С.Кадырова: “Ташиев өтө чарбачыл, ичинде арамы жок, ак көңүл адам...”

- Сонунбүбү эже, Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардын чыгышына “бийликте турган азаматтар күнөөлүү” деген оюн кыйытты.  Анын айтканына бардык жоопкерчиликти колго алган “жигиттер” кадр тандаганды, тышкы-ички саясатты жүргүзгөндү билишпейт экен. Бирок, чек арада кандуу окуянын чыгышына өзүнүн дагы тийешеси бар,  учурунда Тажикстан тарапка стратегиялык мааниси өтө чоң участокту берүү тууралуу меморандумга кол койгон адамдын бүгүн акыл айтууга моралдык укугу барбы?

- “Душманың тушуңда, калмагың кашыңда турганда эсиң менен бол”,- деген сөздү улуулардан көп угуп чоңойдум. Садыр Нургожоевич мына ушундай оор учурда келди. Баарына бышып, даяр болуп келди. Ошондуктан мурдагы президенттерге караганда колдоочулары көп болгону менен сынчылары дагы, душмандары дагы ошондой эле көп. Мадумаровдой оппозиция күтүү да оңой эмес. Себеби, Мадумаров публиканын тамырын кармап, пульсун сезип, уккусу келген сөздү таап сүйлөгөн психолог саясатчы. Албетте, иш болгон жерде кемчилик болот. Болгону менен Садыр Жапаровдун  ишти жылдырып, чечишке аракет кылып, элди угуп, элдин ыгы менен болуп жатканы эле көп жакшылыктан кабар берип турат. Мадумаров бир гана кемчиликти көрүп, ошого бекем жабышып алганы туура эмес.

Кадрдан кыйналып жатканын  Жапаров өзү деле  айтып келе жатат. Кыргыздын бир жаман жери колунан келеби, келбейби баары эле “мен кыйратам” дей берет экен. Бирок чындыгында камырдан кыл сууругандай өз ишинин чыныгы чеберлери аз болуп жатат. Командасы алсыз. Көч бара-бара түзөлөт. Дароо эле даңгыр жолго түшө калган эч бир тарыхта болгон эмес.

Адахан Мадумаровдун ушундай кырдаалда, айрыкча чек арадан душмандар качырып кирип, адамдар өлүп, эл кан жутуп турганда, жок дегенде он күн унчукпай турбай дароо бузуку сөздү сүйлөп чыкканы кыргыздын наркына да, адамгерчиликке да туура келбейт. Анын үстүнө Адахан Мадумаров буга чейин кызматта иштебесе, чек ара жөнүндө документтерге кол койбосо да сүйлөсө, кичине  окшошот эле. Бийликте отурганда кылгылыкты кылгандардын арасында болгонун билип эле үнүн чыгарбай сабыр кылып турса болмок.

- Камчыбек Ташиевдин дарыланууга учуп кетип, чек арадагы окуяны укканда кайра артка кайтып, тажик коллегасы менен оор сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тынчтыкты орнотууга кошкон салымын Баткен эли жогору баалап жатса, Адахан мырза анын учуп кеткенин “шалаакылык” катары баалоодо. Бул багытта  кимдики туура?

- Ташиев албетте, Мадумаровдой кооз сүйлөгөндү өздөштүрүп алган публика үчүн иштеген жасалма саясатчы эмес. Ал өтө чарбачыл, ичинде арамы жок, кандай болсо ошол турушу менен гана колундагы иштен башка жөнүндө ойлонбогон ак көңүл адам. Бул мүнөзү жайчылыкта анча билинбегени менен кан күйгөн, кыл чайнашкан  кыйчалыш учурларда ачык билинип калды. Ошондуктан жасаган ишине карап баа бериш керек. Эч нерсеге карабай бой уруп коркунучтуу участокторго кирип барганы бул анын эл деген ак жүрөгү, намыска бекемдиги. Ал эми кетип калганын шалаакылык деп айтууга болбойт. Тажиктердин келерин билген күндө да кайсы күнү кирип келерин билген эмес. Аны өзүнүн журналисттерге берген маегинен байкоого болот. Аны да бурмалашып, “эки сүйлөп” жатат деп жатышат. Ал эки сүйлөгөндүк эмес. Сүйлөмдүн түзүлүшү туура эмес болуп калган. Себеби Ташиев сөздүн эмес, иштин адамы. Мен бул маселеде элим, жерим деп жанын таштап коюп, иштеп жаткан азаматтар тараптамын. Ооруганына карабай күнү-түнү өксүгөн элдин кашында болгондугу, анын өз элинин чыныгы уулу экенин айгинелеп турат.

Булак: “Саясат.kg