Бишкек, "Саясат.kg". "Биз буга чекит койгон жокпуз".

Акжол Мухмудов Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын мелдешинде Роман Власов менен килемге чыккандан кийин мындай таймашты дагы бир жолу уюштуруу керектигин айтты. 

 "Бүгүн принциптин иши болду. Бирок биз күрөш күйөрмандары күткөн укмуштуудай күрөштү көрсөтүшүбүз керек деп ойлойм. Бир аз чарчадык. Бирок мен мындан да жакшы формада чыгып, абдан мыкты күрөш көрсөтөм деп убада берем. Ал күрөш сөзсүз болот, мен ойлойм, биз дагы ушундай күрөштү уюштурушубуз керек. Биз буга чекит койгон жокпуз", - деди Махмудов.

Акжол Махмудов эки жолку олимпиада чемпиону, үч жолку дүйнө чемпиону, учурдагы PWL чемпиону Роман Власовду жеңип алды. Таймаш 26-апрелде болду.