Н.Абдылдаева: “Мыйзамдын алкагында президентти жана Жогорку Кеңешти шайлоо милдеттүү болуп эсептелет жана Конституцияда каралган мѳѳнѳттѳ ѳткѳрүлүшү зарыл”

- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинде тѳмѳнкүдѳй айтылган: “Президент Конституцияда каралган учурларда Жогорку Кеңешке шайлоону белгилейт, Жогорку Кеңешке мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо ѳткѳрүү чечимин кабыл алат”.

Президент “Президентти жана Жогорку Кеңешти шайлоо жѳнүндѳ” Конституциялык мыйзамдын  59-беренесине таянып 2-июлда “Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” №139 Жарлыгын чыгарды. Аталган мыйзамдын беренесине ылайык, шайлоо күнү добуш берүү күнүнѳ 100 күндѳн эрте эмес жана 90 күндѳн кеч эмес убакыт калганда дайындала тургандыгы айтылган.

“Президентти жана Жогорку Кеңешти шайлоо жѳнүндѳ” Конституциялык мыйзамдын 7-беренесинин 3-пунктунда шайлоолор ѳлкѳнүн бардык аймагына  ѳзгѳчѳ жана аскердик абалдар киргизилген учурда ѳткѳрүлбѳй тургандыгы кѳрсѳтүлгѳн.

Азыркы күндѳ Жогорку Кеңештин жарандардын нааразычылыктарын эске алып, “Ѳзгѳчѳ абал жѳнүндѳ” мыйзамынын негизинде шайлоонун мѳѳнѳтүн жылдыра алат. Ушул эле мыйзамдын 5-беренесине ылайык, Жогорку Кеңеш республиканын бардык аймагына ѳзгѳчѳ абал киргизе алат жана ушул боюнча президенттин жарлыгын жокко чыгара алат. Мыйзамдын 13-беренесинде айтылгандай, ѳзгѳчѳ абалдын киргизилүүсү 30 күндѳн  ашпашы керек, ал эми ѳлкѳнүн айрым аймактарына киргизилген ѳзгѳчѳ абалдык режимдин мѳѳнѳтү 60 күндѳн ашпоосу зарыл. Шайлоонун мѳѳнѳтүн белгисиз мѳѳнѳткѳ учурдагы Жогорку Кеңеш гана жылдыра алат.

Бир нерсени белгилеп кетейин, мыйзамдын алкагында президентти жана Жогорку Кеңешти шайлоо милдеттүү болуп эсептелет жана Конституцияда каралган мѳѳнѳттѳ ѳткѳрүлүшү зарыл. Шайлоону ѳткѳрүү чечимин жокко чыгарууга болбойт, болгону ѳлкѳнүн аймагына ѳзгѳчѳ абал киргизүү аркылуу жылдырууга гана мүмкүн. Ошондуктан кээ бирлердин шайлоону ѳткѳрүүнү токтото туруу боюнча айткандары, талаптары негизсиз.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №22 (457) 15.07.2020-жыл