С.Муканбетов: “Баланы жашынан, катынды башынан” дегенди унуттук, жаштарга тарбия, таалим берүү деген жоголду

Бишкек, “Саясат.kg”. Кыргыздын ак таңдай акыны, эсил-кайран Элмирбек Иманалиевдин тегерегинде токтобой жаткан аңыз кептер тууралуу коомдук ишмер Сабыр Муканбетов кеп салды.

- Элмирбектей эренинен айрылып, жалпы кыргыз журтчулугунун каңырыгы түтөп турат.

Эл акынын жоктоп эңгиреп жатса, “умер какой то, важный чувак”,- дегенсип дөөдүрөгөн маңкурт чыкты арабыздан. “Калың эл сүймөнчүгүн жоготуп, кайгыга батып, ыйлап турат, бок оозумду ачпай турайынчы”- деген жок.

Нарк, насилдин үлгүсү болгон эр азаматыбыздан айрылып атсак, чымын өлгөнгө тете кылган сөздөрүн жамы журтка жарыя кылып, сороктоп чыга калганы неси (?), деп коомчулук да жинденди.

Ачык жашыл түскө бойонгон “эргул” мунусу менен “мырктар, сасык кыргыздар...”, дегендер сыяктуу эле тууган элин, жерин чанган манкурттардын бири экенин көргөздү. Мындайды, албетте актай да, кечире да албайсың!

Тилекке каршы, мындай манкурттар арабызда көп экен. “Уй мурдун сасык деп кесип салбайт”,- дегендей, алар менен, кааласаң да, каалабасаң да аралаш жашоого туура келет. Айрымдар айткандай уруп-сабап, же жарандыгынан ажыратып, өлкөдөн кууп сала да албайсың. Кууганда кайда кууйсуң, кайсы өлкө алат чиригиңди?

Экинчиден жарандыктан ажыратканга баш мыйзам жол бербейт. Дүйнөлүк практикада да жарандыктан ажыратуу өтө сейрек кездешүүчү чараларга кирет экен. “Чиригиңди бирөөгө таңуулаганча кама, атып сал”,- дейин десең Кылмыш-жаза кодекси жол бербейт. Анткени “мырк”, “сасык” деген оскорбление менен жоруктарга эле кирип, а чувак деген айрым субкультураларда мактоого, урматтого тете экен.

Бирок биз үчүн андай эмес экен да. Биз безге сайгандай кабыл алып, катуу капа болуп, жабыла тилдеп, чынын айтканда, айлабызды таппай калдык.

Биз, көнгөн адатыбызча, баарыбыз ушул сыяктуу маңкурттарга каршы, ар дайым жапырт атырылып чыгабыз. Каматабыз, кечирим суратабыз. Анан кезектеги дагы бири “жарылганча” тынчып калабыз.

Бирок, “эмне үчүн ушундай болуп атат, булар кайдан чыгып атат, себеби эмнеде?”- деген суроолорго жооп издебегендейбиз. Ызырынуу менен эле чектелүүдөбүз...

Балким, бул маңкурттун жаралышына өзүбүздүн да салымыбыз, кандайдыр бир айыбыбыз бар экенин, аң-сезимибиздин түпкүрүндө сезип жаткандырбыз? Анткени, кандай деген күндө да бул тентек биздин коомдун туундусу да? Же ал тубаса ушундай жаралган, болбосо ата-энеси гана күнөөлүү дей алабызбы? “Ушул жана ушуга окшогон бир ууч топ гана акмактар, калгандарыбыз бүт зымга тизгендей, аппапакайбыз”- дей алабызбы? Анте албайбыз да. Себеби биздин коом оорулуу... Аны кантип танабыз?

“Баланы жашынан, катынды башынан” дегенди унуттук, жаштарга тарбия, таалим берүү деген жоголду.

Баары астын-үстүн болуп, жаман-менен жакшы дегенди ажырата албай, ууру-кескини урматтап, төргө чыгарып, ошол эле эл наркы боло турган Элмирбектин өзүн кодулап, топко кошпой жүрсөк, кимге, кантип, эмне деп таалим беребиз?

Адилеттик менен чындыкты чыркыратып тепселеп, абийирибизди арзыбас теңгеге соодалап, жок болуп кетет делген элдердин тизмесине кирдик.

Качан ойлонуп, эсибизге келээр экенбиз? Же ушуларга окшогон Телибай тентектерге айкайлап, парыбызды чыгарып алганга курсант болуп, жүрө берип, акыры эл болуудан калып, сай-сайлап жок болобузбу?

Коронавирус жаңыдан баштаганда соц.тармактарда бир тамаша чыкты эле: “Ай тиги, баланча коронавирус жуктуруп, ооруп калыптыр дейт, жүргүлө барып көрүп койолу, уят эмеспи”- деген.

Биз маңкурт деп аткандар да балким, бизди так ушу жогорудагыдай жосунсуз эл болуп баратканыбыздан улам жек көрүп, “мырк, сасык, ж.б.” деп жатып жүрбөсүн.

Өзүбүздүн башыбыздагы бокту көрбөй, бирөөнүн башындагы чокту көрүп жаткан жокпузбу? “Медалдын эки бети бар” дегендей, балким ал жаштыгынан улам ачууга алдырып, негизги айтайын деген ойунан адашып, коомго болгон нааразычылыгын аралаштырып балээге калгандыр?

“Жакшынын айтканы келбей, жамандын сандырактаганы келет” деген... Ооба, анын залкар акыныбызга карата айтканы кечиримсиз. Анда кеп жок.

Бирок, өлүмгө кыйылган адамга деле акыркы сөз берилет эмеспи...

Анын сыңарындай, мынча болду, анын айткандарын толук кандуу талкуулайлы. Мисалы анын, ушундай коркунучтуу тумоо каптап турганда, акындын тажыясына келгендердин бет кап кийбей, коопсуз аралыкты сактабай, өзгөчө абалдын, карантиндин жоболорун сактабай  жатышын сындаганы туура эмеспи? Башкасына го макул, бирок мунусун кантип туура эмес деп айтабыз?

Сабыр МУКАНБЕТОВ,

24.04.2020. Орто-Сай.