Атаң көрү ай, кыргыз бейиште жашаганын сезбейт ээ? 

 

Июнь айында Талас облусунун бир уюмунун  чакыруусу менен маанилүү коомдук иш-чарага катышуу үчүн Өзбекстандан көчүп келген, бир кезде беш жыл жогорку окуу жайында чогуу окуган Эсенбай курсташ курбум экөөбүз эртелеп жолго чыктык. Өзбекстандын мектептеринде да, Кыргызстандын мектептеринде  да 40 жыл кыргыз тили жана адабиятынан сабак берген, поэзияны, тарыхты, философияны сүйгөн Эсенбай курсташым сапарга чыгаарда ушу күнгө чейин Төө-Ашууну аша электигин, туннелди, Суусамырды, Өтмөктүн белин көрө электигин мага сыр кылып айтып, Казакстандын жолу менен эмес, Манастын жерине Кара-Балтанын капчыгайы аркылуу баралы деп сунуш кылды.

 

Похожее изображение

 

Ошентип, биз Сосновкага бат эле жетип, Эсенбайдын эңсеген капчыгайын өрдөп жөнөдүк. Төө-Ашууга карай баратканда  акын Кайсын Кулиевдин “Кыргыз тоолору, жайлоолору менен гана эмес, жылаңач аска, борчуктарынан өйдө сулуу”- деген сөзү эсиме түштү. Себеби Эсенбай Кара-Балтанын капчыгайын, тоолорун Кайсын Кулиевден аша баалады. Өзбекстандын түзүндө төрөлүп чоңойгон, азыр да Чүйдүн казактарга чектеш  түзүндө жашап, талаага көнүп калган курсташым машинаны улам, улам токтоттуруп, капчыгай ичиндеги салаңдаган аскаларды, көк мелжиген чокуларды, куюлмаларды, күрпүлдөп агып жаткан көк кашка сууну таңыркап карайт. Унаадан түшө калып, суудан кочуштап ичип жиберет. Чечекейин чеч кылып, жаш баладай сүйүнүп, фотоаппаратын кайра, кайра “чыркылдатып”: “атаң көрү ай, кыргыз бейиште жашаганын сезбейт ээ,”- деп тамшанат. “Жердин бейишин али көрө элексиң, туннель аркылуу Төө-Ашуунун аркы бетине өткөндө бийиктен сенин көз алдыңа укмуштай бир панорама ачылат”,- деп мен Эсенбайды ого бетер кызыктырдым.

 

Төө-Ашууга чыкканда ак мөңгүлүү тоолорго курчалып, кеңирсип жаткан улуу Суусамырды көргөндө, Эсенбай курбумдун оозу ачылып, эси ооп эле калды. Анан капыстан эле эмнегедир ыйлап жиберип, көз жаш аралаш мага мындай дейт: “Советбек, жерибиздин кеңин карачы, а мен байкуш ушу кең Кыргызстанымдан бир укум жер ала албай далайга жыл азап чекпедимби. Кан какшаткан калмак чабуулдарынын доорунда Ала-Тоодон сүрүлүп кеткен экенбиз, эгемендүүлүк келгенде ата-бабамдын жери, Ата журтум, бир боор элим, деп Өзбекстандык жоон тон кыргызды баштап көчүп келсем, биз менен эч кимдин иши болбоду. Эч ким тосподу. Өкмөттө болсо, чет өлкөлүк кыргызга карата иш жүзүндөгү патриоттук саясат жок экен. Айлана-тегеректин баары коррупцияга чулганган. Жергиликтүү атка минерлер жер бер десем доллар талап кылышат, паспорт үстөл акча сурайт. Баары кыргыз, бирок, “кокуй бул Өзбекстандык тууганыбыз экен” деген бир киши жок. Кыскасы, досум, өз жерибизде, өз элибизде өгөй болуп, селсаяктын күнүн көрүп жашап жүрүп, араң дегенде орун-очок албадыкпы. Ачуум келип, ыза болгон күндөрүмдө райондун акимине барып:”Эй, ушу дуңгандардан, кавказдыктардан аябаган Чүйдүн жерин менден аяйсыңбы, ыя? Корейлерден аябаган жерди кыргызыңан аяйсыңбы ыя? Башыбызга  кыйын күн түшсө кыргыз жерин  мына мен коргойм, колума курал алып, мына мен байкуш коргойм, түшүнөсүңбү!? - деп күйүп-бышкан учурум да болду. Ошентем деп чиновниктерди кайра өзүмө душман кылып алдым. “Улутчул” деген атка кондурушту. Ах, кантейин…”

Эсенбай көзүнүн жашын арчыды.

 

-Эстечи, Эсенбай,- дедим, курсташыма карап,- Манас кезегинде чачылып кеткен кыргыздарды кайра чогултуп, “кулаалы жыйын куш кылып, курама жыйып журт кылбады” беле. Манас атабыз кандай улуу, кандай акылман, кандай стратег. Биздин калк башчыларыбызда ошол Манас атабыздыкындай улут тагдырын ойлонгон кеменгерликтин, патриотизмдин жетишпегендигинен элибиздин шору шорподой кайнап, уул-кыздарыбыз туш-тушка тентибедиби. Кыргыз жерин каптаган маңкуртчулуктун азабын сен да тарттың. Эсеке, кечир, бизди...

 

Эми мынча болду мен да өзүмдүн бир күйүттүү оюмду айтып өтөйүн. Э-эх! Эсеке, карачы мобу кеңирсип жаткан кең Суусамырды, карачы мобу керемет тоолорду, карачы мобу ажайып сулуулукту, көрчү мобу алп, улуу панораманы, эмне деген укмуш! Биздин ата-бабалардын адамдык нарк-насили, адеп-ыйманы, илгерки ак элечек байбичелердин жан дүйнө сулуулугу ушул ажайып тоолордун улуулугу, сулуулугу менен шайкеш эмес беле. Тоо менен кыргыз цивилизация бузбаган өздөрүнүн тазалыктары менен бири бирине жарашып турар эле. Эми карачы, эмне болдук.  Бүгүн жандүйнө деградациясына учураган калкпыз. Биздин булганган жан дүйнөбүз мобу али да болсо техникалык цивилизация буза элек Суусамыр жайлоолорунун сулуулугу менен дисгармония түзүп калды. Тээ тетигиндеги жол боюндагы каз катар тигилген боз үйлөрдү карачы, мен ошол боз үйлөрдүн бирине да ишенбейм. Кайсынысына кирсең да жүргүнчүлөрдү алдап турат. Кымызынын теңи суу, анан да порошок кошуп көбүртүп койгондорун карабайсыңбы. Уялбай “таза кымыз, таза кымыз” деп алдыңдан тосуп  чуркашат. Бир да боз үйгө шектенбей карай албайсың. Бул жолдон көп өтүп, көңүлүм кирдеген. Таза абийир менен соода кылып, жүргүнчүнү ыраазы кылгылары келбейт. Амалданып, алдап акча тапмай качан тоолуктардын жосунунда бар эле? Мына, Эсеке, Суусамырдагы нрава ушундай. Сен суктанып турган жаратылыш сулуулугунун артында “акча”, “акча” деп араанын ачкан көзүн чекчейтип турат. Кантип анан ушуга өкүнбөйсүң. Суусамырдын кеңдигинин фонундагы пейилдин тардыгына кейиймин.

 

Ички дүйнөбүз, ой санаабыз бушайманданган бойдон экөөбүз Төө-Ашуудан төмөн карай жүрдүк. Ойго түшкөндө жол боюндагы вагондун жанындагы үстөлдүн үстүндө жайнаган куруттарды көрүп, Эсенбай машинаны токтотту. Куруттан бирди алып жеп көрдү да: “Курут эмес эле менин классымдагы борго окшойт го, тузу өтө эле ачуу, кошуп-мошуп жасалган жегиликсиз бирдемке, нагыз эмес”,- деп башын чайкап, кайра унаага отурду. Машинада сөзүбүз уланды. Мен: “баягы чоң энелердин куруту жок, атаң көрү ай, ошондогу накта сүзмөдөн жасалган куруттун даамын айт”,- дедим.

 

- Ошол чоң энелердин курутун эмне үчүн азыр жасоого болбосун. Мына кудай берген момундай жер турат, колунда  кой-эчкиси, ую турат. Карасаң бардык шарт бар. Ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, нагыз куруттун өзүн жасап, ата-бабалардын, чоң энелердин кулинардык өнөрүн, кыргыздын кайталангыс тамак-аш табылгасын жүргүнчүлөргө, чет өлкөлүк конокторго даңазалап, ар-намыс менен жол боюнда сыймыктуу турушпайбы. Накта кыргыз курут, нагыз кымыз менен мактанып, сапат менен аброюн көтөрүшпөйбү. Кыргыздын намысын коргоо деген кайда? Шаардагы алыпсатарлар болушса бир жөн. Бул жер Суусамыр да. Шаардагы халтураны алып келип, бул жерге саткандан уялышпайбы. Акчаны адал жол менен тапса кудайга жагат да,- деп Эсенбай кызууланы сүйлөдү.

 

Картинки по запросу суусамырская долина

 

- Өзүбүздүн акчанын кулу болгон пайдакечтик, маңкурттук психологиябыз менен, «булганыч таманыбыз» менен мынабу жайкалган жашыл ыраңды, ажайып сулуулукту тебелеп-тепсеп, Суусамырдын баркын  кетирүүдөбүз,- дедим мен, кабагымды бүркөп.

 

Жолдон бир темирден жасалган чоң бозүйгө токтодук. Үй ээси сунган кымызды ичип жиберип, Эсенбай дагы бир пиала кымыз сурап, аны да сонуркай жутуп ийип, анан кожоюнду мактап калды. Мен да ичип көрсөм, кымыз эмнегедир бозо сыяктанып коюу, келегейирээк, таттуураак. Акыры айылда өсүп, ойдун да, төрдүн да кымызын дурус билген мен бизге сунулган кымыздын кандайдыр бир порошок, таттуу нерсе кошулуп жасалган уй кымыз экенин билип койдум. А үй ээси болсо “жылкыларыбызды мынабу кырдын ары жагына байлайбыз, ошояктан алып келем”- деп атат. “Накта кымыз, бөтөлкөгө куюп берейин, үйүңөргө ала кеткиле”,- дейт.

 

Жолдо баратканда бээнин кымызын эмес, уйдун кымызын ичкенин далилдеп айтып берсем, Эсенбай эки санын аткып, эмне дээрин билбей отуруп калды.

 

Өтмөк ашуусунун түбүнө эки чакырымча жетпей желе байлаган, эки жанаша тигилген бозүйгө токтодук. Желеде 6–7 кулун байланып турат. Ушул жерден нагыз кымыз ичебиз го деген ниетте болдук. Экинчи бозүй жүргүнчүлөр үчүн экен. Бозүй темирден болсо да, жерге кооз шырдак, көлдөлөң салып, ортого жапыс тегерек үстөл коюп, жасалгалап коюшуптур. Бизге кыска шортик, көкүрөгү аябай эле ачык, киндик жагы ачылып турган кыска кофта кийген бир кыз кымыз куя баштады. “Кымызыңар канчадан?”- деп сурайт Эсенбай. “Чоң чыныдан ичсеңиздер 30 сом, кичине чыныныкы 15 сом”,- деди кыз. “Суу кошпойсуңарбы?”- деп мен шектене сурадым. “Жок, желенин нагыз кымызы”,- деди кыз. “Бөтөлкөсү канчадан?”- деп сурады Эсенбай. Кыз: “Бир литри 70 сом”. Эсенбай: “Бу тасмалдагы наныңар бекер эмеспи?”. Кыз: “Жок, майга бышырылган нан. Бирөө 10 сомдон.” Кыздын жоон сандан ылдый жылаңач буттарынан, ачылган киндигинен, ачык көөдөнүнөн уялып жер карайбыз. Кыз кашкайып сезбейт.

 

Бозүйдүн ичинде үчөөбүздүн ушинтип сүйлөшкөнүбүз мага жаккан жок. Өзүнүн жайнаган бозүйлөрү менен Суусамыр жайлоосу сыртынан караганда көчмөн дүйнөнү элестетип тургандыктанбы, мен кэчөөкү ата-бабалардын адеп-ахлагын аргасыздан эстедим. Оо, заман ушунчалык өзгөрдү ээ. Качан кыргыз балдары бозүйдүн ичинде ушинтип сүйлөшчү эле. Качан кыргыз үйүндө кымызын эсептеп соодалачы эле. “Бир чыны кымызыңды канчага сатасың?”- деп качан кыргыз кыргыздан сурачы эле. Качан кыргыздын кызы ушинтип бозүйдө “жылаңач” отурчу эле. Ак бозүйдөгү кэчөөкү аруу бийкеч качан кымызга суу кошуп сунчу эле. (Кошулган суу көпкөк болуп чынынын үстүнө чыгып, кыздын калпына айгак болуп турду.) Мен шаарда жашап мындай нравага негизинен көнүп калсам да, Суусамыр жайлоосунун илгерки элетти элестеткен жапжашыл жаратылышынын коюнундагы бозүйдө отуруп, кечөөкү көчмөн ата-бабаларыбыздын моралынын, адеп кенчтеринин  бүлүнгөндүгүн өзгөчө даана сездим.

 

Эсенбай экөөбүздүн сөзүбүз жолдо уланды. Өтмөк ашуусунун тайпак капчыгайын өрдөй бергенде асфальттын үстү менен бир короо койду айдап, Талас тараптан көч келаткан экен. Көчтүн күн-түндөп жол жүргөнү, адамдардын чарчап-чаалыкканы, суусаганы, малдардын арыктай түшкөнү көрүнүн турат. Биз көч өтүп кетсин деп машинени токтоттук. Эсенбай курсташым сүйлөйт: “Кечөөкү ата-бабаларыбыз өтүп бараткан көчтү токтотуп, айран, кымыз жуткуруп, оогон жүгүн оңдошуп, көчтү бир топ жерге чейин коштоп узатып барып, анан артка кайтышчу экен. Өтүп бараткан жолоочуну «кудайы конок» деп үйүнө кондуруп, меймандашчу экен. Бүгүн тескерисинче, жолду тосуп, айраныбызды, кымызыбызды, суубузду сатып, акча доолап турабыз. Атаганат, жанагы темир бозүйдөгү «жылаңач» кыз мобу суусаган көчтүн оозуна суу тамызуунун ордуна тоноп калууга даяр турат ээ. Ах! Кайран гана Суусамыр ай! Баягы шөкүлөлүү апакай кызың кайда? Өзбекстандан эңсеп келип, ата-бабамдын аруу салтын таппай калдымбы…”.

 

- Кыз да заманга жараша да, агай,- деп Бишкектен бери карай унчукпай келаткан шоопур бала күтүүсүздөн кепке аралашты,- илгерки кызды мактайсыздар, алар эмнеси болсо да караңгы, сабатсыз болушкан да. Азыркы кыздар билимдүү, дипломдуу. Керек болсо бир нече тилдерди билишет. Модалуу кийинишип,  европанын кыздарынан кем калышпайт.

 

Эсенбай өңүн бузуп, жаш жигитке каяша кылды: “Европаны туурап, бөлөктөрдүн модаларын көздү жумуп ээрчиген кыздардын билимдүү экени ырас. Бирок кеп, бул жерде ошол билимдүү кыздардын өзүнүн улуттук коломтосундагы менчик дөөлөттөрүн, өз элинин наркын, салтын, каадасын тааныбагандыгында болуп жатат. Кеп өз элинин адеп-ыйманына таандык кенчтерден ажырап, кыргыз кыздын кыргыз болбой бараткандыгында болуп жатат иним. Кэчөөкү көчмөн кыздар диплому жок болгону менен мынабу Суусамырдын гүлдөрүндөй таза эмес беле. Бүгүнкү кыздарыбыз ушинтип жапырт маңкурттук илдетине, бөлөктөрдү көздү жумуп ээрчиме адатка чалдыга турган болсо, анда улутубуз жоголуу коркунучуна  кириптер болорун түшүнүп коёлу. Евтушенко деген акындын «все прогрессы реакционны, если рушиться человек» деген сөзү бар. Биздин кыздардын, жигиттердин жан дүйнөсүндө кыргыз наркы бузулуп, талкаланып жатат. Билимдүү роботко айлануудабыз.

 

Андай болсо биздин прогресс дегенибиз прогресс эмес. Акын туура жазган:

Жаңы коом курдук дешет, компоюшат ушуга.
Бакыбаттуу келечекке, даярбыз дейт учууга.
Уландардын көбү маңкурт, кыздар басат жылаңач,
Аксакалдар нарктан кетти... прогресспи ушу да!?

 

Байкадыңбы иним, биздин билимдүүлүгүбүз улуттук нарк-насил, ыйман-адеп, элдик салттар, патриоттук сезим, улуттук ар намыс менен коштолууга тийиш. Макул тамагын сатсын, бирок мына бу чарчаган көчкө бир ирет алдынан чыгып, илгерки кааданы колдонуп, акчасыз эле айранын ичирип, сыйлап койсо, бул ата-бабасынын салтын сактай билген улуулук, адамкерчилик болмок. Илгертен келаткан кыргыздын касиетинин уланышы болмок. Ушинткенде улут сакталат. Мен ушул мааниде айтып жатам, садага. Карачы, эмелеки биз кирген боз үйдүн ээлерин. 6-7 бээден күнүгө чакалап сүт алып, сабасына кымыз жасайт. Ошол кымызды суу кошпой сатса деле пайдага туйтунат эле го. Жүргүнчү да адал акчасына адал кымыз ичсин деш керек да. Ыйман менен соода кылыш керек. А булардын болсо пейли бузулуп калган: көрчү, боз үйү да темир, пейили да темир кейпинде. Ушинтип биз акчадан башканы ойлонбой  пейил, уят, абийир жагынан көндөйлөнүп, өзүбүздөн өзүбүз  паска түшө берсек, кыргыз улутун ким сыйлайт? Бизге ким ишенет?”.

 

Өтмөктүн белине келгенде машинадан түшүп, бир аз аялдайлы деп, таза абадан жутуп, бийигинде али кар жаткан ашуунун айлана-тегерегине көз чаптырып турдук. Өтмөктүн ашуусунда туруп, Эсенбайдын белге чыгып келатып шопурга айткан эмелеки ойлорун эми мен мындайча уладым:

 

- Эсеке, азыр эле «прогресс» деген сөздү оозанбадыңбы. Ушу мен катуу ойлонуп турам. Бу прогресс, цивилизация дегениң эмне өзү, деги? Мынакей, цивилизацияга, прогресске келип отурабыз. Натыйжабыз кандай болду?  Чындык салыштырууда таанылат дейт эмеспи. Мен 1855-жылы Жети-Өгүздө туулуп, илгерки турмушту өз кебетесинде көрүп калган Талып Молдонун сөзүн дайыма мисал кылып айтып келем. Көкүрөккө жат болуп калган нерсени дагы кайталап айтайын. Талып Молдо мындай деп жазып кеткен. Сөзмө-сөз угуп тур: «Ал кезде элдин кылык-жоругу, адаты бузулбаган табигый абалда эле. Жалган сөз айтуу, бирөөгө кыянат кылуу, убадасын бузуу, бузуктук иш кылуу, уурулук кылуу өлүмдөн жаман эле. Эл куулукту билчү эмес. Жарды-жакырга жардамдуусу. Конокко, мусапырга сыйлуусу. Зарыл болгондо колдо барын аябаган жоомарттыгы. Ырчыга тогуздап бергени. Сен бай, жарды дебегени. Ач көзсүздүгү. Ачкага аш, жылаңачка тон, жөөгө ат аяба деп, четтен жөө келген календер болсо да түшүп атын бергени. Жоого өлгөнчө кайраттуу эрдиги. Чын сөздүүсү. Алдоо не экенин билбегени. Мына ушуларга окшогон жакшы кылык-жоруктарын айта берсем сөз узарат”(Талып Молдо).

 

Мына көчмөн ата-бабаларыбыздын адеп-ахлагы ушундай экен. Эми биздин «прогресс», «цивилизация», «глобализация» деген нерселерге келгендеги ахыбалыбыз кандай болуп турат? Жана Төө-Ашууда Чүй ичин каптаган коррупцияны, Өзбекстандык туугандарга карата жасалган аткаминерлердин мерездигин, маңкуртчулукту айтып, күйгөнүңдөн ыйлап жибердиң. А мобулар да ыйлай турган жорук эмеспи. Бүгүн жергебизде карылар үйү көбөйүп, аларга кыргыз чал-кемпирлер толуп чыкты. Ата-энесин сабаган, бакпай таштап аткан, а түгүл өлтүрүп койгон уул-кыздар арбыды. Ала-Тообузду аракечтик каптаганы качан. Азыр калкыбызды баңгичилик басып баратат. Эл аралык уюмдар Кыргызстанда бүгүн жүз миңге жакын баңгичиликке берилип, башын жоготкон адамдар бар деп атат. Жалаң эле Бишкекте 20000 «түнкү көпөлөктөр» бар экен. Мектептерди «рекет» деген балээ каптады. Муну мугалим катары өзүң жакшы билесиң. Эгерде Ала-Тоонун чегинен чыгып, жалпы дүйнөгө көз чаптырсаң, бүгүн дегеле адамзат балдарында турмушка, адамга карата прагматикалык-пайдакорлук, коммерциялык-бухгалтериялык, технократиялык мамиле күч алып, азыркы киши рухий эмоционалдык жактан уламдан-улам соолуп, ич жагынан “сөксөөл” болуп куурап баратат. Алдыда адамдардын жүрүм-туруму караандай муздак логикага, эсеп-кысапка, кургак рационализмге негизделип, робот сыяктуу ойлонуп калуу коркунучу бар. Эсеке, эми ушул көрүнүштөрдү Талып Молдо айткан доордогу кыргыздын нравасы менен салыштырып көрөлүчү. Биз өсүптүрбүзбү же өксүптүрбүзбү?

 

- Албетте, өксүдүк, кедерибиз кетти,- деди Эсенбай, башын жерге салып ойлонуп.

 

- Бир сөз менен айтканда, Эсеке, өзүң оозанган прогресс, цивилизация адамзатты, анын ичинде өзгөчө кыргыздарды моралдык кризиске алып келгени көз көрүнөө. Ал эми илимий-техникалык прогресс дегениң жалпы алганда айлана-чөйрөнү, атмосфераны булгап-бузуп, талкалап, мунун айынан адамзат экологиялык катастрофаны карай жылмышып баратат. Бүгүн эколог-адисттер Кыргызстанды «ядролук көрүстөн» деп аташат. Мунун чындыгына ишениш үчүн Ыссык-көлдөгү, Чүйдөгү, Нарындагы, Оштогу коркунучтуу уран көмүндүлөрүн эстегин. Ушундан улам философиялык жактан ойлоном да, Эсеке. Прогресс, цивилизация дегениң, ушинтип адамды да, табиятты да бузуп, акыры кайгылуу кризиске, кыяматка алып келе турган болсо, анда биздин кыргыздын кэчөөкү эле көчмөн турмушу жакшы экен деп ойлойм. Кыргыздын көчмөн заманында Талып Молдо жазгандай адам да адептүү, табияттын да телегейи тегиз. Киши менен табият өз ара гармонияда. Адамдар бири-бирине күйүмдүү. Табиятка көчмөндүн төрт түлүгүнүн залалы болбойт. Экологияга кылчалык зыяны жок бозүйүң үстүңдө, апаппак айран, аруу кымыз куюлган чөйчөгүң астыңда, ак жоолугуң жаныңда, жаркырап тийген күнүң төбөңдө, таптаза абаң, туптунук сууң кашыңда. Кызматың-жамаатың үчүн. Адамга  артык эмне керек, ыя? Жашоонун тузу ушунда эмеспи. Биз ушундай таза, нарктуу, маңыздуу дүйнөбүздү таштап, каякка кеттик? Цивилизация, прогресс адамзаттын адашуусубу, ыя Эсеке? Европаны ээрчийм деп биздин көч жаңылганбы?

 

- Советбек,- деди Эсенбай, - Социалисттик идеологиянын тушунда өткөн доорлордон адамзаттын «Алтын кылымын» издеген сендей адамдарды «реакционный романтик» деп койчу эмес беле. Ал кездин түшүнүгү боюнча адамзаттын «алтын кылымы» социалисттик заман болчу. А чынында «алтын кылым» артта калган бейм. Тарыхтын дөңгөлөгүн артка кайрууга мүмкүн болбосо да, өткөнгө тиешелүү чындыкты айтууга акыбыз бар да. Тамашалай айтканда, Советбек ушу сенин—«реакционный романтиктин» «Бүркүттүн көз жашы» деген ыр китебиңдеги момундай саптарың дайыма менин эсимде жатталып турат:

 

Айтчы мага ачык сырың прогресс,

Калыс болсун экөөбүзгө акыл-эс.

Синтетика деген сенин дүнүйөң,

Артык неси ак коюмдун жүнүнөн?

Неси жакшы сенин цемент тамыңдын,

Күн жыттанган кыргыздын боз үйүнөн?

Кулак жарган музыкаңдан тажадым,

Айланайын комузумдун үнүнөн.

Миң эсе артык белдердеги бетегем,

Шаардагы жасалма өскөн гүлүңөн.

Айлансынчы, акылды алган арагың,

Бабам ичкен ак боз бээнин сүтүнөн.

Жерге-сууга зыян кылбай жашагам,

Акыл сурап табияттын өзүнөн.

Неге кеттим киргил аккан дайрага,

Журт которуп ак булактын көзүнөн?

Карайлычы кечөөкү өткөн бабама,

Өмүр өткөн ак боз үйлүү айылда.

Азга сабыр, барга топук кылган да,

Майдаланбай күн кечирген жай гана.

Кези келсе үйүн, биртке оокатын,

Кете берген ат-төөсүнө артына.

Ден соолугун, ак жоолугун байлык деп,

Жашай билген жетип өмүр баркына.

Атаң көрү бу опосуз дүйнө деп,

Кызыкпаган акча менен алтынга.

Кызыккан ал адеп-ахлак наркыңа,

Бекем турган адмчылык шартына.

Ажал келсе кете берген акырын,

Ыр, дастанын таштап сүйгөн калкына.

Мындай жашоо өзүнчө бир жол тура.

Терең маңыз, бай мааниге толтура.

Мына көргүн: көчмөн философия!

 

Эсенбай ушул ыр саптарын айтты да, ойлонуп туруп мындай деди:

 

- Ушул ырыңдан улам ойлоном десең. Балким адамзат балдары европалык Нострадамусча, же биздин олуя Калыгулча алдыда күтүп турган моралдык жана экологиялык кыяматты, жердин такыр, замандын акыр болорун алдын ала көрө билип, илгерки көчмөн дүйнөнүн бейкүнөө асыл, артык жактарын туюп, бири-бири менен согушпай, бирин-бирин басып албай, ынтымак философиясын тутунуп, ошол «алтын кылымга» биротоло токтоп, “прогресс” дебей ошол тарыхый конушта жашай бергенде узак да, бакыбат да жашайт беле, ким билет? Жер эне да бүгүнкүчө онтобой, түбөлүккө кулпуруп турар беле. Өзүмө комфорт жаратам, ынгайлуулук түзөм, жыргал курам деп араанын ачып, артыкбаш пайда издеп алга жутунуп отуруп, адам баласы ушул шум заманга келбедиби. Ыйык китептердин биринде айтылган «билими арткан сайын адамды ошончолук кайгы басат (много знаний – много печали)» деген накыл сөз чын белем…….

 

- Албетте, цивилизациянын да жакшы жактары бар  дечи,- дедим мен. Бирок атаганат, нагыз жашоонун философиясын алып жүргөн заман ошол көчмөндүк доор окшойт, чынында. Анткени менен тарыхтын өнүгүшү адамдардын эркине баш ийбейт турбайбы. Адамзат башаламан, стихиялуу түрдө өнүгүп жүрүп отуруп, ушу күнгө келбедиби. Турмуш дөңгөлөгүнүн аңды-дөңдү карабай алга жутунуп тегеренгендигинин көз карашынан караганда сен экөөбүздүн адам балдарынын “Алтын кылымда” кала бериши жөнүндөгү ойлорубуз бир жагынан утопия да болуп чыгып жатпайбы, атаң көрү!

 

Эсенбай экөөбүз Өтмөктүн белинде өз, өзүбүзчө жалгыздан ойлонуп басып жүрүп, кайра жанаштык.

 

- Карачы мобу первозданная природаны – деди Эсенбай орусча аралаштырып сүйлөп, - Кыргызстан өзүң айткандай «ядролук көрүстөн» болсо да, баары бир байыркы жапайы түрү менен жаткан Суусамырдай, Өтмөктүн ашуусундай керемет жерлер бар экен го. Бах! Чиркин, абасынын тазалыгын көр. Мобу жапайы керемет аскаларычы, таштардын арасындагы көк чөптөрдүн, гүлдөрдүн жытычы! Кайсын Кулиевдин «Кыргыз тоолору борчуктарынан өйдө сулуу» дегени чын турбайбы. Бейиш, бейиш…..

 

- Ээ, Эсеке – дедим мен терең дем алып, - ушу бейишке да жанагы кара түтүнүн буркураткан прогресс деген немең жутунуп келатпайбы. Ушул Өтмөктүн ары жагындагы «Андаш», «Жер үй» алтын кендерин ач көз чет өлкөлүк фирмалар казабыз деп жантлашып жатышпайбы. Буга өкмөтүбүз да кызыкдар. Илгери ушул Суусамырды жайлап жүргөн Жумгалдык Байзак акылман «алтын жылтылдап адамды азезилдей азгырат. Адам алтын таппай, азап табат» деген экен. Мен бул аталган алтын кендеринин казылбай каларына көзүм жетпейт. Казылган күнү биз Байзак атабыз айткандай, алтын таппай азап таап калабыз го. Ошондо алтын кенине жакын жаткан ушул Өтмөк ашуусунун алтындай экологиясы бузулбай коёбу. Ашуунун ак карлуу тоолорунун коюнунан сызылып чыгып, Таластын түзүн карай шаркырап аккан тетиги туптунук мөл дайра ууланбай коёбу. Алтын казабыз деп азап тапканыбыз ушул болбойбу. Ээ, Эсеке, ишсапар менен Өтмөктүн белинен ары бери далай жолу өттүм. Анан алтын кенине жутунган ачкөз технократтардан улам Өтмөк ашуусунан башталган Талас суусунун тагдырын ойлоп, бир жолу ушул жолдо момундай ыр саптарын чыгарбадымбы:

 

А кокус калсам ноокастап,

Амалым сенсиң аруу суум!

Айыкпайм балким уколдон,

Айыгам сенден дары суум!

 

Бирок кооптуу заман бу турган,

Боюңда жандар көбөйдү-

Жоругу үрөй учурган,

Ыйыгы жок тутунган.

Эки көзүн чакчайтып,

Акча, акча деп жутунган.

Бары-жокту ылайлап,

Бардыгын булгап кутурган

Кыйналат жаным ушундан.

Коргоймун кантип өзүңдү,

Адептен мындай бузулган.

Айрылып бир күн каламбы,

Ак дайрам сенин кутуңдан.

 

Жылып келди куу заман,

Жыландай сойлоп акырын.

Кабатыр болом, улук суум,

Кандай болот акырың?...

Тумандап турат алды жак,

Не болот сенин тагдырың?..

 

- Кой Соке, мынчалык пессимизмге чөкпөйлү, деди Эсенбай, – Талас элинин бир тууган жердин экологиясын сактоо үчүн аракеттенип жатканын газеталардан окуганым бар. Өтмөктүн суусунун мөлтүр бойдон калышы үчүн күрөшүү керек. Кой, аттаналы, көпкө туруп калдык.

 

– Кудай ай, жаланып-жуктанып бардыгын жалмап келе жаткан технократиялык ажыдаардын оозуна, араанын ачкан ач көз моралдын алкымына акыры жүрүп Өтмөктүн өмүрдү жашарткан сулуулугу да, мүрөктөй таза тунугу да оп тартылыбы, деп кейип жибердим да, машинага отурдум.

 

Андан ары ар кимибиз өзүбүзчө ойлонуп, унчукпай жүрүп отурдук да, Талас шаарына түш ой жетип  бардык.

 

Иштерибиз бүтүп, Таластан кайтып  келатканда да, кайрадан Өтмөккө токтоп, шылдырап агып жаткан таптаза булагынан кочуштап жутуп, идиштерибизге толтура куюп алдык. Суусамырдын суу кошулган кымызын үйгө көтөрүп баргандан көрө, Өтмөктүн туптунук “мүрөгүн” алып барып, балдарыбызга ичирели дедик.

 

Ошентип, эч жерге аялдабай, зуулдаган бойдон алеки саламда Төө-Ашуунун түбүнө жетип келдик да, бирпастан соң белдин өзүнө чыгып барып, туннелдин кире беришине токтодук. Кайрадан үстүндө ак булуттар калкыган, алыстагы кыркаар тарткан Суусамырдын шаңкайган ак чокуларына суктана карап турдук. Эсенбай капыстан менден сурап калды:

 

- Соке, түндөТаластын мейманканасында башыма түркүн ой-санаа келип, кээде жаман түш көрүп, жакшы уктай албадым. Түн ортосу ченде көзүмдү ачып, башымды көтөрсөм, сен оозгу бөлмөдө уктабай бирдеме жазып, ойлуу отурупсуң. Эмнени жазып отурдуң эле? Эмнени ойлондуң?

 

- Ыр,- дедим мен, - коштошуу ырын жазып отургам.

 

- Коштошуу ырын? Кандайча коштошуу ыры?

 

- Ошондой, ал ырды мен азыр сага окуп бермекчимин. Атайын дал ушул Төө-Ашууга келип, сага окуп бериш үчүн жазган болчумун. Башка жерден эмес, дал ушул Төө-Ашуудан окуш үчүн. Таластан бери карай бул ырымды сыр кылып катып келгеним ушул максаттан улам болду,- дедим.

 

- Кана, окучу андай болсо, эмне деген ыр, эмне деген сыр?- деп Эсенбай мага бир чети таңгалгандай, бир чети кызыга карап калды.

 

- Эсеке, мен азыр ата-бабаларым менен, мобу турган Суусамыр менен коштошомун,- дедим кыжаалаттана, бир чети толкунданып: - сурайынчы дагы, баягы Талып Молдо сүрөттөп берген, жалган сөз айтпаган, убадасын бузбаган, куулукту, ачкөздүктү билбеген, чын сөздүү, мейманга сыйлуу, жоомарт, ар намыстуу, нарктуу ата-бабаларыбыз кайда? Ошондой ак элекчен апаларыбыз, ак калпакчан карыларыбыз көркү болгон Суусамыр кайда? Тигине суусамырдын таманында жыландай сойлогон асфальт жатат. Жол боюна тигилген темир бозүйлөрдүн ичиндеги соодагерлердин ич дүйнөсү да ошол асфальттай акырындап кургап баратканын өз көзүм менен көрбөдүмбү, Эсеке. Темир бозүйдүн ичинде суу кошулган кымызды жүргүнчүгө кашкая сунуп турган жарым жылаңач кыргыз кыздын түрүн көрдүң го. Көрсө, Эсеке, айтып бүткүс кечээки асыл адеп-ахлагыбызды жоготкон турбайбызбы. Техникалык кылымга өткөндө ал асыл дүйнөбүз бүлүнгөн турбайбы. Чын айтсам, кэчөөкү руханий дөөлөткө карк бир боор көчмөн дүйнөмдү жоготконумду мен ушул Суусамыр жайлоосунан өзгөчө даана сездим. Ошон үчүн Таластын мейманканасында көзүмө жаш алып отуруп, өзүм бала кезде көрүп калган, улуу көчмөн рухту алып жүргөн алтындай абышкаларды эстеп, аларды жоготконума жаным кейип, мобул ырды жазбадымбы. Мына окуюн:

 

Бакай элең ак сакалың жайкалган,
Кум-Белдеги кулжалардай калжайган.
Бассаң-турсаң санат айтып Манастан,
Кеп кылчу элең келген жоону Каңгайдан.

 

Илгерки эрлер жөнүндөгү икаяң,
Кайнар болуп кайнап чыкчу каныңдан.
Элдик наркты менин кымбат карыям,
Эң биринчи сен аркылуу тааныгам.

 

Билбейт элең алсам-жулсам дегенди,
Барга топук, азга сабыр кылчу элең.
Бозүй, комуз, эл-журтуңду байлык деп,
Суусамырда бейгам көчүп жүрчү элең.

 

Бечарага таштап ийип жаныңды,
Бөлүшчү элең колуңдагы наныңды.
Сыйлачу элең мейман келсе үйүңө,
Көтөрүп чаап, эң акыркы малыңды.

 

Эгер болсо менде учкуну ыймандын -
Жаңырыгы сенин асыл жаныңдын.
Өзүңөргө жанаша өскөн жылдардан,
Өсүп чыккан менин рух тамырым.

 

Эми акыры айтайынчы күйүттү,
Көбү эсепкор абышкалар бүгүнкү.
Аракка тап – ушул кордук баарынан,
Сага окшобойт, мен аларга таарынгам.

 

Азыр карып, пионерлер кэчөөкү,
Алдыга оздук майдаланган жагынан.
Жаным кейип, бүгүнкүнүн дартына,
О карыя, сени жоктоп сагынам!..

 

Прогресстин кемесине түштүк биз,
Эч ким билбейт алдыда эмне болорун.
Үйгө кирди телевизор, интернет,
Алмаштырып чоң атанын жомогун.

 

Көчмөн турмуш көшөгөсүн түшүргөн,
О көчмөн чал, сен да артыңа кайтпассың.
Кош бол, кош бол менин алтын абышкам!
Эми сени издесем да таппасмын...

 

Кош, менин көчмөн дүйнөм! Кош менин асыл-ата бабаларым! Мынабу акча, акча деп акактаган заманда эми силерди эч качан көрбөйм. Кэчээки асыл абышка-кемпирлерди жоготкон Суусамырым, кош! 

 

ххх

 

Ушул ырды окуп, ушул сөздөрдү айтып жатканымда жан дүйнөм уйгу-туйгу түшүп, көзүмдөн жаш кулап, колумдагы барак дирилдеп турду. Эсенбайды карасам колун маңдайына серепчилеп, көзүнүн жашын кылгыртып, тээ маңдайдагы ак карлуу чокуларды сагынычтуу тиктеп калыптыр.

 

Андан ары экөөбүз бири-бирибизге унчукпадык да, машинага отуруп, туннелге кирип кеттик.

 

Тунеллден чыгып, Кара-Балтанын капчыгайы менен бир топ жүргөндөн кийин Эсенбай оңдонуп отурду да, мага кайрылып мындай деди:

 

- Соке, ата-бабалар менен коштошуу алардан биротоло кол үзүп, унутуу дегенди түшүндүрбөйт да, туурабы? Ата-бабаларыбыздын каны биздин тамырыбызда агып турат. Алар тарых сахнасынан кетсе да, руху баары бир  өлбөйт деп ойлойм. “Өзүңөргө жанаша өскөн жылдардан, өсүп чыккан менин рух тамырым,”- деп өзүң айтып жатпайсыңбы. Кудаяшүгүр, жергебизди адеп-ахлак кризиси каптаса да, түпкүлүгүндө ата-бабалардын  моралдык-руханий дөөлөттөрүнүн көрөңгүсү эл ичинде соолуп калган жок. Ал элдик менталитеттин тереңинде “жүрөк кагып” турат. Кеп, мындан ары карай ата-бабаларыбыздын ошол аруу адеп-ахлак салттарын, ыймандык эрежелерин, принциптерин жолго таштап койбой, жоготпой, унутпай, тескерисинче көздүн карегиндей сактап, аларды улуттун асылкенчи катары тутунуп, ошол эле учурда жаш муундардын жан дүйнөсүнө сиңирип, патриот болуп жашай билүүдө турат. Биз өзүбүздүн башаламан чаңдап бараткан прогрессибизди, цивилизациябызды акыл-эске, маданиятка, рухка негизделген нукка салышыбыз керек. Карачы, азыр эмне болуп жатабыз? Кыргыз жарандарыбыздын бири баптист, бири буддист, бири хизбут-тахир, бири христианин, бири маңкурт, бири алдамчы соодагер, бири космополит. Ушундай кантип болсун. Мамлекетибизге улуттук идеология керек, өкмөттүк деңгээлдеги таалим-тарбия стратегиясы аба менен суудай зарыл болуп турат. Кыргыз коомунун моралдык өнүгүшүн мекенчил идеологиянын багытына салыш керек. Ата-бабаларыбызга Төө-Ашуудан кол булгап кала бергенибиз болбойт, Соке. Андан көрө эсибизди жыйнап, кайраттанып намысыбызга келип, Манас атабыздын туусун бийик көтөрөлү. Бул чоң иште мамлекеттик бийлик менен эл бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышы зарыл. Мен мугалиммин, мен минтип башаламан жашай албайм. Жаш муундарды окутуу жана тарбиялоо үчүн мага мамлекеттин көрсөткөн маягы керек. Идеал, идеология керек мага. Сен, Соке профессорсуң, публицистсиң. Мамлекеттин башында тургандарга сен ушуларды үнүңдү бийик чыгарып айтышың керек. Минтпесек болбойт. Кандай дейсиң?

Мен Эсенбай курбумдун бул акылман сөздөрүнө толугу менен макул болдум да, эртең Ак үйгө барууну чечтим.

 

Советбек Байгазиев

Бишкек-Талас, Талас-Бишкек.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити