Баам-аналитика - (Экинчи макала)

Ушул жылдын 7-июлунда АКШнын президенти Джо Байден өлкөнүн жарандык эң жогорку сыйлыгы болгон “Эркиндик” медалын 17 адамга тапшырды. Араларында өлгөндөр да бар (маселен,  Вьетнам согушунун баатыры, мурда көп жылдар бою конгрессмен болгон Джон Маккейн), бирок калгандары көзү барлар. Араларында бир да мамлекеттик чиновник жок. Негизинен, укук коргоочулар, спортсмендер, диний кызматкерлер, кайрымдуулук жаатында иштегендер ж.б.

Ал эми бизде “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген наам уюштурулгандан бери 33 адамга ыйгарылса, алар негизинен мурдагы жана аракеттеги чоң мамлекеттик чиновниктер. Ишенбесеңиздер интернеттен карагыла. Араларында 5 жазуучу, 1 кинорежиссер, 3 хирург, 2 жумушчу гана бар. Алар жалпы сыйлангандардын үчтөн бирин гана түзөт. Экономиканы, маданиятты, социалдык тармакты эл алга жылдырып жатабы же күн тийген жердин күкүгү болуп, элдин эсебинен жашап келишкен чиновниктерби? Мурдагы чиновниктерди кийинкилери  сыйлай бергенден уялышпайбы. Көп болбосо да азыраак ыйман, уят-сыйыт деген да болуш керек да. Же прихватташтыруу мезгилинде аны да чет элдиктерге сатып жибергенбизби? Цивилдүү, демократиялуу өлкөлөрдө мамлекеттик чоң кызматтагылар  келишимдин негизинде “элге кызмат кылуу үчүн жалдангандар” катары каралса, бизде эмнегедир “Баатыр” катары эсептелет. Бизде баатырлыкка татыктуу укук коргоочулар, демократияны жайылткандар, ишкерлер, мугалимдер, меценаттар, кайрымдуулук иш кылгандар жокпу? Бар. Бирок, биздин психологиябызга советтик мезгилде калыптанган установкалар бекем орноп, баардык нерселерге ошол өңүттөн карап калгандыгыбыздан  жөн эле андай адамдарды көрбөй, субьективдүү себептерден улам көргүбүз келбей жатат.

Кыргызстанда демократия, калыстык үчүн Топчубек Тургуналиевдей күрөшүп, анын азабын да андай тарткан адам жок. Акаевди “убадаңды аткарбадың, өлкөнү коррупцияга батырып, элди азап-тозокко кабылттың, элди дагы кыйнай бербей кызматыңдан кет”-  дегени үчүн 4 жылдай түрмөдө жатты, майлуу-сүттүү кызмат берсе, ага да алданбады. Үй-бүлөлүк башкарууларга каршы аянбай күрөштү. Эл аралык эң абройлуу уюм тарабынан “Абийир туткуну” деген наамды да бир нече ирет алды.Административдик кармоолорго, камактарга кабылгандыгына эсеп да жетпейт. Андан кийин “Манасты” пропагандалоого баардык күчүн жумшады. Качан болсо чындыкты бетке айтып, душмандарын көбөйтүп гана келди. Алдан-күчтөн тайганда алдап кызматынан кетирип, ошол замат эстен чыгарып ташташты. Ооба, Топчукебиздин тили заар, ал жагынан башкалар түгүл аялына, туугандарына да жакпайт. Бирок, дарынын баары ачуу болот, сыйлык бергичтер ага карата жекече мамилелеринин комплексинде калбастан анын жарандык эрдигин, демократияга, маалымдуулукка кошкон салымын, принциптүүлүгүн эске алып, Баатырдык наамды беришсе, чыныгы калыстык болмок.

Ага азыркылар болбосо да кийинкилер Баатырдык наамды беришерин бөркүңүздөй көрсөңүз болот, бирок Болот Шамшиевдей кылып, алса да аны өзү көрбөй калсын  дегендей ичим таптык мамиле болуп жатканы гана өкүндүрөт. Эл атасы болом дегендер майда-чүйдө субьективдүү нерселерден жогору болуулары керек эле.

Улуттук медицинада Сабырбек Жумабековдой кеңири таанылган хирург жок. Ал практик гана эмес, дүйнөлүк ысмы бар чоң окумуштуу. Татаал операцияларды жасап, миңдеген адамдарды сакайтты. Россиянын Илимдер Академиясынын мүчөлүгүнө да шайланды. Ал эми Аскар Салымбеков он миңдеген адамдарды жумуш менен камсыз кылган чоң ишкерлиги менен чектелбестен, өзүнүн миллиондогон долларларын сарптап улуттук футболду сапаттык чоң тепкичке чыгарды. Чындыкты айталы, ал жеке өзү футболдү өнүктүрүүдө бир ведомстводон көп иштерди аткарууда. Меценаттык жагы да чоң сөзгө арзыйт. Өз каражатына жүздөгөн китептерди чыгарды, сүрөтчүлөрдү колдоду, жакында эле Баткенге 30 миллион сомго балдар бакчасынын имаратын куруп берди. Инсан катары да кынтыксыз жүргөн адам. Ал тапкан ташыгандарынын баарын чет өлкөлөрдөгү банктарга салган же жер төлөлөргө бекиткен сасык байлардан эмес, тапкандарынын сезилерлик бөлүгүн эл үчүн сарптап келаткан жан. Академик Бектемир Мурзубраимов түштүктөгү эки чоң ЖОЖду бутуна тургузду. Азыр материалдык-техникалык базасы жагынан ОшМУга Кыргызстандагы бир да ЖОЖ тең келе албайт. Канча факультети болсо, ошончо окуу корпусу, жатаканасы ж.б. кошумча жайлары бар. Алардын баары негизинен Б.Мурзубраимов ректор болуп турганда калыптанган. Ал өз ишинен башкага кызыкпаган жатакчы илимпоздордон эмес, чоң мамлекеттик ишмер, коомдук турмушка да активдүү катышып келаткан публицист. Шайлообек Дүйшеев улуу акын, ал алгач  саясый публицистикалык ырлары менен таанылып, оозго алынса, кийин чыгаан лирикке, мыкты котормочуга айланды. Анын айыл турмушу, табият жөнүндөгү лирикалык ырларын абсолюттук шедевр, кыргыз поэзиясынын бермети десек жаңылбайбыз. Ишенбесиңиздер жаңы чыккан 3 томдугун, котормолорун сатып алып, дыкат окуп көрүңүздөр. Ал улуттук адабиятыбыздын, тилекке каршы, азыр ооруп да жүргөн тирүү классиги. Ал убагында Ак үйдөгүлөрдү чучуктарына тийе турган макалаларды, какшыктарды жазган журналист да болчу. Эгерде Баатырдык наам жасаган иштеринин көбү элди нааразы кылган, инсан катары да эч кимдин ичин жылытпаган  мурдагы акчалуу чиновниктерге эмес, мына ушундай адамдарга берилсе, биз сүйүнмөкпүз.

Биздин жекече пикирибизче, улуулуктун деми бар Салижан Жигитов, Аман Токтогулов, Тургунбай Эргешов сыяктуу акындар  көздөрү барларында бааланышпады. Азыркылардан Өмүрбек Тиллебаев, Нуралы Капаров, Нурлан Калыбеков да оригиналдуу акындар. Акындык потенциалы жагынан Өмүрбек Тиллебаев жогоруда айтылган биринчи үчтүктөн калышпайт. Ал жакында соцтүйүндөргө “мени дайыма эле наамга көрсөтүшөт, бирок дайыма эле албай калуудамын” деген асиретин билдирди. Анын наамга илинбей калганына ал өзү гана эмес, аны акын катары баалагандардын баары капа десек жаңылышпайбыз. Проза жаатында көркөм ой жүгүртүү дегенди таптакыр билбегендер, чоң адабият жөнүндө түшүнүктөрү да жоктор “Эл жазуучусу” болуп жатканда, поэзияда чыныгы акын катары таанылгандарга жок дегенде жөнөкөй наамдарынан беришсе болбойбу? Бизде деги чылыктык-былыктык качан калат? Же наамдар, сыйлыктар Ак үйдөгүлөрдүн менчигиндеги өздөрүнүн тааныштарына гана таркатчу “токочторго” айланганбы? 

Кандай сыйлык болбосун аны ыйгарууда  компетенттүүлүк, максималдуу калыстык болбосо, анын аброю, таасири  акырындап биротоло жоголот. Бир мисал. Мурда өкмөттүк  эмес “Руханият” деген сыйлык бар эле. Бирок, ал бийликтегилерди, акчалууларды гана тейлеп жүрүп, аброю кетти, анан өзү да биротоло жоголду. Орустар айткандай, “туда ему дорога”. Биз өкмөттук эмес сыйлыктардын баары ошол жолго түшүп кеткенине көнгөнбүз, алардын бизге ысыгы да, суугу да жок. Бирок, бийликтин жүзү, абийири болгон мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарууда да компеттенттүүлүк, калыстык жетишпей жаткандыгы түшүнүксүз болууда. 

(уландысы келерки санда)

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: "Майдан. kg" гезити