Баш маселе

 

2007-жылдын 19-ноябры Кыргызстандын тарыхындагы дагы бир бурулуш мезгил болуп калмакчы. Анткени дал ушул күнү кезектеги, бешинчи президент шайланары баарыбызга белгилүү. Ошондуктан келечекте президент болууну каалагандар талапкерлигин коюп, “чоң казатка” шайма-шай даярдыктар көрүлүүдө. Алардын ким экендигин көрүп-билип турабыз. Бирок бир гана президент А.Атамбаев кимди мураскер катары калтыра тургандыгы белгисиз болууда.

 

Чындыгында азыр Кыргызстандын абалы Россия Б.Ельцин башкаргандай оор абалда. Экономикабыз итке минип, тышкы карызыбыз 4 млрд. доллардан ашты. Демек, акыркы жети жыл аралыгында жалаң гана карыз менен жашап келатабыз. Өкмөттүн айткан, берген убадалары дайыма теңирден тескери жагына кетип, элдин деле бийликке болгон ишеничи үч көчкөн журттай калып бүттү. Себеби коррупция, трайбализм болуп көрбөгөндөй чекке жетип, эл деградациянын чегине жетип калды. Ушундай оор учурда А.Атамбаев Б.Ельциндей тарыхта калам десе, анда анын жолун жолдоп, В.Путиндей кыргыздын чыныгы мекенчил, келечекте мамлекет менен улутту сактап кала турган азаматын ачык эле жарыялап, ордуна калтырып кетсе, жамы журт деле колдоп бермек. Тилекке каршы азыркы бийлик короосунан андай элдин бактысына “ак боз ат минип” келчү кыргыз жигитин лупа менен да издеп таппайсың.

 

Ооба, мындан мурда президент бир нече ирет мураскер калтырбай тургандыгын, эл өзү татыктуу деп санаган талапкерди тандаганга мүмкүнчүлүк берилерин айткан болчу. Анткен менен бийликтин акыркы мезгилдеги кадамдары А.Атамбаев өзү баш болуп андай кадамга барбай тургандыгын көрсөтүүдө. Башкача айтканда, кантсе да “өз короосунан кочкор” салат окшоп калды. Эл деле бийлик адатынча кууланып, башында бирди айтып, аягында теңирден тескери иш жасай тургандыгын сезип, туюп турат. Ошондуктан президент канчалык “мураскер калтырбаймын” деп айткан менен иш жүзүндө бийликти бөтөн колго бербей коюунун аракети жасалууда.

 

Эң оболу мураскер калтыруу А.Атамбаевдин өзүнө жана тегерегиндегилерге пайдалуу жана өтө зарыл. Эгер азыркы бийликке оппозиция тараптан президент шайланып калса, анда “бысмыллда” дегенде эле А.Атамбаевдин өзү баш болуп, Икрам, Фарид, Сапар, Абдил дегендер төш болуп жоопкерчиликке тартылышы, ал тургай “акаевчилер” менен “бакиевчилердин” тагдыры башына түшүп, чет өлкөгө дыргаяктап качып жөнөшү мүмкүн. Жок эле дегенде күнөөсү далилденбей “мамлекеттик төңкөрүш уюштурууну көздөгөн” деген айып менен суракта жаткан “эл душмандары” Д.Сарыгулов, Б.Асанов, Б.Талгарбеков, К.Кадыров жана башкалар эркиндикке чыгып, акталып алып, бүгүнкү “жакшыларга” көргүлүктү көргөзбөйт деп эч ким кепилдик бере албайт. Аман калганы азыркы майлуу-сүттүү кызматынан ажырап, кара нан, көк чай ичип калышы ажеп эмес. Эми ушул коркунучту алар билбей, сезбей турат дейсизби? Булардын дагы биз билбеген канча күнөөлөрү менен былык иштери, бизнеси бардыр? Эми ошончо байлык менен бийликтен ким эле кол жууп, түрмөгө отуруп калгысы келсин. Демек, алдыда бийлик үчүн айыгышкан күрөш жүрөрүн бөркүңүздөй көрө бериңиз.

 

Ал эми президенттик шайлоого он ай бар экендигине карабай, кимдер келечекте Кыргызстандын “кожоюну” болгусу келсе, оюн ачык айтып, “стартка” туруп жатышат. Бирок бир гана президент А.Атамбаев кимди мураскер катары сүрөй тургандыгы ачык айтылбай жатат. Мындан мурда Бишкектин экс-мэри, учурда Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун теңтөрагасы К.Кулматовдун аты аталды эле, бул жаңылыкты коомчулук күлкү менен, “келин келгенский” ырынын деңгээлинде кабыл алды. Өз кезегинде Кубанычбек Кеңешевич деле башына түшкөн “бакытты” олуттуу эмес, оор жүк катары кабыл алып, “кызымды турмушка узатышым керек” деген шылтоо менен кутулгандай болду. Андан соң “эр сайышка” мурдагы транспорт министри, азыр ажонун кеңешчиси болуп жүргөн К.Султанов түшөөрү сөз болуп, А.Атамбаев ага ойлонууга он күн бергендиги белгилүү болду. Бирок Ө.Текебаевдин мурдагы досу жана партиялашы, кийин бийлик тарапка өтүп кеткен, элге эч бир жарытылуу иш жасап, көзгө көрүнбөгөн (болгону курулуш компаниясы бар деп угабыз) бул адамдын деле аты чыныгы мураскерди калкалоо үчүн колдонулуп жаткандай. Байлыгы да, электораты да жок талапкерди шайлоого катыштырып алып, бийлик деле келесоо эмес да. Кыскасы, бул Ак үйдүн “пиарщиктеринин” гана ойлоп тапкан амалдары.

 

Сыягы, бул эки “мураскерлер” жөн гана коомчулук менен оппозициянын башын айландырып, кандай жооп кайтарарын билүү үчүн психологиялык тест болду окшойт. Андыктан Ак үйдүн өзүнөн, оппозиция тараптан чыккан имиштерге ылайык, А.Атамбаев мураскерлигине жакын досу, адамкерчилиги жогору, популизм, интрига, трайбализм сыяктуу былык-чылыктардан алыс, учурдагы премьер-министр С.Жээнбековду тандагандыгы сөз болууда. Эң негизгиси ал түштүктөн жана республиканын жарымынан көбүн түзгөн шайлоочуларынын колдоосуна ээ болору тууралуу илгери үмүт бар. Болду-болбоду Соке шайлоого  күзгү жыйым-теримди аяктап, “ак төөнүн карды жарылып”, элдин курсагы тойгон, көңүлү жай болгон күрдөөлдүү күздө түшөт болуш керек. Бул учурда азыркы “эрте учкан өрдөктөр” саясый да, каржылык да ресурсун түгөтүп, марага жетпей чарчаган күлүктөй бири жарым жолдо, бири чөлдө калган учур болот.

 

Ачыгын айтканда А.Атамбаевдин, Ак үйдүн С.Жээнбековдон башка “бычакка сап” боло турган президенттикке талапкери деле жок. Ак үй канчалык “алтын муун” деп бир нече жаш кадрларды даярдабасын, алар күн көрбөй, көлөкөдө өскөн чөптөй эл арасында кадыр-баркы, көзгө көрсөтө турган иши жок.

 

Канткен менен бийлик деген бийлик, мамлекеттик машинага буйрук берилсе, парламенттик шайлоо менен референдумду “ийгиликтүү” өткөргөн бюджеттик мекемелердин кызматкерлери үгүт ишин кызытып, эң негизгиси калганын БШК жана Мамлекеттик каттоо кызматы “бажарып” койбой, тажрыйбасы жокпу...

 

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити