Бишкек, "Саясат.kg". Саясат таанучу Денис Бердаковдун REGNUM агентчилигине берген маегин өзүбүздүн котормобузда сунуш кылабыз... 

 

2019-жылдын 13-мартында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында кыргыздардын Ак-Сай жана тажиктердин Мехнатабад айылдарынын жашоочуларынын ортосунда жаңжал оту тутанды.

 

Жыйынтыгында бир адам мерт болуп, ондон ашыгы жаракат алышты. Тирешүүгө кыргыз тараптын Баткен облусунун аймагындагы “Ак-Сай-Тамдык” кыйгама автожолун курууну уланткандыгы себеп болду. Негизи Фергана өрөөнүнүн чек ара райондорунда кагылыштар дайыма эле орун алып турат. Бул жолку жаңжалдын себептери жана келечеги тууралуу REGNUM маалымат агенттигине кыргыз саясат таануучусу Денис Бердаков айтып берди.

 

- Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы бул жолку кагылышуулардын себеби эмнеде?

 

- Бул аймактагы чек аралардын баарысын бир кайнаган казан деп койсо болот. 200 жыл мурда ал жерде кимдер, кантип жашагандыгы - табышмак. Сыягы, мурда бул жерде башкача этникалык картина болгон. Бирок, СССРдин урашы менен биз анклавдардын түймөсүнөн турган чек араларга ээ болдук: Кыргызстандын ичинде Өзбекстанга тиешелүү Сох, Шахимардан, Чоң-Гара жана Жангайл, Тажикстанга таандык Ворух жана Батыш Калача, Өзбекстандын ичинде - Барак (Кыргызстан) жана Сарвак (Тажикстан) анклавдары бар.

 

Тилекке каршы, чек араларды өкмөттүк комиссиялар көптөгөн жылдардан бери эле демаркациялап жана делимитациялай албай келет. Акыркы мындай дымактуу аракетти Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын күзүндө Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен болгон жеке сүйлөшүү учурунда жасап көрдү. Мамлекет башчылары ал сүйлөшүүдө “кыргыз-тажик чекарасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын ишин, анын ичинде чектеш аймактарда кызматташууларды тезирээк жандандыруу зарылдыгын” баса белгилешкен менен алиге чейин эч кандай жылыш болгшон жок.

 

- Чек араларды демаркациялоо көйгөйү эмне үчүн чечилбей жатат?

 

- Эмне үчүн дегенде бир тарап экинчи тараптын шарттарын кабылдабай жатат. Бул анклавдарда жашоо үчүн маанилүү дарыялар (суу бул аймакта негизги ресурс), жолдор, тоо кыркалары – бир бүтүн жандуу дене сыяктуу. Чек ара тилкелери көп жерлерде шахматтык тартипте жайгашкан. Аларды кантип бөлүш керек? Өзбекстан менен кол коюлган 70% чек ара тоолор аркылуу өтөт, ошондуктан саясий талаш жок. Бир жеринде жарым чакырым тоо кырлары өзбектерге өтсө, алар башка жерде бир чакырымдай аска зоолорду бизге берди дегендей иштер жүрдү. Бул нормалдуу процесс.

 

Бүт дүйнө жүзүндө эки өлкөнүн ортосундагы аймак талаштар компромисстик жолдор менен гана чечилет. Ал эми айыл аркылуу, айрыкча суу агымы же жол менен “тирүүлөй” өткөн чек ара талашын чечүү дайыма туңгуюкка кептейт. Кайсыл саясатчы өз жерин саткан улуттук чыккынчы атангысы келет? Эки тарапта да мындай жерлерде чек ара жок. Көйгөйдү чечиш үчүн эки тарап да ийге келиши абзел, арийне мындай чечим оңой болбойт. Чек ара боюнча макулдашуу кыйынга турарын түшүнгөн Кыргызстандын жетекчилиги тажиктердин Ворух анклавы менен байланышкан орчундуу маселени өз алдынча чечүүгө аракет жасоодо.

 

Баткен шаарынан облустун башка аймактарынан мурда Тажикстан тарап аркылуу өткөн эски советтик жолдор менен гана жетүүгө мүмкүн. Талаштуу учурларда Тажикстан ал жолдорду жаап, Кыргызстандын бул облусунун жарымы экономикалык блокадада калып келген.

 

Ошондуктан, бир облусттун эки бөлүгүн экономикалык жактан байланыштыруу үчүн жол Тажикстан талаша албагыдай кылып Кыргызстандын аймагы аркылуу курула баштаган. 25 чакырымдык “Ак-Сай-Тамдык” жолун куруу 2013-жылы башталган. Тажикстандын каршылык көрсөтүүсүнөн улам жол куруу жумуштары 2014-жылы үч ирет үзгүлтүккө учураган. Башында кыйгама жолдун курулушуна макул болгон Душанбе Кыргызстандагы тажик анклавынан Тажикстандын негизги аймагына коридор берүүнү талап кыла баштаган. Бишкек мындай талапка макул болгон эмес.

 

- Кыргызстан менен Тажикстандын бийликтеринин аркеттери канчалык деңгээлде кайтарымдуу болууда?

 

- Аракеттердин өзүнө төрт деген баа берем. Бирок, Тажикстанга бул альтернативалык жол курулбай турган учур пайдалуу. Демографиялык өсүш азыр Тажикстан тарапта экендигин азыр баары жакшы түшүнөт. Акыркы 30 жыл аралыгында жаштардын көбү “материккке” - Тажикстандын негизги бөлүгүнө кетип жаткандыгына карабастан, Ворух анклавынын калкы баштапкы бир нече миңден 2019-жылга карата 35 миңге чейин көбөйдү. Дагы 10 жылдан кийин жагдай ого бетер өзгөрөт. Өзүнчө белгилей кетүүчү жагдай - тажик тарап чек арада орун алган окуяларды ар тараптуу изилдөөгө жана объективдүү чагылдырууга кызыкдар эмес.

 

“SugdNews” маалымат агенттиги 2019-жылдын 14-мартында Ворух жамаатынын жергиликтүү бийлик органдарындагы расмий булакка шилтеме жасоо менен толук аттары жана фамилиялары көрсөтүлгөн Тажикстандык 19 жарандын тизмесин жарыялады. Арийне, чек арадагы атышуунун эртесинде жалпыга маалымдоо каражаттарында Тажикстандын 1976-жылы туулган жараны Хусейн Хакимов жаңжал учурунда жүрөгүнө тийген октон курман болду деген маалымат чыгып кетти. Белгилей кетүүчү жагдай, Хусейн Хакимов алгачкы тизмедеги жабыр тарткандардын арасында аты-жөнү жок эле. Мындан тышкары, Хакимов боордун өнөкөт оорусунун айынан каза тапты деген айыңдар айтылууда. Ал эми тажик бийликтери анын ок тийип өлгөндүгү тууралуу далил келтире алышкан жок. Тескерисинче, биринчи болуп кыргыз тарап ок чыгарган деп кыргыздарды айыптоогө өтүштү.

 

Бүгүнкүгө чейин тажик тарап Мамлекеттер аралык комиссияга өз жараны ок тийген жаракаттан өлгөндүгүн далилдеген документтерди жана Тажикстандын жарандарындагы октон алган жаракаттарды тастыктаган материалдарды берген жок:

 

1. Кыргыз тарап Кыргызстандын жарандарында октон алган жаракаттарды далилдеген бардык материалдарды тапшырды. Тактап айтканда, кыргыз дарыгерлеринин күч аракети менен Баткен облусунун көкүрөк көөдөнүнө ок тийген тургуну аман калды. Врачтар анын денесинен 1974-жылкы үлгүдөгү Калашников автоматынан атылган 5,45 мм калибриндеги окту алып чыгышты. Мындай автоматтар Тажикстандын чек ара аскерлеринин куралдунуусунда турат;

 

2. Кыргыз тарап чек арада орун алган окуяларды ар тараптуу толук жана объективдүү иликтөө максатында түзүлгөн Мамлекеттер аралык комиссияга бардык жардамдарды көрсөтүүдө. Тагыраак айтканда, ок тийген жана башка (таш тийген ж.б.) жаракаттарды алган Кыргызстандын жарандарынын абалы тууралуу медициналык корутундуларды берди;

 

- Чек ара көйгөйүн кантип чечүүгө болот?

 

- Кыргызстан Тажикстандан “Ак-Сай-Тамдык” жолун куруу жөнүндө мурда жетишилген келишимдердин шартын аткарууну талап кылууда. 2008-жылы эки өлкө президенттеринин жана 2009-жылы Коопсуздук кеңеш катчыларынын жолугушуусунда тарассаны куруу жана аны биргелешип пайдалануу жөнүндө чечим кабыл алынган.

 

Тажикстан расмий түрдө Кыргызстандын аймагында жолдун курулушуна каршылык көрсөтө албайт. Бирок, курулуш техникалары жол салууга киришкенде - жаңжал башталат. Ворух анклавынын жашоочулары кыргыздардын курулуш техникаларын таш бараңга алышат. 2013-жылы тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагын минеметтор (!) менен аткылашып чоң жаңжалга айланып кете жаздаган. Жолдун курулушу кайра жандандырылган сайын жаңжал чыгат, ал улуттар аралык аралык тирешүүгө айланып кетиши мүмкүн. Мындан тышкары, кыргыз жана тажик айылдарынын ортосунда суу талаштары да орун алып келет.

 

- Жаңжал кайсыл өңүттө өнүгүшү мүмкүн?

 

- Олуттуу согуш чыгат деп айта албайм, бирок жаңжал чычаладай түтөй берет. Кыргызстан өз аймагында облустун эки бөлүгүн бириктирген жол курууга укуктуу жана аны кошуна өлкө менен биргелешип пайдаланууга да даяр. Арийне бул процесстерге тоскоол болгон процесстер бар:

 

- Бул экономикалык жактан Тажикстанга жана “Ворух” анклавынын жашоочуларына пайдасыз. Бир нече ондогон жылдардан бери жол боюнда жашаган тажик тургундары чекене-дүң соода менен жан багып келишет. Альтернативалык жолдун курулушу алардын сатып алуучуларды жоготуусуна, чек арага жакын башка кыргыз айылдары (жол курулса кыргыз ишкерлери басып жүргөн аралыкты кыскартат) менен атаандашууга алып келет.

 

- 2020-жылы Тажикстанда президенттик жана парламенттик шайлоолор өтөт. Тажикстандын жаңы президенти азыркы малекет башчысынын баласы болот деген 99% божомолдор бар. Мындай өткөөл учурлар биздин постсоветтик өлкөлөр үчүн абдан кооптуу.

 

Тышкы коркунучтарды курчутуу, “душмандын” образын” жаратуу калкты социалдык-экономикалык көйгөйлөрдөн алаксытууда кереги тийип калышы мүмкүн. Баса келгилей турган жагдай, Кыргызстан жана Тажикстан үчүн да бул курч кырдаал өтө тобокелдүү - эл аралык террористтик топтор учурдагы чыңалууну шаардык англомерацияларадан тышкары ар бир чарчы чакырым аянтка 600-700 адам туура келүүчү дүйнөдөгү калк жыш жайгашкан Фергана өрөнүндөгү этникалар аралык жаңжалга айлантууга аракет жасоолору мүмкүн.

 

Булак: “REGNUM”