Бишкек, "Саясат.kg". Кыргызстан коңшу боордош өлкөлөрдүн жеринин бир сантиметрин да тартып алган эмес.

Союз тарагандан кийин 15 республика тең эгемендүүлүгүн жарыялап, коңшулаш жашаган элдер узакка созулган чек ара көйгөйүнө туш болушту. Чечилбеген чек ара маселелери кээде кылымдардан бери келе жаткан бир туугандык, маданий мамилелерди чийип таштоодо. Кээ бир көз карандысыз эксперттер   өздөрүнүн компетентсиздигинен, дос жана кошуна элдердин тарыхый байланыштарын билбегендигинен улам, чагымчыл аракеттери менен ансыз да кооптуу абалда турган чек ара кырдаалын курчутуп, элдерди тирешүүгө алып келүүдө. Тилекке каршы, мындай эксперттердин компетентсиз билдирүүлөрү жана басылмалары коңшу мамлекеттердин бири-бирине болгон жек көрүүлөрүн, баскынчылык аракеттери менен уятсыз мамилелерин  жаратууда. Эгер тереңден, объективдүү карай турган болсок Кыргызстан коңшу боордош өлкөлөрдүн жеринин бир сантиметрин да тартып алган эмес.

Өзбекстандын 1924-1929-жылдардагы  административдик бөлүнүшүн жана тарыхый картасын карап көрөлү. Ал кезде Исфара менен Ворух, ошондой эле Ходжент өзбектердики болгон.

Ошол жылдардагы Өзбекстандын картасында Кыргызстандын чегинде азыркы Баткен облусунун аймагында Өзбекстандын эки анклавы даана тартылган. Булар Сох жана Ворух. Бул карталардан Ворух 1924-жылдан 1929-жылга чейин өзбек анклавы, 1929-жылдын аягынан азыркыга чейин тажик  анклавы болгонун түшүнүү жана билүү үчүн атайын адис болуунун  деле кажети жок.

Айрым тажик эксперттери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо үчүн жападан жалгыз мыйзамдуу негиз катары таңуулоого аракет кылып жаткан 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык делимитациясынын материалдарына келсек, мында эч кандай мамлекеттик чек араны делимитациялоонун олуттуу, юридикалык негиздери жок экендигин төмөнкү бир катар себептерден  улам баса белгилей кетүү керек.

  1. 1927-жылдын 25-январындагы N4 Протоколунун 3-пунктунун корутунду бөлүгүндө  төмөнкүдөй олуттуу эскертме көрсөтүлгөн: «Атайын париттеттик коммиссия тарабынан аларды натуралай тактоо жолу аркылуу чек араларды сыпаттоо сунушу менен СССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумуна киргизилсин». Мындай эскертме, Орто Азия Ликвидкомитети тарабынан бекитилген чектердин сыпатталышы пландоо жана картографиялык материал менен байланыштырылбастан, өтө жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен жүргүзүлгөндүгү менен түшүндүрүлөт.
  2. СССР Борбордук Аткаруу Комитетинин паритеттик комиссиясынын ишинин жыйынтыктары боюнча - 1927-жылдын 4-майындагы жана 8-июнундагы токтомдору, айрым административдик-территориялык бирдиктер жана калктуу пункттар РСФСРге жана Өзбек ССРине таандык экендигин белгиледи. СССР Борбордук Аткаруу Комитетинин 1927-жылдын 4-майындагы токтомунда  картографиялык тиркемелер жок экендигин эске алып, башкача айтканда, аныктоочу жөнгө салуу предмети жок болгондугу үчүн, ошол жылдагы паритеттик комиссия чек араларды белгилөө жана сыпаттоо иштерин атайын комиссиялар менен  жүргүзүүнү сунуш кылган.

Ошентип, СССР Борбордук Аткаруу Комитетинин республикалар ортосундагы чек ара сыпаттамасын  бекитпегендигинин себебинин түшүндүрмөсү  төмөндөгүдөй  болушу мүмкүн:

- комиссиянын компетенциясына чек ара боюнча талаштуу маселелерди чечүү маселеси кирген, ал эми чек араны сыпаттоону ишке ашыруу үчүн көп убакыт талап кылынып, бөлүнгөн 30 күндүн ичинде муну ишке ашыруу мумкүн эмес эле. Ушуга байланыштуу, СССР Борбордук Аткаруу Комитети талаш чек ара маселелерине 3 жылдык мараторий киргизген.

- 1927-жылдын 4- майындагы СССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумундагы токтом бири-бирине карама-каршы келген нормаларды камтыйт. Алсак, токтомдун 5-пунктунда Кыргыз АССРнин аймагында РСФСР менен Өзбек ССРнин ортосундагы чек ара маселесин биротоло императивдүү тартипте жөнгө салган, ошол эле мезгилде убактысы бүткөн учурда өзгөртүүсунушун киргизүүгө боло турган 3 жылдык мөөнөттү камтыган норманы орнотот. Мында токтомдун 5-пунктунда каралган норма 3 жылга эсептелген, башкача айтканда жакынкы 3 жылга шарттуу гана чек коюлган (тактап айткандаРСФСР менен Өзбек ССРнин ортосундагы чек ара маселеси ачык боюнча калган).

Бул жерден, 1927-жылдын 4-майындагы СССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумундагы токтомду РСФСР менен Өзбек ССРнин ортосундагы чек ара маселесин жөнгө салды деп эсептөөгө болбосун түшүнүүгө болот.

Келтирилген фактыларга таянып, РСФСР менен Өзбек ССРнин ортосундагы, анын натыйжасында Кыргыз ССРи менен Тажик ССРинин ортосундагы чектин бекитилгендигин тастыктоочу документтердин жоктугу, республикалар ортосуна чек коюу, ошол мезгилдеги айыл чарба ишканалары уюштурган, жерлерди өздөштүрүү жана сууну пайдалануу, калк жайгашуучу аймактарды куруу жана административдик-аймактык бирдиктерди түзүү  принциби аркылуу гана жүргүзүлгөн деген жыйынтыкка келүүгө болот.

СССРдин Конституциясында талап кылынгандай Орто Азиядагы пайда болгон  жаңы мамлекеттик түзүлүштө, мурунку Түркстан аймагында улуттарга бөлүнүү мезгилинен баштап  Кыргыз ССРи менен Тажик ССРнин ортосуна чек орнотулган  эмес. 1927-жылдын 4- майындагы СССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумундагы токтом мамлекеттик чек араны толук түрдө юридикалык жактан жөнгө салган жок, ал чек араны бүтүндөй көлөмүн  аныктоочу акт эмес,  делимитация жана демаркацияны тереңдетип талкуулоонун  предметин жөнгө салбайт.

Жогоруда аталган актынын жеткилең эместигин тараптар иш жүзүндө моюнга алышкан жана ал  Тажик ССР Министрлер Советинин  1990-жылдын 12-январындагы кабыл алынган токтомдорунда чагылдырылган. Ал жерде эки республиканын Паритеттик комиисиялары  түзгөн  Кыргыз ССРи менен Тажик ССРинин ортосундагы чек араны өзгөртүү сунушу жана аны эки республиканын өкмөттөрүнүн макулдашылган картографиялык материалдарына ылайык коюу тууралуу айтылат. Мындан, тараптар мамлекеттик чек араны иш жүзүндө түзүлүп, буга чейин берилип калган жерлерди эсепке алуу менен  макулдашкан деген тыянак чыгарууга болот.

Баарына белгилүү болгондой, Паритеттик комиссия даярдаган материалдардын негизинде 1989-жылдын 29- сентябрындагы  “Кыргыз ССРи менен Тажик ССРинин ортосуна чек коюу тууралуу Кыргыз ССРи менен Тажик ССРинин макулдашуусуна” Кыргыз ССРнин Министрлер Советинин председатели (төрагасы) А.Жумагулов жана Тажик ССРнин Министрлер Советинин председатели (торагасы) И.Хаевдин колдору коюлуп, андан кийин  макулдашуу Тажик ССРнин Министрлер Советинин 1990-жылдагы 12- январдагы №10- токтому менен жактырылган.

Мындан сырткары, 1996-жылдын 12-июлундагы Кыргыз Республикасынын жана Тажик Республикасынын ортосундагы мамлекет аралык мамилелердин негизи тууралуу Келишиминин 1-беренесине ылайык “Макулдашкан Жогорку Тараптардын ортосундагы мамиле аймактын жана чек аранын  бүтүндүгүнө жана эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларынын негизинде түзүлөт” деп көрсөтүлүп турат.

Аталган Келишимдин 18-беренесинде – “Бул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп, эки тараптуу маселени комплекстүү кароо боюнча алардын кыргыз-тажик өкмөт аралык Комиссиясын түзүү жөнүндө Протоколго  кол койгондугу  болуп эсептелет”- деп айтылат.

Ошентип, тажик тарап эл аралык келишим түзүү жолу менен   сууну  жана жерди пайдаланууга ылайык болгон жерлерге  мамлекеттик  чек араны   орнотууга  макул болгон.

Иш жүзүндө ушуну менен Тажикистан Республикасы 1924-1927-жылдардагы кыргыз- тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча  документтерди колдонуудан  баш тартты.1924-1927-жылдардагы улуттук – аймактык бөлүнүү боюнча материалдар, дал ушул чек аранын административдик- аймактык  жөнгө салынбагандыгы, бардык жер талашуунун себепкери жана акыркы жылдардагы бир нече республикалар ортосундагы Паритеттик комиссиянын түзүлүшүнө алып келгендиги үчүн, делимитациялоого укуктук негиз боло албасы жана эл аралык-укуктук мүнөзгө ээ эмес экендиги  ачык көрүнүп турат.

Акыркы жылдары Лейлек районунун территориясынын бир бөлүгү кезинде Тажикстандан Кыргызстанга өткөрүлүп берилген имиш деген калпты айтып, тажик тарап улуттук-аймактык бөлүнүү боюнча комиссиянын чечиминин негизинде  азыркы Баткен районунун жана мурунку Лейлек  волостунун  (Лейлек районунун Катраң жана Лейлек айыл өкмөтү) 1924-жылы Өзбекстандын Фергана областынан, ал эми калган бөлүгү 1926-жылы Өзбек ССРнин Самарканд областынын  Ходжент уездинен бөлүнүп чыкканы тууралуу архивдик документтерде жазылган тарыхый обьективдүүлүктү бурмалоого аракет жасап жатат.

Ходжент округу Өзбек ССРнин Самарканд областынан бөлүнүп, Тажик ССРнин курамына 1929-жылдын аягында гана кирген.

Бул жерден Баткен дагы Лейлек дагы Тажик ССРинин курамында бир дагы күн болгон эмес жана тажиктер Өзбек ССРинин түздөн-түз мураскору Өзбекстан турганда мурда берилген жерлерге мураскорлук  кыла албайт деп баса белгилеп кетсек болот.

Төмөнкү жагдайларга дагы көңүл буралы:

1991- жылдагы КМШны  түзүү жөнүндөгү Макулдашууга, 1991-жылдын 21-декабрындагы жана 1994-жылдын 15-апрелиндеги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин  чек араларынын  суверинитетин, аймактык бүтүндүгүн жана кол тийбестигин  сактоо жөнүндөгү Москва Декларациясына ылайык, тараптар бири-биринин аймактык бүтүндүгүн жана коюлган чек аранын бузулбастыгын таанууга жана сыйлоого макулдашышкан. Бул документтер эч кандай эскертмесиз Тажик Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын башчылары тарабынан кол коюлуп, иш жүзүндө бекитилген жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын өтүү линиясын тааныган.

Бул позицияны “Тажик Республикасынын чек арасы жөнүндө” Тажик Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Тажикистан Республикасы мурдагы СССРге карата жарыяланган укук мурастоосунун  негизинде ушул Мыйзам күчүнө кирген күнү эл аралык келишимдерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын администрациялык- аймактык делимитациялоо жөнүндө актыларында белгиленген мамлекеттик чек арадан өтүүнү ырастайт. Тажикистан Республикасы жана ССРдин мурунку башка  Союздук республикаларынын чек араларынын бөлүнүшөрү тууралуу да айтылат.

Келишимдерге карата мамлекеттердин мураскорлугу жөнүндө Вена конвенциясынын 11- жана 34-беренелерине ылайык, эгерде мураскорлуктун  өзүнө карата  келишимдик укуктарды токтотуу же өзгөртүү үчүн кандайдыр бир негиздер пайда болгон учурда дагы,  бул негиздер чек араларды өзгөртүү үчүн колдонулушу мүмкүн эмес деген тыянак чыгарууга болот.

1924-1927-жылдардагы материалдар ошол кездеги мыйзамдуу бекитүү процедурасынан өтпөгөнүн эске алып, бул документтерди тажик тараптын чечмелөө логикасына таянсак, Кыргызстан кыргыздар жашаган Мургаб жана Жергетал райондорундагы( жакын арада эле Лахш деп өзгөртүлдү)  3500 000 гектар жерди талап кылууга толук укуктуу.  Документтерде Памир автономдук областынын пайда болушу  Кара-Кыргыз автономдук областынын эсебинен, башкача айтканда Кыргызстандын эсебинен жазылгандыктан, бул райондордун аянты азыркы Тажикстандын аймагынын 31%ын түзөт.

Компетентсиз Тажик эксперттеринин чек ара маселеси боюнча архивдик материалдарды бурмалоосунун  ачык жана чыныгы себеби болуп өздөрүнүн  жарандарынын аң сезимин манипуляциялоо, тез аранын ичинде чогулган жана чечилбеген өлкө ичиндеги көйгөйлөр: күнүмдүк тиричиликке  зарыл болгон товарлардын танкыстыгы, тамак-аштын кымбатташы, өздүк гигиена товарларынын  жана күйүүчү-майлоочу материалдардын жетишсиздиги,  андан сырткары жумуш издөөгө аргасыз кылган сырткы миграция болуп эсептелет. 

Элди кыйнаган көйгөйлөрдөн алаксытуу үчүн, Кыргызстандын чек арасын атайылап бузуу, жана андан ары тереңдеп басып кирип ата-бабадан калган кыргыз  жерлерин  басып алуу максатында Тажикистан Кыргызстандын чек арасында үзгүлтүксүз куралдуу чыр-чатактарды уюштурууда.

Кыргыз элинин төгүлгөн канынан эйфорияда болуп тажик бийлиги чек арада дайыма коңшу мамлекетке өздөрүнүн күчүн көрсөтүп турууга чечим кабыл алышты.

Тоолуу Бадахшан Автономиялуу Областынын борбору Хорогдогу окуя жана кийинки элдик толкундоолор Тажикстандын жетекчилиги үчүн өлкөдөгү массалык нааразычылыктын болуусунун ыктымалдыгынан белги берет. Жетекчилик шашылыш түрдө митингди уюштуруучуларга каршы ушул күнгө чейин созулуп келе жаткан  катуу чараларды кабыл алды.

Элди чечилбеген көйгөйлөрдөн алаксытуу үчүн Тажикстан коңшу Кыргызстанга карата кайрадан   куралдуу кол салуу боюнча арам оюн   иштеп чыгууга  жана аны ишке ашырууга киришти. Ошентсе да мурунку “согуш операциясынын” негизги бөлүгү ишке ашты. Тажик эли  чагылгандын  соккусуна кабылгандай, чек ара көйгөйүнө кайрадан алаксып калышты. Бул болсо улут башчысына убактылуу болсо да тынч жана жайлуу жашоону  кепилдик кылат.

Эки боордош элди араздаштырып, алар бийликте түбөлүк кала албасы анык. Чек ара маселелери боюнча 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык  демаркациянын материалдарын пайдалануу зарылчылыгы жөнүндө тажик бийликтеринин сунушу боюнча ар кандай тенденциялуу басылмалар кийин Кыргыз ССРи менен Тажик CCPинин ортосунда бир нече паритеттик комиссиялардын түзүлүшү менен четке кагылган. Себеби  республикалар ортосундагы  чек ара маселелери биротоло чечилген эмес.

Ошентип, 1938-, 1939-, 1949-, 1958-1959, 1961-, 1969-, 1971-, 1987-1989-жылдары жерди пайдалануу маселелерин чечүү үчүн ар кандай деңгээлдеги макулдашуу же паритеттик комиссиялар түзүлгөн.

Мисалы, 1989-жылдын 15-июлундагы №217 Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин токтомуна ылайык, Кыргыз ССРи менен Тажик CCPинин ортосуна чек ара орнотуу сунушун иштеп чыгуу үчүн паритеттик комиссия түзүлгөн. Ал комиссияга жанаша  жайгашкан Кыргыз ССРи менен Тажик CCPинин  айыл чарба ишканаларынын ортосундагы талаш маселелерди карап чыгуу, республикалар ортосуна чек араны орнотуу  боюнча сунуштарды даярдоо жана аны Кыргыз ССРнин Министирлер Советинин  кароосуна  алып чыгуу боюнча   иштери тапшырылган.

 

Орунбай Ахмедов, тарыхчы