(Публицистикалык драма: газеталык варианты)

Москва. Кафе. Аппак жабуулар менен жабылган столдор. Үстүндө, так ортодо зор люстра жаркырап күйүп, көз жоосун алат. Терезеден, араактан Кремль көрүнүп турат. адамдар аз да эмес, көп да эмес. Дээрлик орус улутундагы кишилер. Кафенин капшыт жагындагы столдордун биринде кыргыздын ак калпагын кийген, жашы элүүнү ортолоп калган мурутчан бир киши жалгыз тамак ичип отурат. Бир аз өтпөй дагы бир отуздар чамасындагы кыргыз жигит эшиктен кирип, төр жактагы бош турган столго барып көчүк басат. Жигит кафенин ичине тегерете көз чаптырып, эки жагын каранып, бир аз отурат да, эмелеки капшытта тамактанып отурган кыргыз калпакчан адамга акырын басып келет:

Жигит: - Атсалоом алейкум, аба!

Киши: - Алейким салам!

Жигит: -  Кечириңиз аба, кыргыз экенбиз, жаныңызга отурсам болобу?

Киши: - (маңдайын көрсөтүп) Болот, болот иним, болбой анан, мархабат. Кыргызстандансыңбы?

Жигит: - Ооба, аба,  Ысык-Көлдөн болом. Бул жакка келгениме 5 жылдай болуп калды. Мигрантмын. Өзүңүз Кыргызстандын кайсы облусунансыз?

Киши: - Мен кытайлык кыргызмын, иним. Кытайдын Кызыл-Суусунан болом.

Жигит: - Оо, кытайдансызбы? Тууган турбайбызбы, кандай тагдыр менен Москвага  келип калдыңыз? Кечириңиз, ысымыңыз ким болот?

Киши:  - Боромбай, а өзүңдүкүчү?

Жигит: - Жаныбек.

Боромбай: - А, жакшы, Жаныбектин жаны бек, Жаныбектин малы көп дегендей, аман бол, бай бол иним.

Аңгыча столго официант кыргыз аял келип калат, Жаныбек тамакка заказ кылат. Эки кыргыз чогуу тамактанып, экен-токон бири-бирине кеп таштап, дасторкон үстүндө жай сурашуу уланат.

Жаныбек: - Кыргызстанда болуп турасызбы?

Боромбай: - Болбой анан, ат тезегин кургатпай эле барып турам. Ээ иним, Кыргызстан деген бассам-турсам менин санаамда го. Бишкекте болом, түндүк-түштүктү кыдырам.

Жаныбек:  - Бизнесиңиз бар го, же балаңыз окуйбу?

Боромбай: - (борштон уурттап) Бизнесим деле жок. Окуп-чокуган балам деле жок. Жөн эле “азаттыкка чыккан эгемендүү кыргызым кандай жатат экен, дуулап жатабы же куурап жатабы”,- деп санаам чыдабай барып турам. Москвага да мигрант кыргызымдын турмушу  менен таанышайын деп келдим. Э-эх иним, несин айтайын, Кыргызстан менин кубанычым да, үмүтүм да, арманым да, сагынычым да…

Жаныбек: - Боромбай аба, мага саясатчыдай көрүнүп жатасыз. Кызыл-Сууда эмне кызматта иштейсиз?

Боромбай: - Кызыл-Суу туулган туурум. Иштеген жерим Үрүмчү. Журналда иштейм.

Жаныбек:  - Аа, эми түшүнүктүү болду, журналыңызга чыга турган макалага материал топтош үчүн жер кыдырат турбайсызбы. Журналист деген бир чети саясатчы да эмеспи. Ошон үчүн көйгөйлөрдү ойлоп, жүрөгүңүз ооруй берет турбайбы.

Боромбай:  - Ооба иним, көп нерсеге жүрөгүм ооруйт. Туура айтасың, саясатчымын десем да болот. Бүгүнкү заманда айрыкча, кыргыз баласына саясатчы болбой коюшка мүмкүн эмес.

Жаныбек:  - Кызыл-Суулук кыргыздын кайсы уруусунан болосуз, аба.

Боромбай: - Туура, кыргыз кепти “Жети атадан” баштайт да. бул көнүмүш сенде да бар экен, иним. Бирок мен бул сурооңо силердин Садырбай уулу Дооронбекче жооп берейинчи. “Менин уруум - кыргыз. Улутум да, уруум да, урааным да кыргыз”. Жаныбек, менин тек - жайым ушундай. Бери карачы, маселен, мен арасында жашаган кытай улутунда уруу деген жок. Мобу экөөбүз турган Москвада да жок. Мен баланча деген урууданмын деген түшүнүк кытай менен орустун аң сезиминде жашабайт. Булар мындай түшүнүктү байыркы архаика катары өздөрүнүн музейлерине, тарых-наамасына сактап койгон. Аларда, билсең улут деген гана түшүнүк бар. Ошон үчүн алар держава болуп, дүйнөнү башкарып турушпайбы.

Жаныбек: - Кечиресиз аба, урууңузду мен, сиз айткандай, көнүмүшүмдөн улам сурап койдум. Сиздин жообуңуз туура. Түшүнөм.  Бирок биздин өксүгүбүз ушунда, байыркы античный дүйнөгө таандык “уруу” деген архаиканы бүгүнкү аң-сезимибизге илээштирип, рухубузга уйгактай жабыштырып келатабыз.

Боромбай: - Илээштирип гана эмес, Саяк, Бугу, Сарбагыш, Кушчу деген сыяктуу уруулук түшүнүктөр суверендүү демократиялык мамлекет деген Кыргызстанда бүгүн активдүү түрдө жашап жатат. Уруулук түшүнүк бүгүнкү кыргыздын аң-сезиминин ажырагыс бир бөлүгү. Мына карачы, Кыргызстанда моңолдордун, чапкынчылардын, Солтонун, Сарбагыштын, Тейиттердин жан абашка уруулардын курултайлары, жыйындары өтүп келбедиби.

Жаныбек: - Ушуга мамлекет жол берип атат ээ. кытай улутунда ушундай уруу курултайлары өтө турган болсо, кытай бийлиги башыңды жулуп алмак ээ.

Боромбай: - Атып коет да. Бул деген өлкөнү байыркы уруулук архаикага, мифтерге, кан боюнча биригүүгө жетелеген, артка тарткан жаман нерсе да. А биздин Кыргызстанда ушундай уруулар коомдук бирикмелеринин башында интеллигенция туруп жатат го. Уюштуруучулар да, уруу ынтымак бирикмелеринин төрагалары да ошол интеллигенция өкүлдөрү, эски активдер эмеспи. Окуп да, көрүп да, угуп да отурабыз го.

Жаныбек: - Бизде жетилген интеллигенция жок деп бир кезде алиги курманжан датка энебиздин чөбөрөлөрүнүн бири академик Адышев айткан экен. Интеллигенция элди алга, прогресске сүйрөгөн локомотив болуунун ордуна, кайра уруулук бирикменин башчылыгына шайланып жатышса, жыргаган экенбиз да. ушинтип отурсак, биз кантип мамлекет болобуз. Моңолдордун, Солтолордун, саяктардын, Саруулардын, Бугулардын коомдук жыйын-уюшмалары жердештик ынтымак коомдору “Эл кызыкчылыгы”, “Мамлекет кызыкчылыгы”, “Өлкөнүн тынччылыгы” деген сыяктуу кооз фразаларды бетке кармаган менен түпкүлүгүндө, туугандарды колдоо, уруунун балдарын кызматка көтөрүү, мансапка, байлыкка, бийликке жетүү, керек учурда өкмөт, мамлекет башында тургандарга “элдин колдоосун” уюштуруп, ыңгайлуу учурдан пайдаланып, жеке кызыкчылыктарды жүзөгө ашыруу мүдөөсүн көздөйт. Менин ишенимимде Боромбай аба, Кырызстандагы жайнаган уруу уюшмалары мамлекетти ичтен бүлүндүрө турган жаман илдет. Мейли, адам жети атасын билсин, тарыхый эстутуму болсун. Айыл-апада тууганчылыктарын кыла беришсин. Бирок, облустун, республиканын, түндүк-түштүктүн ар кайсы райондорунан уруулук белги, кан боюнча кишилерди чогултуп, чоң-чоң жыйындарды өткөрүп, коомдук уруу союздарын түзүү бүгүнкү цивилизациялык өнүгүү жолуна жараша турган жосунбу, э айланайын кудай! Уруулук белгилер боюнча уюшмаларга тыюу салынат деп, өлкөнүн конституциясына жазыш керек, туура айтамбы?

Боромбай: - Бутага дал тийдиң иним. Эгерде Кыргызстаныбызды эртең  океанга чыга турган корабль десек, анда уруулук белгилер боюнча ар кандай уюшмалар, бирикмелер, кандаштардын курултайлары мамлекеттин кораблдин түбүн кемирип, тешик чыгарып жатканга тете нерсе. Ал тешиктен эртең суу кирип, кораблге коркунуч туулары менен эч кимдин иш ижок.

Жаныбек: - Ошол кораблдин түбүн тешкен уруулук келээрске конституциянын атайын статьясы менен капкан салуу керек деп айтпадымбы, аба.

Боромбай:  - А-ай ким билет, келээрсти капкан менен чаптырышпайт го. Не дегенде, ошол уруу уюшмалары өлкөнү башкарам деген партияларга, чоңдорго керек болуп жатпайбы. Уруулук келээрстерге бийлик партиялары кызыкдар. Маселе башка жакта, иним. Шайлоо учурларында бийлик ээлеринин партияларына коомдук уруу бирикмелери  таяныч болуп берет. партияларга өз уруусунун добушун жыйнап бере турган таасирдүү башчы адам керек болот. Ошон үчүн уруу ынтымактарынын башында амалдуу демагогдор, сатылгыч, кошоматчы, бийликтин акырынан жем жейм деген, тымызын жогору жактын заказын аткарган интеллигенция турат. Уруу уюшмалары мансапкорлорго бийлик креслосун бекемдөө үчүн керек. Ошон үчүн “келээрстерге” капкан салынбайт, Жаныбек баатыр.

Жаныбек: - Мамлекет кораблинин түбү тешилип жатканын эл ишенген партия башчылары, өлкө кожоюндары кантип көрбөйт? Жаңы президент Сооронбай Жээнбеков да көрбөйбү?

Боромбай: - С.Жээнбековдун жөнү башка. Ал түндүк-түштүк дегенди, бөлүнүп-жарылууну токтоткула деп жатпайбы. Сөз буга чейинки болгондор жана далдаадагы бүгүнкү кой терисин жамынган карышкырлар жөнүндө болуп жатат. Аларың тешиктерди көрүшөт эле, көрбөгөндөй алар ошончолук эле аңкоо дейсиңби? Булар ага көз жумуп коюшат. Аларга күнүмдүк гана жеңиш керек. күнүмдүк комфорт, күнүмдүк атак-даңк, бүгүнкү мансап, учурунда байып калуу, күндүк өмүрдүн түштүгүнө жорго минүү гана керек.  менден кийин корабль эмне болсо ошо болсун, жеке кызыкчылыгым менин сыйынган кудайым дешет аларың. Болбосо, ушунча жылдан бери оңолот элеңер го.

Жаныбек:  - Мамлекеттик кызматтарда туруш үчүн капчыгыңды эмес, калкыңды, менчигиңди эмес, мекениңди, коктуңду эмес коомуңду, урууну эмес, улутуңду ойлонушуң зарыл го, ыя аба.

Боронбай: - Ошондой болбогону үчүн Кыргызстанда эки жолу ыңкылап болбодубу. Ошондой болбогону үчүн падыша Атамбаевиң камалып отурбайбы. Бакиевиң сыртынан өмүр бою кесилбедиби. Өкмөтүңдүн башчысы Сапар Исаков дегениң, анын министрлери, төрагалары түрмөгө кетишпедиби, таможнянын башчылары кызматтарынан алынып, суралып жатышпайбы. Муну кайда катабыз?

Жаныбек:  -  Ишенген кожоң сууга акса, алды алдыңдан тал карма деген ушулбу?

Боромбай:  - Эй иним, сен укчу, Кыргызстандын мамлекеттик корабли азыр чоң океанга барып кошулчу кичине деңизде сүзүп баратат. Кораблибизде бир эле тешик эмес, түптөрүндө, капталдарында, байкасаң миң тешик, жылчыктар пайда болгон. Улуттук  кораблдин денесиндеги ал жылчык-тешиктерди башкаруучу мафия да, катардагы аңкоолорубуз да, өзүмдүкү дегенде өгүздөй кара күчүм бар деген эгоисттер, араанын ачкан түркүн жемкорлор, жеке менчик, алтын-күмүш деп акактагандар, мансапкорлор, баңгилер, аракечтер, сойкулар, кайдыгерлер, деги койчу, баары катышып жасашкан. Азыр Сооронбай Жээнбеков ошол көзөнөк жылчыктарды бүтөйм деп, тешиктерден жылжып кораблдин ичине кирип жаткан сууну чакалап тышка төгүп, кеме чөгүп кетпесин деп жандалбастап жатпайбы.

Жаныбек:  - Муну көрүп турабыз. Боромбай аба, Сиздин катардагы өзүмчүлдөрдүн, кайдыгерлердин да айыбы бар деген логикаңыз мени ойлонтуп койду. Көроокаттан башканы билбеген, бытовой деңгээлдеги катардагы пенделерибиз, эшмат-ташматтарыбыз  жарандык-патриоттук даражага көтөрүлбөй кууратып жатпайбы. Мен мындайларды өздөрүнүн баёолугу менен кораблде тешиктин пайда болушуна сүрөө болуп жаткан энөөлөр, маңкурттар деп айтат элем. Аларды мобул ыр саптары жакшы мүнөздөйт.

Амалданып, чоңдор берсе батасын,

Акыйкатты мылтык менен атасың.

Ата-журттун тагдырына түкүрүп,

Добушуңду бир кап унга сатасың.

 

Сен өңдөнгөн  айдамага кайсы сый,

Мансаптуулар таңып таштап көзүңдү,

“Дежур” кылып ар кай жакка айдактайт,

Эшек кылып токуп минет өзүңдү.

Боромбай: - Ошол добушун бир кап унга саткандар, ата-журттун тагдырын күнүмдүк жеке пайдасына алмашкандар, жанагинтип өзүң айткандай, калкын ойлобой, капчыгын ойлогондорду, улутун ойлобой уруусун ойлогондорду, жалпы кызыкчылыкка эмес, жакынына кызмат кылгандарды, калк үчүн күйгөндөрдү эмес, казына тоноону сүйгөндөрдү жондоруна мингизип, тайраңдатып тактыларга отургузуп, депутат кылып, вице, министр, төрага, башчы кылып алып, кайра ошолордун азабын тартып, коому менен кошо кокуйлап, оңколорунан  түшүп жаткандыктарын аңдап түшүнүп, көздөрүн чоң ачышса кана. Ашказандын кызыкчылыгынын алкагынан чыкпаган маңкурт, аны эшекче токуп минген галстукчан мансапкор - бул экөө тең мамлекеттин кораблиндеги тешиктер, суу кирчү жарака – көзөнөктөрдүн өзү. Чет өлкөлүк ниети кара миссионерлер ушундайларга таянып, иш кылып жатышпайбы.

Жаныбек: - Илгери бир акылман айткан экен, өзүнүн тулкусундагы язваларды ачып-аныктап, аларды өз убагында дарылай албаган коом өсө албайт деп. Илгери  ушул эле Москвалык философ Чаадаев: “Мен өз мекенимди көздү жумуп алып, колду куушуруп сүйгөнгө көнгөн эмесмин, биз россияга мындан ары чындык менен гана кызмат кыла алабыз”,- деген экен. Анын сыңарындай, сиз экөөбүз ачуу чындыктарды айтып отуралы. Кыргызга да бул керек. баса, Боромбай аба, каршы болбосоңуз бир жүз грамдашып койбойлубу. Буйрук экен, алыскы Москвадан жолугушуп калдык. Кыргыздын бир эки урпагы экенбиз, заказ берейин.

Боромбай:  - Э, берсең берчи иним. Экөөбүздө тең күйүт көп экен, ичибиздеги арманды кичине да болсо басалы.

Жаныбек официантты чакырып, ичкиликке заказ берет. Столдо закускасы менен бир чакан графин коньяк туруп калат. Жаныбек рюмкаларды толтурат.

Жаныбек: - Кана Боромбай аба, таанышкандыгыбыз үчүн (экөө коньякты алып жиберишет)

Боромбай: - (закускасын жутуп) Жаныбек иним, мен жана Кыргызстан менин күйүтүм, сагынычым, арманым деп бекер айткан жокмун. Биз Кытайда жатып алып, “эгемендүү кыргызым бар”- деп компое тартабыз. Ала-Тоону үмүт менен карайбыз. Болуп жаткандарга тикийип көз салып турабыз. Ийгиликтерди уксак, көрсөк кубанабыз, көкөй кескен көйгөйлөргө жаныбыз ачып, жакшылык болсо экен деп тилейбиз. Чаадаевдин сөзүн жакшы айттың. Бир акын “элимдин кемчилигин сындаганым, калкымды ошончолук сүйгөндүгүм”- деп жазыптыр. Мунун сыңарындай, Кыргызстаныбызды сүйгөндүгүбүздөн күйүт-көйгөйлөрдү ачык айтып жатабыз да. эми кара иним, жанагы мекендин калдайган кораблинин боорундагы тешиктерди ар кандай чет өлкөлүк миссионерлер, эл аралык геосаясий күчтөр, кай бир бейөкмөт уюмдар, койнунда котур ташы бар, демократиянын, “адам укугунун” терисин жамынган карышкырлар, түрдүү диндик агымдар, массалык маданияттын “вирустарын” таратуучулар да жасап жатышпайбы. Алар түпкүлүгүндө  биздин эгемендүү мамлекетибиздин  кемесинин ичи бара-бара сууга толуп, чөгүп кетишине кызыкдар. Ошону каалайт.

Жаныбек:  - Эми айланайын абаке, албетте баары эмес деңизчи, ошол сиз айткан чет өлкөлүк миссиялар өздөрүнүн көмүскө мүдөөлөрүн жүзөгө ашырууну кыргыздардын өздөрүнүн колу менен жасап жатышпайбы. Алар аябагандай куу, аяр, кылдат десеңиз, өздөрүнүн максаттарын ишке ашыруунун искусствосун мыктап өздөштүрүшкөн. Алар кыргыздардын тоталитардык СССР мезгилинде тарыхынан ажыратылып, маңкуртташтырууга дуушар болгондугун жакшы билип алышкан. Кечээки октябрат, пионер, комсомол, коммунист болуп өскөн ата-энелердин колунан бүгүн элинин тарыхын билбеген, китеп бетин ачпаган, Мухтар Шаханов айткандай, “компьютер баштуу” маңкурт  тукумдар “тарбияланып” чыгып жатат го. Ал маңкурт тукумдарды карап алып, биздин бир кыргыз акыны моминтип жазбадыбы:

“Мальборо” экен калпагыңдын урааны,

Кытай тамга көйнөгүңдүн далысы.

Көөдөнүңдө хрестиандар символу.

Ары жок эй, кайда кыргыз намысы?

Көрдүңүзбү, кандай чынчыл мүнөздөмө. Чет өлкөлүк миссиялар кыргыздын көп улан-кыздарынын өздөрүнүн кыргыз экенин тааныбагандыгын, улуттук кызыкчылык, улуттук ар-намыс дегенди билбегендигин жакшы билип алышкан. Өзүнүн ыйык туткан улуттук эреже-жобосу жок, ар кай жактан соккон жолбун шамалдарга камгак сыяктуу туш келди тогологон жаштарыбызды миссионерлер ар түркүн чет өлкөлүк чоочун идеология менен  сугарууга  умтулуп жатышат. Мисалы, азыр кыргыз жаштары, а түгүл мектептерде да европалык “Валентин күнүн” массалык түрдө белгилөөгө өтүштү. Улуттук кораблибизден миссионерлер ушинтип кыргыздардын өздөрүнүн колу менен тешик чыгарып жатышат. Чет өлкөлүк таасирлердин “тактекесине” айланып, өз очок-коломтосундагы рух кенчтерин унутуу - бул мамлекеттин Ак кемесиндеги жыртык эмей эмне?

Боромбай: - Эй, Жаныбек тууган, ушундай тешиктери көбөйгөн кораблиңер менен кантип дүйнөлүк океанга чыгасыңар ыя? Мына карагын, өзүбүздүн Олжобай менен кишимжандын, Семетей менен Айчүрөктүн, Акмөөр менен Болоттун, Аксаткын менен Кулмырзанын, Манас менен Каныкейдин, кийинки Канат менен Заринанын, өзүбүздүн чыгыштагы атактуу Лейли мнен Мажнундун, Фархат менен Шириндин укмуштуу сүйүүлөрүн майрам күнү кылбай, батыштан экспорттолгон “Валентин күнүн” майрамдоо, өз улуттук баалуулуктарын, өз тамырын, тебелеп-тепсеп, өз баркын билбей, өзгөлөрдү белимчидей тууроо - ата-тегин билбеген кулчулук эмеспи.

Өткөндө кыргыз сыналгысынан беш-алты кыргыз өспүрүмдөн: “бу дүйнөгө кайра туулуп калсаңар ким болууну каалайт элеңер?”– деп сурашканда, балдар: “немис болгум келет, орус болгум келет, англичан болгум келет”- деп жооп беришпеди беле. Бир гана алар кыргыз болууну каалашпайт. Мунун өзү кыргыз мамлекетинде улуттук идеологиянын жоктугун, муундарды улуттук сыймыкка, улуттук ар-намыска, улутмандыкка, патриотизмге, мекенчилдикке тарбиялоо стратегиясынын жоктугун жакшы далилдеп турат. бүгүнкү кыргыз - баптист, кыргыз – христианин, кыргыз хизбут-тахрир, кыргыз - буддист, кыргыз - террорист, кытайлашуу, арабдашуу, америкалашуу - бул улуттук бүлүнүү эмей эмне? Уруулар, региондор боюнча гана эмес, диндик ишенимдер боюнча да бөлүнүп-жарылып, улуттук  биримдигиңерге шек кетип жатат, Жаныбек. Бул фактылар мамлекеттик кораблдин түбүндөгү тешик гана эмес, мамлекеттин пайдубалына коюлуп жаткан бомба! Мынакей тышкы күчтөр Кыргызстанда кандай натыйжаларга жетишип жатат.

Жаныбек: - Ушундан улам момундай ыр аргасыз оозуман чыгып кеткен: (тура калып, ыр саптарын төгүп жиберет)

Алдап - арбап чет өлкөлүк, улутумдун балдарын,

Бөлөк динге жатса өткөрүп, бирөө койбойт унчугуп

Тыштан келген чоочун күчкө дайым турган жүгүнүп,

О кудай ай, качан калат канга сиңген кулчулук.

 

Келип жатат Ала-Тоомо топ-топ болуп агылып,

Миссионерлер адам, инсан укугуна жамынып.

Бөлүп-жарып, ичибизге коюп жатса “динамит”,

Муну көрбөй, кайра аларга бөйпөңдөйбүз жагынып.

 

Э айланайын боорлорум, ойлонобуз качан биз?

“Динамиттен” тең бөлүнүп, калсынбы улут жарылып?!

Эки жээкке дин жаатынан, ажырайбы, э кудай?!

Алакандай аз кыргызым, тагдырынан жаңылып!..

 

Боромбай: - (толкунданып) Жаныбек,  куйчу коньяктан… Алда кудай ай… (куюлган коньякты экөө кызууланып тартып жиберишет)

Жаныбек: - Биологдор айтат, Боромбай аба. Кайсы бир жылы айыл чарбачылыгынын  зыянкеч курт-кумурскаларын жок кылуу үчүн чет  өлкөдөн Кыргызстанга “Афган чымчыктары” деген куштарды алып келишкен экен. Ошол чоочун жырткыч канаттуулар  курт-кумурскаларды эле эмес, жергиликтүү чымчыктарды, таранчыларды, чабалекейлерди жеп жогото баштаптыр. “Афган чымчыктары” көбөйүп, азыр биздин айылда чабалекейлер көрүнбөй калды. Дал ошондой чет жактан келген чоочун идеология “афган чымчыктары” сыяктуу биздин баалуулуктарды жок кылууга далбас уруп жатат. Мындан эки жыл мурун  Манас Атага Москвада эстелик коюлганда, Бахтияр аттуу Бишкектик исламчы кыргыз жигит Манаска эстелик тургузасыңар деп, Ак үйгө джихат жарыялагандыгын “Вечерний Бишкек” газетасы жазып чыккан. Ошол эле маалда Айгүл аттуу кыргыз кыз “орус тили жакшы, кыргыз тили иттин үргөнүндөй”- деп оозун чоюп, коомчулукта чуу чыккан. Жакында эле республикалык сүрөт музейинде интеллигент эле кыргыз аял чет өлкөлүк катын-кыздарды дырдай жыңалач чечинтип,  көргөзмө уюштуруп, кыргыз менталитетине каршы келген акцияны жасап, кыргыздын табитин “жаңы деңгээлге” көтөргүсү келген. Бул “төө чечмей” элдин баарынын эсинде турат. Көрдүңүзбү, Бахтияр, Айгүл деген макулуктардын, батышчыл интеллигент кыргыз аялдын улуттук аң сезимин чет өлкөлүк идеологиянын “афган чмчыктары” жеп койгон. Мындай мисалдар бизде иттин кара капталынан.

Боромбай: - Мен Кыргызстанга барганда, дүкөндөрдө, күркөлөрдө, элдүү пунктарда, базарларда өспүрүмдөргө, жаштарга ачыктан ачык сатылып жаткан момундай фильмдерди көрөм (үстөлдүн астында турган портфелин ачып, бир казагды алып чыгып, окуйт). Мына фильмдердин, атарын эле окуюн. Угуп тур: - “антология ужасов”, “Наемные киллеры”, “Каннибалы”, “Зомби мертвецы”, “Людоеды”, “Кровожадные вампиры”, “Серийные маньяки”, “Чудовишный страх”, “Ужасный хит”, “Жестокие дети”, “Резня без разбора”, “Дети убийцы”, “Девушки вампиры”, “Тюремные боевики”, “Кровавые ужасы”, “Дьявольские ужасы” деген сыяктуу сансыз кинодискилер кантип балдардын психикасын бузбайт. Кантип нраваларыбызды талкалабайт. Жаныбек, идеологияңар барбы, силердин? Мындан башка балдарга ээн-эркин сатылып жаткан порнографиялык-сексуалдык фильм-дискилер канча. Ушундай дисктерди сатып жаткандар бөлөктөр эмес, кыргыздын эле кыз-жигиттери. Мына ушинтип кыргызды кыргыз бузуп жатат иним. Ал эми сатармандардын артында кыргыздын нравасын талкалоонун сценарийин түзгөн чет өлкөлүк маданий диверсанттар – “Афган чымчыктары” турат.

Жаныбек:  - Бир кыргыз гезитти ачсам социологиялык сурамжылоонун жыйынтыктары жарыяланыптыр. Анда бир окуучу: “Комьютердик клубдар сонун. Ал жерде биз киши өлтүрүп ойнойбуз”- деп жооп бериптир. Компьютерде  киши өлтүрүп ойногон өспүрүмдөн келечекте жакшы адам чыгабы?  Казак акыны Мухтар Шахановдун “Биз батыштын цивилизациясына эмес, “канализациясына” кошулуп алдык”,- деп айтканы туура. Мен таңкалам, бизде ыйман – адеп тарбиясына каршы келген уятсыз фильм-дисктерди сатууга, жаман оюндарды уюштурууга тыюу салган мыйзамдар кабыл алынган. Эмне үчүн бул мыйзамдар иштебейт? Башым катат.

Боромбай: - Жаныбек, сен мыйзамдардын эмне үчүн иштебей жатканын билбейсиңби, кокуй  о-ой! Кыргызстанда мыйзамдар эмес, өзүңөр айтып, жазып жаткандай, “крышалар” иштейт да. бу  капитализм дегениң жеке менчик, жеке кызыкчылык дегендердин араанын ачып, тайраңдатат турбайбы. Эмне үчүн өспүрүмдөрдүн психиксын буза турган кинопродукциялары, массалык маданияттын “вирустары” ачык сатылып жатат? Анткени ушул иштерге бөгөт кое турган көзөмөлчүлөрдүн эң чоңун чет өлкөлүк миссиялар долларга сатып алган. Алкымына доллар тыгылган үлкөн чиновник бардыгына “крыша”. Ал эми майда көзөмөлчүлөр уят-сыйытсыз коркунучтуу дисклерди саткандардын акырынан жем жешет. Ошон үчүн бардыгын көрмөксөн болушат. “Крышалар” жалаң эле маданият тармагында эмес, эл чарбачылыгынын бардык тармактарында куйруктарын чыгарактатып, килеңдеп турушат го, чиркин!  Силерде, Жаныбек иним, тартип бош. Демократия  деп атып анархияга жол бергенсиңер. Кытайда тартип катуу. Ошон үчүн ал дүркүрөп өнүгүп жатат. А силерде текшерүүчү келет да, кулкунуна бирдеме тыгып койсо, кемчиликтерди жаап, кайра кетип калат. Силерге Сталиндин чоң камчысы жетишпей жатат, чын айтамбы?

Жаныбек: - туура, Боромбай аба, канткен менен билимдүү адамсыз да. анын үстүнө коммунисттик  тоталитардык кытайда жашайсыз да, хе, хе…

Боромбай:  - Ай сен күлбө. дагы айтайын, Кыргызстанга бийликтин горизонталы эмес, вертикалы керек.  Мобу Россияны карачы, Путин кандай башкарып атат. Путин эки тизгин, бир чылбырды колунда бекем уучтап тургандыктан килейген Россия чачылып кеткен жок. Кой ай Жаныбек, көп сүйлөп жибердик окшойт, боршуң муздап калды го, ич тамагыңды.

Жаныбек: - Дагы тамчылатып коеюн аба (рюмкаларды толтурат)

Боромбай: - Атасынын көрү, биртике ууртайлычы, өлбөгөн жанга. кел эми, Кыргызстаныбыздын оңолушу үчүн (алып жиберишет)

Жаныбек: - (табактагы борштон эки-үч кашык ууртагандан кийин) Өлкөбүз оңолсо гана. Атка минерлерибиз оңолбой жатпайбы. Күндө бирөө пара менен кармалат. Ошо чоңдорубуздун коррупционер экенин чет өлкөлүктөр жакшы билип алышкан. Кыргыз чиновниктеринде улуттук кызыкчылык деген түшүнүк жок экендигин, аларды акчага сатып алып, каалаган ишиңди  жасай берсең болорлугун миссионерлер алдыртан мыкты туюнушуп, чоңдорубузду доллар менен кылтакка  илишет. Бизде айтылгандай, «шапкесин» берип коюп, руксат  кагаздарын оңой эле ала коюшат. Эмне үчүн чет өлкөлүктөр Кыргызстандын паспорту менен башка өлкөлөрдө жүрүшөт десеңиз, себеби ушунда. Миграциялык уюмдун бир жооптуу кызматкери Атамбаевдин тушунда жемкорлук жол менен жашыруун жасалма документ  берип, кытайдын тогуз жүз жаранын мыйзамсыз Кыргызстанга киргизип жибергендиги гезиттерге жарыяланып, чуу болгон. Ушул паракор чыккынчынын кылмышын басып коюшту эй. Капыра-ай! Чуу чыккандан кийин дым эле болуп калды.

Боромбай:

 - Өзүң айткандай, ишенген «Крышасы» болон да, же болбосо, ошо 900 кытайдан  алган акчасынын бир бөлүгүн жогору жактагылардын кулкунуна тыккан да.  Кытайда ушундай окуя болсо, кылмышкерди дароо эле элдин алдына алып чыгып, атып тыштамак. Силер кыргыз акынынын мобул ырынан сабак алышыңар керек:

Ала-Тоодо ак калпактар барган сайын азайып,

Келгиндердин улам саны өсүп барат калдайып.

А сен толук чайың уурдап, мурунуңду тердетип,

Отурасың санаасы жок чарпаяңда чандайып…

 

Туура, туура, бу жарыкта ар ким көрөт өз күнүн,

Бирок тууган андадыңбы, айткан сөздүн төркүнүн.

Корстон болуп күнүмдүккө басып жүрүп бир күнү,

Капысынан калба астында,  «Келгин» деген көчкүнүн.

 

Жаныбек: - Мобу ыр саптары да таамай айтылган:

Миссионер келемишче астыртадан акырын,

Улутумдун түп тамырын кемиргени, кемирген….

Бир «киргизбай» бөйпөлөңдөп, кызмат кылат аларга,

Чет өлкөлүк маянага, кашкулактай семирген….

Боромбай: - Баракелде, акының, чындыктын дал үстүнөн түшүптүр.

Жаныбек:  - Ушулардан улам менин айтайын дегеним бул, Боромбай аба. душмандар капкандын үстүнө май коюп коюп, кыргыз чиновник –чычканды улуттук кораблиңдин боорун тешип, көзөнөк чыгар, ошентсең ушул майда жейсиң – деп көзүн ымдайт.  Кыргыз чычкан кыргыз кораблинин боорун тешет, жанагы ырда айтылгандай ата-журттун тагдырына түкүрүп…

Боромбай: - Бул трагедия ушинтип улана берсе улуттук корабль деңизге «Титаник» сыяктуу чөгүп кетпейби. Жакында чет өлкөлүк  бир чоң банктын грантында иштеп жаткан  кыргыздар «Кыргыз адабиятын» окуу планынан  жоготуп, анын ордуна «Дүйнөлүк адабият» деген предметти киргизебиз деп программа түзүп жатышыптыр деген кабар кытайга да жетти. Ушул чынбы, кабарың барбы?

Жаныбек: - Бар эмей, өзүм жогорку билимдүү филологмун да, Боромбай аба, «Манас» баш болгон бир боор адабиятымдын күйөрманымын. Бишкеке барганымда, ушул фактыны иликтегенимде, бул иштин идеологиялык, анан коррупциялык жагын дароо туйдум. Баягы сыртынан тоту куштай кооз кийим кийген «боорукер» чет өлкөлүк банктын идеологиясы экенин аңдадым. Билим берүү минситрлигиндеги эмелеки ырда айтылгандай, чет өлкөлүк маянага кашкулактай семирген, өзүмчүл кыргыздар арамзаланып, жогору жактагы «крышаны» бел кылышып, же кандайдыр бир көмүскө «келишимди» бетке кармашып, айтор, «Ак кеме» фильминдеги Орозкулчасынан ыйык бешигибизди балталап,  чет жактардын заказын аткарып жатышыптыр. Э, айланайын абаке, «Кыргыз адабияты» деген – бул элдик асыл рухтун, элдик моралдын, каада-салтыбыздын, ар намысыбыздын храмы, алтын казынасы эмеспи. Ушул асыл байлыгыбыз муундарыбыздын рухий тарбиясынын кенчи эмеспи. Ушул кыргыз адабияты менен биз кыргыз болуп дүйнөгө атыбыз угулуп жатпайбы.

Боромбай: - Сөзүңдү  бөлөйүн Жаныбек, түшүнүктүү. ыйык «Манасты», кыргыз адабиятын дүйнөлүк адабият деген предмет менен алмаштыруу дүйнөлүк геосаясий күчтөрдүн майда улуттарды стандартташтыруу, бара-бара чоң улуттарга ассимиляциялап жок кылуу, маданий тамырын кыркуу саясатына туура келет, билсең. Мейли, дүйнөлүк маясий оюнчулар өз ишин кылат дейли. А мобу өзүбүздүн кыргыздарга күйөсүң да. тузакка өздөрү  келип түшүп берип жатышпайбы. «Красная шапочка» болуп жатышпайбы. Деги силер качан өзүмчүлдлүктөн өйдө көтөрүлүп, гражданин болуп түзүлөсүңөр. Улуттук кыраакылыгыңар качан ойгонот?  Качан силер өз чегиңерди кайтарып, ар намыстуу турасыңар, э айланайын боорлорум. «Манастагы»  император Эсенкан Манаска уу бере турган чыккынчыны өз тилин, дилин,тегин унуткан Каңгайдагы кыргыздардын арасынан издейт. Ал чыккынчы көзкаман болуп чыгат. Ошол кыргыз көзкаман Каңгайдан келип, Манаска уу жуткузуп, Эсенкандын тапшырмасын аткарат эмеспи. Жанагы «Кыргыз адабиятын»  окуу планынан жоюп, «Дүйнөлүк адабият» менен алмаштырам деген кыргыз туугандар Манаска уу берген көзкамандардан эмне айырмасы бар. Бу, Жаныбек, силер качанкыга чейин чет өлкөлүк күчтөр үчүн «подопытный кролик» болосуңар, ыя? Эми айтчы, ошол кыргыз адабият кенчибизге каршы көзкаманчылыкты азыр токтоттуңарбы же дале ал маселе  күчүндөбү?

Жаныбек: - Экс-президенттин билим берүү министрлигиндеги командасы кеткенден кийин бул маселе дымып калды. Анан Боромбай аба, эл ичинде патриоттор да бар да. ошол патриоттор  кыргыз адабиятын коргоп, чуу көтөрүштү. Аңгыча жаңы Президент да такка отуруп калды…

Боромбай: - Ой тобо-о! бул жапайы демократиянын башаламан заманында кыргызстандан укмуштарды көрүп-билип жатабыз го. Эркектин эркекке үйлөнүшү деген табиятка каршы келген тири укмуш жорукту да макташып, ушул теңирден тескери нерсе жөнүндө мыйзам жазышып, Жогорку Кеңеш аркылуу өткөрүүгө аракет кылышпадыбы. Адам укугуна жамынып, жашы жете элек кыздардын сексуалдык катнашка укуктуулугун мыйзамдаштырууга умтулган документтерди кабыл алдырууга жандалбастагандар, жаштарды чоочун диндерге, экстремисттик, террористтик уюмдарга тартып жаткан дал ушул чет өлкөлүк күчтөр. Чет өлкөлүк долбоор аркылуу жаш өспүрүм кыздарды жыныстык катнашка үндөгөн китептердин жүздөп, миңдеп 2013-жылы мектептерге таратылган фактысы Жогорку кеңешке чейин жетип, чыр болбоду беле.

Ал эми ошол бузуку душман күчтөрдүн садага катары берген алтын –күмүшүнө алданып, алардын ырын ырдап, качысын чаап өйдөкү түрү жаман мыйзамдарды колдоп, бөтөндөрдүн чоору алдында бийлеген кыргыз  туугандарыңа жол болсун.  Капырай, ушулар интеллигенция өкүлдөрү ээ. Күйгөнүмдөн дагы айтайын, өзүнүн улуттук бир боор кыртышына жаттардын берген уусун чачып, чет өлкөлүк сценарийлердин «тактекеси» болуп, ата-бабасы илгертен ичип келген өзүнүн тунук булагын ылайлап отурган кыргыз «көзкамандарга», өз энесин жаа менен атып жаткан Жоломандарга, өз бешигин балталап бүлүндүрүп жаткан Орозкулдарга, чет өлкөлүк идеологиянын жугундуларынын агып кириши үчүн өз Ак кемесинин боорун көзөп жаткан «Абыке-Көбөшкө» не дейбиз?

Жаныбек: - цивилизациянын нормаларына анча түшө элек кечөөкү көчмөн журтту азырынча катуу мыйзамдар менен башкаруу зарыл өңдөнөт. катуу башкаруу түбөлүктүү эмес, улуттук өнүгүүнүн өзүнчө бир зарыл тарыхый этабы болмок деп ойлоп турам. Ушул жагынан караганда, Сооронбай Жээнбековдун туш келди  жайылып кеткен атка минерлерди тартип катарына тизип, мурдун балта кеспегендерди «чык эшикке» деп, жегичтерди каматып, акесин таанытып жаткандыгы мага жакшы башталыштай сезилет. Өзүңүз айткандай өзүнүн улуттук тамырына, улуттук менталитетине балта чапкан чыккынчыларга,  нигилистерге , маңкурттарга  аөо болбош керек.

Боромбай:  - Туура айтасың, Жаныбек иним, оюң жакшы. Ушу өзүңдөй көзү ачылган, түшүнүгү кең жигиттер бүгүн кыргызстанга керек. азиялык  кыргызстанга  бийликтин административдик рычактарын демонтаждоо азырынча эртелик кылат, менин оюмча. Анткени кыргыз кыртышы тарыхый жактан алганда али тоң. Тоң жакшы эрий элек. Мындай тоң кыртышка европалык либерализмдин үрөндөрүн сепсең, анын көгөрүп-көктөп, гүлдөп кетиши кыйын. Польшалык бир журналист өткөн 90-жылдары кыргыз президенти Тянь-Шан тоолоруна Швейцарияны курап дептир, бирок Тянь-Шан тоолору тилекке каршы, сейсмикалуу болуп чыкты деп ирония менен жазыптыр. Акылдуу журналист экен. Чынында эле, биздин кыргыз чөйрөсүнүн социалдык кыртышы «сейсмикалуу» эмеспи. Адам материалы бизде алп жакшылап жетиле элек. Ошон үчүн Кыргызстанга мыйзамдардын диктатурасы керек. адилеттүү мыйзамдардардын үстөмдүгүн орнотуп, анархияны ооздуктаган катуу башкаруучу силерге зарыл. Өз өлкөңдүн спецификасын билбей эле, батыш өлкөлөрүнүн документтеринен механикалык түрдө көчүрүп, көздү жумуп туурап, абстрактуу  концепцияларды жазып келбедңерби  туурабы?

Жаныбек: - Оюңузга кошулам, аба, ошол мыйзамдын үстөмдүгүн орнотпогондуктун айынан, жыгачтын жумшагын курт жейт, жамандын коногу билет  болуп, Кыргызстанда кожоюн жок болсо, мен кожоюнмун, өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төрга илеп деп Бишкектеги чет өлкөлүктөрдүн бир мекемеси чечим чыгарыптыр. Бул окуя гезиттерге да, социалдык тармактарга да жазылып чыкты. Мен бул фактыны сизге окуп берейин. (чөнтөк телефонунан окуйт): «Урматтуу фейсбук колдонуучулар, бүгүн саат 2 де «Бишкек парк Резидентс» мейманканада ушундай окуя болду. Мейманканага  кирсем, бир кыз отуруптур, кыргызча кайрылсам бул жерде орусча же түркчө, же англисче сүйлөңүз – деп мага жооп берди. Мен кыргыз кыздар болсо айтыңыз деп талап кылсам, туруп сыртка чыгып кетти. Аңгыча ары –бери басып жүргөн кыргыз кыз келди. Мен ага болгон окуяны айтып берсем, ал дагы тиги  орус кыздын айтканын талап кылды. Беш мүнөт өтпөй жанагы орус кыз сырттан төрт кыргыз жигитти ээрчитип келди. Мен таң калып, жигиттер тынччылыкпы десем, байке бул жерде ушундай мыйзам бар, проблема кылбаңыз деп суранышты. Анан мен өзүмчө ойлонуп,  атаңдын гөрү мен Кыргызстанда эмес башка өлкөдө жашайт турбаймынбы. Ушул окуяга кандай көз караштасыздар?» - Бул окуя «Факты» газетасына 2019-жылдын 20-декабрында чыккан. Кыргыз тил мыйзамын ачыктан ачык тебелөө, теңсинбей улуттун тилине түкүрүү, мамлекеттин суверендүүлүгүн шылдыңдоо деген ушул эмеспи. Чет өлкөлүк го, чет өлкөлүк, а мобу төрт кыргыз маңкуртту карабайсыңбы. Бу төрт жигиттин өз мамлекетинин ыйык тилин тепсеп жаткан чет өлкөлүктүн эшигин кайтарып, борсулдап үргөн иттен эмне айырмасы бар. Э кудай, ушундай маңкурттар менен биз келечекти кантип курабыз? Ушундай «тешик»  кыргыздар, «тешик» жаштар менен биздин кыргыз корабли кантип океанда сүзө алат? чет өлкөлүктөрдү ушундай маңкурттар, жемкорлор, жооптуу органдардын  майболпочтугу, үйүндөгү коногуна бийлеткен  мэрия көптүрүп жатпайбы.

Боромбай: - Кытайдын тилин ушинтип бишкектегидей тепсесе, өлкөнүн баалуулугуна кыянаттык кылган деп дароо 10-15 жылга кесип жибермек же кытайдан депортация кылып жоготмок. Кул кутурса кудукка түкүрөт деген ушу да. анан калса, Бишкектин көчөлөрү бүт эле англисче жазууга толуп кетиптир го. Кыргыз тил мыйзамын кыргыз өзү тоотпой атса, чет өлкөлүктөр сыйламак беле. Өзүңөр айтып жүрөсүңөр го, кыргыз тилинин душманы кыргыз деп. Ушундай болуп атат да… жүрбөйсүңбү Жаныбек, тетиги сереге чыгып, кичине  аба жуталы.

Жаныбек:  - Мобунун калганын көтөрүп койбойлубу?

Боромбай: - Мейли, куйсаң куй, коньягың өзү деле түгөндү окшойт. (экөө кагыштырып, рюмкаларды көтөрүп жиберишет да, сырттагы узун чоң балконду карай басышат. Кафенин кең балконуна коюлган креслолорго барып отурушат)

Жаныбек:  - Канча балаңыз бар, аксакал?

Боромбай: - Эки эркек уулум бар.

Жаныбек: - Кайда иштешет?

Боромбай: - Экөө тең эле Кызыл-Сууда, үйлөнүп жайланышкан, дыйканчылык кылышат.

Жаныбек:  - Өз үйүндө, өлөң төшөгүндө турбайбы. Жакшы экен. А-ай, кантели, биздин Ала-Тоонун балдары туш-тушка тентибедикпи. Айта берсе арман көп…. Акындын мобул ырын эстегенде көзүмө жаш алам:

Кайда тууруң, кайда сенин очогуң?

Карагын эй, камгак болуп кайда учтуң?

Темселейсиң таалай издеп чет жактан,

Мекен туруп, мекени жок байкушсуң.

(Жаныбек жашып кетип, бетаарчысы менен көзүнөн кылгырган жашын аарчыйт)

Боромбай: - Ай, ай иним, кой антпе, сени кайраттуу десем, жашык белең. Кудая шугур дейли, эмнеси болсо да, эгемендүү республикаң бар. Жамандыр-жакшыдыр өнүгүп атат. Жанагыдай кемчиликтер жоюлса, кыргызстан да алдыга арыштап өсөөр. Биз ошол кыргызыбыз оңолсо экен деп, жакшылык тилеп, өксүктөрдү күйүп-бышып айтып атпайбызбы. Минтпесек болобу. Ооба, жашыганың да, бир чети эп. Анан калса, бул атаң көрү, өкмөтүңөр буга чейин  жарытып иштебей келбедиби. 30 жылда отуз премьер – министр алмашат деген эмне тамтык, э кудай!

Жаныбек:  - Анан кантип экономика өнүксүн, анан кантип завод, фабрика курулсун, анан кантип бала-бакыра туш-тушка тентибесин. Карачы Боромбай аба, айрыкча кыздарыбызга кыйын болду. Бир эле жылкы статистиканы айтайынчи сизге (чөнтөк телефонун карап алып, кебин улайт) мына, 2013-жылы эле расмий маалымат боюнча Ала-Тоолук 911 кыз чет өлкөлөргө күйөөгө чыккан. Анын ичинен АКШга 35, Германияга 13, Туркияга 66, Казахстанга 53, Россияга 355, Өзбекстанга 53, Тажикистанга 31, Кытайга 19, Түштүк Кореяга 151, Түндүк Кореяга 43 бийкеч күйөөгө тийиптир. Катталбаганы канча? Андан бери  канча суу акты. Канчалаган кыргыз кыздары дагы чет өлкөлөргө күйөөгө кетишти.  Кыздар жыргаганынан ушинтип кетип жатышыптырбы.  Ишенген кожоң сууга акча, алды алдыңдан тал карма болуп жатат да. мындай болуп отурса, кыргыздар көбөймөк турсун, кеч күздөгү тартылган суудай, улам саны жагынан азая бербейби. Улуттук генофондубуз, демографиялык келечегибиз кандай болот? Уландарыбыз он миңден, жүз миңдеп башка мамлекеттерге кетип, ошол өлкөлөрдүн граждандыгын да көбү алып жатышат. Мына мен  да 5 жылдан бери Москвада көр оокат деп темселеп жүрөм.

Боромбай:  - Жаныбек, сен кыздарды айттың. Мына сага калп, мага чын. Канчалаган мезгилдерден бери бир мамлекетте жашап жатабыз, Кызыл –Суулук кыргыздардын бир да кызы кытай улутундагы кишиге турмушка чыкканын көргөнүм жок. Кытайлык кыргыздарың деле бейиште жашап жаткан жок. Бирок  биздин  кыздар туристтерди, чет жактык чоочун байларды койдой чубуруп эрчиген жок. Өзүнүн киндик каны тамган жеринен эле ырыс таап, өмүр сүрүп жатышат. Бизде үй бүлө тарбиясы бекем. Силер опсуз көбөйүп, Ала-Тоого батпай жатсаңар бир жөн. Кыргызстанда керек болсо 100 миллион киши жашаса болот. Карачы тетиги алыскы Израилди, чоңдугу Ысык-Көлдөй эле жерде, болгондо да чөлдө, дүйнөнүн алдыңкысы болуп оокат кылып атат. Ал эми алдыңкы өлкөлөр деген Латвия,Литва, Эстония үчөө биригип, Кыргызстандын жарымындай эле бар. Эй айланайын Жаныбек, кептин баары өзүңөрдө болуп жатпайбы. Кимди күнөөлөйсүңөр? Мына эсиңе  салайын, Манас атабыз Алтайдан Ала-Тоого биринчи клегенде: «Ортосу көпкөк көл экен, пенде көрчү жер экен, жер соорусу турбайбы, жердеген адам тунбайбы, жердеген адам бай болор, түгөнбөс ырыс – кен экен» - деп ата-бабасынын жерине суктанып баа берген экен. Бирок айта турган нерсе, албетте, ушул жерди адам жөн эле конуштаса эле, жердесе эле ал өзүнөн өзү ырыска тунуп, бай болуп калбас. Манастын логикасынан ушул жерди барктап-баалап, кадырына жетип, чекеден тер агызган ак эмгек менен кетмендеп иштетип, «төбөсү менен жер казып», түйшүктөнсө гана адам ырыс-кешикке, түгөнбөс береке-байлыкка ээ болмок деген идея чыгып турат. а азыр эгемендүүлүк учурунда  болсо, минтүүнүн ордуна «жер соорусу турбайбы, жердеген адам тунбайбы» деген берекелүү асыл жерди таштап, бакытты башка жактан табам деп, чоочун жактарга кетип жатышкан кыргыз туугандарыма бир чети таң калсам, бир чети боорум ооруйт. Береги дунгандарды карачы, булар эч жака кетпей эле, кыргыз жеринен ырыс таап, байып жатышат го.

Жаныбек:  - Ой  - о-ой, Боромбай аба, ойдун тереңин, сөздүн даанасын айтканга уста экенсиз. Ушу Манас атабыздын сөзүн айтканыңыз мени муютуп койду. Бул сөздөрдү мен да билчү элем. Бирок маани бербептирмин. Азыр сиз айткандан улам ойлонсом, Манас атабыздын ушул Ала-Тоо жөнүндөгү улуу сөздөрүндө кереметтүү бир боор Ата конушту береке-байлыктын алтын казынасы катары караган өзүнчө бир концепция,  өз бир тууган жериңден, өз очок-коломтоңдон бакыт табуу философиясы осуятталган турбайбы.

Боромбай: - Ошону билбей-туйбай жер кесип жүрбөйсүңөрбү. Мигранттардан Кыргызстанга мынча акча келди деп мактанасыңар. Ошол мигранттардын салган акчасынын артында канчалаган көз жаштар, драмалар, азап-тозоктор жатат. Канчалаган кыргыздар кырсыктап өлүп,  өрткө күйүп, укугу тебеленип, кул болуп, короо, көчө шыпырып, туалет тазалап, түрмөгө түшүп, сабалып-тонолуп, он-онбештен бир бөлмөгө тыгылып жашашып,  үй бүлөлөрү менен ажырашып, кыздар зордукталып, кор болушуп жатат. Канчалаган маркумдардын сөөгү мекенине келип жатат, согуш болуп жаткандан бетер. Бөтөн жакта төрөлгөн балдардын тили башка тилде чыгып жатат. Айылда калган балдар алыстагы ата-энесин сагынып куса болуп, канчалаган психологиялык азаптар болууда. Мындан көрө, бирөөнүн жеринде султан болгуча, өз элиңде ултан болгонуң жакшы эмес беле. Кептин баары бул жерде өз өлкөсүндө калың элдин күч кубатын, энергиясын өз жеринен ырыскы,  бакыт табуу идеясына багыттап, идеологиялык – экономикалык уюштуруу иш чараларын жолго коюп, калкты, жаштарды түзүүчүлүккө, жаратмандыкка мобилизациялап, артынан ээрчиткен улуттук лидерлердин болбой келгендигинде.  Кыргызга Манас ата жетишпей келди. Карачы, азыр кыргызстанда эл ойгонуп, изденип, аскаларды, адырларды аралатып арык алып өтүп, канал казып, алыскы тоолордон айылдарга суу алып келип жатышат. Көрдүңбү элдин күчүн, уюштурса, эл тоону томкоруп жиберет экен. Тээ илгери эле өлкө башчылары элди ушинтп уюштурса,багыттаса, көтөрсө, бала-бакыра чет өлкөлөргө массалык түрдө  тентибейт эле да.  Сен да Жаныбек иним, Манас атаңдын осуятына сугарылып, өзүңдүн туулган тууруңдан ырыскы таап, анча байып кетпесең да, барга топук, азга сабыр кылып, өз үйүңдө, бала-бакыраңдын маңдайында мурдуңду тердетип, чай ичип отурмаксың.

Жаныбек: - Балким, ошондой болмокмун. Абыке –Көбөштөрдүн алсыз башкаруусу Манасты эмес, мал-мүлкүн, калкын эмес, капчыгын ойлогон, жамаатына эмес, жакынына  жан тарткан бийлик биздин убалыбызга калбадыбы. Түздөгү  аңыздарда чычкан алып жеп, оокат кылып жүргөн бүркүттөн:  «бу кандай жорук, чокулардагы мекениң кайда?» - деп сурашкан экен. Анда бүркүт:

«Түшүрүштү мээлеп атып канатка,

Ээлешсин деп чокуларды каргалар,

Мындан ары гүлдөшсүн деп анда алар,

Ал жакка азыр  конуп калган майдалар» - деп жооп бериптир.

Бийликтин чокуларына конгон майдалар алдындагы жеминен башка эмнени  ойломок. Элдин күч-кубатын уюштуруп, коомун Локомотив болуп алдыга сүйрөө майдалардын колунан келчү беле. Керкисинде да, кемигинде да бар дегендей, өздөрүнүн бүркүттөрүн, шумкарларын канатка атып жарадар кылып, шайлоо учурунда капчыктуулардын, уруу башчыларынын тилине кирип, добушун акчага, бир кап унга сатып, мамлекетибиздин ак чокуларына кык чогукан майдаларды кондурган шайлоочуларда да күнөө бар. Эми, Боромбай аба, арканды узун таштап, алысты да ойлонолучу. тарыхтын бул тилкеси да артта калаар. Тынччылык болуп турса, экономикабыз да оңолуп, алдыга кетээр. Мына, өзүңүз айткандай, элибиз да ойгонуп, азыркы бийлик реалдуу натыйжага эсептелген конкреттүү иштерди жасап, калкты ийгиликтерге багыттап жатат. Бирок менде да, Сизде да чоң санаа бар. Ал сарсанаабыз жөнүндө  алды жакта жакшы эле айттык. Бирок, Боромбай аба, экономикабыз оңолуп өнүксө да, туш-тушка чачылган, бирдиктүү идеологиясы жок, Манас Атасына  маани бербеген ар түркүн тилде сүйлөй баштаган, ар түркүн динге  кирип жаткан, өзүнүн улуттук ак кемесинин боорун тешип, суу киргизип, чет өлкөлүк «афган чымчыктарына» жем болуп жаткан маңкурттары арбын, уруучулдуктун, регионализмдин, трайбализмдин сазынан чыга албаган, жемкорлукка жутулуп, рухий деградацияга учураган өлкөбүз элин кайрадан бир дөбөгө чогултуп, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгартып, бир идеологияга бириктирип, бөлүнүп-жарылбас улут кылып түзө алабы? Акын Эсенгул Ибраев айткандай, «бир сабактын даны болуп, бир тамырдын каны болуп, бир дененин жаны болуп» биригип, чыныгы кыргыз болуп, дүйнөлүк цивилизацияга кошула алабызбы? Же көрүнгөндү туурай берип, тышкы таасирлердин обьектиси боло берип, күчтүү державалардын алкымына жутулуп кетебизби?  Экономикадан да, негизги чоң көйгөй ушунда болуп жатпайбы, Боромбай аба.

Боромбай: - Туура айттың, Жаныбек, демек Кыргыз мамлекетине тышкы жана ички саясатты оңдоо керек. чоң, чоң дүйнөлүк державалар – булар киттер. экономиканы оңдойм деп атып, ошол киттердин алкымына балык болуп жутулуп кетпөө маселеси кыргызстандын  эл башкаруучуларынын оюнда дайыма турушу шарт. Киттер менен кызматташуу керек. бирок киттер – ажыдаарлар менен коюн-колтук алышып,  жуурулушуп кетпей, дистанцияны кармоо зарыл. державалар тараптан  чыккан миграцялык агымдан өзгөчө сак болуу кажет. Бул бир, экинчиден …

Жаныбек: - Сөзүңүзгө аралжы,  дүйнөлүк державалар, киттер, ажыдаарлар менен дос болууда жалаң эле экономикалык категориялар менен ойлонгон болбойт деп ойлойм. Тоголок молдонун чыгармасында айтылгандай, каркыра түлкү менен кучакташып дос болсо, балапандарынан ажырап калышы мүмкүн. Түлкү бир күнү  каркыранын өзүнүн башын да жутуп коюушу ыктымал. Ошон үчүн  образдуу айтканда, улуттун алтын башын, балапандарды сактоо, улуттун алтын уясынын өз алдынчалыгын сактоо айлакерлигин карманбаса болбойт:

Боромбай: - Мен да ушул ойду айтып жатам. Өйдөкү пикиримди улайын. Экинчиден, тышкы саясатта да, ички саясатта да өзүң айткандай, улутту сактоо идеологиясын жүргүзүү стратегиялык даанымандыктын, көрөгөчтүктүн белгиси. Кыргызстанда буга чейин дал ушул улутту сактоо идеологиясы аксап келди, болбой келди. Айтчы Жаныбек, Дүйнөлүк киттердин алдында балыктын миллиарддап карызга батышы жакшылыктын жышааныбы? Улутту сактоо дейбиз, сен  мобуну окудуң беле? Мен да сага  телефонумдан окуп берейин. Мына, 2014-жылы 5-мартта «Кутбилим» газетасы аркылуу кыргыз интеллигенциясынын бир тобу Ак үйдүн жетекчилигине момундай кайрылуу жазышкан. Угуп ал (чөнтөк телефонунан окуйт): «Шариятта ушундай, Куранда ушинтип жазылган, Мухаммед ушинтип айткан» - деп буйруктуу, бийликтүү  үндөрү-сөздөрү менен кыргыздын байыркы тарыхын, тилин, Манасын, каада – салтын, үрп-адатын улуттук маданиятын жок кылууга, талкалоого аракет кылып: «… адам өлгөн жерде кошок кошпогула, үн чыгарып өкүрбөгүлө, мал сойбогула, жетилигин, кыркылыгын, жылдыгын, ашын өткөрбөгүлө!... мазарларга барбагыла, арбактардан жардам күтпөгүлө!.... бул исламда жок!...» - деп, Ыйык Куранга жана Мухаммед осуяттарына таянып, ислам динин пайдалануу аркылуу диверсиялык иштерди жүргүзүп, араб элинин улуттук өзгөчөлүгүн, ички маданиятын, каада-салтын, кийген улуттук кийимдерин кыргыз элине таңуулоо, өкүм зордук менен күчтөп киргизүү процесси күчөп, акыркы чегине, апогейине жетти….». Жаныбек боорум, мекенчил интеллигенциянын чырылдап жазган ушул катынан кийин Кыргызстанда улутту сактоо идеологиясы бар, ал иштейт, сырттан кирген бүлүндүрүүчү агымдарды ооздуктоочу мамлекет жашайт – деп айта алабызбы? Качан кыргыздын кызы паранжы жамынчы эле?

Жаныбек: - Ошондой болсо бизге кудай бербейт беле. Мен да Сизге мобу фактыларды угузайын (чөнтөгүнө колун салып соткасын алып чыгып, андан бирдемкелерди издейт), мына таптым (окуйт): - “өлкөдөгү анархизмдин” кесепетинен бизде: алкоголиктер саны 100 миңден, баңгилер саны 20 миңден, сойкулар саны 30 миңден, ажырашуу жылына 7 миңден, кароосуз балдар 50 миңден, адам сатуу жылына 4 миңден ашты, адеп-ахлак кетип, эртелеп, кээде партада төрөгөн өспүрүм кыздар жылына 2 миңге жетип, мектеп рекеттерине 500дөң иш козголуп, ата-энесин өлтүргөн, тууган баласын саткан айбанчылык, ташбоордук, жырткычтык күчөп, ал тургай өлгөн адамдардын органдарын жиликтеп, бочкаларга салып Германияга самолеттоп саткан Кыргыз Медакадемиясы да колго түштү”.  Бул үрөйдү учурган маалыматтар өзүбүздүн окумуштуу философ футуролог Базарбай Темишовдун иликтөөсүнүн натыйжасы. «Жаңы Ордо» газетасынын 2016-жылкы 13-декабрдагы санына чыккан. Сиз экөөбүз сүйлөшүп атып, улуттук кораблибизден тешиктерди чыгарып, суу киргизип жаткандар, «Афган чымчыктар» тууралуу Батыштын «канализациясынын» саркындыларын  жутуп жаткан жаштар, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илгендер жөнүндө канчалаган фактыларды айттык. Соңку убактарда Сооронбай Жээнбеков өткөргөн коопсуздук кеңешинин жыйындары Мамлекеттик кызматтардагы, соттор чөйрөсүндөгү не деген булганыч факты-көрүнүштөрдү ачыкка чыгарды. Анан кантип өлкөнүн ичинде жүрүп жаткан социалдык процесстерди регулировкалап турган ички саясат болуп келди, деп сүйлөй алабыз. Кыргызды улут катары сактоо, муундарды Манас атанын мекенчилдигинин духунда тарбиялоо саясатын жүргүзгөн бийлик иштеп келген деп кандайча айта алабыз?

Боромбай: - Жана айттым го, Жаныбек. Өкмөтүң жыл сайын алмашып атса, а түгүл премьер-министрлер кылмышкер болуп атса, кайдагы ички патриоттук саясат болот? А түгүл Президенттер түрмөгө кесилип, абакта отурса, улутту сактоо боюнча кайсы идеология болмок? Тескерисинче, Кыргызстан чакчылекей будуң-чаң түшпөдүбү. Ошон үчүн элеттик дөөлөт карыянын  интеллигенцияны тилдеп, сөгүп, күйүп бышканы эң туура.

Жаныбек: - Кайсы Дөөлөт карыя?

Боромбай: - Силердин Бейшебай Усубалиев деген жазуучуңар бар эмеспи. Бул жазуучунун «Жылдыздуу түн» деген китеби кытайга да барган. Ошол китепте Дөөлөт деген карыя өзүнүн борбор шаарда жашаган интеллигент уулуна, ал аркылуу өкмөткө,  галстук тагынган кайдыгер интеллигенцияга мындай сөздөрдү айтат. Жазып койдум эле.(телефонун ачып, экранынан үн кубултуп көркөм окуйт):

- «Чу дегенде эле Семетей ат тизгинин күмбөзгө бурду, адегенде эле күмбөздү көздөй жөнөдү. Кайда барабыз деген да жок, шыдыр эле атасынын сөөгү жаткан жерге келди… Келсе…. Жатыптыр!... (Үнү каргылданып  кетет) Кумайык жатыптыр. Итчи, Манастын ити! Жаткан экен тилин салаңдатып, күмбөздөн бир кадам жылбай. Күмбөздү кайтарып… Жатыптыр байкуш, кадам жылбай… жомок деп коюшат!.... Кумайыктын мээнетин алгыла! Кумайыктан айланып кеткиле! Кумайыктыкындай акыл бар бекен силерде?! Ит деп ким айта алат Кумайыкты! Күмбөздөн жылбай сөөк кайтарып жатпады беле ачкалыгына карабай кесээрип…. А силер»

Карачы Жаныбек, көркөм сөздүн күчүн. Чучукка жеткизе айтылган. Дөөлөт карыянын сөзүнөн силер эмес, кытайда жатып мен уялдым.  Окуп алып, Кумайыкча болбой калдымбы деп жаман болдум, намыстандым. Эми Жаныбек, мен мындай дейин. Манастын күмбөзүн Кумайыктын кайтарып жатышы – бул символдук мааниге эгедер. Бул фактынын өзү бүгүнкүгө которгондо улуттук уңгуларды кайтаруу дегендикке жатат. Биз бүгүн улуттук уңгуларыбызды, нарк-кенчтерибизди, баалуулуктарыбызды Кумайык Манастын күмбөзүн кайтаргандай кайтарып, сактап, коргоп, өнүктүрүшүбүз аба менен суудай зарыл.

Жаныбек: - Ушул идеяңызга мен жакында Бишкеке барганда дагы бир жолу ынандым. Чүйдүн  чоң жолунун боюна бир кыргыз заңгыратып тойкана салыптыр да, атын «Монте Карло» деп англис  тамгалары менен бадырайтып жазып  коюптур. Ташкент тараптан келип, Бишкеке кире бергенде, трассадагы көчөнүн аты Ден Сяопин деп турат.  Э айланайын, бул кыргыздын борбор шаарынын дарбазасы го.  Ташкент тараптан келген меймандар бул Кыргызстанбы же Кытайбы дебейби. Ден Сяопинге эч ким каршы эмес, бирок кыргыздын борбор шаарынын дарбазасы улуттук символго эгедер болуп, кире бериш көчөсү улуттун сыймыктуу бир аты менен аталбайбы. Деги бишкек мэриясынын улуттук аң сезими барбы?

Боромбай: - Э Жаныбек  иним, мэрияда кайдан патриотизм болот, мериң өзү улуттун камын көрүүнүн ордуна, уурулук кылып, түрмөгө кесилип отурса. Дагы элге рахмат, көчмөндөр оюндарын көтөрүп, намысты колго алып жатат. Ак калпакты көтөрүп жатат. Үналгы, сыналгыңар, элдик баалуулуктарды үгүттөөнү колго алды.

Жаныбек: - Улуттук  ар намыска кайдыгер мамлекеттик деңгээлде ойлоно албаган атка минерлерден улам, күйгөнүмө чыдабай момунтип ыр жаздым эле:

Грузиндер, өзбектер, уйгурлар,

Неге ушунча улутуна бек турат?

Кафесинде музыкасы алардын.

«Уйгур», «уйгур», «өзбек», «өзбек» деп турат.

Ашканасын аттап кирсең кыргыздын,

Комуз да жок, чоор да жок, батыштын

музыкасы кулак – мээни жеп турат.

 

Бишкектеги кафесине түрк тууган,

Стамбулдун атын койду улук деп.

Өзбектин кафесинин үстүнө,

Жазылыптыр бадырайып Улукбек

Кыргыздыкы Монте- Карло аталат.

Кимдер айтат ушу бизди  улут деп…

Күйүттүү катын кошокчу дегендей болдум, Боромбай аба.

Боромбай: - Элдин баары сенчилеп күйүп-бышса кана. Ушу сенин ырыңдагыдай толгон-токой көрүнүштөрдөн улам польшалык журналистТянь-Шань тоолорунун кыртышы сейсмикалуу  деген турбайбы. Эл ичиндеги акындарыңар, акылмандарыңар, патриотторуңар:

Умтулуп алга кетсең да,

Уюткуң сакта, кыргызым,

Капиталга жетсең да,

Каадаңды сакта кыргызым.

Өйдөгө канат каксаң да,

Өзөгүң сакта, кыргызым,

Көкөлөп учуп чыксаң да,

Көрөңгөң сакта, кыргызым! - деп эле насааттарын какшап айтып да, жазып да, жатышат. Ушуну чоңдоруңар укпайт, ээ.

Тескерисинче, ушу акимдер, министрлер, губернаторлор, мерлер элге ушинтип, байма-бай кайрылып, багыттап, жол көрсөтүп туруш керек да. качанкыга чейин С.Жээнбековдун көрсөтмөсүн күтүп отурушат? Илгери 40-жылдарда Искак Раззаков окумуштууларды өзүнө чакырып, «Кыргыз адабияты» окуу китебин жазгыла деп тапшырма берген экен. Зыяш  Бектенов менен Ташым Байжиев өкмөттүн дачасында жатышып, тапшырманы аткарышыптыр. Бүгүнкү начальниктер да элдин башында көсөмдүк менен туруп, улуттук уңгуларды, руханий пайдубалды сактоо боюнча өз демилге, акылдары менен төмөн жактагыларга көрсөтмө берип турушса гана, атаганат.

Жаныбек: - Аны кой, төмөн жактагылар кыргыз рухунун туу чокусу болгон, улут сыймыгы «Манасты» мектеп окуу планына өзүнчө сабак кылып киргизип бергиле, деп өтүнүчтөрдү, кайрылууларды жазса да, жогору жактагылар дитин койбой жатышпайбы. Маңкуртчулук илдети, улуттук нигилизм, улутсуз тамырсыз космополитизм, чет жактык нерселерге жүгүнүү илдети коомубуздун бардык деңгээлдерин чулгап алган экен го чиркин!

Боромбай: -  2010-жылы президент Роза Отурбаева «Манас» жөнүндө момундай оюн айтты эле. Соткама жазып алдым эле, кулак салчы (телефонунан окуйт):

“Манас” - улуттун жаны. “Манас” эпосун мамлекеттик символ катары санашыбыз керек. ал Кыргыз Республикасынын Гимни, Герби, Туусу сыяктуу эле мамлекеттин жана улуттун ыйык көркөм мурасы болуп саналат.  Өкмөт тарабынан калктын ар кандай катмарында «Манас» эпосун кеңири таратуу үчүн шарттарды түзүүгө жана чаралар көрүлүүгө тийиш. Бала бакчадан тартып мектептерге, жогорку окуу жайларына чейин «Манас» эпосун окутуу программасына киргизүү жайын Билим берүү министрлиги карап көрүшү керек». Ушул сөз 2010-жылы «Эркин тоонун» 23-июлдагы санына жарыяланган. Роза Отунбаеванын ушул сөзүн радиодон да угуп,  гезиттен да окуп, аябай кубанып, үмүтүм «дүрт» деп жанды эле. «Манас» эпосузбуздун  эми чындап багы ачылып, улуттун руханий тарбиясына эми чындап кызмат кылат экен деп барбалаңдадым эле. Тилекке каршы, кийинки бийлик Р.Отунбаеванын бул жалындуу идеясына аркасын салып койбодубу. Эми экс президент Р.Отунбаеванын ошондогу демилгесин жаңы Президент Сооронбай Жээнбеков ишке ашырабы деп калдым. Себеби С.Жээнбековдун «Манас» академиясын ачканы үмүтүмү кайра жандырды.

Жаныбек: - С.Жээбеков эми экинчи кадамды жасаса дейбиз. Эгер «Манас» улуттун символу, ыйыгы, улуттун жаны болсо, анда ал урпактарыбыздын жан дүйнөсүнөн орун алсын да. Ыйык мурасыбыздын жан дүйнөгө сиңиши үчүн педагогикалык механизмди түзүү керек. ал механизм  - «Манас» сабагынын өз алдынча предмет катары 1-класстан 11-класска чейин окуу планына, окуу программасына, тарбия  сааттарына кириши. Ушундай  болгондо гана Роза отунбаева айткандай, «Манастын кеңири таралышы үчүн шарттар» түзүлмөк. Минтпей туруп, жөн гана үгүт-насыят, пропаганда менен чектелүү эффект бирмек эмес.

Боромбай: - «Манасты» улуттун жаны деп атабыз ээ. Бул улуттун руху, жан дүйнө касиеттери, этикалык эреже-жоболору, тутунган идеалдары, философиясы, принциптери деген сөз да. булар болбосо «Манас» улуттун жаны деп кантип аталат?  Экөөбүз улутту сактоо керек деп атабыз. «Улуттун жанынын» ушундай алтын казынасына, рух ресурстарына, патриоттук салттарына таянбаса, улутту сактоо саясаты кантип жемиш берсин. «Манасты» кыргыз турмушунун энциклопедиясы дейбиз, дүйнөлүк эпостордун «эверест чокусу», «поэзия океаны» деп мактанабыз. «Жайнап түшсө мөндүрдөй, жалпы журтум терген сөз, баласына атасы, энчи кылып берген сөз» дейбиз. «Ыйык сактап урпактарга берели» деп Гимнди ырдайсыңар. Андай болсо, эмне үчүн ошол «Энциклопедияны» «Эверестти», «Океанды» казактын улугу Д.Кунаев айткандай, «гимнибизди» бала бакчадан тартып, мектептерге, орто жана жогорку окуу жайларына чейин системалуу түрдө кеңири киргизип, окутпайбыз? «Улуттун  жанын» эмне үчүн биз – аталар балдарыбызга энчи кылып бербейбиз? Казактарды карачы, те илгери эле «Абай» институтун ачып салышкан. биздин рухий тообуз бар, ал эми башка элдер кичинекей дөбөлөрүн тоо кылып көрсөтүп, урпактарын окутуп жатат.  А силер Кыргызстанда өзүңөрдүн Хан-Теңириңерди дөбөгө айлантып, жомок деп чыртыйып, улуу мурасыңардын багын ачпай отурасыңар. «Манастан» - улуттун жанынан» ажырасаңар, анда ким болосуңар? «Манас» руху менен кыргыз кыргыз болуп келген. Мындан ары да кыргыз болосуңар. Дүйнөлүк бороондордон силерди «Манастын» Хан-Теңир тоосу сактайт.

Жаныбек: - «Манастан» бир сап окубаса, анын «улуттун жаны» экенин түшүнбөсө, улуу мураска тоскоол болгондон башка чоңдордун колунан эмне келет? Ошон үчүн атка минерлерден «Манастан» экзамен алуу керек деп айтып жүрүшпөйбү. Эмесе, Боромбай аба, «Улуттун жанын» кандай рух, кандай этика, мораль, кандай даанышмандык түзүп турарын мага санап, түшүндүрүп бере аласызбы? «Манастын» Хан-Теңир тоосу эмнелерден  турат? (Аңгыча экөөнүн жанына официант кыргыз аял басып келет)

Официант аял:  - Кечиресиздер, байкелер, үстөлдү жыйнаш керек, эсептешүүңүздөрдү өтүнөбүз.

Боромбай: - Жыйнай бер кызым, биз дагы жаңы заказ беребиз.

Жаныбек:  - Сүйлөшүп атып, ичкен тамагыбыздын кайда кеткенин да билбей калдым. Дагы бир ысык бирдеме ичип алалы, ээ Боромбай аба.

Боромбай: - Мейли, бул кафенин картөшкө аралашкан куурдагы абдан даамдуу экен. Ошондон бирден жейличи. Анан көк чай алдыралы. Куурдактан жей отуруп, дагы маектешели,  ээ Жаныбек? (Экөө үстөлгө келип, маңдай-тескей отурушат. Официант аял жаңы заказ кылынган даамдарды алып келип, алдыларына коет).

Официант аял (жылмайып):  - Байкасам баятан бери кызуу сүйлөшүп жатасыздар. Ары-бери өткөндө кулагып чалып калып атты. Сөзүңүздөр Кыргызстандагы көйгөйлөр жөнүндө болуп жаткандай. Саясатчы көрүнөсүздөр. Эмнеси болсо да, кафеге кыргыздар келсе бир туугандарымды көргөндөй ичимден кубанып калам. Тамагыңыздар таттуу болсун!

Боромбай аба:   - Рахмат айланайын. Өзүңдүн бу жайда иштегениңе канча убакыт болуп калды? Атың ким? Төркүндөрүң эмеспизби, тартынбай сурайын.

Официант аял: - Атым Батма. Бу жерде иштегиме үч жылдын жүзү болуп калды.

Боромбай:  - Москвага өзүңдү кандай шамал айдап келди?

Официант аял: (күлүп) - шамал эмес, Кыргызстандагы адилетсиздиктин, жемкорлуктун бороону учуруп келди!

Боромбай:  - Көтөк, эмне болду мынчалык?

Официант аял (бош стулга отура калып):  - Университетти «5» ке бүткөм. Билимиме ишенип, конкурска катышкам. Өзүм сырын билген, эптеп-септеп окууну сырттан бүткөн бир тааныш жигитти конкурстан жетелеп «жеңдиришип», кызматка алышты. Көрсө, министрдин орун басары менин атаандашымдын өкүл атасы экен. Андан кийин бир тууган сиңдим Россиянын жогорку окуу жайына бөлүнгөн бюджеттик орунга документин өткөрсө, министрликтеги жооптуу кыргыз киши миң доллар сураптыр. Сиңдимдин ордуна акчалуу адамдын бааласын жөнөтүштү. Ошондон кийин  көңүлүбүз клады да, сиңдим экөөбүз Москвага баса бердик.

Жаныбек (толкунданып ыр саптарын айтып жиберет):

- абройлуу бир кызматка жарыялайт конкурсту,

Чоң төрага көрсөтөм деп, элге «калыс» ишими.

Бирок кирет «өз кишилер»  калыстардын тобуна,

Бул жагынан күчтүү өнүккөн төраганын «илими».

Акырында, тандап алат чоң жарыштан «жеңди» деп,

Жең ичинен күн мурунтан макулдашкан кишини.

Сырт жагынан баары кооз, эч нерсе дей албайсың.

Калыс тандоо – мына дешет адилдиктин түшүмү

О кантейин, айлам кетти, астыртадан өлкөмдүн

Жүрөгүнө чаап барат  коррупция шишиги!

Официант аял: - Менин оюмдагыдай ыр экен, өзүңүз жаздыңыз беле. Бутанын дал өзүнө тийиптирсиз. Кой анда, мени клиенттер күтүп калды. Кечиресиздер… (официант аял кетет. Экөө тамакка карашат)

Жаныбек: (оозундагы куурдакты жутуп)  - Жанагы сөзүбүздү уласак дейм. Боромбай аба,  Сиздей адамга жолукканыма кубанып жатам. Сизден көп нерселерди туюп-билип калсам дейм. Кайрадан «Манасты», «Улуттун жаны» деген жанагы ойго келсек. Суроомду кайталайын. Демек, Боромбай аба, «Манастын» биз тутуна турган туусу, ыйык көрүп кармана турган жобосу кайсы? Улуттун жаны деп айтарлык өзөк дөөлөттөрүн түшүндүрүп бере аласызбы? Сиздин оюңузча, «Манас» кайсы кенч-нарктары менен улутту сактоого жардам берет? Кайсы баалуулуктарын,  кайсы философиясын ыйык сактап, урпактарга өткөрүп беришибиз керек?

Боромбай: - Жаныбек иним, өзүң филолог экенсиң «Манасты» менден кем билбесең керек. «улуттун жанын» түзүп турган  өзөк кенчтерди чогуу аныктайлы, экөөлөйлү. «Манас» деген океанга жалгыз менин кучагым жетпейт. Мен айтпай кеткенди, сен толуктай отур. Эмесе, мен аныктаманы Манас атанын мобу антынан баштайын.

«алты сан аман турганда,

Ыйык кыргыз жеримди,

Душмандын буту баскыча,

Асыл кыргыз элимди,

Тебелетип бөтөнгө,

Кор кылып карап жаткыча

Туулбай туна чөгөйүн,

Тирүү жүрбөй өлөйүн!

Ак калпак кыргыз эли үчүн,

Ала-Тоо артык жер үчүн,

Жанымды курман чалайын!

Аткарбасам антымды,

Төшү түктүү жер урсун!

Төбөсү ачык көк урсун»

Жаныбек, анттын саптарынан көрүнүп турбайбы. Карачы «Манаста» эмне ыйык экен? Ак калпак кыргыздын азаттыгы, Ата-Журттун эркиндиги, эгемендүүлүгү ыйык. Эркиндик – адам баласынын жута турган абасы. Аба жок болсо, адам баласы өлүмгө дуушар болот. Биздин ата-бабаларыбыз кылымдар бою эркиндиктин идеясы менен дем алып, тынымсыз күрөшүп келген. Эркиндик идеясы Манас атанын да көөдөнүндө жүрөк болуп согуп тургандыгын анын ушул көкүрөктөн атып чыккан антынан көрүп турабыз. Манас атанын кыргыз эли үчүн кымбаттыгы ушунда, ал бизге эркиндик философиясын тартуулаган. Эркиндик улут үчүн фундаменталдык мааниге ээ. Бүгүнкү Ала-Тоолук кыргыздар улут азаттыгынын зарылдыгын Манас Атадай терең түшүнүп, Манас Атадай ыйык тутуп, жетип турган эгемендүүлүгүңөрдү көздүн карегиндей сактоо үчүн Манас Атадай күрөшсөңөр, улуттун бул өзөктүү эң жогорку ыйык кенчин урпактарыңардын көкүрөк-көөдөнүнө сала билсеңер, анда кыргыз журтубуз жанагындай глобалдык киттердин, ажыдаарлардын, дүйнөлүк державалардын «оп» тартып кетүүчү күчүнө туруштук берет. дүйнөлүк  бороондорго Хан-Теңир тоосу сыяктуу төшүн тосуп, кебелбей туруп берет. Түшүнсөк, «Манас» – бул улутту сактоонун философиясы. Эгерде бул идеологияны колдоно билсек, улуттун жаны тирүү болот.

Жаныбек: - Ап бали, Боромбай аба! Сөздүн төрөсүн айттыңыз. Анда мен мобуну кошумчалайын дейм. «Көкөтөйдүн ашында» абал курчуп турганда, каңгайлык агрессивдүү төрөлөргө Коңурбайга,  Нескарага, Жолойго карата ак жолборстой чамынып, ач арстандай  күркүрөп, Манастын:  «Чабуучу кытай сен эмес, чаптырчу  кыргыз мен эмес, алуучу калмак сен эмес, алдырчу кыргыз мен эмес» деп айтып турган айбаттуу сөздөрү эске түшөт. Манастын патриоттук рухунун күчүн карачы. Бул сөздөр жөн эле окуп койчу сөздөр эмес. Бул сөздөр биз бүгүн жадыбалдай жаттай турган өзүнчө бир ар намыс кодекси дегим келет. Биздин ар бирибиз Ата-Журттун чек арасын, эгемендүүлүгүбүздүн чек арасын Манас атабыздай кайтарып, кайраттуу, ар намыстуу, сыймыктуу турушубуз керек. мына «Манастын» идеологиясы….  Мындай өзүнүн улуттук чегинде сак турган жигер – кайратсыз, мекенчил сезим-туюмсуз, жырандык бийик аң сезимсиз «улуттун жаны» өлгөн денеге айланмак. Улуттун корабли туш-тушунан жыртыла бермек. Мекен чегин кайтарган жарандык ар намыс «Манастан»  - биз үйрөнө турган өзөктүү, атуулдук –нравалык дөөлөт. Ушул дөөлөттү урпактарга энчилеп берели дегенибиз акыйкат.

Боромбай:  - Буга кошумча айтарым, «Манастан» алып, таяныч кыла турган дөөлөт – бул акылман жана алп Кошойдун насыяты дээр элем. Ал кандай насыят? Кошойдун Манаска айткан идеясынан Ала-Тоодо экономикалык жактан кубаттуу күчтүү кыргыз мамлекетин түзүү философиясы келип чыгат. Кошой элиңди тегиз башкарып, эгемендүү болгонуңда айланаңда арстандай секирип, мекениңди баскысы келген тырмактуу кысталактар өзүңдү тынч койбос. «Кенен ойло башынан кебелбес болсун казынаң. Ошого моюн берсеске, ок жетпеген ат камда, ок өтпөгөн тон камда» - деп Манаска кеңешин берет. бул насыятты бүгүнкү күнгө  которуп чечмелесек, терең илим-билим жана күчтү экономика аркылуу эгемендүү мамлекетибиздин түп пайдубалын чыңдоо, «Кебелбеген казынага, ок жетпеген атка, ок өтпөгөн тонго» ээ болуу деген логика келип чыгат. Кандай гана инновацияларды баштасаң да, өз кыртышындагы улуттук башаттарга, тарыхый «тамырларга» негизденгениң оң. «Манаста» дагы эмне ыйык, Жаныбек баатыр?

Жаныбек: - Манас менен Кошойдун Кум-Арыкта Кытай ханы баскынчы Алоокенин алтын – күмүш казынасын өздөрүнүн менчигине басып албай, эзилген түрк элдерине бөлүштүрүп таратып бериши – ааламда жок айкөлдүктүн белгиси.  «Манаста» айкөлдүк, жоомарттык,боорукерлик, берешендик сапаттар аздектелген адамдык жогорку касиеттер. Манас тегерегиндегилерге мындай деп осуят айтат: «Карыган карып кезиксе, каралашып май бергин, жолоочу мискин, мусапыр, жолукса кенен жай бергин, минерине тай бергин, жесирге саан уй бергин». Мунун өзү Манас атабызды жан дүйнөсүнүн марттыгын, кенендигин, анын адамгерчилигин, терең гуманизмин мүнөздөп жатпайбы. Буга мисалдар дагы толтура. Гуманизм «Манас» эпосунун көтөргөн туусу. Бүгүнкү капитализм шарттарында өзүмчүл индивидуалисттер, «чык татырбас чынарбайлар»,  прагматиктер  көбөйүп, адамга, турмушка бухгалтериялык-коммерциялык мамиле баш көтөрүп жатканда, «Манастын» адеп-ахлак гуманизми багыттана турган өрнөк эмеспи. Илгертен кыргыз рухуна кайрымдуулук өз ара жардамдашуу салты, кыйынчылыкта бири-бирине кол сунуу, коллективизм, жамаатчыл касиеттер таандык болуп келген. Мынадй жаркын сапаттар «Манаста» алтындай болуп уюп жатат. Мындай рухий асылдыктар -  муундардын энчисине өткөрүп бере турган нукура баалуулуктар эмей эмне?

Боромбай: - Мунуң ырас, Жаныбек. Мен дагы муну кошумчалайын. «Манастагы» биз таяна турган тоо - эл-журттун биримдиги, бөлүнбөс бүтүндүгү жөнүндөгү даанышмандык. Калп айткан менен болобу, туңгуч президентиңер А.Акаев «жети осуятты» туура көтөргөн. Манас атабыз бир муштумдай бириккен түбөлүктүү улут болсун деп «Кулаалы жыйып куш кылган, курама жыйып журт кылган». Бүгүн өкүнүчкө жараша, жер-жерлерге, баланча  уруулардын жыйналышы деп бөлүнүп трайбализмге берилип, ар кайсы диндердин жолун жолдоп, кландарга, мафиялык топторго, бай-кедейге ажырап, тукумдарыбыз ар кайсы өлкөлөргө чачырап, ичибизде Абыке-Көбөштөр, Көзкамандар, жемкорлор, маңкурттар көбөйүп жатканда, бул аз келгенсип, чет өлкөлүк кузгундар төбөбүздө айланып турганда, «Манастын» бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу, өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө болуу туурасындагы үлкөн идеясы кыргызга аба менен суудай зарыл болууда. Элибиздин  ичинен жарака кетсе, ага дароо шынаа кагып, күчөтүүгө чет жактык «түстүү революция» жасоочулар даяр турушпайбы. Ошон үчүн улуу «Манастын» «серпишкенге бой бербес, сепил болуп калгыла», ынтымагың жок болсо, пил да болсоң жыгыласың, миң да болсоң кырыласың», «бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет, жарылсаң ууру алуучу, жарылып калды кыргыз деп, жаманатты кылуучу» деген философиясы Ала-Тоо өлкөсүнүн ички идеологиясы болуп калууга тийиш. Жанагы партиялар, оппозиция, бийлик дагы тирешүүнү, келишпөөчүлүктү таштап, ынтымакка келе турган бир ыйык нерсе бар. Ал ыйык нерсе, эгемендүү элдин биримдиги, баш кошкондугу, калк турмушунун стабилдүүлүгү, улут аралык ынтымак. Мынакей бороондорго туруштук берүүчү кыргыздын Хан-Тенир тоосу.

Жаныбек:

- Өзүңө жалган элес куруп алба,

көгөрүп бир чекитте туруп алба.

Талашта жаңы гана түп байлаган

Тамырды ачууң менен жулуп алба – деген ыр  бекеринен чыгарылган эмес да, Боромбай аба, Сиздин акылгөй сөздөрүңүз, айрыкча эл аралык геосаясий күчтөрдүн аракеттеринин контекстинде тимеле кулагымдын кычуусун кандырып жатат. Карабайсызбы ,мобу программаны. Глобалисттик супердержавалык кызыкчылыктарды көздөгөн эл аралык уюмдун жашыруун документин бир орусча журналдан окудум. Кулак салсаңыз: (чөнтөк телефонунан окуйт):

- “С помощью информационного оружия нового поколения создание атмосферы бездуховности и безнравственности, нагативного отошения к культурному наследию, провоцирование социальных, политических и религиозных столкновений, подрыв международного авторитета государства”. Мына ушундай кырдаалда “Манастын” биримдик идеясын туу кылып көтөрүү, ички идеологиябызга айландыруу  номур биринчи маселе да.

Боромбай: - Кыргыз интеллигенциясына эмне жетишпейт? Улуттук кызыкчылыкты аңдоо жана коргоо, стратегиялык ой  жүргүртүү жетишпейт. Оюбуз күнүмдүк пайданы айланчыктап турат. болбосо, ыйык Манастын ысымын аракка чаптайт белек. Улуу мурасыбызда Манас, Бакай, Кошой үчөө улуттун стратегиялык кызыкчылыктарынан чыгып баш кошушкан, биригишкен. Үчөөнүн ынтымак биримдиги кыргыз элине эркиндикти, жеңишти, бакытты алып келген. Кыргыз элинин кызыкчылыгы деп жан үрөгөндүгү үчүн Манасты Кошой төбөсүнө көтөрөт. “О кудурет, уккун кебимди, сындыра көрбө белимди, жараткан өзүң колдой көр, кабылан Манас шеримди”, “Алтайдан Манас табылды, абийирим минтип жабылды”- дейт Кошой. Ал эми Манас: “алдыга салса ак жолум, артымда жүрсө сан колум” - деп Кошой абасына агынан жарылып ачылып турат. бакайга болсо, “Өчкөн отту тамызган, өлгөн жанды тиргизген, караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан, олуят чалдын эр бакай, өзүң билип жол башта”- деп кучагын жаят. Үчөө улуттун улуу мүдөөлөрү үчүн ичтеринен болоттой бекем ширелишкен. Бүгүнкү кыргыздын жарандары да Манас, Бакай, Кошой бабаларынын ынтымак өрнөгүн ээрчип, эл-жердин келечегин кенен ойлонуп, өз ара жуурулушуп баш кошушса, аларды эч кандай бороон ала алмак эмес.

Жаныбек: - биримдиги күчтүү калк аз санда болсо да, жутуп жоготом деген державалардын тамагына сөөк болуп сайылып калса керек. Ошондуктан киттер аны айланып өтсө керек. Маселен, Арменияны карачы, өткөн кылымдын 90-жылдарында өлкөдө чет өлкөлүк диндик секталар Кыргызстандагыдай жайнап кеткенде, Армян өкмөтү аларды 24 сааттын ичинде Армениянын территориясынан чыгып кетүүгө буйрук чыгарган. “Арменияда Армян чиркөөсү гана аракет кылат” деген. Мына, эл менен өкмөттүн бир муштумга биригиши, улуттук кызыкчылыкты коргоо деген ушул эмеспи. А биздин Кыргызстандын жемкорлору үчүн улуттук кызыкчылыкка караганда, чт өлкөлүктөрдүн сунган доллар-садагасы артык турат. Кыргызстанда болсо, 300дөн ашык ар кандай диндик уюмдарга, секталарга лицензия берилген. Ай кудай, жээги жок жапайы демократия бизде эмнени гана кылган жок!

Боромбай:  -Манаста” дагы эмне ыйык, эмне кымбат?

(официант Батма өтүп баратып кайрылат)

Батма: -  Дагы бирдеме берейинби, эчтекенин кереги жокпу?

Жаныбек: - (Боромбайга кайрылып) Дагы бир жүз грамга заказ берсек кантет, аба?

Боромбай: - Манас жөнүндө сөз кылып жатып, ичкилик ичкенибиз болбойт го. Жөн эле койчу, иним.

Жаныбек (официантка кайрылып): - Азырынча кереги жок. Рахмат! Анда сөзүңүздү уласаңыз. “Манастын” дагы ыйык кымбаты кайсы, аба?

Боромбай: - ойлосок, кыргыздын байыркы моралдык маданиятында жамаат, эл мекен алдындагы парз, атуулдук милдет, жарандык жоопкерчилик, патриоттук ар намыс деген түшүнүктөр ыйык нерселер катары ардакталган экен. Орхон Енисей таштарында, Барсбектин эстелигинде, “Элиме мени тууп берген эле энем” - деп жазылган. Ата-бабаларыбыздын түшүнүгүндө төрөлгөн перзент эненин гана эмес, элдин уулу делип саналган. “Манас” эпосунун борбордук каармандары Манаска, Бакайга, Кошойго, Каныкейге, Чубакка, Сыргакка ак калпак калктын, ата-журттун алдындагы атуулдук жоопкерчиликти, парзды сезүүнүн,  аңдап-туюнуунун жогорку даражасы мүнөздүү. “Калкым кыргыз сен үчүн, курман болуп кетейин!”- дейт  Манас. Кошой баатыр “Көкөтөйдүн ашында” 85 жашында кыргыз элинин, Манас мамлекетинин  ар намысы үчүн Каңгайлык каардуу Жолой менен күрөшкө түшкөн. Манас жана анын жалындуу чоролору  калайык калкты, мекенди бир бүтүн нерсе катары карап, өздөрүн ал бүтүндүктүн бөлүкчөлөрүбүз деп санап, бүтүндүксүз өз өмүрлөрүнүн маңызсыз экенин акылгөйлүк менен туюнушуп, ошол бүтүндүктүн алдындагы уулдук парзды, милдетти аткаруу үчүн баштарын  канжыгага байлап, өрт кечишпедиби. Кайсы бир даанышман айткандай, өзүнүн жеке пайдасын түк ойлобой, өз ыктыяры, жүрөгүнүн чакырыгы менен бир боор элинин жыргалы үчүн өзүн курмандыкка  чалган» айкөл Манас атабыз кандайча бизге үлгү, идеал эмес. айтчы Жаныбек! Ушул моралдык, патриоттук идеал бүгүнкү кыргыздардын, бүгүнкү муундардын «улуттук жанын» бекемдей турган рух куралы эмеспи.

Жаныбек: - Ошону айтсаңыз, Манас атанын мына  мобу жогорку даражада чыңалган атуулдук-жарандык толгонууларынан, санаркоолорунан үлгү алсак кана.

Менин көзүм өткөндө

Кагылайын калайык

Эл эмине болот дейм?

Тукабадай кулпурган,

Жердеген пенде туйтунган

Жер эмине болот дейм?

Каз өрдөгүн чуулаткан,

Көл эмине болот дейм?

Тагдырым жетип дүйнөдөн

Ажалым жетип окко учсам,

Кара жаак айбалта

Кайкалатпай ким аштайт,

Калып калса бул элди,

Капа кылбай ким баштайт?!

Долоно саптуу айбалта

Толгондурбай ким аштайт,

Тоорулуп кетсем дүйнөдөн,

Аркамда калган бул элди

Тоздурбастан ким баштайт?!

Мынакей, Боромбай аба, сиз айткандай, ата журт алдындагы атуулдук парзды, жопкерчиликти сезүүнүн бийик даражасы. Мынакей, Манастын патриоттук – улутмандык акыл ойломунун керемет масштабы. Мынакей, ой жүгүртүүсүнүн кенендиги жана тереңдиги, мынакей, улуттун көйгөйү менен санааркаган улуу мекенчилдик, калк кызыкчылыгын кайтарган стратегиялык акыл- эс. Мынакей, журт тагдыры үчүн жоопкерчиликти мойнуна көтөргөн Манастын рухий асылдыгы! Ата-журт жөнүндөгү бул улуу санаа бүгүнкү эгемендүү Кыргызстандын ар бир жараны үчүн өлбөс-өчпөс өрнөк-таалим. Президенттен тартып, коомдун ар бир мүчөсүнө чейин өзүнүн ата журту жөнүндө Манас атабыздай санааркап, тукабадай кулпурган жерим эмне болот, каз – өрдөгү чуулдаган көлүм эмне болот, мекенимдин келечеги кандай болот, мен жок болсом, калайык-калкымды капа кылбай ким баштайт, мамлекетимдин айбалтасын ким аштайт? –деп жарандык санаага батып, тогуз толгонуп, эл-жеринин урматына күжүрмөн аракет-мээнет менен жашай билсе, өлкөбүздүн пайдубалы канчалык бекем болор эле да, алдыга карай Ата конушубуз канчалык арыштап өсөр эле.

Боромбай (какшык аралаш тамашага чалып): - Жаныбек, бул айтканың мени муютту. Бирок сен экөөбүз минтип алыста Россияда жүрсөк, сен жокто тууган жериңде айбалтаны ким аштап жатат? Хе-хе, терикпе, тамаша….

Жаныбек: - Чынымды айтсам, кийинки убактарда көп санааркап, тууган жериме кайтайын деп камынып жүрөм. Биякта жүрүп көп нерсеге көзүм ачылды. Сиз да азыр мени катуу ойлонтуп жатасыз.

Боромбай: - “Манаска” дагы көзүбүздү чоң ачып карап, өзүң айткандай, катуу ойлонолу. Байкайсыңбы Жаныбек, Манас, Бакай, Кошой баатырлар өздөрү убада бергендей, чачылганды жыйнашты, үзүлгөндү улашты, жоголгон жокту табышты, бузулганды кайра тургузушту. Демек, бул залкарлардын адеп-ахлагына сөз менен иштин биримдиги мүнөздүү. Манас ата өзүнүн берген антын издеп тайбай аткарып, элин эңсеген мүдөөсүнө - азаттыкка жеткирди го. сөз менен иштин биримдиги – бул «Манастагы» ыйык моралдык принцип. Ички тутунган ишеним менен жүрүм - турумдун айкалышы айкөл Манас атанын руханий көркү.  Жалпы адамзат  нравалык идеал катары эсептеген ажайып сапат. «Манастагы» бул асылдык - сөз менен иштин гармониясы кыргыз рухунун кымбат байлыгы. Бул байлык убада сөз менен реалдуу жүрүм-турумдун ортосундагы  ажырым, дисгармония күчөп, ыйман дефицити өкүм сүрүп турган бүгүнкү күндө таалим ала турган  адептик улуу сабак, кастарлап үйрөнчү касиет. манастын моралдык улуулугу жана бүгүнкү күнгө керектиги ушунда.

Жаныбек:  - Боромбай аба, мобуну да кошо көрсөтүп айта кетели.

“Манаста” эне ыйык, ата улук. Улуу мурасыбызда айрыкча, эне менен баланын ортосундагы мамиле суктанарлык. «Манаста» чыйырды  эненин баласы Манаска карата мээриминин чеги жок. Он эки жашка чыгып калса да, апасы Манасты «Боздон тоодак куткарбас, боз ала шумкар Манасым, калкайган тоого токтобос, кара ала барчын Манасым, сөзү таттуу балдайым, сөөлөтү сонун айдайым!» деп, уулуна эбедени эзилип турат. манасы тентек  болсо да,  эч убакта, эч жерде осол мамиле жасабайт. Уулу үчүн отко, сууга түшүүгө даяр. Мээрим мээримди жаратат. Буга да ушул эле Чыйырды эне менен уулу Манастын ортосундагы жуурулушкан ысык мамилени мисал катары келтирүүгө болот. Атагы таш жарган баатыр болуп, таласта ажонун тагында отурган чагында да, Манас чыйырды энесин айланчыктап турат. маселен, ал бир ирет Алманбет менен келип, бир жагынан энесине эркелеп, экинчи жагынан достук үчүн ант кылып, Чыйырдынын эмчегин эмет.  Чыйырдыга  Таласка атайылап Ак сарай салып бергенине  караганда, Манастын апасын төбөсүнө көтөрүп багып жаткандыгы байкалат. Ажал тооруп, көзү жумулуп баратканда да, Манас Чыйырды апасын оозанып: «Өрүштөн кыркпа желемди, өксүтпө карган энемди» - деп чогулуп келген туугандарына керээз кылат.

Боромбай: - Ушуну ырас айттың, Жаныбек. Энеге карата мамиленин көрүнүштөрүнөн улам байыркы кыргыз тукумдарынын акыл-ой жана жан дүйнө маданиятынын жогору болгондугун баамдоого болот. Буга эл ичинде илгертен жашап келе жаткан төмөнкү макалдар жана накылдар да күбө: «Эне сүйүүсү күн шооласы сыяктуу болот», «Алтын-күмүштүн эскиси болбойт, ата-эненин баасы болбойт», «Дөөлөтүң – ата-энең», «Эне баскан жөжө өлбөйт», «Эне - соолбос булак». Ушул жерден баса белгилей турган нерсе, дегеле, кыргыз көчмөн цивилизацисы эненин статусу эң бйик чокуга койгондугу менен бөтөнчөлөнөт. Эненин кыргыздагы эң жогорку руханий  статусун «Манас» эпосу ырастайт. Эне – Манас баатыр үчүн ыйык. Бүгүнкү энесин, атасын карылар үйүнө өткөрүп жаткандар «Манасты» окуп,  уялышы керек.

Жаныбек:  - Эгерде азыркы XXI кылымдын жана мындан аркы келечектин адамы кандай болуш керек, алдыңкы адеп-ахлактуу инсандын моделин кандайча көз алдыга элестетсе болот деген собол коюлса, мен  ага мындайча  жооп берээр элем. XXI кылымдын жана болочоктун адамы эне менен атаны пир тутуп, терең урматтаган инсан болуш керек. ушул адамдык улуу сапат жаңы адамдын негизги моралдык касиеттеринин болушу лаазым. Ал Манас атадай ата-энени сыйлаган киши болушу зарыл. Мындай адамдык асыл касиетсиз дегеле, адамды, ал канчалык билимдүү болсо да,адам болду деп айтышыбыз мүмкүн эмес.

Боромбай: - Баракелде, бул жерде сен чоң ой айтып койдуң. Сенин бул оюң кыргызга гана эмес, жалпы   адамзатка керек. идея! Дагы кайсы нарк улук «Манаста» дегенде, мына мобу баалуулукту айланып өтүү мүмкүн эмес. Манстын дипломат чоросу акылман Бакай калк аралык, инсан аралык мамилелерде  баарлашуу ыкмасын колдонуп, ар дайым ийгиликке жетишип турат. Түйүндүү маселелерди баарлашып чечүү өнөрүнүн, бүкүнкүчө айтканда, диалог дипломатиясынын башаты «Манаста» жатат. Бир эле Бакайдын Манас менен алты хандын ортосундагы чатакты баарлашуу жолу менен басканын эске түшүрөлү. Бакайдын мындай өнөрүн кийин кыргызда Тилекмат аке уланткан. Мынакей, кыргыз мамлекети жетекчиликке ала турган моралдык – саясий принцип.

 Жаныбек:  - «Манаста» мобу түйүндүү нерсе да эң маанилүү. Жер соорусу Ала-Тоодон, өз тууруңдан өз маңдай-териң менен бакыт табуу идеясын Манас – Ата осуяттагынын алды жакта айтып өткөнсүз. Чынында эле эмгек идеологиясы «Манаста» жатат. Өз эмгек мээнеттери менен токсон миң топоз, сансыз байлык күткөн көкөтөй, кырк миң жылкылуу  болгон жакып буга күбө эмей эмне. «Эмгек кыл, балдар эмгек кыл, акыңды эмгек кайырат, арыганың семирет, ачкан курсак тоюнат, алтындын кенин казалы, кетмендеп жерди оелу», деген насыят жана чакырык идеолог – тарбиячы Акбалтанын оозунан чыгат. Бала Манастын койчу ошпурдун колунда жүрүп, эмгекке тарбияланышын, Каныкей менен Бөлөкбай устанын аскердик кийимдерди, курал-жарактарды жасаган жан чыдагыс түйшүк-мээнетин эске түшүрөлү. Манаста бакубат жашоо үчүн күн тынымын билбеген, түн уйкусун көрбөгөн адал эмгек, ыйык экени анык. Ыраспы, Боромбай аба? Эмгектин идеологиясын биз «Манастан» алабыз.

Боромбай: - Манас дүйнөдөгү эң мээнеттүү жан. Бирок аттиң… Манас эл үчүн  жасаган ак мээнетинин үзүрүн көрбөй, эртелеп дүйнөдөн көчпөдүбү. Эми Жаныбек иним, океандай «Манастын» уңгулуу нарктары айта берсе көп. Эгерде, «Жетимиш түрлүү  эл көргөн, жетимиш түрлүү тил билген» Ажыбайдан улам айтсак, көп тилдүүлүктүн философиясы да ушу «Манаста?». Каркырага төгөрөктүн төрт бурчунан ак дасторкондон даам сызууга сандаган түркүн элди чакырган «Көкөтөйдүн ашы» - кыргыздын меймандостугунун ажайып көрүнүшү. Манас менен Алмамбеттин достугун айтып отурсак – бул эл аралык достук мамилелер үчүн өзүнчө бир символ. Даанышмандык, мээримдүүлүк, калыстык, адилеттүүлүк, чынчылдык, кайраткерлик, жалтанбас эр жүрөктүүлүк,  намыскөйлүк, кечиримдүүлүк, өзүнө өзү сын көз менен кароо, эл менен кеңешип чечим кабыл алуу,  жамандык, арамдык, чыккынчылык менен келишпөөчүлүк сыяктуу керемет адамдык сапаттар чыйырды эненин, Манастын, Каныкейдин, Бакайдын, Кошойдун, Алмамбеттин, Чубактын, Сыргактын, Семетейдин, Айчүрөктүн, Сейтектин, Гүлчоронун жан дүйнөлөрүнүн ак жаркын, өлбөс-өчпөс касиеттери. Каада-салт, тил байлыктары да «Манаста». «Манас» - кыргыздын адеп-ахлак энциклопедиясы. Ал эми энциклопедия деген үйрөнүш үчүн жаратылат да.

Жаныбек: - Дагы бир касиетти айта кетели, аба. «Манаста» өзүнүн тегин, тамырын унутуучулукка, көзкаманчылыкка, маңкуртчулукка каршы иммунитет өтө күчтүү. Кыргызда  «жети атасын» билбеген пенде «түбүн тааныбаган түпсүз кул» аталып, башы кара, буту айры макулук  катары саналган.  Ошон үчүн «Манаста» перзентти тарбиялоо жети атаны  таанытуудан, тарыхый эстутумду түптөөдөн башталат.

Боромбай: - Таптың  иним, айтчу сөздү. Мына карасаң, өсүмдүк деген тамырсыз болбойт ээ. Тамыры болгону үчүн ал гүлдөп өсөт. Тамырынан ажыраса өсүмдүк купкуу сөңгөккө айланат. Бир заматта соолуп, куурап жок болот. Адамдын да тамыры болот. Анын тамыры - өз элинин  тарыхы, тили, маданияты. Байыркы кыргыздардын салтында жаш баланы туулган жердин топурагы менен таткантуу, жалатуу, ал топурактан тумар жасап мойнуна тагуу ырасмысы болгон. Мына ушундай жол менен бабаларыбыз чүрпөнү маңкурттуктан сактаган. Бекеринен “Манаста”: “Айтып берчи кулунуп, ата-баба айлыңды, ары түбү дайныңды” - деп айтылбайт да.

Жаныбек: - Байкасак, “Манаста” улуулар кичүүлөргө Чынгыз Айтматов  жазгандай, “Сенин атаң Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай” - деп сайрап айтып турушкан экен. Бай Жакыптын бала Манасты маңдайына отуругузуп алып: “Түпкү атаң Карахан, Карахандан Огузхан, Огузхандан Аланча кан, Аланчадан Байгур менен Уйгур, Уйгурдан Бабыр, Бабырдан Түбөй, түбөйдөн Көгөй, Көгөйдөн Ногой, Ногойдон Орозду чоң атаң, Ороздудан өз атаң Жакып”- деп саймедиреп жатканын көрбөйсүзбү. Тарыхый эстутумга тарбияланган Манас кийин эр жетип, баатыр болгон кезинде: “Биздин элди сурасаң, баатырлар менен жүрөктөш,  балбандар менен билектеш, эрендер менен  маңдайлаш, чечендер менен таңдайлаш, бөрү жалдуу кабылан, бөтөнчө эл-журт олуя, беттеп адам барбаган”- деп, эл-жери, тарыхы менен сыймыктанган турбайбы.

Дагы бир жолу айталы, кичинекей кулунчакка, “туякка”, тукумга биринчи иретте, башатты, тамырды таанытуу, эстутумду түптөө “Манастын” таалим-тарбия философиясында өзүнчө бир айныгыс мыйзам катары жашаган. Бүгүнкү күндө өз коломтобуздагы ушул салтыбыздан тайып кеттик. Балдарыбыз ата-бабаларынын тарыхын билбейт. Чынгыз Айтматовчосунан «Сенин атаң Дөнөнбай, Дөнөнбай» - деп какшап айтып тарбиялабасак, албетте, жана алды жакта айтылгандай өспүрүмдөрүбүз кайра төрөлсөм кыргыз болбойм,  англичанин, орус болууну каалайм деп айтышат да.

Боромбай: - Эми Жаныбек, бир бүтүмгө келели. Мына ушинтип, корутундулап айтканда, кыргыз эли өзүнүн узак жана бай тарыхында калктын, жамааттын, инсандын жашоо тиричилигинин түп пайдубалында жата турган адеп-ахлак уңгуларын, моралдык –философиялык жоболорду, этикалык эрежелерди иштеп чыккан. Жогоруда сөз болуп өткөн эреже – жоболор кыргыз калкынын жаны, адеп-ахлагынын архетиптери, субстанциясы, өзөк-негизи. Тарыхтын бороон-чапкындуу татаал жолунда кыргызды ушул уңгулуу дөөлөттөр сактаган. Ата-бабалардын адеп-ахлагынын  ички регулятору болуп келген ушул идеялык, рухий ыймандык нарктар улуу Манас Атанын кан тамырында агып, көөдөнүнүдө жүрөк болуп согуп турган. Биз бөлөктөрдү тууроочу же көчүрмөчү калк эмеспиз. Кыргыз элинин кылымдарды аралап келе жаткан өзүнүн салттык түптүү, каны-жаны менен бирге бүткөн нарк-кенчтери бар. «Манастагы»  ошол кенчтер, кыргыз элинин өмүр-жашоосунун негизин, пайдубалын кечээ да түзгөн,бүгүн да, эртең да түзүүгө тийиш.

Биздин трагедиябыз ушул чындыкты аңдабай жаткандыгыбызда, өз энебизди тааныбай Ч.Айтматовдун жоломаны болуп отургандыгыбызда. Биз глобалдашуунун кыйын - кезеңдүү шарттарында Кыргыз руху, Манас руху менен сакталабыз. Ошон үчүн башында башталган сөзүбүз, акыры «Манаска» келип такалбадыбы, Жаныбек.

Жаныбек:  - Алды жакта «Манастан» эмнени алабыз, Тукум – «туяктарга» эмнени энчилейбиз, “Манастагы” таянар тообуз кайсы деген суроолорубузга жооп табылды деп ойлойм. Маегибизди жакшы тыянактадыңыз, аба, рахмат. Караңызчы, кыргыздын, Манастын моралы дүйнөлүк ар кандай ыйык китептердин негизине алына турган баалуулуктар турбайбы. Улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматов “Манас” кыргыздын  “Библиясы”, кыргыз рухунун туу чокусу  деген сөздү бекер айткан эмес экен.

Боромбай: - Ата-бабаларыбыз үчүн тутунарга тутка, таянарга тоо, басар жолго багыт болуп келген “Манастагы” биз басым койгон ушул “туу чокулар” окутууга системалуу киргизилбей, тарбиянын негизине алынбай отурганы кандай өкүнүчтүү. Мен Кыргызстандын да,  чет өлкөлөрдүн да билим берүү доктриналары, концепциялары, мыйзамдары менен таанышып көрдүм. Маселен, Туркиянын “Улуттук билим берүү боюнча негизги мыйзамында” түрк билим – тарбия берүүсүнүн башкы стратегиялык максаты: “түрк коомчулугунун бардык мүчөлөрүн Ататүрктүн принциптерине, революциясына жана Башмыйзамда  көрсөтүлгөн Ататүрк патриоттуулугуна (мекенчилдигине) ылайык түрк улутунун  улуттук, нравалык, инсандык, руханий жана маданий баалуулуктарын кабыл алган, сактаган жана өнүктүргөн, үй бүлөсүн, мекенин, улутун сүйгөн мекендештер катары калыптандыруу”- деп жазылган. Ал эми япониянын  мектептериндеги «этика» сабактарында улутуңду тааны, адегенде Япон бол, анан дүйнө маданиятын таааны деп окутат. Кытайда болсо, өлкөнүн экономикасы да, маданияты да, үй бүлө турмушу да Конфуцийдин этикасына негизделет.

Ал эми, мен билгенден Кыргызстандын буга чейинки иштелген билим берүү мыйзам, концепцияларында, мамлекеттик доктриналарында мындай улуттук кызыкчылыктан чыккан тарбия мүдөөлөрү крүнбөйт. Документтер Кыргыз Республикасынын улуттук мүдөөсүнө ылайык атуулду эмес, жалпы эле «дүйнөнүн граждандарын» окутуп тарбиялоого багытталып, негизинен космополиттик мүнөздө экендигин өкүнүү менен айтпай кое албайм. Мынакей, жергиликтүү шартты эсепке албай, интернеттен көчүрүп жазуунун азабы. Билим берүү документтериңерде маселен, «билимдүү, маданияттуу, атаандаштыкка жөндөмдүү адамды окутуп - тарбиялоо» деген сыяктуу конкреттүү улуттук колорити, боегу жок максат коюлат. Мындай жалпы ойду, жалпы аныктаманы мисалы, Кореяга, Казакстанга, Италияга, кыскасы, дүйнөнүн кайсы өлкөсүнө болбосун алып барып таандык кыла берсе болот. Өз улутунун баалуулуктарына жана кызыкчылыктарына кайдыгер караган космополиттерди токмоктой турган киши жок ээ!

Жаныбек: - Бизде билим берүүдө, “кыргызым, Манасым”- десең “улутчулсуң!” деп айтыптап жибере турган начальниктер толтура. “Адегенде, кыргыз бол!”- деп тарбия берүүдөн коркуп турушат чынында. А чындыгында, балдарыбызды кыргыз кылып окутуп тарбиялашыбыз керек. буга убакыт жетти. Манас, Бакай, Кошой аталарыбыздай, Каныкей, Чыйырды апаларыбыздай баатыр, нарктуу, айкөл, намыскөй, мекенчил кыргыз болуу сыймыктуу эмеспи. Кыргыз болуу деген эмне экендигин  сиз экөөбүз аныктаган “Манастагы” улуу Руханият ачыкка чыгарды го.

Боромбай: - Жаныбек иним, дүйнөгө карайлычы, тетиги алыстагы индонезия “Панчасила” деген идеологияны тутунат экен. Арабдар исламдык альтернативаны туу  кылып көтөрүшөт. Биздин Кытай Буддасы, конфуцийи менен мактантат. Турцияны айттык. Кыскасы, ар бир өлкөнүн өзүнүн бетке кармаган сыймыгы бар. Биздин кыргыздын да сыймыгы бар. Ал - “Манас”. Анткени “Манас” - кыргыздын  жаны. Ошол улуттук жан урпактарыбыздын дилинде тирүү болсун. Силер, ала-тоолук туугандарым, “Манастын жаны” менен тазаланасыңар жана улут катары бекем болосуңар. Ушуну чоңдоруңар да, катардагыларыңар да терең аңдашыңар абзел.

Жаныбек: - Акылыңыздан айланайын абаке, айтсаңыз, эми биздин мындан аркы жасай турган практикалык кадамыбыз кандай болсо дейсиз? Суроо берип атып чарчаттым го, сизди.

Боромбай: - Улуттун тагдыры, Манастын тагдыры жөнүндө сөз болуп жатканда бизде чарчоо деген жок да, Жаныбек. Практикалык кадамды жасоодон мурда, адегенде, Кыргыз рухунун, Манас рухунун базасында Кыргызстандын бүгүнкүсүнүн, эртеңкисинин, келечегинин борбордук каарманы боло турган жарандын моделин түзүү зарыл.

Жаныбек:  - (сүйүнүп ордунан тура калып) Оп – баракелде аба! Ошол жарандык модель окутуучулардын, тарбиячылардын ишине жол көрсөткөн чырак болуп берет да, багыттама жаралат да. азыр бизде ошондой улуттук модель жок да, катыгүн!

Боромбай: - Мынча болду, маегибизди аягына чыгаралы. Кыргызстандагы таалим - тарбия стихиялуулуктун, багытсыздыктын кучагында калыптыр. Бирок да, коомдогу тарбия максаттуу болуш керек эмеспи.  Жаныбек иним, экөбүздүн тең жүрөгүбүз улут деп согот экен. Мындай болгон соң кел, Кыргызстандын окуу- тарбия системасы кандай адамды тарбиялап чыгаруу максатын көздөөсүн экөөлөп аныктап көрөлү. Менин биринчи айтайын дегеним бул: “Башкы генералдык максат-тамырсыз, улутсуз, космолитти эмес, жалпы эле “дүйнөнүн граждандарын эмес, жаш адамдарды Манас атасындай Ала-Тоо ата журтубуздун, анын эркиндигин, эгемен мамлекеттүүлүгүн эң жогорку ыйык дөөлөт деп санаган бийик жарандык аң сезимдүүлүккө, мекени үчүн жанын берүүгө, анын гүлдөп өнүгүшү үчүн каруусун казык, башын токмок кылууга даяр турган, “ата журтумсуз мен киммин, ата-энесиз жетиммин, басканча бөтөн жердин көк шиберин, басайын өз жеримдин тикенегин” деп ойлонгон, ата конушунун бүтүндүгү, эл журтунун биримдиги үчүн тикесинен тик турган, “Сен ооруба, мен ооруюн ата журт” - деген  патриоттуулукка тарбиялоо. Максат ушундай болуш керек.

Анан дагы, угуп тур Жаныбек, Азиядагы эң байыркы калктардын бири болгон, бир кезде өзүнүн империясын курган кыргыз элинин тарыхтын бороондуу жолдорунда эркиндик, боштондук үчүн болгон азап-тозоктуу каарман күрөшүн, баатырдык тарыхын терең билген, аны менен Манас атасындай сыймыктанган, ата-бабаларынын мекенчил өрнөгүн үлгү туткан, бекем тарыхый эстутумга эгедер, көкүрөк-көөдөнү ар намыска ширелген атуулду тарбиялоо. Ошондо “немис болом, англичан, орус болом” деген тукумдар араңардан чыкпайт. Буга сен эмнени кошумчалайсың, Жаныбек.

Жаныбек: - Менин оюмда жүргөндүн өзүн айттыңыз, аба. Тимеле жылаңач төөнү такымга чапкандай (ордунан туруп, үстөлдүн жанында ары-бери басып, ойлонуп, кайра отуруп), Сиздин моделиңизге мен мобуну кошкум келип турат: Ата мекенинин рухий мурастарын мыкты өздөштүргөн, элинин кылымдарды карыткан уңгулуу салттарын боюна сиңирип аздектеген, калкынын маданиятына, адеп-ахлагына, руханиятына жан дүйнөсү сугарылган, аларды колдоно жана өнүктүрө билген, улуттук этникалык иденттүүлүккө эгедер жаранды жаратуу. Ушундай сапат жарандарыбызда азыр дефицит болуп турбайбы. Ушундай тарбия улутубузду адептик – ыймандык деградациядан сактамак.

Боромбай: - Эгемендүү Кыргызстанга керектүү жарандын моделин түздүк окшойт. Бирок бул  моделге да бир нерсе жетишпей турат. Азыр майда улуттардын тили бара-бара жоголот деген болжолдорду көп айтып жатышпайбы. Ушундай болбош үчүн биз өзүбүздүн улуттук стратегиябызды ойлошубуз керек. андыктан экөөбүз түзгөн моделди момундай кошумча менен толуктайлы: Эне тилим – улутумдун жүзү, улутумдун жаны, “Улут болсом, тилим менен улутмун” деп түшүнгөн, эне тилим – эне сүтүм, ыйыгым жана сыймыгым, адамдыгымдын жана атуулдугумдун чен өлчөмү, “Башка тилди канча жакшы көрсөм да, өз тилимди сүйгөнүмдөн жаңылбайм” деп туюнган, мамлекеттик тилдин байрагын желбиретип бийик кармап алып жүргөн, кыргыз тилинде сүйлөө жана жазуу маданиятынын өрнөгүн көрсөтө билген азаматты жетилтүү. Дагы эмнелерди кошумчалайбыз.

Жаныбек: - Жетиштүү болду окшойт. Негизги өзөктүү нерселер камтылды. Албетте, жалпы адамзаттык нарктарды, демократиялык баалуулуктарды, дүйнөлүк илим-билимди, инновацияларды өздөштүрүүгө, экономикалык ой жүгүртүүгө тарбиялоо да, максат-мүдөөбүз, милдетибиз болмок. Бирок биз бул жерде улутту улут кылып сактай турган чордондуу маселени, тарбиянын өзөгүндө жата турган нерсени атайылап бөлүп көрсөтүп, ага басым коюп жатабыз да ээ, аба?

Боромбай: - Ооба, Жаныбек. Ошол өзөктү акыры аныктадык көрүнөт. Мынакей, өлкөнүн таалим-тарбия системасы турмуш образы жарата турган кыргыз мамлекетинин жаранынын өрнөгү, модели. Кыргыз мамлекетинин, эгемендүүлүгүбүздүн, улутубуздун сакталышына, улуттук Ак кемебиздин бүтүн, боосунун бекем болушуна, коопсуздугуна, гүлдөп өнүгүшүнө жана жаркын келечегине дал ушундай жарандык менталитет гана гарант болуп бермек. Кыргыз мамлекетинин арка бел кылары, таянар тоосу ушул касиеттерге эгедер атуул. Кыргыз өкмөтү дал ушундай нукта ойлонуп, “Манас” баш болгон маданиятыбыздын, тарыхыбыздын нарк-дөөлөттөрүнүн негизинде таалим тарбия стратегиясын мамлекеттик деңгээлде кабыл алып, сунуш кылынган ушул жарандык моделди турмуш чындыгына айлантууга бүткүл күчүн үрөсө канакей. Өлкөнүн ички саясатына, билим-тарбиясына дал ушундай идеологиялык багыт зарыл.

Жаңы президентинер с.Жээнбековдун жыйналыштарда ата мурастар, тарыхый тамырлар, “Манас”, улуттук дөөлөттөр жөнүндө сүйлөгөн сөздөрү, практикалык кадамдары анын “кыртышчыл”, “уңгучул”, “салтчыл” экенин күбөлөп, үмүт чырагын жандырууда. Мындай болгон соң, айылдарга таза суу жеткирүү менен катар эле, “Манастын” да рухий мол булагын балдарга, элге жеткирүү зарыл. Жаркын келечек үчүн мекенчил муундарды тарбиялоо саясаты мындан ары чындап ишке кирет деп ишенебиз. “Бала деген кушуңдай, таптаганга жараша, түшүм берет кызылдай”- деп акылмандар айткан экен.

Жаныбек:  - Кандайдыр бир евро-америкалык өлкөлөрдүн көлөкөсү, көчүрмөсү болууну каалаган, ээрчиме, белимчи, өзүнүн улуттук жүзү жок, көзүн жумуп чоочун өрнөктөргө окшошкусу келген өлкөнү эл аралык аренада эч ким сыйлабаса да, эсептешпесе да керек. өз улутунун маданиятынын туусун бийик көтөргөн, ошону менен бирге дүйнөлүк жаңылыктарды кабыл ала билген мамлекет ар дайым мыкты баага жана урмат-сыйга татыктуу болуп келген эмеспи.

Боромбай:  - Дагы айталы, эгерде эгемендүү мамлекетибиз өзүнүн пайдубалына Кыргыз рухунун, Манас рухунун адеп-ахлак жоболорун негиз кылып алса, ала-Тоо мекенибиздин ар бир жараны мамлекеттик ишмерден тартып, катардагы атуулга чейин баалуулук багытын кайра куруп, улуттук улуу дөөлөттөрдү жетекчиликке алып жашай турган болсо, анда ата мекенибиздин, ак калпак журтубуздун “ташы өйдө карай кулап”, дүйнөлүк геосаясий агрессивдүү күчтөрдүн араанына жутулбай, улуттук өз алдынчалыгын, этникалык идентүүлүгүн сактап, жалпы адамзаттын көчүнө татыктуу кошулмак. Окуучуларыбыз Манастын нагыз урпагына айланмак. Улуттук Ак кемебиз дүйнөлүк океанга чыкмак. Бүгүн ар бир жаран Чынгыз Айтматовдун “күн сайын адам болуу” жөнүндөгү осуятын тутунуп, адеп-ыйман, мекенчилдик жактан өзүн-өзү жакшыртуунун, өркүндөтүүнүн үстүндө тынымсыз мээнеттениши зарыл. Кой эми Жаныбек, маегибиз аягына чыкты ойшойт. Калган кеп-келеч болсо,эшиктен сүйлөшөлү. Кел эми тамака бата кылалы да, официантты чакыралы:

Жаныбек: -  Соңку убактарда мен ушуга ишендим. Жабыла көтөргөн жүк жеңил, башчы бирөө болот, калганы ага тирөө болот дегендей, жалпыбыз башчыга жардамга келишибиз керек. Ысык-көлдүк  Кадыр аке “Туякка - жер тирек, каматка - жел тирек, ханга - эл тирек”- деп айткан экен.

Боромбай: - Эң туура айтыптыр. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарар мезгилиңер жетти. (Экөө “оомийин” - деп бата кылышат)

Боромбай менен Жаныбек тротуарда жайбаракат ойлуу басып баратышат.

Боромбай: - Жаныбек иним, кафедеги акыркы сөзүң мени ойлонтуп жатат. Башчы бирөө болот, калганы ага тирөөч болот, ханга эл тирек дедиң ээ? Ушул сөздөрдү чын дилиңден айттыңбы?

Жаныбек: - Ооба.

Боромбай:  - Кечирип кой иним, дагы өзүңө тийишейин, чын дилиңден айтсаң, анда эмне үчүн Кыргызстаныңа кайтып барып, эл-жериңе, өкмөтүңө тирек болбойсуң?

Жаныбек: - “Мекеним мага эмне берди?” деп сурагандын ордуна, “мен мекениме эмне бердим” деп ойлонуу керек экендигин сиз менен сүйлөшкөндөн кийин өзгөчө ачык сезип жатам. Кара жерге кирсин, бир курсак кайда жүрсө да тоёр. Элибизге кайтып барып, ар кимибиз ата-журтубузду ийнибиз менен түртүп, алдыга жылдырышыбыз керек экен. Мен  ушуга ынандым.

Боромбай: - Жанагы экөөбүздүн сүйлөшкөн сөздөрүбүз ушул Москвада эле калып калабы? биздин сөздөр кыргыз мамлекетинин тагдыры, улуттук Ак кеменин тагдыры жөнүндөгү урунттуу сөздөр болбодубу. Бул сөздөрдү, ойлорду бул социалдык философиябызды, идеологиябызды Ала-Тоодогу туугандарга жеткирип, реалдуу иш-аракеттерди башташың керек, Жаныбек. Өзүң айткандай, өлкөңө жөлөк-таяк бол, ийниң менен түрт. Назым Хикмет айткандай, “сен күйбөсөң, мен күйбөсөм, ал күйбөсө, анда караңгы түндү ким жарык кылат?”. сенин элиңдин тагдырын ойлонгон кенен акылың, алысты көрүп турган сапатың, ак калпак журтуңа керек, Жаныбек. Ала-Тоого кечикпей кайт.

Жаныбек:  - (Боромбайды токтотуп, маңдайына туруп, жүзүнө тике карайт) Боромбай аба, чын дилимден айтам. Суранам, кыргызыңа жардам бериңиз. Идеологиялык фронтто чогуу иштейли. Мага караганда, Сиздей караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан Бакай кыргызга көбүрөөк керек. Кыргызстандын граждандыгын алыңыз, аба. Өз эли-жериңиз эмеспи.

Боромбай: - (Скамейканы көрсөтүп) Келчи мындай отуралы. (отурушат) Жаныбек, Мен буга каршы эмесмин. Ансыз да Кыргызстандын  жарандыгын алайын деп камынып жүрөм. Экөөбүз  чогуу баралы десең, макулмун. Бирок алдын ала момундай иш кылсак кантет? Адегенде, экөөбүздүн жанагы сүйлөшкөн сөзүбүздүн негизги мазмунун кыскача баяндап, президентке кат жөнөтпөйлүбү. Президент биздин ким экенибизди, көз карашыбызды, ниетибизди түшүнсүн да. Экөөбүздүн керек экенибизди түшүнсө, балким президент бизди идеологиялык майданга ишке чегет. Өзүбүз да ушуну сураналы, кандай дейсиң?

Жаныбек:  - Туура акыл, Боромбай аба. Тез жана ылдам жетсин десек, катты электрондук почта менен түз эле Президенттин жеке сайтына жөнөтөлү. Кыргызстанга барууга макулдугуңузду бергендигиңиз үчүн сүйүнүп турам. Рахмат Сизге!

Боромбай: - Эмесе, каттты бүгүн-эртең чапчаң даярдап, жөнөтөлү да, Ала-Тоого  аттаналы, сүйлөштүкпү?

Жаныбек: - Сүйлөштүк!  (экөө кол алышып, орундарынан турушат).

 

Эпилог

Боорунда “Кыргызстан” деген жазуусу бар поезд казахстандын талаасында Бишкекти көздөп сызып бара жатат. Шака-шак, тука-тук, шака-шак, тука-тук, тука-тук, шака-шак…

Ортоңку вагондун биринин терезесинен Боромбай менен Жаныбектин маңдай-тескей отуруп, аңгемелешип баратканы көрүнөт.

Шака-шак, тука-тук, тука-тук, шака-шак….

Поездин дабышы менен кошо “Сагынганда бир келерсиң, Ала-Тоону көргөнү” деген саптары бар ырдын обону жаңырып турат.

Советбек Байгазиев

Окумуштуу-публицист