Мамлекеттеги ар кандай экономикалык реформаларды ишке ашыруу сөзсүз түрдө акча каражатын талап кылат.

Тилекке каршы мындай каражат жарды өлкөнүн өзүндө жок экендиги айтпаса да түшүнүктүү. Андыктан, экономикалык реформаларга зарыл болгон каражатты Орусия, Кытай, АКШ жана экономикалык жактан бай Батыш өлкөлөрүнөн тартуу бийликтин эң башкы милдети. Кыргыз бийлигинен айырмаланып өзбек президенти мындай маселени ийгиликтүү чечип, Өзбекстанды аймактык экономикалык “державага” айлантууга белсенүүдө.

 

Мирзиёевдин биринчи кадамы Эл аралык байкоочулардын талдоосунда, өзбек президенти соңку эки жылда өз өлкөсүнүн тышкы саясатын, айрыкча жакын коңшулар менен болгон мамилесин түп орду менен жакшы нукка өзгөртүүгө жетише алды. Ислам Каримовдун мезгили менен салыштырганда расмий Ташкенттин учурдагы тышкы саясаты өлкө экономикасына эң зарыл болгон жаңы рынокторду ачуу, өлкөгө тыштан инвестиция тартуу багытында демилгелүүлүгү, динамикалуулугу жана ачыктыгы менен кескин айрырмаланууда. Мындай көрүнүш Шавхат Мирзиёевдин мамлекет башчы катары ар бир сөзүнөн жана жасаган ишинен ачык көрүнүп турат. Эсиңиздерде бар болсо керек, айрыкча, 2013-2014-жылдар аралыгында Өзбекстандын жакын коңшулары менен болгон эки тараптуу мамилеси аябай жаман, коркунучтуу деңгээлге жеткен болчу. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы тактала элек чек ара сызыктары жайгашкан аймактарда эки өлкөнүн чек арачыларынын жана карапайым адамдар менен чек арачылардын ортосунда мезгил мезгили менен куралдуу жаңжалдар чыгып турган. Ошол эле мезгилде, Өзбекстандын Тажикстан менен болгон мамилеси да кескин начардап, ал тургай расмий Ташкент Тажикстанга жаратылыш газ берүүнү токтотуп, жол каттамын жаап салууга чейин барган учурлары болгон. Жакын коңшулар менен болгон мындай мамиле Шавкат Мирзиёев президент болуп келээри менен дароо бир заматта оң жагына чечилди. Коңшулар менен болгон саясатта Өзбекстан утушка ээ болду Мирзиёевдин тышкы саясаттагы ар бир кадамы күн мурунтадан “жети өлчөп бир кесилип”, кылдат ойлонулуп жасалгандыгы жана анын тышкы саясаттагы ар бир кадамы (ала бармандык эмес) жалаң гана өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын коргоп, элине пайда алып келип жаткандыгы менен айырмаланып турат. Маселен, Мирзиёев президент болуп шайланаары менен коңшу өлкөлөр менен болгон мамилесин болуп көрбөгөндөй жакшыртып, Кыргызстан жана Тажикстан менен болгон мамлекеттик чек арасын толук ачууга жетишти.

 

Туура, эки өлкөнүн чек арасынын ачылганы жакшы, бирок мындай кадамдан биринчи кезекте өндүрүшү буга чейин ишенимдүү жолго коюлган, ишкерлерине мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөткөн, экономикасы коңшу өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу кубаттуу болгон Өзбекстан утушка ээ болуп, ал эми Кыргызстандын улуттук ишкерлерине күтүүсүз сокку урулду. Анткени чек ара ачылаары менен Кыргызстандын базарларын Өзбекстандан келген арзан баадагы айыл чарба товарлары басып, улуттук өндүрүүчүлөрдүн айласы куруп, көптөгөн ата мекендик өндүрүүчүлөр “банкротко” учурашты. Түштүк Чыгыш Азиядагы Сингапур өлкөсүн эң жарды өлкөдөн дүйнөдөгү экономикалык жактан эң кубаттуу өнүккөн өлкөгө айландырган айтылуу дүйнөлүк реформатор Ли Куан Ю: “Орто жана чакан бизнес өспүрүм бала сыяктуу. Эресеге жетип, бутуна туруп алгычакты мамлекеттик колдоого, коргоого муктаж. Ишкерлердин мындай муктаждыгын туура түшүнүп, аларга колдоо көрсөтө албоо, бийлик башындагылардын иштин көзүн билбегендигинин ачык далили”,- деп бекер айтпаса керек. Бир сөз менен айтканда, Өзбекстан менен болгон саясатта да, Кыргыз өкмөтү дагы бир жолу билимсиздигин, түркөйлүгүн жана иштин көзүн билбеген алабармандыгын коомчулук алдында ачык далилдеп койду, десек болчудай.

 

Казакстанды атаандаш эмес, башкы өнөктөшкө айландыра алды Эч кимге жашыруун эмес, совет доорунан бери эле Өзбекстан менен Казакстандын ортосунда аймактык биринчилик үчүн тымызын айтылбаган атаандаштык болуп келген. Мындай көрүнүш маркум Ислам Каримовдун мезгилинде анын айрым аракеттеринен ачыкка чыгып калган учурлар деле болгон. Шавхат Мирзиёев президент болуп шайлангандан биринчи күндөн тартып мындай атаандаштыкты чыныгы достук жана өнөктөштүк нукка бурууга жетише алды. Бул максатта Шавкат Мирзиёев өзүнүн президент болуп шайлангандан кийинки биринчи расмий иш сапарын Москва, Пекин же Вашингтонго эмес, Астанга жасады. Албетте, расмий Ташкенттин бул багыттагы аракеттерин, биринчи кезекте Орусия менен жакшы мамиледе болуу үчүн географиялык жактан алганда да баардык Борбордук Азия өлкөлөрү, анын ичинде Казакстан менен мамилени чыңдоо өтө зарыл экендигин өз убагында ачык сезип, туура түшүнүп бул багытта чечкиндүү кадамдарды жасай алды, деп чечмелөөгө болот. Өз мезгилинде, Орусия деле Борбордук Азия аймагында өз саясатын жүргүзүүдө биринчи кезекте Казакстан менен Өзбекстанга бирдей деңгээлде таянарына шек жок. Буга үч өлкө жетекчилеринин: Нурсултан Абишевич, Владимир Владимирович жана Шавкат Миромоновичтин, Борбордук Азиядагы башка мамлекет башчыларын чакырбай, Түштүк Казакстанда бейрасмий жолугушуусун мисал келтирүүгө болот. Убагында анча маани берилбегени менен мындай жолугушуунун, айрыкча, Өзбекстан үчүн мааниси өтө жогору болгондугун жокко чыгарууга болбойт. Натыйжада, Шавкат Мирзиёев бул жолу аймактагы эң башкы өнөктөштөрү менен жекеме-жеке бейрасмий жолугушуп, Орусия жана Казакстындын базарларына өз товарларын эркин сатуу максатында олуттуу маселелерди чечүүгө жетише алды.

 

Орусиянын базарларына эркин чыгуу мүмкүнчүлүгүнө жетишти Орусия президенти Владимир Путиндин Өзбекстанга болгон иш сапары учурунда Өзбекстандын жеңил өнөр жай жана кайра иштетүү товарларын жана айыл чарба продукцияларын Орусияга чыгаруу боюнча сүйлөшүп, бажы төлөмдөрүнүн өлчөмүн азайтуу боюнча макулдашууга жетише алды. Жолугушуунун соңунда Орусиядан 27 миллдиард доллар өлчөмүндө инвестиция тартуу боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлду. Ошентип, Өзбекстан айыл чарба жана жеңил өнөр жай продукцияларын Орусияга чыгаруу бюнча алгылыктуу ийгиликтерге жетишти. Орусиялык айрым маалымат каражаттары 2016-2017- 2018-жылдары орусиялык ири соода түйүндөрүнүн жетекчилери ар кандай админстративдик тоскоолдуктардан, чиновниктердин коррупиялашкан аракеттеринен жана иштин көзүн билбегендигинен улам, айыл чарба товарларын сатып алуу боюнча Кыргызстандын тиешелүү бийлик өкүлдөрү менен бир келишимге келе алышпай, ийкемдүү Өзбекстанга кетип калышкандыгын жазып чыгышкан эле. Чындыгында эле мындай маалыматтын чындыгын турмуш өзү далилдеп көрсөттү. Буга мисал катары быйылкы жылы Кыргызстандын айыл чарба продукциялары, анын ичинде картошкалары убагында сатылбай кампаларда чирип жаткандыгы расмий тастыкталгандыгын келтирүүгө болот.

 

Мирзиёев эки жылда өз өлкөсүнө 72 миллиард доллар инвестиция тартты Мирзиёевдин мамлекет башчысы катары ата мекендик өндүрүштү уюштуруп, элин жумуш менен камсыз кылып, өлкө экономикасын көтөрүп, элдин жашоосун жакшыртуу багытында олуттуу натыйжаларга жетишүүдө. Бул максатта ал болгон күчүн жумшап, башка өлкөлөрдөн ири инвестицияларды тартууда. Мирзиёевдин чет өлкөлөргө болгон ар бир иш сапары курулай сүйлөшүү, шаан-шөкөт менен эмес, өлкөсүнө ири өлчөмдөгү инвестиция тартуу менен коштолууда. Бул максатта ал дүйнөлүк ири держава жетекчилери менен ийгиликтүү эки тараптуу маакулдашууга жетише алды. Мисалы, Каримовдун мезгилинде Өзбекстанда Кытайга караганда Түштүк Кореянын инвестициясы басымдуулук кылса, соңку эки жылда Мирзиёев Кытайга иш сапары менен барып, расмий Пекин менен 23 миллиард доллар өлчөмүндө инвестиялык келишимге кол коюга жетишти. Ошондой эле өзбек бийлиги соңку эки жылда Түштүк Корея менен 8,94 миллиард доллар, Франция менен 5,6 миллард доллар, АКШ менен 4,8 миллиард, ал эми Түркия менен 3 миллиард доллардык инвестиялык келишимге кол коюга жетишти. Ишкерлерге эки нерсе аба менен суудай керек. Бул инвестиция жана тышкы рынок. Бул маселени өзбек президенти өзүнүн президенттик алгачкы эки жылында ийгиликтүү чече алды. Эгерде, жогоруда кол коюлган инвестициялык келишимдер ишке ашырылса, Өзбекстан жакынкы келечекте аймактагы ири экономикалык державага айланаарына кымындай да шек жок.

               

 

 Бакыт АМАНБАЕВ, КР экс-Омбудсмени, “Майдан. kg” гезити