Бишкек, “Саясат.kg”. Саясат таанучу, “Деньги и власть” саясий-аналитикалык порталынын негиздөөчүсү Турат Акимов менен маек.

- “Кыргызстан референдум жолу менен кандай башкаруу керектигин аныкташы керек”- деген пикирлерге кошуласызбы?

- Мен бул демилгени атайын жасалган “жалган бута” (ложная цель) – “эл көчөгө чыкпасын” деген максатта жасалган нерсе катары кабылдайм. Анткени, элдин көбү “Коституциялык укук” же “Конституциялык мамлекеттердин түрлөрү жана түзүлүшү”деген юридикалык сабак, кесип же билим алган эмес. Элдин саясий-юридикалык сабаты төмөн болгон соң - элге туура анализ кылыш кыйын. Ошондуктан, элдин көбү эрчиме болуп, өкмөттүн PR амалдарына ишенип, ар-дайым (30 жылдан бери) ар-референдумуна макул боло берген – терең билбеген соң эл эмоция менен баш ийет. Жаңылбасам бул 7 же 8-референдум болот.

- Президенттик башкарууга өтсөк эле жоопкерчилик жогорулап кетеби?

- Жок, андай эмес. Башкысы, президенттин укуктары абдан көбөйөт, аны менен бирге юридикалык жоопкерчилиги да узарат. Бирок, саясий жоопкерчилик - бул татаал материя. Бийликте отурган кезинде эч жооп бербейт, анткени президенттин укуктары – жоопкерчилигинен артык болот. Балким кийин, тактан түшкөн соң жоопко тартылар - Акаев, Бакиев, Атамбаев сыяктуу.

- Парламенттик башкаруунун пайдасынан зыяны көп болдубу?

- Зыяны көбүрөк болду. 7-апрелде Бишкекте 86 бала өлдү, кийин Ошто 2 миндей адам курман болду. Бирок коррупция кескин өстү, “Кумтөр” сыяктуу кендер Кыргызстанга кайтпады, далай акча банктардан ачык уурдалды, а күнөөкөрлөр жоопко тартылбады. 2010-жылдан 2020-чейин 10 министрлер кабинети бекиди, бирок экономика басаңдады, 80% керек-жарактар импорттолуп, четтен келип калды. ИДП (ВВП) дегеле өспөдү, тышкы карыз 100 % көбөйдү (Бакиев маалында $1.9 млрд. болсо, азыр $4.5 млрд. жетти). Тыянагы - жумуш орундары азайды, 1.5 млн. калкыбыз сыртка кетти - бул КР экономикасында орун жок жана КР келечеги бүдөмүк дегендин белгиси.

Көп партиялуу парламентаризм президенттин жана премьердин укуктарын көбүнесе кыскартты жана ар-дайым талашып турду, ЖК ичиндеги конкуренциясы сыртка да угулуп турду. Бирок, мамлекеттин пайдубалы - экономикабыз эч модернизация болбоду, далай долбоорлор (ТЭЦ сыяктуу) зыяндуу болду, а парламент көзөмөлдөй албады. Эмнеге?

Анткени, уурулука парламенттин адамдары да кошулган, себеби өкмөттүн курамын 6 фракция бекитип калган - ошондон казынага 6 эсе кол салуу көбөйдү. Анан албетте, жоопкерчилик нөл болот (бирин-серин). Балким көп-партиялык парламентаризм саясий материя катары өтө кызыктыр, анткени уруш-талашы көп, бирок жаратмандык жагынан келгенде - элге жеңилдик жашоо бере албады.

- Президенттик башкарууга өтүп алсак, анархия күч алып кетпейби? Парламенттик башкарууга да революция кылып атып араң жеттик эле го...

- Сиз жаныласыз, анархия күч албайт, тескеричинче узурпация болушу мүмкүн (мисалы Саддам Хуссейн). Парламентаризм мезгилинде да ушундай болушу мүмкүн (мисалы Гитлер) – анын Социал-нацисттик партиясы баарын жеңип, Германияны башкарып кеткен. А негизи, парламентсиз мамлекет дегеле болбойт, монархиядан башка. Кыргызстанда парламентаризм Акаев, Бакиев, Атамбаев мезгилинде жана азыр деле бар.

Биздин проблема башкаруу системасында эмес – биздин көйгөй коррупция. Эгерде коррупционерлер бийликке келе берсе, кандай формация болбосун, 6 фракциябы же 60пы, каганатпы же парламентаризмби - казына уурдала берет, укук өлөт, эл жакыр болот, коом туруксуз болуп, төңкөрүш көп болот. Ошентип бара-бара мамлекет жоголот.

- Президенттик башкаруу элге зарыл болуп жатабы же бийлик башындагыларгабы?

- Элге азыр жанкайгы, ден-соолук, амандык-эсендик керек. Глобалдаштыруунун терс жагына кабылып, аалам оодарылчудай болуп турган кезде президенттин бийлиги азбы же көппү, эл кызыкдар эмес. Бул маселе бийликтин өзүнө жана депутат Зулушевдин жандоочуларына кызык. Эл мыйзам жазганды, түрткөндү, өткөргөндү, кабылдаганды билбейт.

Коом саясатты терең түшүнсө турмушубуз эчак башкача болмок. Элибиз бүгүнкү саясий кыянаттыктын табигатын билсе, өз өкүлдөрүнөн куралган парламентти оңдоо жолун издемек. Эмнеге эл депутатты түзмө-түз тандабай, партия деген далдалчыны ээрчип калган, эмнеге патриотторду шайлабай - жалаң байларды шайлап калганын ажыратып билмек.

30 жылдан бери кандай адамды кантип бийлик тандашын билбеген эл, кандай мамлекеттик башкаруу системасы зор же кем экенин айта албайт. Кыргыздар бүгүн досун ада, аялына да, тууганына да ишенбей калган. Акча бергенге гана ишенет. Ошондон жалаң байларды шайлайт. Негизи жакыр элге акча берсең, каалаган суроону референдумга койсоң болот – муну байлар сонун билет. Проблема элдин сабатсыздыгында.

Мен бул демилгени атайын жасалган “жалган ориентир” , “жалган бута” (ложная цель)– “эл көчөгө чыгып кетпесин” деп, алаксытуунун аракети деп түшүнөм.

Чынайым Кутманалиева