Көз караш 

 

Тыныбек: - Эми чынын айтайын олуям. Өткөн жолку сиздин маектен кийин, мени көп нерсе түйшүккө салды. Мисалы, “Топон суу, Нух пайгамбар. Анан анын… ар жан- жаныбарлардан жуптап, бу жашоону сактап калган кемеси - азыр  адам буту баспаган бийик тоонун чокусунда мөңгүдө сакталып турат”- дегениңизди түшүнөм. Бирок жана “жер жүзүн кытай каптаганы, биздин сан мартынбаганыбыз” кандай?

 

Байзак: - Калк төрөсү кыргыз. Кыргыз сөзүнө бек, салт-санаасын, үрп-адатын баарынан артык көргөн эл. Канчалык курсак ачып, сууда балык батпай турса дагы… аны жебейт десең жебейт. Бизге Ала-Тоодон артык жер жок. Ал эми Кытайда андай эмес, жокчулуктун азабын тартса “кур намыс” деп, атанын ат казыгын айланып өлө бербейт, эмгекчилдиги менен тамак тандабай, курт-кумурска жесе дагы… кай жерде жашоо жакшы кете берет. Алар кыргыздай өкүмдарына ишенбейт, өзүнө ишенет.

 

(автордун “Эки жыл аралыкта жол” кинороманынан үзүндү)

           

Ооба шайлоодон кийин, Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы да өттү. Эми келечек эмне болот? Кайрадан мен ушу боюнча өз ойлорумду ортого салгым келет. Ооба азыркы бүткүл дүйнөлүк геосаясат АКШ, Кытай, Россия сыяктуу чоң өлкөлөрдүн ортосунда жүрүп, бирок бизге окшогон майда калктар… алардын таасиринде “бар, же жок” болуп кетүү коркунучунда жашаары да бышык. Анан, ие айланайын! Кайсы арыбызга Совет доорунан ирегелеш жашаган кошуналарга акарат айтышыбыз керек? Мынакей желегинин асты, жер энеден кулпунуп чыккан буудай сындуу сары, үстү көк асмандай бийиктикти эңсеген Украина элин деле АКШ кандай гана канмайданга айлантып салды. Славяндар  деле биз кыргыз, казак сыяктуу бир атанын балдары. Ошондуктан Алмазбек Шаршенович кетээринде жөн кетпей ар кимге асылып, Сооронбай Шариповичтин мойнуна далай мүшкүл ишти илип салды өңдөнөт. Мисалы жакында Тажикстан тараптын: анын президенттик  ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча жыйынында сүйлөгөн орунсуз кебине берген жообу жана ЕАЭС биримдигине мүчө өлкөлөрдүн Казакстандын Кыргызстанга болгон экономикалык блокадасына унчукпай отурушу - буга күбө. Себеби, А.Атамбаев сүйлөгөн сөзүндө такай Кудайды, Манасты кошуп сүйлөгөн менен, ошо Манастын: “Улут аралык ынтымак, жана алака байланышы” деген  жети осуятынын бирин унутуп, Россиянын Мамдумасынын үч жүздөн ашык депутаттарынын ичинен бирөө өз оюн айтып койсо бүттү, токтоолук деген жок, эл башылык бийик даражасынан ойго түшүп, ага да сес көрсөтүп жатып калат.

 

Мен өткөндө мечиттен келген даватчылардын оозунан дурус нуска кеп уктум. Алар айтат, “Ева энебиз Адам атанын кабыргасынан жаралгандан кийин, үй-бүлө деле бир кичинекей мамлекет. Аны башкарууда: эркек тарабынан аялга өзгөчө мамиле зарыл дейт. Же, жанагы кабырганын ийри жерин түзөгөндөй саясат жүргүзгөндө гана жашоо болот экен”. Бул жагынан Орто Азия чөлкөмүндө Н.Назарбаевдей, же, жеке өзүбүздүн депутаттардын ортосунда пикир келишпестик эмес, дипломатиялык жол менен, ошо мезгилде азербайжан, армян элин элдештирүүгө жетишкен легендардуу паламенттин спикери М.Шеримкуловдой кылдат ишмер… азыр биздин  багыбызга, арабыздан чыккан жок. Эмне үчүн Нурсултан Абышевич? Анын эң башкы эрдиги: борборду Астанага жылдырып жаңы шаар куруп, В.Солженицин айтмакчы, орустун далай жерине чек коюп алды. Өлкөсүнүн экономикасын жогору көтөрүп, дүйнөнүн алдыңкы өнүккөн өлкөсүнө кошулууга аракеттенип жатат. А Кыргызстанда кандай? Жомоктогу “жыртык тепши”. Буга карабастан Алмазбек Шаршенович акыркы пресс-конферециясында: “Мен кайсы жерге барбайын: калкыбыз… биз туура багытта кетип баратканыбызды айтышат”,- деди. Балким, алты жыл ичинде айрым жакшы иштер бүтсө бүткөн чыгаар. Бирок, азыркы учурда орус жазуучусу Гоголдун сөзүн эстесек “кыргызда жашоо кимге жакшы?”. Акчалуу депутатарга, бизнес менен шугулданган орто катмар интелгенция, Өкмөт акырынан жем жеген айрым чиновниктерге, же бала бакырасы жогору жактарда иштеген кошоматчы “дүжүр” чалдарга, СДПК мүчөлөрүнө - эгер туура эсептей келсек жалпы калктын 25 пайызы  десек болот. Жана жолугушууларда “сен кыйратып жатасың” деп, А.Атамбаевди мактоого семиртип жаткандар да ушулар. А калктын калган карапайым катмары: өз киндигин өзү кесип жакырлыкта жашап, көр оокаттын айынан олуя айтмакчы “кыргыз сан мартынбай” тентиген элдин көбү оору, же чет жактан №200-жүк болуп өлүп келип жатат го.

 

Анан кайдагы “туура багыт”. Алмазбек Шаршенович буга чейин жайнаган жан сакчыларын таштап, Жусуп Абдырахмановдой калктын төмөнкү катмарын аралап көрсө: чындык кайда, кимдин ким экенин жакындан түшүнмөк. Азыр кеч. Мисалы кетип жаткан президент жалпы элден кечирим сурап, Сооронбай Шариповичке бата бергиси келсе, эмне үчүн Ала- Арча резиденциясында инаугурация маалында Анатай Өмүркановду чакырбай, тандап тандап “баланчаевдин башынан баланча, түкүнчөевдин башынан түкүнчө бит чыкты” деп сюжеттик линия жок, очерк сыяктуу китеп жазып, сыйлыктан сыйлык алган арзымат акынды чакырат. Мындай киши Байзактын кебинде “Ордону он кабат тосуп койсоң да, ичкери жылчык таап кирип кетет”- экен. Мисалы 2010-жылы (раматылык М.Эшимкановдун “Жаңы агым” газетасын караңыз) сандан-санга Бакиевдин бийлигине кошоматтанып, “Кыргызстанда акылдуулар сыртка Росся менен Казактанга кетти. Бизде жалаң бала-бакыра, чал, кемпир (жана да акылсыздар- Ш. Ж.) калгандыктан” экинчи революция болбойт”- дегендей маек берген акын… анан кантип АШАнын ичи- койнуна киргендиги өзгөчө сөз..

 

Ооба. Кыргызда жашоо кимге жакшы? Жалпы элдин санынын 25 гана пайызына. Анан ушундай шартта досунан Сооронбай Шариповичтин колуна эмне дурус мурас калат? Мына ун кымбаттап, доллардын курсу жетимишти чапчыды. Өткөндө “дүжүр” экономист Жумакадыр Акенеев оңду-солду интервью берип, “Казак блокадасы биздин экономикага таасирин бербейт. Соляркадан башка күйүүчү май кыйбаттабайт”- деген эле. Кана? Кокуй наала! Баары тескери чыкты го. Анан дагы туруктуу иштеген завод, фабрика жок, “алып сатмай” сазга баткан экономикабызда: келерки жылы тышкы карызды четинен төлөй башташ керек экен. Мен кебимдин башында ич ара тирешкен үч өлкө жөнүндө айттым. Ооба, алардын ортосунда толгон кызыкчылыктар бар. Мисалы бюжетинин 40 пайызын жалаң доллар басып чыгаруудан тапкан АКШ - бүткүл дүйнөлүк лидерлигин кармап калууга тырышат. Ошондуктан ички экономикасы дүркүрөп өсүп, таварлары бүткүл дүйнөгө тараган Кытайды Россия менен тирештирип коюга, болгон күч-аракетин жумшоодо. Ачыгын айтканда Япония… Курил аралдарын сурагандай, Порт-Артурду талашууну шыкактап жатат. А кытай бийлиги: Конфуцийлик көрөгөчтүк кылып, өткөн кылымдын 90-жылдары Жер Ортолук деңизине убактылуу кирүү укугунан ажырагандан кийин, “Улуу Жибек Жолу”, ал эми азыркы күндө жыйылган акчаларын карыз таркатуу үчүн “Бирге-Бир” программаларын ишке ашыруу аракетин кылууда. Алар жогоркудай жагдайдан улам, Кытай- Кыргызстан- Өзбекстан темир жол долбоорун, жана сууда эркин жүрүү максатында: 2014-жылы, Грециядан бир порт сатып алгандыгы маалым. Мындан улам Тажикстан, Кыргызстан сыяктуу начар өнүккөн, болгондо да жери чектеш кошуна өлкөлөргө акчаларын күргүчтөтүп берип, алар: олуя айтмакчы “бүт дүйнөнү каптап” баратат.

 

Ооба, Кыргызстанга сырттан инвестиция тартуу керек. Бирок Кытайдан алган карыз менен Бүткүл Дүйнөлүк банктан алган карыздын ортосунда кескин айырмачылыктар бар. Бул бир. Экинчиден Бишкек-Торугарт жолунда эки жүздөй жаранын үч жыл иштетип, берген акчасынын 30 пайызын кайра кайрып кеткени - аларга эң сонун шарт. Үчүнчүдөн: Кытай мектептеринде балдарын “Ысык-Көл, Тянь-Шань биздики” деп окутаарын билебиз. Эгер кайтарым учуру келгенде, тажиктердей төлөй албай, ансыз деле 27000 гектар сатылган  жерибиздин үстүнө дагы кесип, Алмазбек Шаршеновичти ээрчийбиз деп- урпактардын келечегин кылдын учуна байлап беребизби?

 

Ушу себептен жаңы келген президент Сооронбай Шарипович Жээнбеков: мейли А.Ш.Атамбаевди ардактап Эл Баатыры наамын берип, төшүнө “Ак шумкар” белгисин таккан күндө да, дагы алты жыл анын курсу менен кетеби, кетпейби тыкыр ойлонушу, досунан мурда элдин маселесин чечүүсү керек.

 

Шах Жума, жазуучу.

Булак: “Майдан.kg гезити, №55 (333), 29.11.2017-ж