2010-жылдын июнунда орун алган кандуу түштүк коогалаңынын 5 жылдыгына байланыштуу коомчулукта кайрадан анын баатырлары, күнөөкөрлөрү, Убактылуу өкмөттүн иш-аракети тууралуу талкуулар күч алды. 

 

Кандуу калабаны өз башынан өткөзгөн элди унутуп калды дештиби, айтор, ошол алаамат тирешүү учурунда башын кумга катып жатып алгандар, бир басып баргандан корккондор ушу тапта өзүн баатыр катары көрсөтүүгө аракет кылып жатканы чындап жанды кашайтууда. Ошол күндөрү Убактылуу өкмөт дайындаган коменданттардын каякта, кантип жашынып жүргөнүн жакшы билебиз, эми ошолор түштөн кийин кыргынды токтотууга чоң салым кошкон тейде оңду-солду маек берип, шайлоо алдында “пиар” жасоого киришти! Ал эми Убактылуу өкмөттүн чээнден чыкпай жатып алган кээ бир мүчөлөрү өз сөздөрүндө ошол кыргынды токтотууга түздөн-түз салым кошуп, эл арасында болгон патриот жигиттерди аз жерден сепаратисттерге теңдеп коё жаздашпады. Анткен менен, ошол күндөрү жамандыкты жонтериси менен сезген Ош менен Жалал-Абаддын эли кимдин ролу кандай болгонун мыкты билишет. Ошол эле кезде чыракка май тамызып, ансыз деле оор кырдаалды курчутуп, согуштун орун алышына акчасын да, аракетин да аябаган өзбек сеператисттери менен тымызын соода жасап, такай байланышта болуп турган жогорку даражалуу чиновниктер туурасында да элдин кабары бар. Дал ошол себептүү да эки элди кагыштырып коюп качып кеткен шүмшүктөр накта жазасын албай келет. Бул тууралуу кеп кезеги келгенде далай жазарбыз. А азыр болсо ошо кандуу кагылышууну токтотууга эл уулу К.Ташиевдин кандай салымы бар, мына ушу маселени талдап көрөлү...

 

Элин, жерин сүйгөн адам гана эч качан элине, жерине чыккынчылык, жамандык кылбайт. Мекенчил адам гана мекенине милдеттүү болгону үчүн эмес, аны сүйгөнү үчүн адал кызмат өтөйт. Мекенчил адам гана башы менен ойлонуп, жүрөгү менен чечим чыгара билет. Анткени, элдин, жердин жүгү оор болот. Болбосо, соңку 20 жылдан бери бизди жалаң курсагы менен ойлонуп, чөнтөгү менен иш кылгандар башкарып, кыргыз элин жана кыргыз жерин кызмат кылуунун обьектиси эмес, бийлик жүргүзүүнүн, байлык топтоонун обьектиси катарында гана карагандар, карапайым кыргыздарды “мырк” деп, аларга ыплас буюмдай жийиркеничтүү мамиле жасагандар бийлик жүргүзүп келишти. Натыйжада өлкөбүз бар менен жоктун ортосунда “өлбө жаным өлбө” болуп жашап келүүдөбүз. Бул жагынан алганда К.Ташиев азыркы саясий элитанын арасында бирөөнү да алдына чыгарбайт. Анын адамдык, саясатчылык сапаттарынын ичинен да эң күчтүүсү ушул мекенчилдиги. Бул касиетин досу да, касы да таналбайт. Ал өз мекенчилдигин айрыкча 2010-жылдагы июнь окуяларында ташка тамган баскандай эле далилдеп берди. Ошол мекенибизди өрт каптаган кайгылуу күндөрдө, өлкөбүз бар менен жоктун ортосунда чайпалып турган көз ирмемдерде элдин биримдиги, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн жанын канжыгага байлап, алдыга суурулуп чыгып, элибизди, жерибизди, эгемендигибизди сактап калгандардын башында туруп берди. Анын ошол учурдагы элибиздин эртеңи, өлкөбүздүн келечеги үчүн жасаган эрдиктеринин айрымдарын мисалга тарталы.

 

Алсак, 2010-жылдын 14-июнунда Жалал-Абад шаарына топтолгон 20 миңден ашык кыргыздар дээрлик өзбек калкы жыш жашаган Сузакка чабуул коёрдо, солдаттар минип жүргөн БТРди суранып, жолго туурасынан койдуруп, элдин жолун тороп: “Элим, мен силерди Сузакка өткөрбөймүн. Мен алдыдагы трагедиянын масштабын көрүп турам. Ал жакта да жүздөгөн адамдар куралчан турушат. Силердин да араңарда куралчандар көп экен. Мен силердин да, алардын да өлүмүн, аккан каныңарды көргүм келбейт. Эгерде Сузакка өткүңөр  келсе, мына мени атып, өлүгүмдү тебелеп туруп, анан өткүлө. Бул кайгылуу кагылышуулар, ызы-чуулар менин көкөйүмө көк таштай тийди. Менин кунумду эч ким куубайт, сөз берем. Ушул каргашаны токтотуш үчүн мен өзүмдүн жанымды бергенге даярмын, тирүү турсам силерди Сузакка өткөрбөйм,”- деп кызыл кыргынды токтотуп калганы эле эмне деген эрдик.

 

Урматтуу окурман! Бир саамга эле элестетип көрөлүчү ошол каны кайнаган элдик селдин Сузакка чабуул койгонун. Анда накта кыргын, апаат, алаамат болмок. Азыркыдай 500 адам эмес, кеминде 5 миң кыргыз, 5 миң өзбек өлмөк, он миңдеген аялдар жесир, жүз миңдеген балдар жетим калмак, кыргыздар менен өзбектердин ортосунда кетпес кек, өчпөс так орномок, эң башкысы кыргыздардын бул жарыкчылыктагы жалгыз бейиши болгон Кыргызстаныбыз дүйнөлүк картадан жок болмок. Себеби, ал масштабдуу трагедиянын арты бүткүл Кыргызстанга, андан ары Өзбекстанга жана Борбордук Азияга тарамак. Өзбекстан армиясын кааласа да, каалабаса да өз кандаштарын коргоо үчүн Кыргызстанга киргизмек (себеби, ошол күндөрү өзбек аскерлери дээрлик биздин чек арабызга жайгаштырылган болчу). Андан ары БУУнун жашыл каскачандары, НАТОнун куралдуу күчтөрү кирмек, бул окуяларга Орусия жана Кытай тартылмак. Ошентип, дүйнөлөк геосаясаттын боркулдаган казанында кайнап эле калмакпыз. Бирок, андай болбогону үчүн (кудайга миң мертебе шүгүр) К.Ташиевдин да ошондогу ролу барган сайын унутулуп бараткандай.

 

Же болбосо “Сампа” окуясын алып көрөлү. Ош-Бишкек жолунан ары-бери өткөн кыргыздарды сепаратисттер канчасын атып өлтүрүштү, нечендеген машинелерин өрттөштү. Бирок, ошол кайгылуу күндөрү аларды токтотуучу бир да күч болбоду. Ошондо да К.Ташиев тишине чейин куралданган сеператисттерге өзү жалгыз келип, “Эмне максатыңар бар, эмне үчүн жолду тосуп, адамдарды аткылап жатасыңар, токтоткула, элдин эртеңкисин ойлобойсуңарбы”-деп аларды таратканы эле эмне деген эрдик. Натыйжада жолдогу өлүктөр алынып, өрттөлгөн машинелер тазаланып, Ош-Бишкек жолу калыбына келип, андан ары элдешүү процессине жол ачылган. Эмне ошондо сепаратистер К.Ташиевди атып ташташса болмокпу? Болмок. Себеби, ушундай эле жагдайда Нариман айылына элди тынчтандыруу үчүн келген Кара-Суу районунун РОВДсынын начальнигин сепаратисттер өзүн тирүүлөй машинесинде өрттөп, шоопурунун башын кесип каналга ыргытышканын унутуп калдыкпы? Анда эмнеге К.Ташиевге андай мамиле жасай алышкан жок, анткени анын көзү өткүр, жүрөгү өрт, ошондуктан аны менен эсептешүүгө мажбур болушту.

 

Муну менен мен эмнени айткым келип жатат? Соңку тарыхыбызда К.Ташиевдей болуп элибиз, жерибиз үчүн өз башын сайган саясатчы чыктыбы? Чыккан жок. Тескерисинче, жалаң элди курмандыкка чалышып же бийлигин сактап келишти, же бийликке жетип жатышты, бирок бири дагы өздөрүн эл үчүн курмандыкка чалышкан жок. 2010-жылдагы апрель окуяларын эле алып көрөлү. Ошол, Ак үйдүн астында кыргыздын чырактай болгон балдары мээси чачырап, каны агып, жаны чыгып атылып жатканда революциялык лидерлер кайда жүрүштү? Болбосо баары эле УКМКнын түрмөсүнөн чыгышып калышкан эле го. Эмне үчүн бирөө-жарымы Ак үйдүн астына келип, каны кайнаган кыргыздын жигиттерин “кайткыла, зөөкүр Бакиевдин бийлиги силердин бир тамчы каныңарга да татыбайт” – деп алардын өмүрүн сактап калганга аракет кылышкан жок? Себеби, өлүмдөн коркушту, “бизди да ит аткандай атып ташташат” деп ойлошту, тилдери арстан, жүрөктөрү коён көрпенделер экендиктерин далилдешти. Бирок кыргыздын арстан жигиттери бийлик деген олжону кулатышкандан кийин бурч-бурчтан чыга калган Убактылуу өкмөт деп аталган гиеналар басып калышты.           

 

Эгерде өткөн тарыхыбызга көз чаптырсак, элибиз караан күнгө кабылганда ар дайым калк арасынан баатырлар чыгып, аны сактап келишкен. Алсак, Манас баатыр үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнап, куюккан элди чогултуп журт кылса, Барсбек баатыр Улуу Кыргыз Империясын курган. Бирок, бийлик башына кара курсагынын гана камын көргөн “келемиштер”, чөнтөгүн гана ойлогон айлакер “түлкүлөр” келген учурларда элибиз мамлекеттүүлүгүн жоготуп, көрүнгөн элдерге кор болгон жагдайларга туш келген.

 

Автордон: Түштүк коогалаңына байланыштуу иш-чараларда билип турушса да, бири даап Ташиевдин ошондогу эрдиги жөнүндө жарым сөз айтып койгонго жарабады. Себеби, шайлоо алдында эч кимиси Ташиевге “пиар” кылгысы, аны мактап, өздөрүн ылдый көрсөткүлөрү келбейт. Бул кыргызчылык. Бирок, “мен согушту токтотууга чон салым кошком!”- деп төш кагып аткан адамдар: “Ташиев болбосо эмне болот эле?”- дегенди элестетип коюшпайбы. Элден мурун өз жаны ширин болуп, будуң-чаңды токтоткондун ордуна баарын башаламан тейде таштап качып кетип жатышса, эл эч кимди укпай турса, Ташиевдин пайда болуп, согушту токтотууга кам урганы – чоң эрдик. Эл алдына чыгуу ошол кезде кыйын болчу. Камчыкени сыйлашкандан, айтканына муюп, угушту. А башка бирөө бар беле эл угуп, токтоп кала тургандай лидерлер?!

 

Искендер Шайыбеков

 

Тема боюнча

 

Мелис Эшимканов:

 

“Ал учурда сен Ташиевсиңби же башкасыңбы, карабай турган кез болчу”

 

- Кыргызстанда тили сайраган, кооз сүйлөгөн саясатчылар көп, бирок, конкреттүү кадам жасай келгенде кимдин ким экендиги белгилүү болот. Мына былтыркы эле түштүк коогалаңында менин досум Суваналиевди “дезертир болуп 7 күндөн кийин эле качып кетти”,- деп Атамбаев тийишип атпайбы. Ал эч кайда качкан эмес. Ошол тушта Отунбаева бийлиги референдум өткөрүү тууралуу айтып калган.  Анан Суваналиев жагдай оңуна келгенден кийин “Ак-Буурада өлүктөр агып жүрсө, үйлөр өрттөнүп атса, анан каяктагы референдум” деп жини келип, баса берген. Ошол эле тушта 7 секундага барбай Бишкекте жатып алган К.Дүйшөбаев, Болот Шер, А.Атамбаевди кантип унутабыз. Өздөрү мекени күйүп атса, кан төгүлүп атса 7 секундага да барышкан эмес. Ал эми өрт кечип, кан кечип жүргөн ким болгон? Ошол эле Камчыбек Ташиев болгон. Мен расмий бийликтин маалыматына эмес, гезит-теледен эмес, жеке өзүмдүн Жалал-Абадда жашаган жакын адамдарымдан, досторумдан Камчыбектин эрдиги жөнүндө көп уктум. Кылкылдаган эл бири-бирин кырып ийерде, “Биринчи мени өлтүргүлө, анан каалаганыңарды кыла бергиле” деп жаалы күчтүү элдин алдында турган Камчыбектин ордуна башка саясатчыны коюп элестете албай турам. Анткени, эл деген бул күчтүү толкун. Ал учурда сен Ташиевсиңби же башкасыңбы, карабай турган кез болчу. Ал жерде көпчүлүктүн психологиясы иштеп аткан. Ошого карабастан адегенде кыргыздарга: “Мени аткыла, анан менин сөөгүмдү аттап туруп, өзбектерге баргыла” деп туруп берген. Ушундай эле сөздү өзбектерге да айткан. Муну баатыр, жүрөгүндө жалы бар киши гана жасай алат. 10-15 миңдеген мекендештери тытып кетерин билип турса да, “башын канжыгага байлап коюп” баатырлык кадамга барган. Бул жүрөгү мекеним деп соккон адамдын гана жасай турган иши. Башкалар “тили менен буудай кууруп” коюп, иш жүзүндө маңдай жылытарлык иш кылбай эле жүрүшпөйбү.

 

(“Майдандын” архивинен)

 

Булак: “Майдан.kg”, № 24 (201), 24.06.2015-ж.