Ш.Бактыгулов:Баарыбыз бийликти мыйзам чегинде иштешин талап кылып келебиз. Бирок учурда “шайлоону жылдыруу керек” деп, бийликти мыйзам бузууга түртүп жатабыз...”

- Шайлоону жылдырууга мыйзам жол бербейт. Эгерде мыйзамды бузуу менен шайлоо өткөрсөк, кийинки чакырылыш легитимсиз болуп калышы ыктымал. Учурда коомчулукта “эмнеге 4-октябрга шайлоо дайындалды” деген кептер айтылып жатат. Шайлоону дайындоо Конституциялык мыйзам менен бекитилген. Анда “Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоо Президент тарабынан добуш берүү күнүнө 100 календардык күн калгандан эрте эмес жана 90 күндөн кеч эмес дайындалат”- деп турат. Эмне үчүн 4-октябрь дегенде, мыйзам боюнча эсептеп келгенде ушул датага туш келет. Демек, бул президенттин жеке каалоосу эмес. Баарыбыз бийликти мыйзам чегинде иштешин талап кылып келебиз. Бирок учурда шайлоону жылдыруу керек деп, бийликти мыйзам бузууга түртүп жатабыз. Бул жерде эң негизги маселе легитимдүүлүк. Эгерде мыйзам бузуу менен шайлоо өткөрсөк, кийинки чакырылыштын кабыл алган долбоорлору мыйзамсыз болуп, саясий кризиске туш келип калышыбыз ыктымал. Ченемдик укуктук актылардын юридикалык күчү боюнча биринчи Конституция, андан кийин Конституциялык мыйзам, анан кодекс, мындан соң мыйзам, анан барып президенттин жарлыгы турат.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №22 (457) 15.07.2020-жыл