Бишкек, "Саясат.kg". "Уурунун орду түрмөдө!"- бул сөз айрыкча бүгүнкү күндө өтө актуалдуу.
Экономиканы өнүгүп-өстүрбөй чырмооктой тушап, акыры барып мамлекеттин тамырын кыркып талкалай турган илдет – бул коррупция экени белгилүү. Жемкорлуктун айынан тарыхта нечендеген өлкөлөр, хандыктар кумга сиңген суудай жок болгону маалым. Тилекке каршы, эгемендикке ээ болгон күндөн тарта биздин өлкөдө дагы коррупция кулачын кеңири жайып, кылмыш дүйнөсү менен бирге мите курттай соруп келди.
Отуз жыл аралыгында мамлекеттин башына келген президенти да, парламенти да, аткаруу бийлиги да жемкорлукка каршы күрөшкөнү менен эч кандай майнап чыккан жок. «Карга карганын көзүн чукубайт» деген принцип менен иш жүргүзүшүп, бири экинчисин калкалап жүрүп отурду. Бул жүрүш менен кете берсек, аягы кейиштүү бүтмөк. Жемкорлуктун айынан элдик толкундар, төңкөрүштөр кайталанып, сырттагы кээ бир ниети бузук аналитиктер “Кыргызстанды кошуна эки өлкөгө бөлүп бериш керек” деп саймедирей баштаган.
Бактыбызга жараша 2020-жылдагы бийлик алмашуусунан кийин кырдаал орду-түбү менен өзгөрдү. Президент Садыр Жапаровдон чечкиндүү тапшырма берилип, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аны кыйшайуусуз аткарууга киришти. Башында көпчүлүк күмөн-саноо менен карап, буга чейин үйүгүшүп алган жемкорлор менен кылмышкерлер эки досту дагы өздөрүнүн катарына кошуп алабы деп чочулап турушту. Анткени, 30 жыл бою криминалдык чөйрө менен тамырлашкан көпөстөр бийлик башына келген жетекчилерди тез эле жолдон чыгарып, азгырып келишкен. Бирок, бул сапар С.Жапаров менен К.Ташиев алардын торуна түшкөн жок. Элдин купулуна толор аракеттерди жасап, тоңмоюндарынын такымына таш толгоду.
Коррупцияга каршы күрөштөн мамлекетке оңбогондой каражаттар агып кирүүдө. Мындан эки-үч ай мурда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жемкорлорго жана кылмыш дүйнөсүндөгү “лөктөргө” каршы күрөштөн акыркы үч жыл ичинде мамлекетке 100 миллиард сомдон ашуун каражат түшкөндүгүн билдирди. Белгилей кетсек, бул суммага айрым мүлк түрүндөгү ири объекттер киргизилбептир. Аларды кошсо дагы бир канча миңге чапчымак. Айтор, уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш жигердүү жүрүп, миллиарддаган суммалар казынага түштү. Бул үчүн Президентке жана УКМК төрагасына ыраазычылык билдирип коюшубуз кажет, элдин канча жылдан бери көксөгөнүн иш жүзүнө ашырышууда.
Камчыбек Ташиев 100 миллиард сомду айткандан бери дагы бир канча жер тилкелери, имараттар, каражаттар мамлекетке кайтарылды. Демек, жазында айтылган цифра бир кыйла өстү. Сөзүбүз куру болбошу үчүн биз бул жерде УКМК тарабынан мамлекетке кайтарылган ири мүлктөр боюнча айта кетүүнү туура көрдүк. Атап айтсак, УКМКнын атайын операциясы учурунда жок кылынган “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин белгилүү болгон байлыгы 1 миллиард доллар деп айтылган. Ага таандык - 700 батир, 80 миллион сомдук жылкылары, Бишкектеги Чүй проспектисиндеги “Ай-Пери” имараты, Каракол лыжа базасынын жанындагы 2 гектар жер, “Күрмөнтү цемент” заводундагы 93 пайыз үлүшү, МОQО кофейнясы, “Булат” аңчылык клубу, ошондой эле кымбат баалуу унаалары, жер участкалары мамлекетке кайтарылып алынды. Көлбаевдин криматалыкка тийешелүү таажысынын өзү алтын жана бриллианттан жасалып, баасы 500 миң доллар турган.
Бажыдагы мыйзамсыз түзүп алган схема менен байып, Кыргызстандагы эң көрүнүктүү жана таасирдүү адамга айланган Райымбек Матраимов УКМКнын казып чыккан далилдеринен кийин мамлекетке жалпы суммасы 34 миллион 810 миң долларлык мүлкүн өткөзүп берди. Байлыгынын ичинде, “Бай Таш Tower” турак-жай комплекси, “Эльдорадо” соода комплекси, Erem спорттук клубу, Кара-Суу жана Ысык-Ата райондорундагы бажы терминалдары бар. Ошондой эле Оштогу мыйзамсыз салынган хансарайлары, жер тилкелери боюнча иштер сотто каралууда.
Кылмыш дүйнөсүнүн башында турган Камчы Көлбаев менен жемкорлуктун башында турган Райым Матраимовдун байлыктары, биргелешкен иштери – кылмыш дүйнөсү менен жемкорлордун тамырлашып кеткенин толугу менен тастыктап берди. Криматалык Камчы Көлбаев менен бажычы Райымбек Матраимовдун мүлктөрүн карап туруп, буга чейин Кыргызстанды кимдер чүлүктөп алганын билсек болот. Көрсө, мамлекетти уурулар менен бандиттер башкарып, өлкөбүздөн тагдырын чечип калган экен. Элдик көтөрүлүш менен бийлик башына келген Президенттер алардын айтканына чыга алышкан эмес.
Жемкорлукка каршы күрөш булар менен эле чектелген жок, мыйзамсыз жол менен байыгандар каз-катары менен тизилди. Айтсак, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Борис Санга таандык Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Рух Ордо» туристтик-экскурсиялык борбору мамлекеттин балансына өткөрүлүп, республикалык бюджетке 537 миллион сом кайтарылды. Андан сырткары, алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримовго таандык эки “Аю” арак заводу мамлекетке кайтты. Жалпы-жонунан ал мамлекетке 10 миллиард сом зыян келтирилгени айтылган. Негизинен акциз салыгын жаап-жашыруудан келип чыккан нерсе болчу, “Шаки” өзү өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүргөн.
Тизмени уласак, Жогорку Кеңештин экс-спикери Чыныбай Турсунбеков өз учурунда тартып алып, атын алмаштырып алган “Capital Bank” мамлекетке өттү. Бишкек ликер-арак заводу, “Акун” пансионаты турган участоктор дагы мыйзамсыз алынган. Арак завод турган участокко ипотекалык үйлөр курула тургандыгы, ал эми “Акун” пансионатынын жерин рынок баасында сатып алуу Ч.Турсунбековдун кыздарына сунушталганы белгилүү болду. Негизи, Турсунбеков Бишкектин борборунда жайгашкан арак заводун мыйзамсыз сатып алганы учурунда парламенттин трибунасында айтылып, ызы-чуу болгон. Бирок, элдин үнү угулган эмес.
Шанаңдаган Шадиев менчиктештирип алган “Баткен Комфорт” базары боюнча иликтөө жүрүп, ишмердигинен финансылык мыйзам бузууларды табылгандан кийин бир нече жетекчиси камакка алынганы айтылган. Кийинчерээк мыйзамсыз менчиктешкени аныкталып, мамлекетке өткөрүлгөнү маалым болду. Ошого катар, Бишкектеги “Эски толчок – Евразия” базарына тийиштүү 2,2 гектар жер Айыл чарба министрлигинин балансында турган жер УКМК тарабынан кайтарылды. Бирок, ал кантип “Шар Чебер” жеке кооперативине менчикке өтүп кеткени кызык болууда. Ага катышы барлар жазасын алат деген ишеничтебиз.
Мындан сырткары, Жалал-Абад шаарындагы К.Батыровго таандык болгон, баасы 412 111 000 сомду түзгөн "Шабдалы-Зар" соода-базар комплекси УКМК тарабынан мамлекеттин менчигине кайтарылды. 2010-жылы чоң калабы салган Батыровдун мүлкүн Убактылуу өкмөт неге улутташтырбаганы түшүнүксүз. Алар Кадыржан менен коюн-колтук алышып иштешкенин бул факты дагы тастыктагандай таасир жаратууда. Ошондой эле, Жалал-Абад шаарындагы “Мата” акционердик коомунун 4,5 гектар, “Лиматекс” пахта заводунун 2 гектар жер участкалары мамлекетке кайтарылган. Жалпы баасы 250 миллион сом.
Кыскасы, тизмени уланта берсек түбү көрүнчүдөй эмес. Баары элдин ырыскысын уурдагандын айынан мамлекет өнүкпөй, бутубузга тура албай, отуз жыл темселеген экенбиз. Буга чейинки беш президент алар менен биригип алып, талап-тоноду. Албетте, коррупцияны бир күндө кан буугандай токтотуп коюу мүмкүн эмес. Мафия деле ошондой, ажыдаар сымал. Бир башын кессең, экинчиси чыгат. Бирок, аларга каршы күрөш бир мүнөт дагы токтобошу шарт. Элдин байлыгы элге кайтып, уурулар түрмөдө отурушу кажет!
Зулпукаар Сапанов