Бишкек, “САЯСАТ.KG”. Өткөн жумада КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Баткен облусттарында бир катар объектилерди ачты.

Биз Камчыбек Ташиевдин Ош жана Баткен облустарына сапар учурунда жасаган маанилүү билдирүүлөрүн топтодук.

“Балдарымды ар дайым эл-журтка күйүмдүү болууга чакырып келемин”

11-октябрда Камчыбек Ташиев Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылындагы 2 тургунга жаңы үйдүн ачкычтарын тапшырды.

Ушул жылдын июль айында аталган аймакта сел жүрүп, турак-жайларды жараксыз абалга келтирген болчу. Жалгыз бой эне, 4 баланын апасы Айзат Акбаева жана айылдын дагы бир тургуну Салмоорбек Утуровдорго Таймурас Ташиев өз каражатынан жаңы турак үйлөрдү куруп берээрин айтып, курулуш иштери мындан эки ай мурда башталган.

“Элибиздин башына кандай гана көйгөйлөр келбесин, биз ар дайым колубуздан келген жардамыбызбы берүүгө милдеттүүбүз. Мен балдарыма ар дайым эл-журтка күйүмдүү болууга, мүмкүнчүлүкө жараша жардам колун сунууга чакырып келемин жана Таймурас уулумдун бул мекендештерибизге жасаган кызматы үчүн ыраазымын...” - деп айтты К.Ташиев.

Возможно, это изображение 7 человек

“Ден-соолук болсо көбүрөөк төрөгүлө!”

Ошол эле күнү, 11-октябрда  УКМК төрагасы Ош шаарынын Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан "Жеткинчек" балдардын ден-соолугун чыңдоо борборуна барды. Буга чейин бул мекеме профсоюздар уюмунун балансында болуп, эскилиги жетип, дээрлик жараксыз абалга келген. 1978-жылы пайдаланууга берилген бул лагерь ошондон бери бир жолу дагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Балдарды да жетиштүү эс алдырууга шарттары келбей калган. Эми бул лагерь УКМКнын Ош Башкы башкармалыгынын балансына өткөрүлдү. Камчыбек Ташиев тез арада бул мекемени "балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна" айлантууну, заманбап шарттарды түзүүнү жана толугу менен жаңылоону тийиштүү жетекчилерге тапшырды. Алдыда мекеме жаңы жатакана, балдар ойноочу спорт аянтчалары, бассейн, чоңдор үчүн да ден соолукту чыңдоо комплекси ж.б. зарыл шарттар түзүлөт. Келээрки жылы жаңылоо иштери аяктап,  пайдаланууга берилет.

“Биздин кызматкерлерди, жубайыңарды жакшылап карагыла. Кээде кеч, кээде эрте келип калат. Ошондой маалда түшүнүү менен кабыл алып, булардын ишинин оордугун, татаалдыгын түшүнүп, купуялуулугун сактай турган силерсиңер. Силерге өзүнчө рахмат айтып коеюн. Ден-соолукта болгула, балдарды жакшылап өстүрө бергиле. Ар бир үй-бүлөдө жок дегенде 5-6дан бала болуш керек. Ошондо Кыргызстан өнүгөт. Кыргызстан жөндөн-жөн өнүгүп кетпейт. Турмушка чыгып, үйлөндүңбү, ден-соолук барбы, төрөгүлө, баланы көбөйткүлө! Калганын, үй менен, айлык акыны биздин кызматкерлер камсыз кылат, булардын колунан келет",- Камчыбек Ташиев ушинтип УКМК кызматкерлеринин жубайларына кайрылуу жасады.

Возможно, это изображение 6 человек

“Баткен шаарын толугу менен кайрадан куруп чыгабыз!”

12-октябрда Камчыбек Ташиев Баткен шаарындагы мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн курулушуна капсула салды.   

Шаардагы “Асман резиденс-1” турак жай комплексине 12 көп кабаттуу үйлөр курулат. Анда бала бакча, жер астындагы унаа токтотуу жай, тамактануучу жай жана башка зарыл болгон шарттар болот. Комплекстин жалпы аянты 7 гектар, 2 366 батирдин курулушу башталган.   

Ташиев президент ага мындагы үйлөрдүн курулушуна бөлүнгөн каражатты көзөмөлдөөнү тапшырганын жана ипотекалык үйлөрдү курууга президент Садыр Жапаров 200 млн доллар таап бергенин билдирди:

- Президентибиз аймакты өнүктүрүү боюнча милдет тагып, турак жай курулушун көзөмөлдөөнү мага тапшырды Андыктан, элдин бир тыйынын эч кимге уурдатпайм. Өзүңөр билеисңер, мигранттардын 70% тамак-ашка эмес, үйгө жетпей чет жакка кетүүгө аргасыз болгон. Бул үйлөр жарандардын турак үй менен камсыз болушуна, чет жактарда үй алам деп кыйналып жүргөн мекендештерибиздин кайтып келишине өбөлгө болот деп ишенебиз. Баткен шаарын толугу менен кайрадан куруп чыгабыз. Заманбап жашоо үчүн ыңгайлуу шаарлардын бирине айландырабыз.

Маалымат иретинде: Баткен шаарына жакынкы жылдар аралыгында 5 000 батир куруу пландалган. Учурда 2 366 батирдин курулушу башталды.

Возможно, это изображение 15 человек и текст

“Шайлоо маалында кайсы бир талапкер мыйзам бузса, катуу жазаланат!”

12-октябрда Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Лейлек районунда "Кайрагач" чек ара заставасын ачылыш аземине катышты.

Аталган чек ара заставасынын курулушу Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлү астында кыска мөөнөттө заманбап шарттары менен бүткөрүлгөн.

Камчыбек Ташиев чек арачыларды куттуктап. кызматтык милдеттерин так аткарууга, мыйзамды кынтыксыз сактоону эскертти: “Мамлекетибиз тарабынан, урматтуу президентибиз тарабынан сиздер үчүн ушунчалык көңүл бурулуп, чек арабыздын бекем болушу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөр колдонулуп жаткандан кийин, сиздер дагы өз милдеттериңерди так, берилгендик менен жана мыйзамды кынтыксыз сактоо менен аткарышыңар керек. Араңарда анча-мынча мыйзамсыздыктарга жол берип жаткандар бар экенин билемин. Эгер тез арада ал кемчилдиктерди жойбосоңор, мен тараптан катуу чаралар көрүлөт! Мекенибиздин чек арасын, тынчтыгын жана коопсуздугун сактоодо эч кандай маселе болбошу керек!”.

Ошондой эле, К.Ташиев жергиликтүү кеңештерге шайлоодо коррупция, криминалга байланышы бар, күмөн жараткан талапкерлерди тизмеден чыгаруу керектигин билдирди:

- Биз мамлекетти акыйкаттуулук менен башкарышыбыз керек. Шайлоолорго мамлекеттик органдар кийлигишпеши керек. Мурдагыдай басым жасалбайт. Биз депутаттар таза болсун, элге мамлекетке кызмат кылсын деп аракет кылып жатабыз. Артында калбыры бар, криминалга аралашкан, коррупцияга аралашкан, мыйзам бузган адамдардын баарын тазалаганга аракет кылдык. Парламентте ушундай туура эмес шайлангандардын баарын ордуна келтирдик. Шайлоого бараткан партиялардын ар бир талапкерин кылдат текшерип чыккыла. Алардын криминалга, коррупцияга тиешеси болсо, же тууган-уругунун тиешеси болсо тизмеден чыгаргыла. Шайлоо маалында кайсы бир талапкер мыйзам бузуучулукка барса ал мыйзам чегинде катуу жазаланат. Мамлекеттеги тазалануу шайлоолордон башталышы керек. Мен шайлоого катышкан саясатчы катары ушу шайлоонун азабын укмуш көп тарттым. Ошентип кыйнап-кыстап жүрүп добуш бердирткен партиялар, депутаттар азыр каякта калды?

Возможно, это изображение 3 человека и текст

“Мекен чегин сактоодо көрсөтүлгөн эрдик жана баатырдыкты ар бирибиз унутпастан, баалап-барктайбыз!”

Ошол эле 12-октябрда УКМК башчысы Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы 2051 аскердик шаарчасынын жаңы имараттарынын ачылыш аземине катышты. “Бөрү” атайын багыттагы аскердик бөлүгү аскерлердин кызматы жана жашоосу үчүн зарыл болгон бардык заманбап шарттар менен камсыздалган.

Камчыбек Ташиев аскер шаарчасындагы бардык шарттар менен таанышып чыгып, мындан кийин да "Бөрү" аскердик бөлүгүнө такай кам көрүлүп тураарын айтты:

- Мамлекетибиздин чек арасынын бекемдигин жана коопсуздугун камсыз кылууда "Бөрү" атайын багыттагы аскерлерибиздин орду өзгөчө экенин бүт эли-журтубуз жакшы билет. Андыктан, биз сиздерге керектүү болгон бардык аскердик каражаттар жана жашоо шарттар менен камсыз кылууга милдеттүүбүз. Мекен чегин сактоодо сиздер тарабынан көрсөтүлгөн эрдик жана баатырдыкты биз ар бирибиз ар дайым унутпастан, баалап, барктайбыз. Өлкө башчыбыздын тапшырмасына ылайык, сиздерге жана жалпы чек арачыларга, аскерлерге жана жоокерлерибизге кам көрүүнү мындан ары да улантабыз. Сиздер тараптан болсо, Ата-Журтубуздун чек арасына бекем чеп болуп, өз милдеттериңерди берилгендик менен аткарып беришиңерге ишенебиз!

Возможно, это изображение 2 человека и текст