Эки президенттин даректерине “жеңгендер соттолбойт” деген байыртан калган принцип толугу менен иштеди.
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев 2-августта Бишкекке келди. Ал бийликте турган 15 жылдын ичинде анын дарегине канчалык даңазалап, даңктоолор арналса, бийликтен кеткенден кийин жамандоолор да андан аз болбоду. Бирок, адилеттик үчүн айтуу керек, аны каралап, жамандоолордо экинчи президент Курманбек Бакиевдин дарегине айтылгандардай эле аргументсиз аша чабуулар, айрымдардын саясый кызыкчылыктарынан улам көбүртүлүп, жабыртылгандар да аз болбогондугун моюнга алууга тийишпиз. Эки президенттин даректерине “жеңгендер соттолбойт” деген байыртан калган принцип толугу менен иштеди. Жеңгендер жеңилгендерди аяшкан жок.
Аскар Акаев самолеттон түшөрү менен УКМКга келип, “Кумтөрдүн” иштери боюнча сурак берди. Аны дароо камакка алышпайт, жакындарына жолугушканга, көзү өткөндөргө куран окутканга убакыт бергенден кийин сурактар кайра улантылат, эгерде тергөө менен кызматташууга дилгирлигин билдирсе, ал аягына чыгарылганга чейин үй камагында калтырылат деп ойлойбуз.
Президент Садыр Жапаров мындан бир жумадай мурда жарыялаган постунда анын максаты элди бириктирүү экендигин жарыялаган. Же Кыргызстандын биринчи президенти бийликтегилер менен тымызын сүйлөшүп, шарттарын макулдашып алгандан кийин келди. Эгерде учактан түшөрү менен кармаларын билсе, ал келмек эмес. Жеке биздин биринчи президенттин Кыргызстанга келгендигине каршылыгыбыз жок. Адам кандай учурда болбосун өз мекенине келгенге укуктуу. Андан аркысы жагдайдын, саясый кырдаалдын иши.
Бирок, биринчи президенттин мындан аркы тагдыры кандай болот? Садыр Жапаровдун сырдуу билдирүүсүнө караганда, тергөө органдары Аскар Акаевди бир нече жолу суракка алып, акырында биротоло коё беришери толук мүмкүн. Аскар Акаев тергөө органдары менен гана кызматташпастан ЖМКлар аркылуу эл алдына чыгып, кемчиликтерин, жаңылыштыктарын мойнуна алып, кечирим сураса андан жакшы болмок. Бирок, ага анын эрки, духу жетеби? Тилекке каршы, ал Москвада жүргөндө “мен эч кандай кемчилик кетирген эмесмин, баардыгы туура болгон. Мен бийликте турганда Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу болгон эмес” деп жүрдү. Башкаларын танса да үй-бүлөлүк башкаруу болгондугун элдин баары билген соң, аны танбаса болот эле, аны тангандан баары бир абийир таппайт. Ал күнөөсүн бул жолу ал мойнуна алар бекен? Кыргызстанда биринчи президентти душманынан жаман көргөндөр да жетишерлик. Алар унчукпай калышабы же эртең анын камалышын же Кыргызстандан чыгып кетүүсүн талап кылып митингдерге чыгышабы? Андай болушу да ыктымал. Бирок, Акаевди чындап жекече мотивдер боюнча жек көргөндөрдүн катарлары күндөн күнгө суюлуп баратат. Азыркыча айтканда, алар азайып (тающий) жок болуп бараткан электорат. Кийинки муундагыларды Акаевдин келгендиги же кеткендиги чындап кызыктырбайт деле, аларга ысыгы да, суугу да жок.
Логикага ылайык, Акаевдин артынан экинчи качкын президент Курманбек Бакиевдин келишин да күтсөк болот. Бирок, анын абалы таталыраак, мойнунда 20 жылдан ашык түрмөлүк мөөнөтү бар, экс-президент деген макамдан да ажыратылган. Бирок, аны деле тергөө органдары менен кызматташтырып, “жетишсиз далилдер болбогонуна байланыштуу” мөөнөтүн алып салып, актап жиберүү деле өзгөчө маселе эмес. Сотторго тымызын ишарат болсо, аны заматта эле актап жиберишет.
Анын үстүнө 2010-жылы 7-апрелде Ала-Тоо аянтындагыларды атканга анын буйрук бергени далилденген эмес. Мамлекеттик №1-имаратка куралдуу кол салгандарды сакчылар кай жерде болбосун командасыз эле атышат. Акаевдин келишине жана Бакиевдин гипотетикалык келишине каршы болгондор да, жактагандар да жетишерлик. Бирок, коомдо кандай ажырым пикирлер, көз караштар болбосун алардын сыртта качып жүрбөстөн өз мекенинде сурак берип, күнөөлөрү болсо адилет жаза алгандары, күнөөлөрү жок болсо, акталгандары туура. Еклессиаста айтылгандай, “время разбрасывать камни, время собирать камни”. Бизге чачылгандарды жыйнаганга да убак келди.
Булак: “Майдан. kg” гезити