Бишкек, "Саясат. kg". Ушул жылдын 11-сентябрына чейин АКШнын аскерлерин чыгаруусу аяктайт. Андан кийин эмне болот?

Ооганстан жарым кылымга жакын убакыттан бери Азиянын гана эмес, бүткүл дүйнөнүн баш ооруусуна айланууда. Бул өлкөдө 1979-жылдан бери жарандык согуш токтой элек. Аны ылайыкташтырып, советтик системаны киргизүү үчүн СССР 10  жыл күрөшүп, 40 миллиард рублден (азыркы баасы 80 миллиард доллардай)  ашык акчасын жумшады, 13 миңден ашык жоокери өлдү, бирок  ал тынчтыкты, туруктуу бийликти  орното албады. 1995-жылы талибдер өлкөнүн ошол убактагы жетекчиси Наджибулланы асып өлтүрүшүп, 2001-жылга чейин Ооганстанды ээлеп алышты. 2001-жылы 11-сентябрдагы Нью-Йорктогу  эгиз небоскробду кыйратып, 3 миңге жакын адамдын өмүрүн алган теракттан кийин АКШ Ооганстанга шериктештери менен бирге өз аскерлерин киргизди эле, ал да өлкөдө туруктуу  тынчтыкты орното албай, эми аскерлерин чыгарып кетүүдө. Ушул жылдын 11-сентябрына чейин АКШнын аскерлерин чыгаруусу аяктайт. Андан кийин эмне болот?

АКШ Ооганстандын өкмөттүк аскерлерин куралдандыруу үчүн 70 миллиард  долларга жакын каражат жумшаптыр. Бирок, ал мамлекеттик бийликти күчтөндүрө албады, анткени өкмөттүк аскерлерге берилген курал-жарактардын көбү ар кандай жолдор менен эбак эле талибдердин колдоруна өтүп кеткен. Же куралдарынын сапаты боюнча талибдер  өнүккөн өлкөлөрдүн аскерлеринен калышпайт. АКШ аскерлерин чыгара баштагандан тартып, талибдер өз күрөштөрүн активдештирип, күндөн күнгө жаңы райондорду, провинцияларды ээлеп, Тажикстан менен Өзбекстандын чек аралары менен чектешкен аймактардын баарын  басып алышты. АКШ аскерлерин толук чыгарып кетсе, Ооганстандын азыркы президентин тагдыры да Наджибулланыкына окшоп калуусу мүмкүн болуп баратат.

Эгерде талибдер Ооганстанды толук ээлеп алышса, ал жер дүйнө жүзүндөгү ислам экстремисттеринин ордосуна айланып, алар Борбордук Азияда гана эмес, башка аймактарда да ислам халифатын орнотууга аракет кылганга өтүшү ыктымал. АКШ 2001-жылы  ошол убактагы дүйнөдөгү № 1-тероррист деп аталган Усама Бен Ладен Ооганстанга жайгашып, ал жерден 11-сентябрдагы терактыны уюштургандыгы үчүн аскерлерин киргизген. Россияны, Борбордук Азиядагы республикалардын жетекчиликтерин тынчсыздандырган мына ошол көйгөй  болууда. Анткени, алар өлкөдөгү бийликти басып алышса, башка аймактардагы, биринчи кезекте Борбордук Азиядагы ислам радикалдары да баш көтөрүшү  мүмкүн. Ошондуктан Россия Тажикстанга курал-жарактарды берүү менен гана чектелбестен талибдердин лидерлери менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Эгерде талибдер Ооганстанды ээлегенден кийин Борбордук Азияда ислам халифатын орнотуу  идеясынан баш тартып, тынчтыкта жашоого убада беришсе, калганы бизди чындап кызыктырмак да эмес. Калганы Пакистан менен Ирандын көйгөйлөрүнө айланмак. 

Биздин оюбузча, АКШ аскерлерин толук чыгарып кетсе, талибдердин Кабулду ээлөөсү убакыттын эле иши. Анткени, Ооганстандын өкмөттүк аскерлеринин арасында талибдерге жан тарткандар ашыгы менен жетишет. Эки улуу держава чече албай койгон Ооганстан маселесин Борбордук Азиядагы республикалар менен бирдикте Россия чече алабы? Ачыгын  эле айталы,  чечиши күмөн.

СССРдин убагында Ооганстандын калкы 16-17 миллиондун тегерегинде болсо, азыр 40 миллионго жакындап калды. Тынымсыз жарандык согушка карабастан өлкөнүн калкы тездик менен өсүүдө. Азыр анда ар кандай эсептер боюнча 8-10 миллион тажик, 3-5 миллион  өзбек  жашайт. Жакында этникалык өзбектердин лидери Абдурашит Дустум маршал наамына ээ болду. Мына ошол ири этникалык топтор өз алдыларынча көз карандысыздыктарын жарыялашып, Тажикстан менен Өзбекстанга ыктаган сырткы саясат жүргүзгөнгө өтүшсө, анда Борбордук Азиядагы республикалар үчүн Ооганстан маселеси жеңилдемек.  Борбордук Азия республикалары үчүн "санитардык кордон" түзүлмөк. Жаңыдан пайда болгон ал өлкөлөргө Россия, Түркия, АКШ  ж.б. саясый, экономикалык  жана курал-жарактардан активдүү жардам көрсөтүшсө,  талибдердин коркунучу биздин чек аралардан кыйла алыстамак. Бирок, тилекке каршы, талибдердин өзөгүн пуштулар менен урдулар түзсө, алардын арасында тажиктер менен өзбектер да аз эмес. Азырынча алардын арасында сепаратисттик кыймыл байкала элек. Ага караганда эмне деген менен Ооганстанда ички бийликти, экономикалык, каржылык ресурстарды  адилет бөлүштүрүү  бекем сакталат окшойт. Абдурашит Дустумга өлкөнүн тарыхында  үчүнчү  болуп маршал наамын ыйгаруу да ошондон болушу мүмкүн. Тилекке каршы, “санитардык кордон” түзгөнгө  АКШ, Россия, Кытай сыяктуу сырткы  таасирдүү  оюнчулар да кызыкдар эмес.  Жаңыдан өзбек, тажик мамлекеттеринин пайда болуусу алардын кызыкчылыктарына ылайык келбейт.

Ооганстанда тынчтык, туруктуу бийлик орносо, экономикалык жактан Борбордук Азия республикалары үчүн чексиз мүмкүнчүлүктөр ачылмак. Алар өз товарларын дүйнөлүк океандардын жолуна түз чыгарууга мүмкүнчүлүк алышмак. Бирок, тилекке каршы, Ооганстандагы көп жылдардан бери токтобогон жарандык согуш, дүйнөдөгү эң таасирдүү күчтөрдүн анын айланасындагы оюндары ал мүмкүнчүлүктү жокко чыгарууда. Андан Ооган эли гана эмес, ага чектеш элдер да жабыр тартууда.

 

Тынчтыкбек  Бешкемпиров