Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекованын спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында биринчи атаандашы белгилүү болду.
Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекованын спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында биринчи атаандашы белгилүү болду. Аталган турнир 18-февралда Индиянын Нью-Дели шаарында башталган.
Тыныбекова 62 килограммга чейинки спортчулар арасында күч сынап, 1/4 финалда килем үстүнө чыгат. Кыз-келиндер арасындагы турнирде жалпы 10 топтом медаль ойнотулат. Ал эми мелдеш 20-21-февраль күндөрү болот.
Кыз-келиндер арасындагы жуптар
57 кг чейин
1/4 финал
Нураида Анаркулова – Аншу Аншу (Индия)
59 кг чейин
Экинчи раунд
Назира Марсбек кызы – Мадина Бакбергенова (Казакстан)
Үчүнчү раунд
Сарита (Индия) – Назира Марсбек кызы
62 кг чейин
1/4 финал
Юкако Каваи (Япония) – Айсулуу Тыныбекова
76 кг чейин
Биринчи раунд
Мухлиса Нормуминова (Өзбекстан) – Айпери Медет кызы
Үчүнчү раунд
Айпери Медет кызы – Хирое Минагава Сузуки (Япония)
Булак: Баракелде