Бишкек, “Саясат.kg”. 2010-жылдагы апрель окуялары боюнча экс-депутат К.Исабековдун бүгүнкү көз карашы.

Урматтуу мекендештер!

Мен кыргыз жараны катары 7-апрель революциясы боюнча өз оюмду билдирип коюуну чечтим.

10 жыл мурун бул күнү мыйзамсыз төңкөрүш болгону баарыбызга белгилүү. Өлкөбүздүн тарыхында Улуу Ата-Мекендик согуштан кийинки эле кандуу кара күн болду. Ошол революцияга чыккан кишилердин мамлекетибиздин жарык келечегине койгон үмүтү 10 жылдын ичинде аткарылдыбы (?) деген суроо туулат.

Ал күнү Жогорку Кенештин күн тартибинде партия фракцияларынын иш күнү эле. Төрага Зайнидин Курманов баш болгон бир топ депутаттар КМШ мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясынын жыйынына Санкт-Петербург шаарында иш сапарында болчу.

Өлкөбүздө акыбал начар эле. Өзгөчө Талас, Нарын обулустарында жана Бишкек шаарында абал курч болуп турган. Мен ЖК вице-спикери катары депутаттарга сунуш киргизип, “өлкөбүздөгү абалга кайдыгер болбойлу, кезексиз сессия өткөрүп, Өкмөт башчысын, Башкы прокурор жана УКМКнын жетекчисин чакырып, кандай иш-чаралар жүрүп жатканын билип, тиешелүү чечим кабыл алалы”- дедим. Кесиптештер колдоп, жыйын өткөрдүк.

Премьер-министр менен Башкы прокурор Н.Турсункуловдун баяндамаларын уктук. Данияр Үсөнов сессияда митингке чыгып жаткан элдин дарегине “толпа”, “уюшулган топ” ж.б. ушул сыяктуу сөздөрдү айтып, кыжырды келтирди. Сессиянын жүрүшүн түз эфирден бүткүл кыргыз эли көрүп турган.

Мен Данияр Үсөновго: “эмне үчүн элди жаман сөздөрдү айтып басмарлап жатасыз? Кылгылыктын баарын кылып, кыл жип менен бууп коюп, элди ушул оор абалга алып келген күнөөлүүлөр силерсиңер. Өкмөт отставкага кеткиле!”- деп талап кылдым. Ошол маалда борборубуздун Ала-Тоо аянтында атышуулардын үнү чыга баштаган. Президент К.Бакиевдин кээ бир региондорго коменданттык саат киргизүү боюнча указдарын жана аны Жогорку Кенештен бекитип берүү сунуштарын мага алып келип беришти. Биз бул маселелерди караган эмеспиз.

Биз Өкмөткө мамлекетте стабилдүүлүктү, мыйзамдуулукту калыбына келтирүү боюнча тиешелүү тапшырма бердик. Өзгөчө борборубузда жана Таласта абал курчуй баштаган. Атышуулар күчөй баштады. Мен премьер-министр жана президент менен телефон аркылуу байланышууга аракет кылдым. Бирок, президенттин кабылдамасынан генерал Суталинов эле жооп берди. К.Бакиев кайда экенинин жана куралдуу күчтөргө ким команда берип жатканын билбегенин айтты.

Ак үйгө барууга жана оппозиция жетекчилерине жолугууга мүмкүнчүлүк болбоду. Жогорку Кенештеги жашыруун-маанилүү документтердин, кассадагы акча-каражаттардын коопсуздугу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берип, кызматкерлерди үйлөрүнө тараттым. Өзүм эң акырында чыгып, тан атканга чейин шаарды кыдырып, мародерчулукту, соода-түйүндөрүнүн талап-тонолуп жатканын көрүп, жаным кейиди. 87 адам окко учуп, жүздөгөнү жарадар болуп, 7-апрель чоң трагедияга айланды. Канчалаган имараттар талкаланып, өрттөлдү. Мындай көрүнүш башка шаарларда да болду. Элибиз кайгы-муңга бөлөндү.

Миңдеген кишилер оокаттарынан, товарларынан айрылды. Кредиттеринен, карыздарынан кутула албай калышты. Минфиндеги, Соцфондогу миллиарддаган акчалар кайда кеткени эмдигиче чейин белгисиз. Банктар, анын ичиндеги ячейкалардагы миллиондогон долларлар, алтын слиткалар дайынсыз жоголду. Курман болгон жарандардын экспертизалары толук кандуу чыккан жок. Тергөө иштери бир жактуу болду деп айтса да болот. Баары эле Ала-Тоо аянтынан курман болгон жок да.

Кээ бирлеринин артынан атылганы да билинбедиби. Жөнөкөй аскерлер соттолуп, уюштуруучулар менен атканга буйрук бергендер жазасын алышкан жок. Дүйнө жүзүнө Кыргызстан, тилекке каршы 7-апрелде мародерчулук жана кан төгүү менен уят болду. Курман болгондордун жана революцияга чыккандардын үмүт-тилектери орундалган жок. Аларды алдап, мыйзамда (эч статусу билинбеген) жок “Апрель баатырлары” деген төш белгилерин беришти. Революцияны уюштурган жана өзүн-өзү шайлаган Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсү мыйзамдуулукту тебелеп, юридика тили менен айтканда төңкөрүш жасаган. Конституция боюнча дагы алар Жогорку Кенешти, жана башка мамлекеттик структураларды таратып, өзүлөрү өкмөттүк портфельдерди бөлүштүрүп алганга укугу жок болчу. Он төртүнүн көпчүлүгү президент болгусу келген. Ич-ара талаш-тартыштары дагы болгон. Кудай жалгап арасында жалгыз аял Р.Отунбаева болуп, аргасыздан алар ал кишиге убактылуу президент болгонго макул болушкан. “Мыйзамдуу жолго түшкүлө, мына ЖКнын токтом долбоору жана менин жумуштан кетүү боюнча арызым”- деп Р.Отунбаевага да жолуккам. Эгер премьер-министрликке кандидатурасын көргөзсөңөр, мен бул токтомго кол коёюн дегем. Анан 2005-жылдагыдай премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу болуп, указ- токтомдорго кол коюп, мыйзам чегинде иш алып барса жакшы болмок.

Тилекке каршы макул болушкан эмес. Мыйзамсыз декреттер менен иштешти. Жыйынтыгы жаман бүттү. Ал тургай качып жүргөн Надель дагы Убактылуу өкмөттү Европа сотуна берип, 16 миллион долларга баалап, Кыргызстандын “Центеррадагы” (Кумтөрдөгү) акциясына арест койдурган. Өкмөт уттурган.

Убактылуу Өкмөттүн мамлекетти өнүктүрүү боюнча программасы да болгон эмес. Өзүлөрү дагы ич-ара тытышып, кимиси канча миллиондорду списать эткендиги жөнүндөгү сүйлөшүүлөрүн массалык маалымат каражаттарынан элге даңазалашты. Ал эми 2010-жылдын июнь айындагы Ош, Жалал-Абад облустарындагы кыргыз-өзбек улуттарынын арасындагы кагылышуусунун уюштуруучуларынын аты аталып, толук кандуу жоопко тартыла элек. Жүздөгөн адам курман болуп, миңдегени жарадар болгон. Үй-оокаттарынан ажырап, жүрөктөрү сыздаган. Башчыларын кимдер чет өлкөлөргө чыгарганы азыркыга чейин белгисиз.

Ошол маалда Ош обулусунун губернатору Сооронбай Жээнбековдун жана шаардын мэри Мелис Мырзакматовдун бел байлап, тынчтыкка алып келүүгө жасаган аракеттерин угуп, билип турдук. Тилекке каршы жапа чеккен адамдарга бөлүнгөн миллиарддаган акчалар толук жеткен жок. Убактылуу Өкмөт курдурган кымбат баалуу үйлөрдүн бир тобу жараксыз болуп, азыр деле ал жерде кишилер жашабайт. Эл арасында бул коогалаңдарда байыгандар айтылып келет. Ачык айтып, чындыкка умтулгандар камакка, куугунттукка алынды. Кийинки Конституция атасы аталган Ө.Текебаев түрмөгө камалды. Революциянын анабашчысы - эки жолку премьер-министр, төртүнчү президент болгон А.Атамбаев баш болгон жана анын убагында иштеген эки премьер-министр дагы бир топ министрлери менен азыр кайда экени баарыбызга маалым. Айласыздан ойлойсун: Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн апрель айындагы мерт кеткендерди жерге берүү зыйнатында көрүстүндөгү ант бергендери кайда деп?

Мен азыр мамлекеттик кызматта эмесмин. Бул айтылган менин жекече оюм. Бирок көптөгөн кишилерден ушундай ой-пикирлерди угуп жүрөмүн. Бир топторго бул жазылган сөздөр жакпай, мени шыбап, сынга алаарын билем. Куугунтукташы да мүмкүн.

Сунуш катары айтаар элем: 7-апрелди майрам күнү эмес, эскерүү күнү кылсак деп. Ошол убакта бийликке келгендер үчүн майрам болсо керек. Өлгөндөрдүн тууган-уруктары, жарадар болгондор, үй-мүлктөрүнөн ажырагандар үчүн терең кайгы болду. Өткөн он жылга көз жүгүртсөк, жашоо-турмушубуз, экономикабыз деле анча оңолгон жок.

Убагында 2005 -жылдын марттагы революция күнүн дагы майрам кылышкан.

Сөзүмдүн жыйынтыгында элиме кайрылаар элем: Кудай элибизге революция-төңкөрүштөрдү бербесин! Өлкөбүздө мыйзамдуулук, тынчтык орносун! Азыркы дүйнөлүк коронавирус илдетинен биримдикте, ынтымакта, тартиптүүлүк менен чыгалык! Элибиздин келечегин жоопкерчиликтүүлүк менен карап, бирге түптөйлүк! Баарыныздарга ден-соолук, бакубат жашоо каалаймын!

Жашасын Кыргызстан!

Сиздерди урматтоо менен Кубанычбек Исабеков.