Р.Дырылдаев:Путинге революциялык  жол менен келген бийлик жакпай жатат окшойт...”

- Саясатчы Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардын чыгышына, өзүнүн лексиконунда: “бийликте турган азаматтар” күнөөлүү экендигин билдирди. Анын айтымында, бүт жоопкерчиликти колго алган “жигиттер” кадр тандаганды, тышкы-ички саясатты жүргүзгөндү билишпейт. Чек арада кандуу окуянын чыгышына өзүнүн дагы тийешеси болгон, учурунда Тажикстан тарапка стратегиялык мааниси өтө чоң участокту берүү тууралуу меморандум түзүп, кол койгон адамдын бүгүн акыл айтууга моралдык укугу барбы?

- Ачыгын айтсам, мен азырынча жаңы бийлик тарапта болуп турам. Себеби булар жеп-ичип, мамлекет, элге зыян келтиргенин байкай элекмин. Чек ара маселесинин ушул убакка чейин чечилбегенине эски бийликтер жана ошонун ичинде Адахан Мадумаровдун  да күнөөсү бар. Ал госсекретарь болгон, ошондой эле көп жыл депутат болгон. Азыркыдай доомат коюп, сүйлөйт экен - бийлик колунда турганда эмне үчүн аракет кылып, чек араны чечүүгө кол кабыщ кылган эмес. Ташиев менен Жапаров оор учурда келгенине карабай, чек ара маселесин чеүүгө чындап киришип, колдон келишинче аракет кылып жатышат. Аларды ошол аракети үчүн күнөөлөбөшүбүз керек.

Анткени, бул согушка тажиктер катуу даярдык менен киришкени көрүнүп эле турбайбы. Алар Кыргызстанга күтүлбөгөн жерден кол салышты. Ал турсун оор куралдарды колдонуп, асмандан тынч жаткан элди учак менен аткылашты.  Баарынан кызыгы, бизге  орустардын курал-жарактары менен чабуулга киргени болуп жатат. Таң калыштуусу, орус тарап “кой” деп койгонго жараган жок. Ошондон уламбы, айрым маалымат каражаттары  “муну Путин  уюштурду”,- деп жазып жатышат. Мүмкүн чындык бардыр. Шибегени капка ката албайсың. Баары бир мезгили келгенде баары ачыкка чыгат. Тажиктер кол салаардын алдында Путин Рахмон менен сүйлөшкөн. Ошон үчүн Шойгу Душанбеге келет. Бейкүнөө кыргыздар кырылып,  кан төгүлүп жатса да бир телефон чалып койгон жок. Ал турсун элге да көңүл айтып койгон жок.

- Демек, бул нерсе да бирдемеден кабар бербейби?

- Албетте кабар берет. Маселе  эми мындан ары абалдын кандай нукта болгонунда. Менин жеке пикиримде тажик тарап оңой менен токтобойт. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев ошону эске алыш керек. Алдыда өтө чоң  иштер турат. Оперативдүү  каналдардын баарын жолго коюш  керек. Маалыматтык согушту жогорку деңгээлге чыгарыш керек. Чалгындоо жана контрчалгындоо кызматын күчтөш керек. ИИМ дагы ыкчам иштеп, наркотрафиктин жолун жаап, коридорун тазалашы керек. Бул иш оңойго турбайт. Бирок, баарын каршылык көрсөткөндөрүнө карабай тазалаш керек.

Шох Искандаров  деген уюштурду деп жатышат, аны да изилдеп, жоопко тартыш керек. Кыскасы, жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү, талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүүдөн башка дагы жогоруда айткандай, көптөгөн иштер турат. Кыскасы, кыргыз элим жапа тырмак Садыр Жапаров менен Ташиевге жардам бериши керек. Элдин башына ушундай оор сыноо түшүп турганда эл аралык иштерди колго алуу зарыл. Ошондой эле  кээ бирөөлөргө ишенип, дос кылганды токтотуш керек. Мына тажик-кыргыз чек арасында тутунган согуштан кимдин кандай экени, ким чыныгы дос экени анык көрүндү. Мындан аркы мамилени мына ушул саясатка ылайыктап жасаш керек.

- Эмне үчүн Путин сыртын салып жатат?

- Менин жеке пикиримде, Путинге революциялык  жол менен келген бийлик жакпайт. Аны мурунку президент Аскар Акаев түз эле айтты го. “Кыргызстанда өнөкөт революция, уурулук, элди эзип жеген саясат ушуга алып келди”,- деп. Чынында революцияга Акаев өзү жол ачты эле го. Сыягы, Путин экөө Кыргызстан туура, түз жолго түшкөнүн жактырбай жатышат окшойт. Анын үстүнө Ташиев анын шакиртин ичкен жегенин кустуртуп жатпайбы. Ошон үчүн аларга Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев эч качан жакпайт. Анткени, Ташиевдин ишин эл көрүп турат. Жаңы бийлик эл менен тыгыз жана ачык айкын иштеп жатат. Алардан жамандык издегендерге булардын аракети жакпай турат.

Булак: “Саясат.kg