С.Муканбетов: “Оштуктар басып алды” деген туура эмес. Антип айтуу менен регионалдык ажырымды козутушууда....”

- Сабыр байке, “узун кеп”  маегибизди уланталы. Алды менен Абылгазиевдин отставкасы тууралуу. Жакында эле өкмөттүн отчету жактырылган. “Парламенттик шайлоого чейин кетпейт, калды”, деп аттык..., анан эле минтип кетүүгө туура келди. Чаша терпения ушу частота чырын көтөрө албады деп жатышат. Сиз кандай дейсиз?

- Абылгазиев кандай дегенде да, башкаларга караганда узак иштеди. 31 өкмөт башчынын дээрлик көпчүлүгү жыл айланбай, отчет бербей айдап жолго салынчу эмес беле. А бул өкмөт башчы эки жылдык отчет тапшырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыр аягына чейин колдоп, шайлоо бүтүп, жаңы өкмөт куралганга чейин жеткиргенге аракет кылды окшойт. Бирок болбоду, “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” болду.

Жыштык сатуу коррупциялык иштеринини таасириби же башкабы, мен айта албайм, анткени ал коррупциялык иштерди үстүртөн гана, ЖМКлардан эшиткеним болбосо, атайылап үңүлүп караган деле жокмун.

Тойуп кеттим коррупцияга, уккум келбей калды. Жоок мен коррупцияга каршы күрөш токтотулсун деген жерим жок. Жүрсүн. Кармашсын, камашсын, кустурушсун, тазаланалы деп эле турам.

Мен айтайын дегеним, азыркы президенттин кадрларды кол жоолуктай ыргытпай, болушунча колдонолу деген саясаты тууралуу... Бул абдан туура, колдоого ала турган аракет. Анткени жылга жеткирбей эле улам бирөөнү алмаштыруу, анан мурункусу баштаган иштерге вникать этпей, жаңысы жаңы шыпыргы болуп, жаңыча шыпыра берип эмне болдук?

Жалаң ошо кадрдык чехарданын азабын тартып келе жатабыз. Ошондой кадр саясатындагы туруксуз атмосфера жаңы жетекчиге эч шанс бербегендиктен ал өзүнүн кара башын сактап калууну, анан ылайыгын келтирип калтасын кампайтууну гана ойлоп калган.

 Андыктан өкмөттүн отставкасынын себептерин азырынча айтуу кыйын. Иликтөөлөр аяктаганда билинет. Азырынча айтор кетти акыры дегенден башка сөз жок.

- Өкмөт отставкага кеткени менен курамы бирин экин толукталып, эски өкмөт эле бойдон калгандыгы айтылууда. Сиз кандай дейсиз?

- Эми азыр үч айдан кийин, парламенттик шайлоодон кийин баары бир жаңы өкмөт түзулгөнү турса, пандемия коколоп, экономика эңшерилип турса, кандай смысл алардын баарын чалды куйду кылып алмаштырып, портфель бөлүштүрүп.

Жаңы адам келип көчүгү креслого көнгөнчө эле үч ай өтүп кетпейби. Иштин баары талаада калып, өзүбүзгө эле жаман да.

Антип чычкалактап аткандар алар элди, мамлекетти ойлогон жери жок, жеке керт баштары үчүн жанталашып, бирденкеге илинип калалы деп жанталашып жатат. Өмүр бойу ошондой интриганы кесип кылып алган саясатчы сөрөйлөрдүн планы ишке ашып, өкмөттөр кол жоолуктай алмашылып, портфелдер жыртыш айыргандай  таркатылып келе жатат. Муну токтотуу керек. Шайлоодон шайлоого чейин, жеңген партия 5 жыл өкмөтү башкарганга өтүшүбүз керек.

- Жаңы өкмөт башчы Кубатбек Боронов тууралуу эмне айта аласыз? Жаңы өкмөт башчы кызматка отураары менен эле, -“Президент Оштон, премьер Оштон, Оштуктар басып алды, регионалдык кадрдык баланс бузулду” деген сөздөр айтылып жатат. Аларга оппонировать эткендер өткөндү эске салып, мисал катары Алмазбек Атамбаевдин убагындагы түндүктөн премьер болгондорду санап жатышат. Буга кандай карайсыз?

- Сурооңо аягынан өйдо жооп берип баштайын. Регионалдык кадрдык балансты сактоо бул коммунистик доордон бери келе жаткан тажырыйба. Бул өзү жакшы тажырыйба. Региондордун тегиз, текши өсүп-өнүгүүсүнө таасири бар, региондор арасында нааразычылыктарды болтурбоого салымы чоң, борбордук бийликке адилет, калыс деген абройго жетишине да абдан пайдалуу. Андыктан, негизинен, колдон келсе бул салтка айланып калган традицияны сакташ керек.

Сооронбай Жээнбеков президент болгону регионалдык баланс сакталып эле келе жатат. Азыр эми кырдаалга жараша ушундай болуп жатат. Экономикалык абалыбыз начар болуп атса,  пандемия күндөн күнгө күч алып баратса, алдыда, үч айда шайлоо болуп ансыз да жаңы өкмөт кураларын билип туруп, биз жогоруда да айттык, эмне кереги бар баарын алмаштырып.

Анүстүнө Кубатбек Боронов биринчи вице-премьер катары да, пандемия боюнча мамлекеттик комиссиянын төр агасы катары да бүт ишти көзөмөлдөп жүргүзүп келе жаткан. Абылгазиев кыска мөөнөттүү өргүүгө кетиши менен анын функциялары да Бороновго өтүп , учурдагы кырдаалда андан компетенттүү фигура да жок эле. Андан акылдуу, компетенттүү адамдар жок деген жерим жок. Просто сырттан жаңы премьер алып келүү туура болмок эмес, ал ишке вникат эткенче үч ай өтүп, иш аксап калмак дегенди гана айтып жатам.

Ушул жагынан алганда Кубатбек Бороновдун дайындалышы кырдаалга жараша чыккан чечим болду. Бул туура чечим болду.

Андыктан, “оштуктар басып алды” деген туура эмес. Антип айтып жаткандар регионалдык ажырымды козутуп жаткандар деп айткым келет.

“Алмазбек Атамбаев деле ушинткен баланча-түкүнчөнү түндүктөн премьер-министр кылган”-деп бетке кармагандардыкы да туура эмес. Антип аткандар тетирисинче Сооронбай Жээнбековго пайда эмес, зыян алып келип жатышат. Ал салыштыруу; -“мына, Алмазбек Атамбаев кандай болсо Сооронбай Жээнбеков деле ошондой экен”- деген бүтүмгө алып келип жатпайбы. Азыркы президентке ошо керекпи?

Атамбаев деген “өзүн өзү билген, өтүгүн төргө илген”, оюна келгенди жазаган, мыйзамды уруп ойнобогон президент катары эсте калды. Мен ойлойм, Сооронбай Жээнбековго андай “атактын” кереги жок болсо керек.

Президент кай жактан болсо ошол жактан чыккан регионалистер, трайбалистер ар дайым мамлекет башчынын айланасына үйгүшүп, -“сизди биз гана сатпайбыз, ак дилден колдойбуз, сиз үчүн туруп беребиз, керек болсо атышабыз”- деп төшүн  кагышып ишендиргенге жанталашышат. Айрым президенттер ишенишет, таянышат. А бирок андайлар биринчи “жел соккондо” эле  житип жок болушат. Алар Акаев, Бакиев үчүн турган эмес, Сооронбай Жээнбеков үчүн да турбайт. Алар ишенимге кирип өзүлөрүнө пайда алыш үчүн гана жандалбастап жүргөн куу тумшуктар. 

Ошондуктан Оштуктарды топтоп, бийликке алып келиш, ал Оштук регионалистерге эле пайдалуу болбосо Сооронбай Жээнбековго эч пайдасы жок, ал максат да эмес, более того зыяндуу. Анткени башка региондун элдерине жек көрүнөт. Элибиз “туугандуу бийде ыйман жок, ыймансыз бийде тууган жок” деп бекеринен айткан эмес да.

Анан Кубатбек Боронов тууралуу... Мен Кубатбек Айылчиевич менен эки үч жолугуп кол алышып учурашканым болбосо жакындан баарлашкан эмесмин. Сыртынан гана билем. Токтоо, сабырдуу, өз ишин билген, бир топ тепкичтерди басып өткөн, эл-жерге баш көз болгонго бышып жетилген, такшалган кадр. Удуң-шудуңу, илээшкен ызы-чуусу жок, үлгү болоорлук үй-бүлөөлү кыргыз жараны. Шайлоодо жеңип келген көпчүлүктүн көнүлүн таап, ишеничке ээ боло алаары да толук мүмкүн. Көздүү мончок жерде калбайт дегендей, шайлоодон кийин премьер болбой калган күндө да кыргыз мамлекетине керек болуп, өтө жоопту кызматтардын бирин аркалап элине кызмат кылат. Анткени дагы бир ойчул айткандай –“такими кадрами не разбрасываются”.

- Партиялардын шайлоого карата даярдыктары тууралуу эмне айтасыз?

- Ушу тапта ЖМКларда партиялардын кошулуп, биригип атканы тууралу маалыматтар көп чыгып атат. Бул процесс уланат, кызыйт. Шайлоого чейин далай биригүү, талак берүүлөр болот. Ал маанилүү деле эмес. Маани элдин маанайында, бийликтин позициясында...

Эл азыр кыйла өзгөрдү, парламентке нааразычылык күч. Эми кантеер экенбиз ушу настрой сакталып, тандоо болобу(?), же кайрадан сатылабызбы? Ушу маселе көпчүлүктү түйшөлтүп турат.

Бийлик болсо азыр, -“ким каалаган барам десе бара берсин, бир-экөөнөн башкасы бүт эле лоялный экен, марага чыгып келгендеродин күлүгүн, сулуусун “гаремге” киргизип албаймынбы, баш оорутпай”-дегенсип турат. Бийликтин “Эл кимди шайласа ошолор менен иштешебиз”- дегенин коомчулук ошондой жоруп жатат. Негизи шайлоо одоно мыйзам бузуусуз, таза өтүп, нааразычылык болбогону кийинки саясый туруктуулукка, ал өз кезегинде өнүгүүгө өбөлгө болоору шексиз. Бийлик биринчи кезекте ошону ойлонушу кажет.

- Пандемия боюнча...

- Пандемия жөнүндө көп айттык, негизи акыркы кезде бул боюнча, көбөйүп баратат го, катуу кабатырлануудамын, контактарды болушунча азайткыла... эмкимсинде айталы, толуп да кетти...

Маектешкен Нургазы АНАРКУЛОВ

Булак: "Майдан.kg" гезити