Бишкек, “Саясат. kg”. Кыргызстандын президентинин коопсуздук Кеңешинин жыйынында Бишкекте  өтүүчү ШКУ саммитин үзгүлтүккө учуратууну каалаган кайсы бир күчтөр тууралуу билдиргени көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду.

Буга дейре бир дагы мамлекет башчысы улуттук коопсуздукка келтирилген коркунуч тууралуу мынчалык ачык айтпаган. Мамлекет башчысы:

 

“Жолугушууда маанилүү маселелер жогорку деңгээлде талкууланат. Биз жылдар бою чечилбей  келген бир катар маселелерге чекит коюну ниетиндебиз. Бирок, саммитин өткөрүлүшүнө тоскоолдук жараткысы келген күчтөр бар”, - деди жыйында.

 

Сооронбай Жээнбеков коркунучтун булагын так атаган  жок. Бирок, ушул айтканы деле Кыргызстандын ичиндеги айрым ишмерлердин жана сырткы оюнчулардын кулагына жетти. Туруктуулукту бузууну каалаган каармандардын жана алардын четөлкөлүк өнөктөштөрүнүн аттары аталбаса да, аракеттенип жаткандар ким экени кошумча түшүндүрүүсүз эле таанымал болуп калды.

 

 Жөнөкөй логикалык ой жүгүртүүлөрдүн чынжырчасы бул айтылгандардан  жыйынтык чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Эгер кеп дүйнөлүк аренада глобалдуу оюнчу болгон “Шанхай кызматташтык Уюмунун” саммити тууралуу жүрсө, анда бул саясий форумдун үзгүлтүккө учурашы андан  кубаттуулугу, каражаты жана ресурсу кем калышпаган   тарапка пайдалуу. ШКУ ички маселелердин баарын чечип, жаңжалдын алдын алгандан кийин бул системаны тең салмактуулуктан адаштыруу  дээрлик мүмкүн болбой калат. 

 

 Россия менен Кытай бүгүнкү күндө коомдун кызыкчылыгын көрсөтүүдө жана аны  менен өз орбитасына барган сайын көп өнөктөштөрдү тартып жатат. Бул  көптөгөн сырткы оюнчуларга жана каржы борборлоруна тынчтык бербей келет.

 

“Эмитен  эле ШКУ  глобалдуу соода агымдарына таасир берип баштады. Бул эларалык уюм башкаруу хаостун теориясына такыр кирбейт, андыктан анын интеграциясынын арышы айрымдардын тынч уктоосуна жолтоо болууда”, - деп божомолдойт эксперт Бакыт Бакетаев.

 

 ШКУ саммитин үзгүлтүккө учуратууга кызыкдар тарап ниети ишке ашса,  бүткүл дүйнөгө бул эларалык түзүмдүн туруксуздугун жана алсыздыгын даңазалагысы келет. Кыргызстандагы жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратууга кандай себептер керек? Варианттар көп – массалык башаламандык, бийликтин алмашуусу, же террористтик коркунуч. Эң жөнөкөй вариант – миңдеген адамдарды кайсы бир ички маселелерди бетке кармап көчөгө чыгаруу жана кагылышууну жаратуу. Буга Венесуэладан жаңы мисал, ал жакта мамлекеттик төңкөрүштөрдү жүргүзүүнүн жаңы сапаттуу схемасы колдонулду – митинг, провокация жана президентти сырттан дайындоо. Каракаста толкундоолор уланууда, эми ал жакта Мадуродон бардык “саясий” соттолуучуларды бошотууну талап кылып башташты. Бизде деле  айрым ишмерлер ушул тема аркылуу элди көтөрүүгө  аракеттенип көрүштү, ал турмак коррупцияга айыпталып соттолгондордун кээ бирин саясаттын курмандыгы  катары да көрсөтүштү.

 

 Бишкекте ШКУ саммитин өткөрүү жайдын башына белгиленди, демек, Кыргызстандагы белгиленген окуялар ага чейин болушу ыктымал. Өлкөдөгү кырдаалды курчутуу үчүн чет өлкөнүн дотациялык камсыздандыруусунда турган профессионалдуу жалданма  революционерлер жазында элдин басымдуу бөлүгүн кошуу менен кайсы бир курултайды өткөрүүнү ниеттенип коюшту.

 

 “Бизде Бишкектеги ШКУ саммитин кайсы бир жол менен үзгүлтүккө учуратууга аракеттенген үчүнчү да, төртүнчү да, бешинчи да күчтөр да табылат. Саясатташтырылган элементтер өзүн өзү ачыктайт. Кудайга шүгүр, тажрыйбабыз бул жаатта мол, биздин саясий талаада ким кимдин нотасында ырдап жатканын дароо таап алабыз”, - деп белгиледи саясий серепчи Бакыт Бакетаев.

 

 Кыргызстан президентинин коопсуздук Кеңешинин жыйынындагы билдирүүсүнө кайтып келсек, саммитти үзгүлтүккө учуратууну каалаган айрым күчтөр тууралуу ачык айтуу менен ал кайсы бир саясий ишмерлерди ойлонулбай жасалчу кадамдан оолак болууга чакырды. А биз алар чакырыкты кабыл алды деп үмүттөнүп туралы.