Кыргызстандын футбол федерациясынын вице-президенти Дастан Конокбаев Кыргыз профессионал футбол лигасынын президенти болуп дайындалды.
Кыргызстандын футбол федерациясынын вице-президенти Дастан Конокбаев Кыргыз профессионал футбол лигасынын президенти болуп дайындалды.
Аталган лиганын басма сөз катчысы Нурсултан Нурболот уулу билдиргендей, мындай чечим 26-январда болгон жыйында кабыл алынган. Ал эми вице-президент болуп Нурбек Атаканов дайындалса, Михаил Толкачев аткаруучу директор болду.
Ошондой эле бул жыйында коомдук фонддун уюштуруучулук-укуктук формасын «Кыргыз профессионал футболдук лигасы» юридикалык жактар бирикмесине өзгөртүү кабыл алынды.
Булак: Баракелде