М.Дүйшөнбаев: Эгерде экономикалык, каржылык кризис башталса, биринчи кезекте виртуалдык экономикадагылар кыйрайт.

1991-жылы же Союз таркап жатканда Россиянын ички дүң жыйымы 496 миллиард доллар болсо, Кытайдыкы андан кыйла аз же 415,6 миллиард доллар болгон. 2021-жылдын жыйынтыгы менен Россияныкы 1,77 триллион долларды түзсө, Кытайдыкы 17,5 триллион долларга жетти. Бул номиналдуу алгандагысы. Ал эми реалдуу же товардык көлөмү боюнча алганда Кытайдын экономикасы АКШнын ИДЖсын басып өтүп, дүйнөдө биринчи орунга чыккан.

ИДЖны мындай эки түрдүү эсептөө төмөндөгүдөй түшүндүрүлөт: Маселен, бирдей сапаттагы, бирдей көлөмдөгү ар кайсыл өлкөдө өндүрүлгөн товардын, көрсөтүлгөн кызматтын баасы ар кандай болот. Алсак, бир автоунаа Кытайда 10 миң доллар турса, ошондой эле автоунаа АКШда, Европада 13–14 миң долларга чыгарылат. Кытайда чыгарылган кийим-кечектер, тиричиликтик товарлар дүйнөдө эң арзандардын катарына кирет. Ички дүң жыйымдын көлөмү ар өлкөдө ички баанын негизинде эсептелет. Ошондон улам Кытайдан кыйла аз товарларды чыгарган менен номиналдуу эсепте АКШныкы чоң көлөмгө айланат. Анын үстүнө АКШ ИДЖнын жарымын банктык операциялардан, баалуу кагаздардан, биржалардан ж. б. виртуалдык экономикадан алат. Алардын баалары туруктуу болбойт, аларды күндөлүк тиричиликке пайдаланганга да мүмкүн эмес. Эгерде экономикалык, каржылык кризис башталса, биринчи кезекте виртуалдык экономикадагылар кыйрайт. Материалдык экономикадагылардын баалары да өзгөрүүлөргө учурашы мүмкүн, бирок алар жок болбойт, азык-түлүк, кийим-кече, техника, тейлөө кызматтары ж. б. кандай учурда болбосун маанилерин жоготпойт, керектелет. Дагы кошумчалай кетчү нерсе, АКШ ири өлчөмдөрдө нефти, газды да экспорттойт. Кытай энергетикалык ресурстарды, чийки заттарды сыртка чыгарбайт, даяр продукцияларды гана сатат.

Ошентип 30 жылдын ичинде чет өлкөлөргө жалпы суммасы 6 триллион долларлык нефти, газды экспорттогонуна карабастан Россиянын экономикасы үч эседен ашыгыраак гана өсүптүр. Ал эми Кытайдын ички дүң жыйымынын көлөмү 40 эсеге көбөйүптүр. 1978-жылы Кытай дүйнөгө 20 миллиард долларлык товарларын экспорттосо, ал азыр 4 триллион долларга жакындап калды. Мына ушулар жөнүндө окуганыңда алгач, булар жомоктогулардан эмеспи?- дегендей ой кетсе, Кытайда курулуп, чыгарылып жаткандарды эстегенден кийин чындыгына ишенип, эмгекчил элге, анын акылман жетекчилерине урматың арта түшөт. Бир кыстырма жасасак, биз азыр ички дүң жыйымдын көлөмү боюнча Кыргыз ССРинин 1990-жылдагы көрсөткүчүнө жеттик, бирок аны ар адамга бөлө келгендеги үлүшү боюнча жарымына да жете элекпиз. Ал эми Кытай ИДЖны ар адамга бөлө келгендеги көрсөткүч боюнча Россиядан да озуп кетти.

Кытай азыр электромобилдерди, электрондук товарларды чыгаруу боюнча дүйнөнүн лидерине айланды. АКШдагылар, Европадагылар чындап козголгуча, кытайлыктар алардын бул жааттагы базарларын ээлеп алчудай болуп баратат. 1950-жылдарда америкалыктар жапондор автоунааларды чыгарып жатышыптыр дегенди угушканда, “ушул япошкаларга машине чыгарганды ким койду экен” деп шылдыңдап күлүшсө, 1970-жылдарда жапондордун машиналарынан рынокторун чектөөлөрдү, жогорку өлчөмдөрдөгү пошлиналарды киргизүү аркылуу араң коргоп калышкандай окуяларды, ХХI кылымда Кытай кайталаганы жатат.

Си Цзиньпинь марттын үчүнчү декадасынын башталышында Москвага мамлекеттик иш сапар менен келгенинде В. Путин: “Акыркы жылдарда Кытай өнүгнүүдө аябагандай чоң секирик жасады. Биз силерге суктанабыз” деди эле, Кытайдын лидери “биз социалисттик системанын артыкчылыктарын пайдаланып жатабыз” деп гана жооп берди. Аны менен “башаламан саясат жүргүзө бербесеңер, силер деле өнүкмөксүңөр” дегенди айткысы келди окшойт.

Пандемия убагында “айыкпаган бир да адам калмайынча, чектөө алынбашы керек” деген катаал саясаттан улам 2020–2021-жылдарда Кытайдын экономикасынын өнүгүүсү 4–5 пайызга түшүп кетти. Ага чейин 9–12 пайыздан болуп келген. Элестүү айтканда, Кытайдын жылда кошумча өндүргөндөрүнүн көлөмү эле Россииянын ИДЖсына барабар. Чектөөлөр алынгандан кийин Кытай кайрадан динамикалүү өнүгүү жолуна түшүүдө. Алдыдагы 30 жылда Кытай экономикасынын көлөмүн дагы 40 эсеге көбөйтө алабы? Анын жарымынча көбөйсө деле АКШ менен Еврошериктештикти бириктирип артка калтырып кетиши мүмкүн.

Мына ушундай супер гиганттын бизге жакын кошуна экени — ​өзүнчө потенциалдуу чоң мүмкүнчүлүк. Биз ал мүмкүнчүлүктү туура пайдаланууга аракет кылуубуз гана керек.

 

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: "Жаңы Ордо"