Же коррупцияга жана ОПГга каршы күрөш цифралар менен...

Мындан эки-үч ай мурда КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөнү сүлүк курттай соруп келген уурулар жана кылмыш дүйнөсүнө каршы күрөштөн акыркы үч жыл ичинде мамлекетке 100 миллиард сомдон ашуун каражат түшкөндүгүн жар салган. Бул суммага айрым мүлк түрүндөгү ири объекттер кирбегендигин белгилеп коюу керек. Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш бир мүнөт дагы токтогон жок. Андан түшкөн каражат Камчыбек Ташиев жазында жар салган цифрадан кыйла өскөндүгү айтпаса да түшүнүктүү.

УКМК тарабынан мамлекетке кайтарылган өзгөчө ири мүлктөр кайсылар, ошонун тегерегинде кеп кылалы.

Камчы Көлбаевдин империясы

“Мыйзамдагы ууру”, УКМКнын атайын операциясы учурунда жок кылынган Камчы Көлбаевдин белгилүү болгон байлыгы 1 миллиард доллар деп айтылды. Ага таандык:

- 700 батир;

- 80 миллион сомдук жылкылары;

- Бишкектеги Чүй проспектисиндеги “Ай-Пери” имараты;

- Каракол лыжа базасынын жанындагы 2 гектар жер;

- “Күрмөнтү цемент” заводундагы 93 пайыз үлүшү;

- МОQО кофейнясы;

- “Булат” аңчылык клубу;

- ошондой эле кымбат баалуу унаалары, жер участкалары мамлекетке кайтарылып алынган.

Криматалыкка тийешелүү таажысынын өзү алтын жана бриллианттан жасалып, баасы 500 миң доллар турган.

 “Райым-миллиондун” дүнүйөсү

Бажыдагы мыйзамсыз түзүп алган схемасынын урматы менен байып, Кыргызстандагы эң көрүнүктүү жана таасирдүү адамга айланган Райымбек Матраимов мамлекетке жалпы суммасы 34 миллион 810 миң долларлык мүлкүн өткөзүп берген. Анын ичинде:

- “Бай Таш Tower” турак-жай комплекси;

- “Эльдорадо” соода комплекси;

- Erem спорттук клубу;

- Кара-Суу жана Ысык-Ата райондорундагы бажы терминалдары бар.

ххх

Криматалык Камчы Көлбаев менен бажычы Райымбек Матраимовдун мүлктөрүнөн эле буга чейин Кыргызстанды кимдер башкарып келгендиги таасын болуп турбайбы! Көрсө, мамлекетти уурулар менен бандиттер башкарып көнүп калган экен. Анткен менен, мыйзамсыз жол менен байыгандардын тизмеси ушулар менен эле чектелип калбайт. Тизмени улантсак:

- Жогорку Кеңештин экс-депутаты Борис Санга таандык “Рух Ордо” комплеси мамлекетке кайтарылып алынды;

- Алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримовго таандык эки “Аю” арак заводу. Жалпы-жонунан мамлекетке 10 миллиард сом зыян келтирилгени айтылган. Негизинен акциз салыгын жаап-жашыруудан келип чыккан нерсе. “Шаки” өзү өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүргөн.

- ЖКнын экс-спикери Чыныбай Турсунбеков өз учурунда тартып алып, атын алмаштырып алган “Capital Bank” мамлекетке өттү. Бишкек ликер-арак заводу, “Акун” пансионаты турган участоктор дагы мыйзамсыз алынган. Арак завод турган участокко ипотекалык үйлөр курула тургандыгы, ал эми “Акун” пансионатынын жерин рынок баасында сатып алуу Ч.Турсунбековдун кыздарына сунушталган.

- Бишкектеги “Эски толчок – Евразия” базарына тийиштүү 2,2 гектар жер КР Айыл чарба министрлигинин балансында турган. Бирок, ал кантип “Шар Чебер” жеке кооперативине менчикке өтүп кеткени кызык. Эмне эле айыл чарбасы өнүкпөй жатат десе, ал жакта иштегендер минтип чөнтөгүн кампайтып жүргөн экен. Эми мыйзам алдында жооп беришет.

- Жалал-Абад шаарындагы “Мата” акционердик коомунун 4,5 гектар, “Лиматекс” пахта заводунун 2 гектар жер участкалары мамлекетке кайтарылган. Жалпы баасы 250 миллион сом.

Албетте, тизмени уланта берсек, түбү көрүнчүдөй эмес. Жыйынтык бирөө: элдин ырыскысын кимдер гана уурдабаган? Дал ошонун айынан мамлекет өнүкпөй, бутубузга тура албай, отуз жыл темселген экенбиз. Буга чейин бийлик колунда турган беш президенттин бирөөсү да коррупцияга каршы реалдуу күрөш жүргүзгөн эмес. Кайра тескерисинче, баштарынан сылап, колтугунда кармап отурууга кызыкдар болушкан.

Президент Садыр Жапаровдун саясий эрки күчтүү экен! Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөштө Камчыбек Ташиев башын сайып койду, өмүрү ар бир мүнөттө коркунучка кептелип турат. Качандыр бир кезде уурулук, каракчылык токтошу керек болчу. Анүчүн элинин, жеринин келечегин ойлогон лидерлер бийликке келиши шарт эле. Биздин бактыбызга мына ошол күндү көрүүгө насип кылыныптыр. “Мекенчил” партиясынын негизги урааны: “Бийлик - элге, уурулар - түрмөгө!” болчу. Эки лидер тең ошол парламенттик шайлоодон кийинки окуялардан улам бийлик башына келди. Ошол ураан азыр ишке ашып жатат.

Албетте, коррупцияны кан буугандай токтотуп коюу мүмкүн эмес. Мафия деле ошондой. Ажыдаар сымал. Бир башын кессең, экинчиси чыгат. Бирок, аларга каршы күрөш бир мүнөт дагы токтобойт! Азыр да алар үчүн иштеп-жашаганга мүмкүн болбогон  катаал шарт түзүлдү. Алга, Кыргызстан!