Бишкек, "Саясат.kg". Президент Садыр Жапаров өз демилгеси менен “Социалдык келишим” долбоорун ишке ашырууда.

28-январда Садыр Жапаров президенттик кызматка расмий киришкенине үч жыл болот. Убакыттын өтүшү менен артта калып, тарых барактарына айланган үч жыл аралыгында 30 жылга татый турган ири иштер жасалды. Аны учурда бүт коомчулук моюнга алып жаткан чагы. Биз куру сөздөрдү кайталабастан, цифралар менен Садыр Жапаров жасаган үч жылдык иштердин айрым учурларын тизмектей кетелик.

“Кумтөр” элге кайтарылды

Садыр Жапаров ишке киришери менен “Кумтөрдү” мамлекетке кайтарды. Ошол маалда түрдүү пикирлер айтылып, кенди мамлекет иштете албастыгын, ошондой эле “Центерра Голд” менен мындан ары түбү бүтпөгөн соттошуулар уланарын билдиришкен. Айрымдары улутташтыруу маселесин көтөргөн. Бирок, баары чукул аралыкта өз нугуна түшүп, кен мыйзамдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Бүгүнкү күнгө чейин ийгиликтүү иштеп жатат. “Кумтөрдү” чет элдик компания иштеткен 28 жылда Кыргызстан үлүштүк кирешеден болгону 100 млн доллар пайда көрсө, мамлекетке кайтарылгандан кийинки эки жылдагы жалпы кирешеси 698,6 миллион долларды түздү. Мындан тышкары, 50 тоннадан ашык алтын кампага сакталды. Буга чейинки 28 жылда 410 тоннадан ашык алтын казылып, сыртка ташылып кеткен, Кыргызстанга анын 1 граммы да калган эмес.

Бюджет 570 млрд сомго чыкты

2020-жылы 247 миллард сом бюджет болсо, үч жылда үч эсеге өсүп, 577 миллардга жетти. 2024-жылдын бюджетин 600,7 млрд сом деп бекитти. Республикалык бюджеттин быйылкы жылдагы кирешеси 378,4 млрд сом, чыгашасы 367,5 млрд сом деп көрсөтүлдү. Башкача айтканда, бюджет буга чейинкидей 20 млрд дефицит менен эмес, 10,9 млрд сом профицит менен аткарылат. Баарыбызга маалым, 2020-жылы Садыр Жапаров эңшерилген экономиканы, түбү түшкөн казынаны 20 миллиард дефицити менен алган эле. Ага чейин деле дефицит менен кабыл алынып, бюджет тешик бойдон келген. Мына бүгүн туруктуу өсүшкө жетип, профицитке чыгып отурат.

Ички дүң продукция 1 трлн 79 млн сом болду

Садыр Жапаровдун үзүрлүү саясатынын алкагында ички дүң прокция чоң секирик жасап, 1 триллион сомду басып өттү. 2020-жылы Садыр Жапаров бийликке келген маалда 7,1 пайызга төмөндөгөн ИДП үч жыл ичинде 439 млрд сомго өскөнүн чоң ийгилик деп бааласак болот. Атай айтсак, 2020-жылы 601,9 млрд, 2021-жылы 723,1 млрд, 2022-жылы 919,4 млрд сом болсо, 2023-жылы 1 трлн 79 млн сомду түздү. Бул тынымсыз түйшүк, үзүрлүү эмгектин арты менен келди.

Салыктан 183 млрд, бажыдан 111 млрд жыйналды

Жемкорлук бир жерди эмес, бардык тармакты камтый турганы маалым. Өзгөчө кирешелүү жерлерди чырмооктой каптары бышык. Атай айтсак, буга чейин салык жана бажы кызматтарында чоң уурулук болуп келген. Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин көзөмөл катуу жүрдү. Анын жемиши көзгө көрүнүүдө. Мисалы, 2020-жылы Салык кызматы 78,2 млрд сом жыйнаса, 2023-жылы 183,5 млрд сом чогулткан. Салыштырсак 105 млрд сомго көп. Быйыл салык кызматы 200 млрд сомдон ашыра жыйнары күтүлүүдө. Ал эми бажы тармагынын 2023-жылдагы кирешеси 111 млрд сомдон ашты. 2022-жылы 74,3 миллард, 2021-жылы 46,9 млрд, 2020-жылы 28,9 млрд чогулган. Көзгө көрүнүп тургандай, мурдагы жетекчилердин маалында 30 миллиарддын айланасында гана киреше алчубуз. 2023-жылдагы 111 млрд сомго салыштырганда, ортодогу айырмасы 73 млрд сом чыгып жатат. Бул бажыда чоң уурулук болуп келгендигинин далилдеп турат. Эгер ошол миллиарддар казынага түшүп турганда, жүздөгөн мектептер салынып, айыл-чарба, курулуш жана аскердик техникалар сатылып алынмак. Айлык, маяналар көбөймөк.

Элди жакырчылыктан чыгаруудагы мыкты идея

Президент Садыр Жапаров өз демилгеси менен “Социалдык келишим” долбоорун ишке ашырууда. 2022-жылдан бери аз камсыз болгон үй -бүлөлөргө кайтарымсыз 100 миң сомдон берип жатат. Эки жыл ичинде 12 800 үй бүлө алып, анын дээрлик 99%ы жакырчылыктан чыгып, ишкердик менен алектенүүдө. 2022-жылы бул долбоордун алкагында 2800 үй-бүлөгө чакан ишкерлик үчүн 100 миң сомдон берилсе, 2023-жылы 10 миңден ашык үй-бүлөгө берилген. 2024-жылы 20 миң үй-бүлөгө берилгени турат.

Элди бушайманга салган карыз өз маалында төлөнүүдө

Барыбызга маалым, 2012-жылдан тарта мамлекеттин карызы эң башкы көйгөйгө айланган. Элден акча чогултуу демилгелери көтөрүлүп, эсептер ачылып, алгачкы болуп К.Жолдошбаев 10 млн сом которгону айтылган. Бирок, ал демилге ишке ашкан жок. Аргасы кеткен ошол маалдагы бийлик карызды жабуу үчүн кен байлыктарды берүү боюнча ойлорду ортого салып, элдин кулагын көндүрө баштаган. Кудай жалгап, 2020-жылы элдин толкун менен бийлик алмашты. Садыр Жапаров үч жылдагы ийгилигинин бири катары ушул карызды төлөө маселесин жолго койгондугун да айтсак болот. Коркунучтар жоголду, карыз башкы көйгөйгө айланбай калды. Учурда эң ири көлөмдөгү карыздарды төлөө убактысына жеттик. 2004-жылы 3,1 млрд сом, 2008-жылы 5 млрд сом, 2011-жылы 9,4 млрд сом, 2017-жылы 20,6 млрд сом, 2019-жылы 28,1 млрд сом төлөнгөн. Жыл сайын карызды төлөөнүн көлөмү графикке ылайык өсүүдө. 2023-жылы 344 млн доллар төлөнгөн, 2024-жылы 400 млн доллар төлөнөт. Кийинки, 2025-жылы 430 млн доллар төлөйбүз.

Эң чоң көйгөйгө айланган үй маселеси чечилүүдө

Садыр Жапаров бийликтеги үч жылдык башкаруусунда жарандарды үй менен камсыздоо ишин жолго койду. Бул өлкөдөгү эң чоң көйгөйдүн бири болчу. “Арзан ипотека” багыты боюнча “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында иштер жүзөгө ашырылууда. 2021-жылы Мамлекеттик ипотека компаниясы аркылуу 3-4 ай ичинде 732 үй-бүлө турак жайлуу болушкан. 2022-жылы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын тарыхында рекорддук сумма 4 млрд 655 млн сомдон ашык каржылоо болуп, 1804 үй-бүлө турак жайлуу болууга жетишкен. 2023-жылы мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында 1 миң 400 үй-бүлө турак жайлуу болду. Азыр Бишкекте 6 миңден ашуун квартира курулуп жатат. Аймактарда дагы үйлөр курула баштады. 2020-жылы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 480 млн сом гана болчу, бүгүнкү күндө МИКтин уставдык капиталы 13,5 млрд сомго жеткирилди. 2024-жылы Мамлекеттик ипотекалык компанияга 1 млрд сом берилээри айтылды. Төлөө дагы жеңилди. Ипотекалык насыянын жылдык төлөмү мамлекеттик кызматкерлер үчүн 4%, жеке тараптар үчүн 8%га төмөндөп, төлөө мөөнөтү 15 жылдан 20-25 жылга чейин узартылды.

Бардык тармакка техникалар алынды

Үч жыл ичинде лизингге 2431 техника алып келинди. Саламаттыкты сактоого 335 тез жардам жана санитардык машиналарды сатып алынды. Энергетика министрлигине 261, электр станцияларына 124, Кыргыз көмүр ишканасына 73, транспорт министрлигине 298, Ички иштер министрлигине 274 техника берилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ар 702 даана ар кандай техникалар - анын ичинде заманбап өрт өчүрүүчү, куткаруучу техникалар, Ысык-Көлгө катер, 2 вертолет ж.б алынды. Сот аткаруучуларга 47 даана кызматтык автоунаа берилди. Жол куруу тармагына 298 жаңы техника сатып алынды. Кыргыз темир жолуна 100 вагон келди. Аймактардагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө 143 машина кетти. Өлкө боюнча бардык акимдер 100%, айыл өкмөттөр 90% унаалуу болду. 400 өрт өчүрүүчү машина, 3 вертолет алынды. Бишкекке 880, Жалал-Абадга 50 автобус келди. Таласка 85 техника алынды. Нарынга 3 жылдын ичинде 125 техника берилди. Чек ара кызматына курал-жарактар, учкучсуз учактар, брондолгон унаалар сатып алынды. Абадан коргонуучу ракеталар, “Байрактар”, “Аксүнгүр”, “Акынжы”, зооттолгон унаалар, курал-жарактар менен толукталды.

Коррупция жана кылмыштуулукка каршы күрөш жүрдү

Жемкорлорго жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы иш-чаралар катуу жүрдү. Жүздөгөн аткаминерлер кармалды. Миллиарддаган акчалар мамлекеттик казынага кайтарылды. Атай айтсак, УКМК үч жылдын ичинде 1 млрд 200 млн доллар казынага төктүрдү. Көлбаевдин кылмыштуу тобу менен байлынашкан мамлекеттик кызматтагы адамдар ишинен четтетилди. Бажы кызматынан 76, Ички иштер министрлигинен 14, башка министрликтер менен ведомстволордон 65 кызматкер бошотулду. Мамлекеттик байлыкты ээлегендер камалды. Качып кеткендерине издөө жарыяланды.

Социалдык обьектилер салынып, өндүрүш жанданды

Үч жылдын аралыгында жүздөгөн социалдык обьектилер - мектептер, балдар бакчалары, маданият үйлөрү, спорт объектилери, таза суу, административдик имараттардын курулду. Убактылуу өкмөт бийликке келген үч жылда (2010-жыл 1 мектеп, 2011-жыл 4 мектеп, 2012-жыл 6 мектеп) жалпы 11 мектеп курса, Садыр Жапаров бийликтеги үч жылда (2021-жыл 37 мектеп, 2022-жылы 30 мектеп, 2023-жылы 105 мектеп) жалпы 172 мектеп куруптур.

Бишкек шаарында жаңы Президенттик Администрациянын имаратынын курулушу жүрүп жатат. Өлкө аймагында бир катар заманбап парктар салынып, колдонууга берилди. 2022-жылы пенсия 33%га көбөйтүлгөн болсо, 2023-жылы 1-октябрдан тартып 30 миң сомго чейинки пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38%га көтөрүлдү. Мугалимдердин, медиктердин айлыгы көтөрүлдү. Чек арачылардын айлыгы 17 000 сомдон 80 000 сомго жогорулап, шарттары жакшырды.

60 ири ишкана ишке кирип, 7700 жумуш оруну түзүлдү. Айыл чарбасына 2 жылда 43,1 млрд сом берилип, 2,5 миңдей техника лизингге алынды. Өзүбүздү азык-түлүктүн 5 түрү менен камсыздалды. “Кыргызиндустрия” компаниябыз 20 чакты долбоорду ишке ашыруу менен алпурушуп, электроника, топчу, мык, фурнитура, пластик, фарфор, принтер, ксерокс, ККМ аппараттары, кирпич, бетон, азот жер семирткичтерин жана башкаларды чыгарганга жетишти.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан биргелешкен темир жолун куруу келишимине кол коюлуп, долбоору башталды. 2021-жылы 230,4 чакырым, 2022-жылы 498,6 чакырым жолго асфальт жаткырылса, 2023-жылы республика боюнча 673 чакырым жолго жаңы асфальт төшөлдү.

Айтор, дагы башка тармактарда айта берсек, катары менен тизиле берчү сандар арбын. Көзгө тартылган далилдер көрсөтүп тургандай үч жылдын ичинде бардык тармакта буга чейин болуп көрбөгөндөй өсүп-өнүгүү орун алды. Кыскача айтканда, Садыр Жапаров баш көтөрбөй иштеп, мамлекетти өнүгүүгө багыттай аларын чакан аралыкта тастыктады. Ушундай ири жетишкендиктерден улам Мамлекет башчысына элдин ишеними жаралып, колдоого алууда. Мамлекетибиздин өнүгүшүнө жалпыбыз тилектешпиз...