Тилди колдонулбаса жоголот. Эне тил пайдаланылбай турса – өлөт!
 
Тилди пайдаланганда, анда сүйлөгөндө гана жашайт, өнүгөт. Муну илимий чөйрөдө жакшы билишет. Орус окумуштуусу, тилчи Д.Н.Ушаков бул жөнүндө: «тил, анда сүйлөгөн адамдар болбосо, өлөт. Бирок, анда сүйлөгөндөрдү жок кылганда эле эмес, башка тил басымдуулук кылып, адамдар өз эне тилин чанып, же кандайдыр бир себептер менен башка тилге өтүп, башка тилде сүйлөй баштаганда тил жоголот», - деп, көп жылдык илимий изилдөөсүнүн жыйынтыгын чыгарат.
 
Азыркы кыргыз тили абалы ушул айтылган абалга жакын. Аны сактап, өнүктүрүү үчүн, алгачкы иретте, жогорку окуу жайларда сабак кыргыз тилинде өтүлүшү зарыл. Кайсы жогорку окуу жайга кирбе, лекциялык аудиториядагы студенттердин басымдуу көпчүлүгү кыргыздар. Окутуучу дагы кыргыз. Бирок ал өз студенттерине орусча сабак өтүп, орусча сүйлөшөт.
 
Айылдан келген кыргыз студенттердин абалы кандай болот? Ар бир күнү алар 6 саат бою лекциялардын курсунда отуруп, айлап-жылдап окуу семестрде: математика, философия, психология ж.б. предметтер кыргыз студенттер түшүнбөгөн же чала билген тилде өтүлөт. Эч даярдыгы адамга чоочун тилде айлап-жылдап сүйлөй берсе ал билим ала алабы? Бир нерсе түшүнөбү? Жок! Бир жылдын ичинде эле мындай шартта адамдын психикасы деформация болот.
 
Сабак башталаар замат, адамдын көңүлү башка жака бурула баштайт. Себеби адамдын жаратылышы, мээнин иштеши ушундай. Түшүнүксүз, чоочун нерседен адам алыстагысы келет. Ошондуктан орусчадан алыс айылдык студенттердин көпчүлүгү орусча лекцияларда эмне сөз болуп жатканын да биле албайт. Төрт жыл бою жалдырап отуруп берген жанга айланат. Өксүктүк комплекси пайда болот. Окутуучунун суроосуна жооп берсе дагы, чоочун сөздөрдү так сүйлөй албастан, сүйлөгөнүмдү кандай кабыл алаар экен деген ой менен жашоосу өтөт.
 
Бир-эки жылда орус тилин азыраак өздөштүрүп, өз тилин жерий баштайт. А төрт-беш жылда кесип алып чыгып, өз тилинде иш жүргүзө албайт. Ал гана эмес. Эне тилинде же орус тилинде эркин салбаган абалда жүрүшөт.
 
Жогорку окуу жайларынын окуу процессине мамлекеттик тилде окутууну киргизүүгө каршы болгон кыргыз тилинин душмандары (демек, кыргыз элинин душмандары), мүмкүн, дагы эле баягыдай бир себепти таап, же мурдагыдай: кыргыз тилинде окуу китептери жок, окута турган каражат, акча жок, - деп ызуу-чуу салаар. Мындай тантык-демагогия суу кечпейт.
 
Окуу китептерин, атайын методикалык окуу каражаттарды даярдоо үчүн  эмне кылуу керек?
 
Бул суроого жооп берүү үчүн, мен мындай суроо берээр элем:
    
«Сууга сүзүү эмне кылыш керек?». Жооп: «Сууга кириш керек. Суудан корккон сүзгөндү үйрөнө албайт». Ошондуктан, кыргыз тилинде окуп, сүйлөп, иштебесек, анда эч качан эне тилибиз өнүкпөйт! Азыркыдай шартта эч качан кыргыз тилинде окуу китептери жаралбайт. Кыргыз тилинде сабак өтүлүп, окутуучу кыргыз тилинде иштей баштаса, анда көп болсо бир нече ай кыйналаар. Анан үйрөнөт. Окуган курстун негизинде окуу китептери жаралат. Бир нече жылдын ичинде кыргыз тилинде эң жакшы деген окуу китептери, илимий эмгектер пайда боло баштайт. 
     
Азыр жогорку окуу жайын бүткөн кыргыздар өз адистигинде кыргыз тилин чала билишет. Себеби, алар ЖОЖдо орусча окушкан. Мисалы, мектепке мугалим-студент орусча билим алып барат. Ал эми, экономист болсо орус тилинде гана иш жүргүзөт. Ошондой эле юрист, врач, аскер адамы, инженер, куруучу  адистигинде орус тилинде гана иш жүргүзө алат. Орто жашка барып калган адам үчүн накта кыргыз тилинде чындап эркин сүйлөп,  жазуу абдан кыйын. Себеби ар нерсенин өз убагы бар. Аны өткөрбөй жаш кезинен тартып өз тилинде сүйлөө зарыл. Ошондуктан, муну эске алып, мектепте жана жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилде окутуу керек. Кыргыз тилинде мектепти бүткөн студенттерди өз мекенинде, мамлекетинде орусча окууга мажбурлоо намыссыздык жана акылсыздык! Мындай жагдай эне тилди жоготууга алып келет!
 
Жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилде окутуунун башкы максаты – бул кыргыз тилин билбегендерди кемсинтүү же дискриминация кылуу эмес. Мунун башкы максаты – кыргыз тилин сактап калуу жана өнүктүрүү! Эне тилсиз – эл болбойт!
 
Эгер кандайдыр бир адистикте кыргызча термин же сөз жок болсо, анда сырттан келген терминдерди колдонсо болот. Эгер машинебиздин бир деталы жок болсо башкасын пайдалансак болот. Башкысы, машине биздики. Мисалы, орус тилинде пилот, шофер деген англис тилиндеги сөздөрдү колдонуп келсе, кийин өз тилин өстүрүп алып, орус тилиндеги – летчик, водитель, - деген сөздөргө өтүштү. Баарына жакшысы, мындай сөздөрдү байыркы түрк же байыркы кыргыз сөздөрүнөн издеп табуу.
 
Жыйырма жыл өттү. Ушул убакытта мамлекеттик статусу бар кыргыз тили билимдин, илимдин, техниканын, мамлекеттин тили болдубу? Жок!
 
Азыркыдай абал сакталып кала берсе, кырк жылдан соң деле кыргыз тили өнүгүп кетпейт. Кайра, талкаланып жок болот. Себеби колдонуудан чыккан. Жакшы болду дегенде, алыскы айылдарда үй-чарбада, мал чарбада пайдаланган кыска тилге айланат.
 
Кээ бирлери ойлошот, кыргыз тилин мамлекеттик мекемелерде, уюмдарда ж.б. пайдаланууга болбойт. Себеби мурда андай деңгээлде болуп көргөн эмес. Мындай деңгээлге жете элек, дешет. Бул түбү менен тура эмес көз караш. Мурда, ал гана эмес согушка чейин эле кыргыз тилин мамлекеттик мекемелерде кеңири колдонулган.
 
Менин атамдын, филология илиминин профессору Карбоз Дыйканов (экинчи дүйнөлүк согуштун ветераны, авиабомбадан жараат алып, бир нече жолу ок жеген адам) минтип жазганы бар: «Биз согушка, фронтко Кыргызстандан кетсек, кайра келгенде Россияга келдик». Тагыраак айтканда, согуш убагында Кыргызстанга Россиядан жана Украинадан жүз миңдеген адамдар көчүрүлүп келип, бардык мекемелердеги иш кагаздары орус тилинде жүргүзүлө баштаган. Согушка чейин Кыргызстанда бардык иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлгөн.
 
Конституцияга кыргыз тили мамлекеттик тил деп он жолу жазса да, ал өнүгүп кетпейт. Ага шарт түзүлсүн. Мамлекеттик кызматкер, чиновник дегендер мамлекеттик тилде эркин сүйлөп, жаза билиши башкы шарттардын бири. Бул өзүнөн өзү эле болуп кетпейт. Бул үчүн окуу керек. Жогорку окуу жайда окуу зарыл.
«Жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилде окутуу керек», - дегенибизге орус тилинде сүйлөгөн окутуучулар – орус тилдүү кыргыздар жана кыргыз эместер каршы болушат. Анткени, аларга кыргыз тилинде сүйлөгөндү, жазганды үйрөнүү керек. Бирок, эмнеге алардын жалкоолугу жана ушундай көз карашы үчүн жүз миңдеген кыргыз студенттери кор болушу керек?
 
Аларсыз деле, азыр кыргыз тилинде жогорку окуу жайларда сабак бере турган окутуучулар, мугалимдер жетишээрлик…
 
Салмоорбек Дыйканов,
 «АСАБА» улуттуккайражаралуупартиясынынтөрагасы