Жеңил салмак боюнча UFC чемпиону Валентина Шевченко дарыгерлердин комиссиясы тарабынан беттештерден убактылуу четтетилди.
9-февралда АКШнын Хьюстон шаарында «UFC 247» турнири өткөн. Аталган турнирде кыргызстандык Валентина Шевченко америкалык Кэтлин Чукагян менен беттешип, 3 раунддун жыйынтыгы менен жеңишке жеткен.
Бул турнирдин жыйынтыгы менен Техастын лицензиялоо жана жөнгө салуу департаменти Шевченкону медициналык себептерге байланыштуу беттештерден четтетти. Эми Шевченко 6 ай турнирге катыша албайт.
Булак: Баракелде