Айсулу Тыныбекова Кыргызстандын Аялдар күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти болуп шайланды.

Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.

21-октябрда кезексиз шайлоо конференциясы болуп, ага федерациянын мүчөлөрү, күрөш боюнча улуттук курама команданын машыктыруучулары жана калыстар тобу катышты. Конференциянын жыйынтыгы менен Тыныбекова вице-президенттикке шайланды.

Тыныбекова өлкөдө кыз-келиндер күрөшүн өнүктүрүүгө көмөктөшүп, белгилүү убакыттан кийин спорттук карьерасын уланта турганын айткан.

2014-жылдан бери аталган федерациянын вице-президенти кызматын Динара Исаева аркалап келген.

Булак: Спутник