Роза ОТУНБАЕВА: Кыжырды кайнатып, зээнди кейите турган иштерди жасай берсе, эл толкуп, баягындай бир жаман учурга биз күбө болбойлу.

 

Президенттин иштерин катуу сындап келген “Ата Мекен” партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевдин өзүнө оор айып коюлуп, камакка алынды.

 

Парламенттеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын лидери 2010-жылдан кийин Алмазбек Атамбаев эбегейсиз байыган деп эсептеп, Кой-Ташта хансарай салышын, көмүскө мүлктөр жана Дача СУга кулаган учактагы жүк боюнча маалыматтарды чыгарган болчу. Буга жооп катары президенттин командасы “Ата Мекен” партиясынын башчысына жана анын айрым партиялаштарына каршы ”Белизгейт”, Елисеевдин лицензиясы жана тендер боюнча кылмыш ишин козгогон.

 

Баш мыйзамдан башталган ажырым

 

“Ата Мекен” менен КСДП партиялары былтыр президент Алмазбек Атамбаевдин Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесинен кийин эки ача жолго түштү. Андагы отузга чукул беренеге өзгөртүү киргизүүгө “Ата Мекен” партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев каршы болгон эле. Муну ал бийликтеги бир партиянын монополиясын бекемдөө катары кабыл алып, “Атамбаев бийликтен кетсе дагы, Польшадагы Качинскийге окшоп, өлкөнү башкаргысы келет” деп сынга алган.

 

“Ата Мекен” фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев ансыз да президенттин бийликти узурпациялоосу чегине жеткенин белгилеген:

 

- Негизи бардык бийлик парламентте. Биз өкмөттү түзөбүз. Өкмөттүн программасын аныктап, анын ишин көзөмөлдөйбүз. Анан биз улам эле эки жакты элеңдеп карабайлы. Элге уят болобуз. Бүгүн парламент өз милдетин аткарып, өкмөт өз милдетин аткарып жатабы? Жок. Мына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков айт күнү чыгып, президенттин куттуктоосун үтүр-чекитине чейин окуп берип, аягында Алмазбек Атамбаев деп койду. Атамбаев өзү телеканалдардан жана гезиттерден куттуктасын. Премьер-министр өзүнүн атынан сүйлөшү керек да. Ал качантан бери президенттин катчысы болуп калган? Мына ошонун өзү бийликтин орду башка жакка көчкөнүнүн далили.

 

Мурдагы Убактылуу өкмөттүн сегиз мүчөсү да Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы демилгени колдоп, кайрылуу кабыл алган. Анда сунушталган долбоор боюнча Баш мыйзам өзгөрсө, бийликти бөлүштүрүүнүн тең салмактуулугу бузулары эскертилген. Президент Алмазбек Атамбаев 31-август күнү Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө каршы төмөндөгүчө билдирүү жасаган болчу:

 

- Кыргыз элинин кыңыр иш кырк жылда билинет деген эски сөзү бар. Элди алдап, койдой ээрчитип кетем деген саясатчыларга ачык айтар элем. Жаап-жашырган иштериңер эртели-кеч ачыкка чыгат. Анан качкын Акаев менен Бакиевдей болуп силер дагы качып кетпегиле. Кыргыздын байлыгын, кыргыздын жерин ким сатканы дагы ачылат. Мародерлук дагы ачылат. Банк кутучаларын тоноо фактысы дагы ачылат. Кадыржан Батыровду ким үгүттөп, ким аны түртмөлөгөнү дагы аныкталат.

 

Мына ошол эгемендик күнүндөгү президенттин билдирүүсү буга чейинки тымызын тирештин ачыкка чыгуусуна себеп болду. Анткени 2012-2013-жылдары “Ата Мекен” партиясынын үч депутатына каршы талап-тоноочулук боюнча улам иш козголуп, бирок кылмыш тастыкталган эмес эле. Өмүрбек Текебаев “Ыңгайсыз суроонун” түз эфиринде президентке кайрылып, аны чыныгы кылмышкерлерди издеп табууга чакырган эле:

 

- Атамбаевдин бир нерсе болсо эле “көрө албай жатат, ичи күйүп жатат, менин ордума келгенди эңсеп жатат, мен аларды келтирбейм, жоготом” деген сөзү да сөзбү. Ошентип улам каралай бербей, ким мародер экенин таппайбы. Дагы бир жыл бар. Мародерду жакшы издесе өзүнүн партиясынан чыгат. Эгер таба албаса, мен жетелеп алып барып көргөзөм. Мен ага азыр кайрылам: Атамбаев, мен Текебаев, эч жакка качпайм. Бир жылың бар. Мародерду тап. Таппасаң, мөөнөтүң бүткөндөн кийин өзүм сүйлөшөм. Эркек болсоң тап. Мен Текебаев эркекмин. Эч жакка качпайм.

 

Атамбаевдин табышмактуу ак сарайы

 

Өмүрбек Текебаев президент Атамбаевдин жана аны жакындарынын коррупциялык иштери деген негизде, улам бир жаңы чуулгандуу маалыматтарды жарыялай баштаган. Анда “Дастан” заводуна караштуу Кой-Таштагы 2,7 гектар жерди Максим Бакиевге караштуу “Арт Курулуш дизайн” компаниясы менчиктештирип, бирок сот кийин ал келишимди жокко чыгарганы көрсөтүлгөн. Ошол тушта Бишкектин мэри Албек Ибраимов “Дастан” заводун жетектеп турган. Аны кийин Анарбек Укуев деген жаран сатып алып, ал кайра Албек Ибраимовдун жубайына сатканы аныкталган. Кийин ал кайра президент Атамбаевге сатканы ырасталган эле. Кийин Атамбаев ал жерге хансарай куруп баштаган.

Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдин үй салынып жаткан жеринин айланасындагы Өмүрбек Текебаевдин айткандарын президенттин тапшырмасы менен текшерген.

Башкы прокуратура муну иликтеп чыгып, аны мыйзам бузууга жатпайт деп тапкан. Президенттин расмий киреше-чыгашасын эсептеген Өмүрбек Текебаев ага төмөндөгүчө жооп издеген эле:

 

- Атамбаев алты жылдын ичинде бир эле чыгым жасайт. Бул жанагы Албек Ибраимовдон 2,4 гектар жерди 34 миллион сомго сатып алганы. Анан буга албетте, Атамбаевдин иштеп тапты деген 6 миллион сому жетмек эмес. Жардамга аялы келет. Аялы алты жылда 32 миллион 371 миң 852 сом иштеп тааптыр. Экөөнүкүн кошкондо 38 миллион сом киреше табышкан. Мен ушу Албектин уяты жок экен деп койдум. Байкеси аны алып жүрүп байытса, чоңойтсо, анан ошого карабастан алты жылда аялы менен кошо иштеп тапкан кирешесинин 34 миллионун жердин акысы үчүн “тарс” эттирип алып коюп жатпайбы. Атамбаевдердин алты жылда тапкан кирешеси бир жер тилкесин сатып алганга кетиптир. Бирок көз карандысыз эксперттердин айтымында, мына ошол сатып алган жерге курган Атамбаевдин хан сарайына кеткен чыгым 6 миллион АКШ долларына барабар. Атамбаев аны жеке өзүнүн каражатына курганын жар салган. Андай боло турган болсо, Атамбаев алты жылда иштеп тапкан акчасынын баары жер сатып алганга кетип жатса, ал хан сарай салганга акчаны каяктан тапты? Бул жомоктогудай акча каяктан келген?

 

Ошондой эле 2010-жылы “Дастан” заводунан алынган 2 миллион доллардын жоголушу боюнча иш козголуп, бирок кийин ал иш жабылып калганы жарыяланган. “Ата Мекен” партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев кийин Кипрге барып келип, президент Атамбаевдин четтеги мүлктөрү туурасында дагы маалыматы бар экенин жарыялаган. Ал маалыматтарды тастыктоочу документтер келгенде гана аны жарыялай турганын айткан. Ошондон соң бийлик “Ата Мекен” партиясына каршы чабуулун күчөткөн. “Ата Мекен” фракциясынан депутат Садык Шер жалган жалаа менен партиялаштарына кылмыш иштери козголгонуна төмөндөгүчө токтолгон болчу:

 

- Уяты жоктор, мына ушундай жалаа менен бир нерсе кылабыз деп жатасыңарбы? Мына карагылачы, бардыгы эле жалаа болуп жатпайбы. Жетишет да мындай. “Белизгейт” деп жок нерсени ойлоп таап чыгып, шерменде болушту. Жер, лицензия, тендер боюнча айткандарынын бардыгын ырастай албай, шерменде болушту. Анан айласы кеткенде кылмыш ишин козгоп эле тим болбой, далили жок болсо дагы айып коюп, камоого алып жатышат. “Ата Мекен” партиясы түгөнгөн сайын түтөгөн, түтөгөн сайын күчөгөн партия. Бийлик мына ошону түшүнбөй жатат.

 

Бел ашпаган “Белизгейт”

 

УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев “Мегаком” компаниясынын көзөмөл пакетин алууга көмөктөшүү үчүн “Ата Мекен” партиясынын үч депутатына Белиз өлкөсүнөн апостиль берилгенин айтып чыккан.


Президент Алмазбек Атамбаев Сегизбаев бул кыңыр ишти далилдей албаса кызматынан кетерин айткан. “Ата Мекен” партиясы Белизден расмий кат алып, Сегизбаевдин билдирүүсүн жокко чыгарып, анын кызматтан кетишин талап кылган. Бирок арадан бир канча мезгил өтсө дагы “Белизгейт” ишине чекит коюла элек. УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев “Белизгейт” чатагы боюнча парламентте минтип билдирүү жасаган эле:

 

- 2012-жылы 4-апрелде Максим Бакиевдин Saudfield компаниясы трасттык декларация түзгөн. Ал жерде үч белгилүү саясатчынын наамына 7-8 пайыз үлүш бөлүнгөнү жазылып турат. Бирок ал жерде шарттар коюлуп жатат. Мына ошол саясатчылар “Мегакомдун” 49 пайызына кошумча жанагы 51 пайыз үлүштү дагы сатып алууга көмөктөшсүн” деп турат. Анан бул үчүн “ 50 миллиондон кем болбосун, андан кем болсо бул ишке ашпайт дегени да ачык эле көрсөтүлгөн. Биз мына ушундай документ биздин колубузга түшөт, анан ошол апостиль чын болуп чыгат деп ойлогон эмеспиз. Эгерде иликтөө жакшы жүрсө, мен муну каяктан жана кандай жолдор менен алганыбызды айтууга даярмын. Эгерде бул жерде кандайдыр бир мыйзам бузуу болсо, анда мен буга жооп берейин.


Мындан сырткары УКМК “Ата Мекен” партиясынан депутаттар Аида Салянова менен Алмамбет Шыкмаматовго каршы кылмыш ишин козгогон. Алмамбет Шыкмаматов Эсептөө палатасына жубайынын автоунаасын сатып алган деп айып коюлду. Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министри болуп турганда Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деп кине коюлган эле. Мурда Аида Салянова баш прокурор болуп турганда жубайы Бишкек жылуулук берүү борборуна көмүр ташып келүү тендерине кийлигишкен деп иш ачылган болчу. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова мына ошол “көмүр ишин” иликтей баштаганы кайра өзүнө каршы көп чатактын башы болгонун төмөндөгүчө белгиледи:

 

- Мисалы, бул жерде Артыкбаевдин тиешеси бар деп айттым. Анан мен бул боюнча иликтөө иштерин баштайын деп жатканда эле мени кызматтан алуу аракеттери көрүлө баштады. Анан эле Артыкбаевдин өзүн дагы жумуштан алып койду. Эмне үчүн? Мен ошол кезде президентке кирип, “Артыкбаев сиздин атыңызды айтып, ошентип барып, мына ошол компанияны өткөргөнгө аракет жасап жатыптыр” деп айтканымдан кийин эле аны кызматтан кетирди да. Анан, менимче, бул эки адам кийин өз ара түшүнүшүп алышты окшойт.

 

2017-жылы 16-январдагы авиакырсыктан кийин Өмүрбек Текебаев “бийлик кулаган учактагы жүктүн ээсин жашырып жатат” деп айтып чыккан эле. Кийин депутаттык комиссия түзүлүп, Текебаев анын курамына кирген. Андан соң Текебаев Кипрге барып келген. Мына ошондон соң, Өмүрбек Текебаев кайра Австрияга кеткенде, ага иш козголуп, ал Кыргызстанга учуп келери менен камакка алынды. Мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев депутаттын айыбын далилдебей туруп камоону мыйзам бузуу деп атады:

 

- УКМК жоромолго негизделген курулай айыптоону гана коомчулукка жарыялап, аны бышыктай ала турган жүйөлөр же болбосо тастыкталган фактыларды көргөзүп, коомчулукту ынандыра алган жок. Анын айтканын иликтебей туруп, Текебаев менен Чотоновго оор айып коюу күнөөсүздүк презумпциясын бузууга жатат. Мыйзам бирөөнүн айткан түкшүмөлү менен гана кылмыш ишин козгоого жол бербейт. “Бул жерде саясат бар жана саясий куугунтук жүрүп жатат” деп айтууга толук негиз болуп жатат.

 

Мыйзам бардыгына бирдей иштейби?

 

Парламентте бир адамдын айтканы боюнча эле адамды камап коюуга кандай негиздер болгону боюнча УКМК төрагасы менен баш прокурорго суроолор берилди. УКМК төрагасы болсо арыз түшкөндөн кийин аны карап, кылмыш ишин козгоого мыйзам жол берерин айтты. Анткен менен укук коргоочу Качкын Булатов бирөөнүн айтканы менен иш козголсо, анда Атамбаевдин үстүнөн дагы мурдагы президент Аскар Акаевдин айтканы боюнча тергөө жүрүшү керек деп маселе көтөрдү. Мурдагы президент Аскар Акаев жазуучулар союзуна берилген акча кандайча жок болуп кеткени тууралуу буга чейин билдирген болчу:

 

- Мына ошол жазуучулар союзуна деп берилген каражат 50 миллион рублдин тегерегинде болчу. Ал кезде рублдин күчү доллардай эле болчу. Биз берген ошол акчаны анан Чыңгыз ага өзүнүн жардамчысы Атамбаевге тейлөөгө берет. Анан Чыңгыз ага Европага өкүл болуп кетет. Кийин эле бул боюнча ал мага кайрылып, жазуучулар даттанып жатканын айткан эле. Көрсө, ал акчага бир-эки завод-фабриканы сатып алышкан экен. Жазуучуларга болсо эч нерсе жок. Мына ошого байланыштуу мен Атамбаевди чакырып, андан мына ошону талап кылганбыз. Кийин эле ал оппозицияга өтүп, мага душман болуп, куугунтуктап жатат деп кыйкыра баштады. Биз анын ишин тергөөгө берип, абакка дагы отургузган эмеспиз. Чыңгыз аганын көзү өтүп кетти. Бирок аны ошол кездеги акын-жазуучулар жакшы билишет болуш керек.

 

Тандамал тазалообу?

 

Президент Алмазбек Атамбаев кол тийгистер болбошу керектигин айтып, уурулардын орду түрмөдө экенин айтып келет. Ал ошондой эле коррупционерлер менен баскынчылар ким экенине карабастан, жоопко тартыла турганын 28-февралда Бишкекте "Ала-Арча" резиденциясында орус президенти Владимир Путиндин расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча өткөн пресс-конференцияда айтты:

 

- Мародерлорго, аларды калкалагандарга сабак болушу керек. Адамдар өлүп жатса айрымдар акча жасап жаткан. Текебаевге каршы көрсөтмө берген орус жараны адегенде арыз берүүдөн коркконун, себеби бул ишке Атамбаев да аралашкан деп ойлогонун айтып берген. Убактылуу өкмөттүн көптөгөн мүчөлөрү алардын да кыңыр иштери калкып чыгабы деп коркуп жатат.

 

Атамбаев: Текебаевдин камалышында саясат жок

 

Бул учурда Бишкекте Өмүрбек Текебаевди бошотууну талап кылган митинг өтүп жатты. Мурдагы президент Роза Отунбаева митингде Атамбаевдин айтканын минтип комментарийледи:

 

- Ал кол тийгистер жок деп жатат. Ооба, туура ошондой болбосун. Бирок мына ошол принцип бардыгына бирдей болушу керек. Аны азыр мына ошондой адамдар тегеректеп эле, Ак үйдүн бардыгы толуп отурбайбы. Бирок бардыгына бирдей карабай эле Текебаевди жана анын жанындагы Салянова, Шыкмаматовго мына ушинтип асылып жатканы эмнеси? Алты жылдан бери тигил арыз жазган адам жатып анан бүгүн келип жатканы бизди таң калтырбайт. Анткени бул жерде саясий күрөш жүрүп жатат. Мына ошого окшоп, кыжырды кайнатып, зээнди кейите турган иштерди жасай берсе, эл толкуп, баягындай бир жаман учурга биз күбө болбойлу.

 

Ошондой эле Роза Отунбаева саясий репрессияга каршы бардык күчтөрдү биригүүгө чакырды. Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов дагы Текебаевдин камалышын саясий куугунтук деп мүнөздөдү:

 

- Мен ачык эле суроо бергемин. Атамбаев 5-6 миллион доллар турган үй салыптыр. Мына ошону Текебаев биринчи болуп көтөрүп чыкты. Буга Текебаев үчүн эмес, эл үчүн жооп бер деп айттык. Текебаев камалабы же камалбайбы президент Атамбаев бул боюнча эл астына чыгып жооп бериши керек.

 

Ошентип эки тарап бири-бирине каршы компроматтарды жайылтып отуруп, тиреш курчуган мезгилге келип жетти. Башкы прокурор Индира Жолдубаева парламентте Өмүрбек Текебаевдин кылмышка аралашканына далилдер жетиштүү экенин билдирди. Ошол эле кезде “Ата Мекен” фракциясынан депутаттар Өмүрбек Текебаевди жалган жалаа менен кармап, камакка алуу боюнча бийликтин карөзгөй планы болгон деп белгилешүүдө.


Кубанычбек Жолдошев,
"Азаттыктын" иликтөө журналисти