана жүктөлгөн жоопкерчилик, аны аткарууга аракет кылган ар бир адамды өзгөртөт.
— Сизде эмне өзгөрдү?
— Мен өзүмдүн бардык аракеттеримди жана чечимдеримди тарыхый көз караш менен байланыштырып, карап чыгууну адатка айландырдым. Бул иштин тартибинде калыптанган адат эмес, бирок абдан зарыл адат. Маегибизди Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жүз жылдыгынан баштадык. Бул жагынан алганда, жеке мен бул чечимге жетишкен элдин тарыхый көрөгөчтүгүнө, саясий кайраттуулугуна таң калбай коё албайм. Анткени, акыр-аягында алардын бардыгы репрессияга дуушар болгон, алар бул аракеттери үчүн буржуазиялык улутчулдук деген негиз менен айыптоолорго туш болгон. Алар эмне кылып жатканын абдан жакшы түшүнгөн, ошентсе да жүз жылдан кийин биз, алардын урпактары, эгемендүү мамлекетте жашашыбыз үчүн өздөрүн курмандыкка чалышкан.
— Жогоруда акыркы үч жылды отуз жылга салыштырууга болот дедиңиз. Бул отуз жылдын ичинде эч нерсе жасалган жок дегенди билдиреби?
— Билесизби, мындай формула бар - тарыхты жазуу, окуу, түшүнүү керек. Тилекке каршы, биздин азыркы тарыхыбыз али чындап жазыла элек. Ошол эле учурда, акыркы жүз жылдын ичинде Кыргызстандын эли дүйнөлүк трансформацияны башынан өткөрдү, үч экономикалык формацияда жашап, дүйнөлүк тарыхта теңдеши жок зор социалдык эксперименттин тең укуктуу катышуучусу болду. Биз асманга тепкич, заманбап Вавилон мунарасын курдук, бирок ишке ашпай калды. Советтер Союзу кулаган учурду башынан өткөргөн ар бир адам “кыйналган токсонунчу жылдар” деп аталган бул учурду эстейт.
Отуз жылдын ичинде биздин муундагы саясатчылар көп иштерди жасады. Советтер Союзунун экономикасы жана саясий системасы жоюлду. Өлкө рынок экономикасына ийгиликтүү өттү. Биз барган сайын көз караштарыбызды жана калыптанган дүйнө таанымыбызды бузуп үйрөндүк. Биз ийгиликтерге жетишип жана ката да кетирдик. Бул жолдо билимге ээ болуп, тажрыйба топтодук. Биз бул жолду басып өтүүбүз керек болчу, балким, азыр жасалып жаткан иштер мындан он-он беш жыл мурда жасалуусу мүмкүн эмес эле. Ошондуктан биз өткөн мезгилдин баркын кетирбей, ага адилет баа беришибиз керек.
— Акылбек Үсөнбекович, азыр өкмөт кайсы маселелерге, көйгөйлөргө басым жасап жатат?
— Мен жогоруда эки улуттук долбоор тууралуу айттым. Күнүмдүк жана шашылыш иштер болот, аларды да жасаш керек. Бүгүн экономиканын башка түрү калыптанды. Адамдык капиталды өнүктүрүүгө көңүл бурууну талап кылган экономика. Дүйнөдө жана аймакта адам капиталы үчүн чоң атаандаштык бар. А бизде болсо демографиялык мүмкүнчүлүктөр көп, биз азыр ар бир адамдын жана жаштардын потенциалын максималдуу пайдаланууга көңүл буруубуз керек. Алдыда көп иштер турат. Мындай трансформациялык муун алмашууну тез арада ишке ашыруу кыйын. 30 жылдан бери чечилбей келген нерсенин баарын кууп жетип оңдоп алышыбыз керек. "Биринчи экономиканы курабыз, анан социалдык маселелерди чечебиз" деген башкаруу ыкмасы эскирген. Бизге жөнөкөй, тез, арзан, бирок адамдын өнүгүүсү жана анын потенциалын ишке ашыруу үчүн системалык деңгээлде жагымдуу шарттарды түзө турган сапаттуу чечимдер керек.
Мамлекет, коом жана үй-бүлө адамдын төрөлгөндөн баштап өнүгүүсү үчүн негизги жана баштапкы мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга тийиш. Адамзаттын өнүгүүсүнүн алгачкы жылдарында инвестиция салуу өлкөлөр үчүн экономиканы өстүрүүнүн, өнүгүү ажырымдарын жоюунун жана учурдагы, келечектеги чакырыктарга жооп берүүнүн эң маанилүү, үнөмдүү жолдорунун бири болуп саналат. 3 жылдан бери биз кичинекей балдарыбызга, аялдарга, жаштарыбызга, улгайган жарандарыбызга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга өнүгүү чөйрөсүн түзүү үчүн күрөшүп келебиз.
— Муктаждарга конкреттүү кандай социалдык жардамдар көрсөтүлүүдө?
— Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, жетим балдарга, 1 жана 2-топтогу майыптарга мамлекеттик жөлөкпулдун өлчөмүн эки эсеге көбөйтүп, жашоо минимумуна жеткирдик. Жаштайынан майып балдарды караган энелердин эмгегин бааладык. Дайыма камкордукка жана көзөмөлгө муктаж болгон мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды карагандардын акысын жогорулатууну улантып жатабыз. Жалгыз жашаган улгайган жарандарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды караган социалдык кызматкерлердин эмгек акысын 100%га жогорулаттык. Бул үй-бүлөлүк чөйрөнү сактоо жана биздин өлкөнүн эң муктаж жана социалдык жактан аялуу жарандарынын жашаган жерине мүмкүн болушунча жакын социалдык жардам, кызматтарды жеткирүү максатында көрүлгөн чаралардын бир аз бөлүгү.
— Тилекке каршы, биздин өлкөдө дагы деле көп чиновниктер эски ыкма менен иштеп жатышат. Коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканы менен дагы эле көптөгөн коррупциялык механизмдер бар, анын ичинде социалдык чөйрөдө. Министрлер кабинети кандай чараларды көрүп жатат?
— Биз бюрократиялык процедураларды жөнөкөй кылып, тоскоолдуктарды азайтып жана коррупциялык механизмдерди демонтаждап жатабыз. Натыйжасыз чечимдерден баш тартып, келечекте кереги жок нерселерге багытталган чечимдерди кабыл алуудан оолакпыз. Мектепке чейинки билим берүү тармагындагы системалык кайра түзүүлөрдү мисал кылсак болот. Биринчиден, мектепке чейинки билим берүүнү лицензиялоодон баштагым келет. Бул мамлекетибиздин өнүгүшүнө тоскоол болгон цементтелген тосмо болду десем болот. Мисалы, мурда бала бакчалар негизинен шаар тургундарына жана колунда бар үй-бүлөлөргө жеткиликтүү болгон. Бийик тоолуу жана алыскы айылдардын, жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары мектепке чейинки билим алууга мүмкүнчүлүк алышкан эмес. Экинчиден, мамлекеттик деңгээлде баланы өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана зарылчылыгы тууралуу маселелерди көтөрүп, мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын рыногун өнүктүрүүгө жетиштик. Мектепке чейинки билим берүүнүн жаңы субъекти – санитардык жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу шартында үйдө кызмат көрсөтүүчү жеке ишкердикти киргиздик. Биз мектепке чейинки билим берүүнү лицензиялоонун коррупциялык системасын жойдук, аялдар үчүн жаңы жумуш орундарын түздүк. Бул тармакта аялдардын ишкердигин өнүктүрөбүз. Жалпысынан аялдардын эмгек рыногуна чыгуусу жана үй-бүлөнүн бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүп жатабыз.
Үчүнчүдөн, биз мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоого болгон мамилени өзгөртөбүз. 2025-жылы пилоттук долбоорду баштап, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, анын ичинде Баткен районунун чек арага жакын аймактарында, өлкөнүн бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган балдарга, көп балалуу балдарга мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин акырындык менен киргизебиз.
Ошентип, мамлекеттик кепилдиктерди ишке ашырууга, социалдык жана экономикалык теңсиздикти кыскартууга, инклюзивдик билим берүүнү жана саламаттык сактоону өнүктүрүүгө, айыл жеринде жана региондордо инклюзивдик экономиканын өсүшүн камсыздоого өтүп жатабыз. Өлкөбүздүн калкынын 65%га жакыны айыл жеринде жашайт, алардын мектепке чейинки билим берүүнүн кепилденген мамлекеттик кызматтарынын жана мектепте билим берүүнүн сапаты чектелүү.
Региондордо профилактикалык медициналык-санитардык жардам жана баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматы өнүккөн эмес. Биз үчүн адамдык капиталды өнүктүрүүгө инвестиция салуу маанилүү. Жакынкы келечекте биз аймактарда билим берүүнү жана саламаттык сактоону тез арада калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө тийишпиз, бирок инновациялык, санариптик чечимдерди колдонуу жогорку жана сапаттуу деңгээлде болушу шарт.
— Аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө көз карашыңыз кандай?
— Бул биз үчүн абдан маанилүү. Бул жерде эбегейсиз зор потенциал бар экендигин жакшы билебиз. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эмгекке жарамдуу аялдардын 43% гана экономикада иштейт. Бул кыйла төмөн пайыздык көрсөткүч. Аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө шарт түзө баштадык. 2022-жылы министрлер кабинети тарабынан 2022-2026-жылдарга аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча улуттук программа ишке кирген. Экономика министрлигинин алдында аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча консультативдик кеңеш иштей баштады. Учурда мыйзамга “аялдардын ишкердигинин” аныктамасын киргизүү маселеси талкууланууда. Аялдардын окуусуна жардам берүүгө жана алардын каржылоосун жогорулатууга умтулабыз. Мамлекет өз кезегинде балдарына жана үй-бүлө мүчөлөрүнө инвестиция салган аялдарды колдоого даяр. Дагы бир орчундуу жагдайды баса белгилегим келет, бул бийликтин бардык аракеттери жарандык коомдун колдоосуна, демилгесине жана каршы кыймылына негизделген.
— Саламаттык сактоо тармагында кандай өзгөрүүлөрдү күтсөк болот?
– Бул жерде дагы системалык өзгөрүүлөр болуп жатат. Биз коррупция менен активдүү күрөшүп, рак, жүрөк жана инсульт, кант диабети, кургак учук жана кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттин алдын алууну өнүктүрүүгө мүмкүндүк берүүчү реформаларды баштадык. Жакынкы келечекте коомдук саламаттык сактоо кызматын трансформациялоо темпи жана оорулардын алдын алуу системасын өнүктүрүү тезирээк болот, мыйзамдык база түзүлдү, азыр санариптик чечимдерге негизделген чечкиндүү чаралар керек. Коомдук саламаттык сактоо тармагындагы реформалар экономиканы жана анын экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө да салым кошот.
— Акылбек Үсөнбекович, сиз ар дайым күчтүү мамлекет түзүү керектиги тууралуу айтып келесиз?
— Мен башкаруунун принциптери жана мамилелери жөнүндө айтып жатам. Алар өзгөрөт. Тармактык тар мамиледен акырындап баш тартып жатабыз. Бүгүнкү күндө биз коомубуздун жана бүтүндөй өлкөнүн негизги көйгөйлөрүн секторлор аралык жана ведомстволор аралык чечүүнүн зарылдыгын жана артыкчылыгын түшүнүп, көрүп турабыз. Бизге билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо жана иш менен камсыз кылуу кызматтарын башкарууда жана өнүктүрүүдө жаңы технологиялар керек. Биз бул тармактарда кызмат көрсөтүү рыногунун өнүгүшүнөн коркпошубуз керек. Азыртадан эле биз мектепке чейинки билим берүү тармагында ишкердикти өнүктүрүү аркылуу иш менен камсыз кылуу системасын реформалоо үчүн чоң потенциалды жана мүмкүнчүлүктөрдү көрүп жатабыз.
Ата мекендик фармацевтика тармагын өнүктүрүүнүн пайдубалын жана келечегин түптөп жатабыз. Бизге азыртадан эле өнүгүүнүн жаңы кластери керек – бул тейлөө жана технологиялар, реабилитациядагы инновациялар, мектепке чейинки билим берүү, саламаттык сактоо, медайымдар жана карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн кызмат көрсөтүүлөр өнүгө турган камкордук экономикасы. Эртең кеч болуп калат. 2030-жылы өлкө улгайган адамдардын саны кыйла көбөйө турган өлкөлөрдүн катарына кире баштайт. Бирок калктын карылыгы активдүү болушу керек. Биз ар бир кыргызстандык жашына, билим деңгээлине же кирешесине, жашаган жерине, ээлеген кызматына карабастан, Кыргызстанда ыңгайлуулукту, жылуулукту жана камкордукту, өнүгүү мүмкүнчүлүгүн сезүүнү каалайбыз. Күчтүү мамлекет очок принцибинде курулаарын түшүнүү керек. Кыргызстан ар бирибизди жылытып, азыктандырып, бириктирип, жарык берген очогубуз. Ошол эле учурда бул очоктун ар дайым жанып, үмүт берип турушуна биз бардыгыбыз ишене алабыз жана аны курушубуз керек. Биз балдарыбызга жана жаштарыбызга Мекенибиз – Кыргызстандын жылуулугун, жарыгын жеткирүүбүз керек.
— Акыркы суроо: Сизди эң көп эмне тынчсыздандырат?
— Көп нерсе. Маселен, дүйнө жасалма интеллект революциясынын босогосунда турганда, биз өнүккөн мамлекеттер кечээ күнү башынан өткөргөн маселелер менен күрөшүүгө аргасыз болобуз. Акылдуу жаштарыбыздын өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылып жатканы чоң көйгөй, бул тенденция өзгөрбөсө, жакынкы келечекте өлкөнүн келечегине терс таасирин тийгизет. Бул демографияга да, адам материалынын сапатына да таасирин тийгизет.
— Бул үчүн эмне кылуу керек?
— Иштеш керек. Саясий башаламандыктарга, интригаларга алаксыбай. Кыргыздарда мындай түшүнүк бар – тобокелдик. Колуңдан келгендин баарын кыл, буюрганы болот.
Которгон Диана Айдарова