Бишкек, "Саясат.kg". Депутат К.Иманалиев өз оозуна ээ боло албай калганы билинип турат...

Кыргыз элинде ата-бабабыз айткан бир кеп бар: “Кыз жаманы кыроо, уул жаманы басып жаткан кара балээ”. Бул сөздүн мааниси түшүнгөнгө өтө терең, түшүнбөгөн кишиге айтылган бир кеп.

Мен бул сөздү атайын келтирдим. Жакшы уулду  болсо, уулу эл керегине жараган эл уулу болуп эр жетсе ата-эне сыймыктанган, эли кубанган. Эпадам уул начар чыгып калса, элин уятка калтырып, ата-энесине наалат айтылган.  “Төрөткөн  атаңа наалат, төрөгөн энеңе наалат”, - деп эл жерге түкүргөн. Кыргыз ушинтип уулдарын тарбиялап келген...

Тарбиялуу уул элинин эртеңине кам көргөн, керек жерде башын сайып, эли-жерин коргогон. Эли-жери үчүн башын баталгыга коюп, жоопкерчиликти толук мойнума алам деген уулдардан кыргыз элинин уучу бүгүн да куру эмес.

Бүгүнкү кыйсыпыр түшкөн кыргыз турмушунда Садыр Жапаров “баардык жоопкерчиликти өз мойнума алам, колум менен кылганды, жонум менен көтөрөм, элимдин эртеңки бакубат турмушу, ынтымак биримдиги үчүн башымды сайып иштейм, мүмкүнчүлүк бергиле”- деп агынан жарылып, азаматтык иш кылайын деп жатса, туш-туштан тап берген чагымчылдар, элди жер-жерге, региондорго жиктеп бөлгөндөр көбөйдү, чөө сымал топтошкондор арбыды, күнөөсү жок тынч жаткан ата-энесине наалат айттырган “жаман уулдар” пайда болду. Ушундай “кара балээ баскан” жаман уулдардын бири Каныбек Иманалиев болду.

Каныбек, сен эмне үчүн элди регион-регионго бөлүп атасың? Сен Садыр менен болгон маселеңди көлдүктөргө тийишпей өзүң чечпейсиңби?

Көлдүк аксакалдарга, жалпы көлдүктөргө кайрылуу жолдогудай сен кимсиң? Көлдүк деп бөлгөнгө сениң кандай акың бар, көлдүктөргө, жалпы эле кыргыздарга карата котур ташың койнуңда болсо, ал сенин жеке проблемаң, эгерде “тоодон көкжал түшсө, айылдын короочу иттери биригет, бири көрүп үрсө, калганы көрбөй эле улуп-уңшуп үрө берет”, - болуп, сени Садыр Жапаровго каршы тукуруп аткандар болсо, бул дагы силердин проблемаңар, тынч жаткан элди тынч койгула, элди жер-жерге бөлгөнгө далбас урбагыла. Кыргыз эли, өзгөчө көлдүктөр, силердин  провокацияңарга илинбейт. Сенин жана сени куйткулап жаткандардын максатыңар эмне?

Макул, сенин оюң боюнча Садыр Жапаров “тентек уул” экен. Сен өзүң кандай неме экендигиңди, жай-дүйнөңдө кандай “курт” бар экендигин “рентгенден” карап көрчү, башкасын айтпай, сенин бир эле жүрүшүңдү айтайын. Сенин ушул абалга жетишиңе эң алгач ким шарт түзүп, Ак үйгө ким алып келди эле, “Учкунду”, типографияны ээлеп алганга ким мүмкүнчүлүк берди эле? Сен ошол кишини - Аскар Акаевичти эмне кылдың?

Экинчи маселе, сенин өзүңдүн  жеке принцип, позицияң барбы, партиялык принцип дегенди түшүнөсүңбү? Бир партиядан чыгып, экинчи партияга кирип, андан чыгып үчүнчү партияга тийип-чыгып жүргөн адамды кыргыздар эмне деп айтышчу эле, “саясий сойку” дечү беле, мен билбейт экенмин. Кара самындын алкындысындай жылмышчаак адамды эмне деп айтышат?

Эгер Каныбек Иманалиев Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин колтугунда жүрүп, сүймөнчүгүнө айланып жана Ак үй аркылуу байлык топтоп, мансапка жетишсе, Садыр Жапаров ак жеринен жалган, жасалма жалаа жабылып түрмөдө отурган, аз жерден мамлекетибизди жок кылып жибере жаздаган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин заманында камалып, көрбөгөн азабы, кыйынчылыгы калбады, азап-тозокту жон териси менен сезди. Андыктан Ак үйдөн жем жеп сайрандап шапар тээп жүргөн сен сыяктуу адам менен саясый репрессияга кабылган Садыр сыяктуу саясатчылардын да айырмасы, мекенди сүйүүсү асман менен жердей экенин түшүнөсүңбү?

Садыр Жапаров ошол ак жеринен камалгандан, “Кумтөр”, “Мегаком” маселелерин көтөргөндөн тартып бир гана көлдүктөрдүн эмес, жалпы кыргызстандыктардын сый-урматына татыган уулуна айланган. Ал эми 4-октябрда өтө ыплас өткөн парламенттик шайлоодо нааразы болгон жаштар Бишкекте бийликти кулаткандан кийин, Кыргызстанды башкара турган же жалпы элдик Лидер керек болуп турган учурда көпчүлүк дал ушул Садыр Жапаровду тандап алышып, улуттук лидер катары таанышкандыгын билбей калдыңбы? Ал күнү сен жана сен сыяктуулар кайсы түпкүрдө элеңер?

Бир айга жакын убакыт президенттин милдетин, өкмөт башчылык кызматты аркалаган кыска убакытта Садыр Жапаров өлкөбүздү башаламандыктан сактап, укуктук талаага кайтарып, түз жолго сала албадыбы. 2010-жылы силер ушундай кыла алдыңар беле, кан төгүүнү токтото алдыңар беле? Ошондой эле анын чечкиндүүлүгү, эрктүүлүгү менен  мамлекетибизди 28 жылдан бери талап-тоноп келаткан далай коррупционерлер жеген-ичкенин “кусуп” жатышпайбы! Эң негизгиси Садыр Жапаров бул аралыкта өзүн Кыргызстандын, жалпы аймактарындагы элдин үмүтүн актап, мамлекетибизди өнүгүү жолуна сала ала турган башчы боло тургандыгын далилдей баштады, эркин көрсөтө алды,  жеп ичкендердин чекесине чыккан чыйкан, тамагына тыгылган сөөк болду. Эркиндикте сайрандап  жүргөн сен ушундай боло алдыңбы?

Артында калбыры жок, баскан изи таза сенден башка бирөө көлдүктөргө кайрылса да мейли дейт элек. Кыргызга кыянаттык кылган, кыргыз элинин дөөлөтү болгон “Манас” эпосуна каршы чыккан, жайсаңчыларды колдогон, тилинен чаң чыккан Иманалиевдин акылдуусунуп кайрылышын кандай деп түшүнсөк болот? Кыргызстанды, анын ичинен көлдүктөрдү бөлүп  кайрылып жатканын, эмнени билдирет? Кыргызстандын жаштарынын “Жети облус биримдиги” деген коому, жалпы кыргыз жаштарынын биригүүсү Каныбектин куйкасын куруштуруп, бөлүп-жаруу аракети болуп жаткан жокпу? Каныбек, аксакалдарга кайрылып, элди бөлүп-жарбай, эсиңе кел!

Каныбек, сен көп жетекчилердин билимин санап өтүпсүң. “Билимдүү” жетекчи сөрөйлөр  “билимин” кыргыз элине тетири пайдаланып, ага-тууган, дос-тамыр, куда-сөөк, тааныш-билиш, жада калса арабакеч-шоопурлары менен бирге эл-жерибиздин байлыгына кол салышып, өлкөбүздү бүгүнкү сазга батырганын билбейсиңби? Билимдүүсүнгөн сен дагы майлуу үлүштөн кур калбагандыгың белгилүү боло баштады. Крокодил Нарын дарыясында эмес, сенин койнуңдан баш баккансыйт. Дипломдуу эле киши билимдүү эмес,  дипломдорду сатып алгандар канча, билим элим деп соккон жүрөктө жана нукуралуулукта! Бир дагы мурунку президенттер “өлкө таланып-тонолуп жатат”- деген эмес. Алар талап тоногонго аракет кылган. Садыр келгенден баштап, элдин камын көрүүдө. Көлдүн сен санап өткөн Акелери: Карга, Мойт, Сарт, Тилекмат, Садыр, Карач, Кыдыр акелер бүт дипломсуз болушкан. Бирок алардын жүрөгү “эл” деп соккон, элдин ынтымагы деп соккон, нукура билимдүү болушкан. Ошондуктан “Аке” деген наамга татышкан. Садыр Жапаров ушул акелердин урпагы...

Кыргыздар айтат: “Эсиң барда этегиңди жап, жан жериң көрүнүп калат”,- деп...  

Сыртбай Мусаев