Бишкек, "Саясат.kg". Кыргызстанда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Салайдин Айдаров менен ишкер Жалил Атамбаев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Салайдиндин бир тууган агасы Нургазы Айдаров да изделүүдө. Аларды кармоо жана тинтүү Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча генерал Камчыбек Ташиев баштаган кампаниянын алкагында жүрүүдө. Бул "финансисттер", балким, башында күтүлгөндөн алда канча көп болуп чыкты. Эң жагымсыз жери: мыйзамдагы ууру менен жигердүү кызматташып, анын астына басып жүргөндөрдүн жана андан өйдө жактагылардын арасында кыргыз саясатчылары, ишкерлери болгон. Жалил Атамбаев негизинен укук коргоо органдарынын мурдагы кызматкери экендиги белгилүү. 

Салим Абдувалиев.

Кримавторитет Көлбаевден ким жогору? Мындай адам да бар. Эми ал да изделүүдө. Салим-байбача (өзбекче – бойвочча), ака Салим Кыргызбаевич Абдувалиев Өзбекстандагы эң таасирдүү бизнесмендердин бири. Ошол эле учурда, ал эң таасирдүү кримавторитеттердин бири. Эмне үчүн ал Кыргызбаевич (ачык айтканда, анын атасынын аты өзбек эмес)? Салимбайдын атасы казак болгондугу белгилүү. Салимбай атасын сыйлап, кастарлаган; ал тургай, өзбек журналисттеринин айтымында, ал Ташкенттен бир көчө сатып алып, аны Кыргызбай-ота деп атаган (ата-энесинин урматына). Демек, Абдувалиев өзүн өзбек деп атаганы менен, чындыгында анын каны аралаш. Анын таасирине өзбектер эле эмес, алардын аймактагы коңшулары да кирип кеткен. Эң бай адам, Өзбекстандын эркин күрөш боюнча беш жолку чемпиону Салимбай Абдувалиев көп жылдардан бери балдар жана өспүрүмдөр күрөш секцияларын каржылап келет. Мейли, мыкты жигит экен, анысына дооматыбыз жок... 

Бирок анын жасаган иштери теңирден тескери болуп жатпайбы. 2024-жылы Жаңы жылдын күнү Ташкенттин соту Абдувалиевди ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү үчүн, «коркунучтуу кайталап кылмыш жасаган» деп айыптап, жалпы режимдеги түзөтүү колониясында алты жылга эркинен ажыраткан. Абакта отурабы, отурбайбы, отурса, качан бошойт деген суроо жаралат. Жакында социалдык тармактарда абакта каза болду деген маалымат тарады. Көп өтпөй бул маалыматты Өзбекстандын тиешелүү мамлекеттик органдары жокко чыгарып,  фейк экени белгилүү болду.

Бирок соттолгон адам узак мөөнөткө камалган жерине жеткириле элек. Бул өтө коркунучтуу. Анан дагы бир суроо: эмне үчүн Кыргызстандын атайын кызматы аны Өзбекстандагы  Абдувалиевди издеп жатат? Анын үстүнө расмий түрдө ал түрмөдө отургандай... Бизнесмен, спортчу жана кримавторитет Салим Абдувалиев белгилүү, бирок сырдуу да адам..

КР МУКК төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Артур Медетбеков байбача жакынкы аралыкта эркиндикке чыгышы мүмкүн, анткени оор кылмыш үчүн реалдуу мөөнөткө соттолгондор да мунапыс жана мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн деп эсептейт. Абдувалиев Өзбекстанда кадыр-барктуу мырза, таң калыштуусу, мурда соттолбогон (жергиликтүү укук коргоо кызматкерлери анын ким экенин, эмне кылып жүргөнүн жакшы билишкенине карабастан). Буга анын кадырлуу жашын кошсоңуз (кылмыштуу аксакал 75 жашта) – ал мөөнөтүнөн мурда бошотууга талапкер эмеспи? «Анда, - дейт Медетбеков, - ал кылмыштуу топту каржылаганы жана Кыргызстандын мамлекеттик түзүмдөрүн коркутканы үчүн жазаланышы мүмкүн». Абдувалиев Кыргызстан менен көптөн бери жана абдан тыгыз байланышта. 2015-жылы Жогорку Кеңешке шайлоонун алдында Салим Абдувалиевдин кайсы бир ыйгарым укуктуу өкүлү «Кыргызстан» партиясынын пайдасына өзбек тектүү электоратка таасир этүү максатында Бишкекке келгени айтылгандыгы эсиңиздерде болсо керек. 

Бир жылдан кийин, 2016-жылы өзбекстандык спортчу-бизнесмендин айрым ишенимдүү адамдары Кыргызстанда кайрадан пайда болгон. Бул жолу алар өзбек лидерлери менен алакалашкан кыргыз оппозициясын колдогондой болду. Бул маалыматты кыргыз оппозициясы да четке кагып, бирок такыр жокко чыккан эмес. 2018-жылы социалдык түйүндөрдө Абдувалиевдин аздыр-көптүр кыргызстандык жогорку даражалуу инсандар менен чогуу жүргөнүн көрсөткөн абдан кызыктуу сүрөттөр жана видеолор тараган. Лидерлер бир ооздон: “Салимбай Кыргызбаевич, биз Сиз менен сыймыктанабыз, Салимбай ака президентибиз Сооронбай Жээнбековду колдойт!, Сиз биздин тирегибизсиз (опора) деп, өзбек чапанын, допусун кийип, хор менен “ырдашкан” видеосу бүтүндөй кыргыз коомчулугунун денесине муздак суу чачкандай дүр эткирген. Ошол суктангандардын айрымдары (Салайдин Айдаров, Жалил Атамбаев) азыр камакта. Абдувалиев Жээнбековду кантип колдоду же колдободу – бул тууралуу азырынча далидүү маалыматтар айтыла элек. 

Бирок Абдувалиев Камчыбек Асанбекти (Камчы Көлбаевди,  Коля кыргыз) кантип колдогону белгилүү. «Салим Абдувалиев, - дейт УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, - Өзбекстандын аймагындагы криминалдык элементтердин лидери болуп туруп, баңгизаттарды Европа өлкөлөрүнө ташып келүүчү мыйзамсыз каналдарды уюштургандыктан, КМШ өлкөлөрүнө да түздөн-түз таасирин тийгизген мыйзамдагы ууру Камча Асанбек менен байланышып, системалуу түрдө материалдык жардам көрсөтүп, Кыргызстандын кылмыш дүйнөсүнүн лидери болууга да көмөктөшкөн».

Салим Абдувалиевдин аты Өзбекстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, демөөрчү-меценат Салимбай менен жолуккан ЖКнын экс-депутаты Эмил Жамгырчиевдин ишинде да бар. Алар өзбек мафиясы менен эмнени сүйлөшүшүтү эле? Расмий маалыматка караганда, анын "колдоосун алууга" аракет кылышкан. Кандай колдоо, кандай жол менен? Белгилүү болгондой, өзбек Дон Корлеонеси, алар айткандай, бардык нерсеге даяр, жөн гана Өзбекстанда жана коңшу республикаларда криминалдык иштердин башчысы катары региондо өз ордун таап, мамлекеттик иштерге чейин аралашкан. 

Былтыр күзүндө Көлбаев жок кылынгандан көп өтпөй Кыргызстанда үч өзбекстандык кармалган, алар дагы мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүшүп, УКМКнын маалыматы боюнча, Коля-кыргыздын өлүмү үчүн өч алуу максатында Кыргызстанга келишкен.  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин өмүрүгө кол салуу максаты болгон. Алар кимдин буйругу жана шыкагы менен келишкен? Бул жөнүндө бир гана божомол бар. Бирок «меценат» Абдувалиевдин узун колдору болбогондо бул ишке ашмак эмес. Анын колдору ушунчалык узун болгондуктан (теориялык жактан алганда СИЗОдо отурганда) Кыргызстандын элитасына (саясий элита деген мааниде) таасир этүү кыйынга турбайт. Абдувалиев мырза кээ бир, айрыкча түштүктүн саясатчылары менен бизнесмендерине эбегейсиз таасири бар жана алар үчүн талашсыз авторитет. Аздыр-көптүр түштүктүн дээрлик бардык адамдары аны менен «килемде» жолугуп, таазим этип келишкен. Ал эми Кыргызстандагы шайлоого кийлигишүү  Абдувалиевдин хоббиси  жана сүйүктүү темасы. 

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын укук коргоо органдары Салимбай менен кайсы кыргыз саясатчылары же бизнесмендери (криминал да) жолугуп, эмне тууралуу сүйлөшүшкөндөгү жана кандай иштерди жасашкандыгы такталууда. Демек, жакында жогорудагы аталган Айдаровдор, Атамбаевдерден тышкары дагы жаңы ысымдарды угуп калышыңыздар мүмкүн.

Демек, Салим Абдувалиев Кыргызстандын мамлекеттик коопсуздук органдарынын кара тизмесине кирип калганы бекеринен эмес. Кеп Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо жөнүндө эле эмес (бул кылмыш ишинин алкагында Абдувалиевге издөө жарыяланган), ошондой эле анын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өзүнө өтө терс таасири жөнүндө да болуп жатат. Абдувалиевге аңчылык кылуу коррупцияга каршы системалуу күрөштүн, саясатчылардын, бизнесмендердин жана “полициялардын” эл аралык кылмыштуулукка аралашуусуна каршы күрөшүүнүн бир бөлүгү. Салимбайды Кыргызстанга экстрадициялоо жана аны толук жазага тартуу генерал Ташиевдин ар намысындагы иш болуп саналат.

Эмилбек Момунов