Бишкек, "Саясат.kg". "Кумтѳрдү" элдин кызыкчылыгына иштетүү президенттин, ѳкмѳттүн колундагы иш.

Кээ бирлер саясий максат  кандай сѳздѳрдү, сындарды айтышпасын, айрымдары дивандык эксперт болушуп, элдин башын айландырбасын, президент С.Жапаровдун эрки, чечкиндүүлүгү менен "Кумтѳр" кени Кыргызстандын карамагына ѳткѳрүлдү. Бул кыска айтканда, "Кумтѳрдѳ" мурдагыдай талаштуу, кѳйгѳйлүү маселелер  жок дегенди билдирет.

Жалпак тил менен түшүндүргѳндѳ, казылган алтындан,  түшкѳн кирешеден пайда кѳрүүгѳ  канадалыктардын кымындай да үлүшү калбады. Кенди иштетүү да, кирешесин алуу да, кендин келечегин аныктоо да толугу менен Кыргызстандын ѳкмѳтүндѳ болуп калды. Бул түшүнгѳн адам үчүн чоң жеңиш, чоң жетишкендик. Түшүнгүсү келбегендер үчүн саясий полемикалардын шылтоосу. Эми мурдагыдай канадалыктардын "Кумтѳрдѳн" түшкѳн кирешеден «устукан» катары ыргытып койгонуна топук кылып, «бюджетибиздин бир бучкагын чоюп атат» деп ѳзүбүздү сооротуп коюу артта калды. "Кумтѳрдѳн" түшкѳн кирешени бүтүндѳй бюджетибизге түшүрүп,  аны менен тышкы карыздарды жаап, экономикабызды кѳтѳрүп, элдин турмушун жакшыртсак болот. Бул милдеттерди ашыруу, "Кумтѳрдү" элдин кызыкчылыгына иштетүү президенттин, ѳкмѳттүн колундагы иш.

Биздин мында айтайын дегенибиз, "Кумтѳр" мурда кыргыз бийлиги менен канадалыктардын ортосундагы каржылык талаш-тартышуулардын, соодалашуулардын объектиси болуп келсе, эми "Кумтѳр" саясий күчтѳрдүн, бийлик үчүн күрѳшкѳн адамдардын талашына, миллиондорду ѳѳнѳп, акча жасоочу коррупциялык схеманын, криминалдык элементтердин очогуна айланбашы керек. Ага жол бербѳѳ, кенди ѳлкѳнүн, элдин кызыкчылыгына иштетүү бир гана адамдын колунда. Ал адам – президент С.Жапаров. Элге айткан убадасын аткарып, кенди мамлекетке ѳткѳрдү. Эми аягына чыгарып, элдин байлыгын элге, ѳлкѳгѳ  иштетип берсин!